Илимий багыты: Социалдык багыттар
УДК: 370/247-91
Шарофиддинова Сабина
МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРДЫН БИЛИМ АЛУУ ПРОЦЕССИНДЕ ПЕДАГОГДУН КОЛДООСУ ЖАНА ТААСИРИ
Шарофиддинова Сабина Тулкинжоновна –
БатМУнун А.А.Машрабов атындагы
СГЭИнин Педагогика жана башталгыч
Билим берүү профилинин күндүзгү
Окуу окуу бөлүмүнүн 3-курсунун
П-1-23 окуу тайпасынын студенти,
e-mail: sabish10.05.2006@gmail.com
Шарофиддинова Сабина
ПОДДЕРЖКА И ВЛИЯНИЕ ПЕДАГОГИКА НА ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ПРОЦЕСС ДЕТЕЙ С ОРГАНИЧЕННЫМИ ВОЗМОЖНОСТЯМИ ЗДОРОВЬЯ
Шарофиддинова Сабина Тулкинжоновна – студентка
3 курса очного отделения учебной
Группы П-1-23 по профилю Педагогика
И методика начального образования
СГЭИ им А.А.Машрабова БатГУ
e-mail: sabish10.05.2006@gmail.com
Sharofiddinova Sabina
SUPPORT AND INFLUENCE OF THE TEACHER ON THE EDUCATIONAL PROCESS OF CHILDREN WITH LIMITED HEALTH OPPORTUNITIES
Sharofiddiniva Sabina Tulkinjonovna– student
3 full-time courses groups P-1-23
According to the profile Pedagogy
And methods of primary education
SGEI named after A.A. Mashrabov BatSU
e-mail: sabish10.05.2006@gmail.com
Аннотация: Ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын билим алуудагы укуктары, окутуунун жана тарбиялоонун жеткиликтүү технологиялары соңку жылдары көп айтылып жаткан маселелердин бири. Ушул маселелерди аткарууда жана чечүүдө педагогдун ролу өтө чоң. Анткени окуучуларга билим, тарбия берүү менен алардын инсандык сапаттарынын калыптанышына тасирин тийгизет. Изилдөөбүздө, кезегинде жогорку квалификациялуу даярдыгы бар мугалимдерди даярдоону талап кылуу менен макаланын актуалдуулугу баяндалган.
Макалада ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын психологиялык-педагогикалык “портреттери” каралган жана интегративдик окутуу (инклюзия) шарттарында балдардын бул категориясында мектептеги ийгиликсиздикти жеңүү боюнча сунуштар берилген. Ошондой эле ДМЧ балдарга билим берүүдө жана тарбиялоодо психологиялык-педагогикалык коштоодо педагогдун ролу каралган .Анын негизинде Лейлек районундагы «Кулунчак» балдарды калыбына келтирүү билим борборунун ишмердүүлүгү, тарбияланган балдардын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтар камтылган.
Ошондой эле, Лейлек району, Сүлүктү шаарында «Стимул» фондунун бул багытта алып барган иш-чаралары да изилденди.
Негизги сөздөр: реаблитация, инклюзивдик билим берүү, визуалдык ой жүгүртүү, интеллект, психомотордук өнүгүүнүн артта калуусу, аутизм, когнитивдик активдүүлүк.
Аннотация: Права детей с ограниченными возможностями здоровья на образование и доступные технологии обучения и воспитания являются одними из наиболее часто обсуждаемых вопросов в последние годы. Роль педагога в решении и решении этих проблем очень велика. Потому что образование, воспитание учащихся влияет на формирование их личностных качеств. В нашем исследовании излагается актуальность статьи, требующей, в свою очередь, подготовки высококвалифицированных учителей.
В статье рассмотрены психолого-педагогические “портреты” детей с ограниченными возможностями здоровья и даны рекомендации по преодолению школьной неуспеваемости у данной категории детей в условиях интегративного обучения (инклюзии). Также предусмотрена роль педагога в психолого-педагогическом сопровождении в обучении и воспитании детей со СМИ. В ней содержится информация о деятельности детского реабилитационного образовательного центра «Кулунчак» Лейлекского района, достижениях воспитанников.
