СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мугалимге күмүш сырга

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мугалимге күмүш сырга»

Август секциялык иштерине усулдук сунуш – 2018


Мугалимге күмүш сырга


Учурда билим берүү системасын жакшыртуунун натыйжасында сунушталып жаткан сунуштардан улам мугалимдерде бир катар суроолор жаралып, окуу процессин пландаштырууда «Календердык-тематикалык план кандай түзүлөт? Сабактын планында кандай өзгөрүүлөр бар?» деген суроолор түйшөлтүп келет. Бул суроолорго жооп издеп көрөлү.


Календардык-тематикалык план


Календардык-тематикалык пландаштыруу бул окуу процессинин элементтери: окуу материалынын бөлүмдөрүн, темаларды, сааттардын, максаттардын, милдеттердин, мөөнөттөрдү, баалоону, зарыл болгон ресуртарды чагылдырган документ. Анын негизинде сабактын планынын иштелмеси иштелип чыгат.


Календардык-тематикалык план предметтик мугалимдер тараптан түзүлүп, методикалык бирикмеде талкууланып, мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары менен макулдашылып, мектептин директору бекитет.

Календардык-тематикалык план бир же жарым жылдык окуу жылы үчүн түзүлүшү мүмкүн жана ал төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:

  • Окуу жылынын башталышы жана аякташы (БОПга ылайык окуу жылынын узактыгы 34 окуу жумасынан кем эмес болот),

  • Окуу жылындагы чейректердин бөлүнүшү; ар бир чейректе өтүлө турган темалардын мазмуну, темаларга бөлүнгөн сааттардын саны, өтүлө турган убагы жана өтүлгөн убагы;

- Окуу жыл ичиндеги каникулдардын мөөнөтү;

  • Класстан класска которуу жана бүтүрүү экзамендери;

  • Класстан тышкаркы иштер.



Сабак деген эмне?

Сабак – окуу ишин уюштуруунун негизги формасы жана мугалимдердин жетекчилигинде белгилүү программага ылайык, туруктуу расписание боюнча, таанымдык тажрыйбасы жана курагы жагынан кескин айырмаланбаган, курамы туруктуу окуучулар тобу менен белгилүү убакыт алкагында уюштурулган окуу ишинин формасы.



Сабактын типтери жана алардын структуралары

Азыркы илимде сабактарды типтештирүү боюнча бирдиктүү көз караш жок. Көптөгөн көз караштардын ичинен Б.Есипов тарабынан сунуш кылынган, сабактарды конкретүү максатына жана окутуу процессиндеги ордуна карай төмөндөгүдөй типтерге бөлүштүрүлөт:

  1. Жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагы

  2. Билимдерди колдонуу жана билгичтик кɵндүмдөрдү калыптандыруу сабагы

  3. Билимдерди кайталоо, жалпылоо, системалаштыруу сабагы

  4. Билим, билгичтик жана көндүмдөрдү өлчөө (текшерүү, көзөмөл) жана баалоо сабагы

  5. Аралаш (комбинцияланган) сабагы





Сабактардын типтери жана алардын структуралары

Жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагы

Билимдерди колдонуу жана билгичтик көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы

Билимдерди кайталоо, жалпылоо, системалаштыруу сабагы

Билим, билгичтик жана көндүмдөрдү өлчөө (текшерүү, көзөмөл) жана баалоо сабагы

Аралаш (комбинцияланган) сабагы

Үй тапшырмасын текшерүү, таяныч билимдерди кайталап калыбына келтирүү

Окуучуларды сабакка багыттоо

Сабактын темасын, максат, милдеттерин билдирүү, окуучуларды активдүү иш аракетке багыттоо

Сабактын темасын, максат, милдеттерин билдирүү, тапшырмаларды аткаруу, натыйжаларды кандайча жазып жасалгалоонун эрежелерин түшүндүрүү

Сабакты уюштуруу

Сабактын темасын, максатын, милдеттерин билдирүү, окуучуларды окуу ишмердүүлүгүнө шыктандырып даярдоо

Өтүлгөн материал боюнча кыскача фронталдык жана жекече суроо-жооп иштерин жүргүзүү

Таяныч билимдерди эске түшүрүү жана коррекциялоо

Билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү ар түрдүү методдордун жардамы менен (фронталдык аңгеме, жекече сурамжылоо, жазуу жүзүндө суроо, өз алдынча практикалык тапшырмаларды аткаруу, тест өткөрүү) өлчөө

