СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Муктар Нургазиев 100 жашта

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуу инсан Муктар Нургазиевдин 100 жылдыгына карата тарбиялык сабактын иштелмеси.

Просмотр содержимого документа
«Муктар Нургазиев 100 жашта»

Тема: Муктар Нургазиев 100 жашта


Максаты:

Билим берүүчүлүк: -Окуучулар коомдук ишмер Муктар Нургазиев жөнүндө кеңири маалымат алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: - Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктурүү менен тарыхта аты калган инсандардын иш аракеттерин кызыгуу менен билүүгө ынтызаарлыгын өнүктүрүү

Тарбия берүүчүлүк: - Муктар Нургазиевдин эл үчүн кылган кызматынын жана баатырдыгынын таасирин сезишип, өз турмуштарында анын акылман, билимдүү жана патриот болушат.


Жүрүшү: -Уюштуруу -Жагымдуу маанай түзүү - Топторго бөлүү

Мугалим: Саламатсыңарбы кымбаттуу окуучулар биздин бүгүнкү өтүлө турган конференциябыз коомдук ишмер Мутар Нургазиевдин 100 жылдыгына карата болмокчу. Конференцияга мугалимдер мейманга келишкен. Агай-эжелер кош келиңиздер! Келгиле анда кезекти улуу инсан Муктар атабыз жөнүндө докладга берели. Доклад: Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, коомдук ишмер Муктар Нургазиев 1921-жылы 19-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. 1940-1946-жылдары Үч-Терек районунун статистика башкармасында иштейт. 1946-1951-жылдары райондук пландоо бөлүмүнүн жетекчиси. 1953-1956-жылдары Кыргызстан ЛКЖС Үч-Терек райкомунун 1-секретары, 1956-1961-жылдары Кыргызстан КПнын мүчөсү, 1961-1971-жылдары Токтогул, 1971-1973-жылдары Баткен облусундагы райкомдун 1-секретары, 1973-1985-жылдары Фрунзе райкомдорунун 1-секретары болуп иштеген. 1-2 даражадагы Ата Мекендик согуш, Эмгек Кызыл Туу “Ардак Белгиси” ордендери менен сыйланган. Муктар Нургазиев ССР инин өнүүгүсү жалпы СССРдин ичинде алдыңкы мамлекеттерден болуусуна чоң салымын кошкон патриот инсан болуп эсептелет. Ал өзүнүн жетекчилик жөндөмдүүлүгү жана өз өлкөсүнө болгон сүйүүсүнүн аркасында башка жарандарга үлгү боло алган. Өзүнүн жеке жашоосунан да мамлекеттин ишин биринчи орунга койгон чыныгы патриот экендигин курбалдаштары аңыз кеп катары айтып келишүүдө. Партияда мүчөлүгү, Коммунисттик партиянын мүчөсү, Мамлекеттик сыйлыктары, Даңазалуу Панфиловчу, 316 чы гвардиялык аткычтар артилериялык полкунун чалгынчылар командири, гвардиянын улук лейтенанты, улуу ата мекендик согуштун 1 чи жана 2 чи даражадагы ордендеринин кавалери, эмгек Кызыл туу ордени, ардак белгисинин ордендеринин эки жолку ээси. Шайлоо органдарында мүчөлбүгү: Кыргыз ССРинин беш жолку чакырылышын депутаты да болгон. Муктар атабыз элге эмгеги өтүп, кадыр сыйдын үстүндө, узак өмүрдө, дөөлөттүү карылыкта өмур сүрүп 98 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Биз Муктар Нургазиевдин эмгектерин жана эрдиктенин эч качан унутпайбыз.

Доклад боюнча суроо -жооптор:

  1. Муктар Нургазиев ким болгон?

Окуучу: Асылбек уулу Адилет – Муктар Нургазиев коомдук ишмер, өмүрүнүн акырына чейин бир канча кызматтарды аркалап, элге эмгеги сиңген патриот инсан болгон.

  1. Кыргыз ССРнин канча жолку чакырылышынын депутаты болгон?

Окуучу: Рамир кызы Канымжан- Улуу инсан Мутар Нургазиев ССРинин беш жолку чакырылышын депутаты да болгон.

  1. Үй бүлөсү тууралуу эмнелерди билесиңер?

Окуучу: Адилбекова Жаңылмырза- Муктар Нургазиевдин 8 баласы болгон.


Мугалим: Муктар атабыздын үй бүлөсү жөнүндө маалымат алабыз. Жубайы Насырова Күмүшкан апа үй кожейкеси. Муктар атабыздын 8 баласы болгон 7 кыз, 1 бала. Алар: Нургазиева Салиякан – 1954-жылы туулган, учурда гинеколог болуп иштейт. Нургазиева Сабира – 1956-жылы туулган, педиатр болуп иштейт. Нургаиев Багышбек – 1957-жылы туулган, Политех факультетин бүткөн, азыркы учурда бизнесмен. Нургазиева Гүлсара – 1959-жылы туулган, адвокат болуп иштейт. Нургазиева Анара -1961-жылы туулган, Улуттук университетин бүтүргөн. Нургазиева Динара -1968-жылы туулган, Экономист болуп иштейт. Нургазиева Калия - 1969-жылы туулган, Ош мамлекеттик университетинде окуган.

Мына балдар биз бүгүн Муктар Нургазиев жөнүндө толук маалымат ала алдык.

Бышыктоо: Муктар Нургазиев боюнча талкуу жүргүзүү. Ой-пикирлерди айтуу.

Жыйынтыктоо:



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!