Также были изучены мероприятия, проводимые фондом «стимул» в этом направлении в Лейлекском районе, городе Сулюкта.
Ключевые слова: реабилитация, инклюзивное образование, визуальное мышление, интеллект, задержка психомоторного развития, аутизм, когнитивная активность.
Аnnotation: The rights of children with disabilities to education and accessible technologies of education and upbringing are among the most frequently discussed issues in recent years. The role of the teacher in solving and solving these problems is very great. Because the education and upbringing of students affects the formation of their personal qualities. Our study outlines the relevance of the article, which, in turn, requires the training of highly qualified teachers.
The article examines the psychological and pedagogical “portraits” of children with disabilities and provides recommendations for overcoming school failure in this category of children in conditions of integrative learning (inclusion). The role of a teacher in psychological and pedagogical support in the education and upbringing of children with the media is also provided. It contains information about the activities of the Kulunchak children's rehabilitation educational center in the Leilek district, and the achievements of the pupils.
The activities carried out by the Incentive Foundation in this direction in the Leilek district, the city of Sulukta were also studied.
Key words: rehabilitation, inclusive education, visual thinking, intelligence, delayed psychomotor development, autism, cognitive activity.
Бүгүнкү күндө билим берүү тармагына ар түрдүү толуктоолор кирип жатат. Ал өзгөрүүлөрдун бири – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүнүн өлкөбүздө колго алынуусу. Бул балдарды жалпы билим берүүчү мекемелерге кабыл алууну уюштуруу, балдарга билим берүүнүн негизги аспектиси катары каралат. Балдар бири-биринен дүйнө таануусу, көз карашы, иш аракети жана кабыл алуусу, үйрөнүү ылдамдыгы жагынан абдан айырмаланат. Ошол эле учурда, окуу процессин уюштурган педагогдун иш-аракети, инсандык сапаттын жогору болуусу, инклюзивдик билим берүүнүн негизги критерийи катары бааланат. Бул билим берүү процессинде мугалим балдардын эмоционалдык жана руханий баалуулук-тарына жоопкерчиликтүү болуп, балдар үчүн жагымдуу микро-климатты түзүүсү эң маанилүү. Анткени, өлкөбүздүн ар бир жараны ден соолугуна, социалдык абалына карабай бирдей укукка ээ экенин айтып келебиз. Кандайдыр бир факторлордун тиешеси менен өз мүмкүнчүлүктөрдөн ажыратууга болбосун далилдейбиз. Баарыңыздарга белгилүү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын да коомдук-саясий турмушка катышуусу, эркин жүрүүсү, медициналык кызмат алуусу, билим алуусу, реаблитациядан өтүүсү үчүн баардык мүмкүнчүлүктөр каралган. Бул багытта азыркы мезгилде өлкөбүздө шарттар жеткиликтүү түзүлүп жаткан учуру [1-5].
Мамлекет башчыбыз С.Н.Жапаров «Майыптарды коомдун бардык чөйрөсүнө камтуу, өлкө үчүн эң маанилүү приоритеттердин бири» - деп таамай айтып белгилеп кеткен жери бар. Демек, коомдун ар бир жаранынын негизги максаты-ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга коюлган чектөөлөрдү жок кылып, коомдун толук кандуу жараны катары кабыл алуу, социалдык турмуштун бардык тармагында укуктарын коргоого, алардын өз учурунда билим алуусуна шарт түзүү болуп саналат.