Өтүлгөн материалдарды кайталоо иштери

Жаңы материалды биринчи жолу кабылдап, баамдоо, обүектилерди себеп-натыйжа байланыштарды жана карым-катнаштарды аңдап түшүнүү

Практикалык билгичтик жана көндүмдөрдү өнүктүрүү жана калыптандырууга багытталган түрдүү көнүгүүлөрдү аткаруу

Түшүнүктөрдү кайталоо, жалпылоо жана системалаштыруу, билимдердин белгилүү системасын, түйүндүү идеяларды, теорияларды өздөштүрүү

Аткарылган тапшырмаларды талдоо жана баалоо

Жаңы окуу материалын түшүндүрүү

Билимдерди жалпылоо жана системалаштыруу

Аткарылган тапшырмаларды текшерүү

Сабакты жыйынтыктоо жана үйгө тапшырма берүү


Жаңы өтүлгөн материалды бышыктоо

Билимдерди бышыктоо жана аларды биринчи жолу колдонуу

Сабакты жыйынтыктоо жана баалоо



Билимдерди практикада колдонуу жана билгичтик, көндүмдөргө ээ болуу

Сабактын жыйынтыгын чыгаруу жана үйгө тапшырма берүү




Үйгө тапшырма берүү



Сабактын максатын коюуда мугалим предеметтик стандарттагы «Билим берүүнүн күтүлүүчү натыйжалары жана баалоо» бөлүмдөрүндөгү окуу программасындагы талаптарды эске алуу менен календардык-тематикалык пландын негизинде сабактын планын түзөт. Сабактын планын түзүүдө мугалим төмөндөгү иш-аракеттерди аткарат:

  1. Сабактын темасына ылайык максатты коюу (3 максат: билим берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк, тарбия берүүчүлүк ).

  2. Максаттардын окуу натыйжаларын аныктоо. (көрсөткүчтөрдү)

  3. Натыйжаларга жетүүнүн зарыл болгон деңгээлдерин аныктоо (репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү).

  4. Окуу материалынын мазмунун жана баалоо техникаларын тандоо.

  5. Окутуунун өтүлүүчү темага ылайык жана тиешелүү усулдарын, ыкмаларын, ыктарын тандоо жана окуу процессинде ишке ашыруу.

  6. Жетишилген окуу натыйжаларын баалоо жана аныктоо.


Сабактын максаты- бул мугалимдин окуучуларга билим, тарбия жана алардын компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу үчүн окуу натыйжалардын планы. Сабактын максаты окуу материалынын мазмунун, усулдарын, окуу каражаттарын аныктоонун негизи болуп эсептелет. Ошондуктан сабактын максатына кээ бир талаптарды бөлүп көрсөтүүгө болот:

1) Сабактын максаты «Окуучулар кайсы билимдерди өздөштүрөт?», «Кайсы компетенттүүлүктөр калыптанат?» «Окуучулардын тарбиясына кандай салым кошот?» деген суроолорго жооп бериши керек;

2) Максаттар ачык-айкын, реалдуу, өлчөөчү жана иш жүзүнө ашырууга мүмкүн болушу керек б.а. кайсы компетенттүүлүктөр калыптангандыгы тууралуу так жазылышы зарыл.

Сабактын мазмуну. Сабактын мазмуну предметтик стандарттагы, окуу программасынын, окуу китебинин, календардык-тематикалык пландагы белгиленген темалардын негизинде аныкталат. Окуу материалын пландаштырууда аны мазмундук бөлүктөргө бөлүп (башкы, негизги, кошумча) кароо керек. Окуу материалынын башкы мазмундук бөлүктөрүнө: негизги түшүнүктөр, фактылар, себеп-натыйжа байланыштар жана аларга кошумча материалдар болуп эсептелет. Мугалим окуу материалын аныктоодо окуучулар кайсы материалдарды мугалимдин жардамы менен, кайсы материал өз алдынча жана топтордо иштей тургандыгын эстен чыгарбоосу зарыл. Ошондой эле ар түрдүү маалыматтын булактарынын тизмесин дагы сабактын планында берилиши талапка ылайык.



Сунушту даярдаган: Ч.Раимбекова

(Жалпы билим берүү мектептерине жаӊы билим берүү предметтик стандарттарынын киргизүү боюнча тренерлерди окутуу үчүн колдонмосунун материалдары колдонулду)