Белгилүү болгондой мүмкүнчүлүгү чектелген балдар - өзгөчө көңүл бурууну талап кылган балдар. Бул балдарга билим берүүдө педагог төмөнкүдөй кыйынчылыктарга кабылат:
Кабыл алуусунун төмөндүгү - маалыматты кабыл алууга жана иштеп чыгууга көбүрөөк убакытты талап кылат;
Көңүл буруусу туруксуз, чачыранды - балдар бир иштен экинчисине өтүүдө кыйналышат;
Эс тутумдун чектелүүүсү - узак мөөнөткө караганда кыска мөөнөттүү, логикага караганда механикалык, сөзгө караганда визуалдык кабылдоо;
Когнитивдик активдүүлүктүн төмөндүгү - жаңы маалыматты жай темп менен иштеп чыгуусу;
Кеп функциясынын бузулуусу;
Психомотордук дезинфекциянын пайда болушунан улам чарчоонун күчөшү. [2-15]
Натыйжада балдарда билим берүү ишмердигинде көндүмдөрдү толук кандуу өздөштүрүү үчүн психологиялык өбөлгөлөр жетишсиз өнүккөн. Бирок ошого карабастан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын дени сак балдар сыяктуу эле таланты, жөндөмдүүлүгү, шыктуулугу болушу мүмкүн. Мындай өзгөчөлүктөрүн байкап, аларга багыт берип, колдоо көрсөтүп алга жылдырууда жана өнүктүрүүдө албетте педагогдун ролу чоң. Бул сөзүбүзгө Кыргызстандагы, дүйнө жүзүндөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай ар тармактын мыктысы болгон жарандар мисал боло алат. Атап айтсак, Кыргызстандагы «Тумар» инклюзивдик бий тобу, чет өлкөлөрдө өткөн конкурстардын жеңүүчүсү болуп келе жаткандыгы белгилүү. Ошондой эле дүйнөдөгү белгилүүлөр:
Стивен Хокинг (амиотрофический склероз, физик)
Франклин Д.Рузвельт (диагноз: полиомиелит, АКШ президенти)
Ник Вуйчич (диагноз: синдром тетра-амелия, колу-буту жок, мотивациялык оратор)
Питер Динклейдж (диагноз: ахондроплазия, боюнун өспөй калуусу, актер)
Джон Нэш (диагноз: параноиддүү шизофрения, Нобел сыйлыгын алган белгилүү математик). [3-88]:
Жогорудагы мисал болгон белгилүү инсандардай ийгиликтүү болуу, баланын өзгөчөлүктөрүн ачуу үчүн педагогдун балага жардамы жана колдоосу абдан маанилүү.
Дегеле, мамлекетибиз тарабынан бул багытка көп колдоо болуп жатат. Ошондой эле жеке жарандар, коомдук-кайрымдуулук фонддор тарабынан да жетишээрлик салым кошулуп жатат. Анын ичинен борбордон 1000 чакырым алыстыкта жайгашкан Сүлүктү-Лейлек чөлкөмү да мындай колдоолордон куру эмеспи? – деген суроонун негизинде изилдөө жүргүзүү менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомго аралашуусуна кайдыгер карабаган «Стимул» коомдук фондунун 60-70% ДМЧ жарандар менен иш жүргүзүлгөндүгү кубандырды. Аталган фонддун координатору Ташматов Замирбек агай менен байланышып, фонддун бул багытта алып барган иш-чаралары, долбоорлору боюнча маалымат алдык.
Негизинен:
ДМЧ балдардын реабилитациялык борборлору менен иш алып барышкан;
ДМЧ балдардын ата-энелерине психологиялык жардамдар берилген;
ДМЧ жарандардын үй-бүлөсүнө кошумча киреше табуусу үчүн кыска мөонөттүү курстар уюштурулуп кесиптердин түрлөрү үйрөтүлгөн;
ДМЧ жарандардын көйгөйлүү маселелерин өз учурунда чечүү үчүн жергиликтүү бийлик менен байланыштыруу иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле бул багытка тиешелүү көптөгөн долбоорлор, конференция, семинар, мониторинг, ар тараптуу тренингдерди өткөрүп, районубуздун майыптуулугу бар жарандары үчүн өзгөчө колдоо көрсөтүп жаткандыгы маалым болду.
Жогорудагыдай колдоолорго карабастан тилекке каршы, жыл сайын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны күн санап өсүүдө. Бул балдарга билим берүүдө инклюзивдик билим берүүнүн артыкчылыктары өз жыйынтыгын берүүдө.
Инклюзивдик билим берүү-өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды жалпы билим берүүчү мектептерде окутуу процессинде колдонулуучу термин. Бул багыт боюнча ЖОЖдор аралык инклюзивдик билим берүү лабораториясынын методисти З.Б.Джапарова изилдөөсүндө: «Инклюзивдик билим берүүнүн негизине балдарды басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу, бардык балдарга бирдей мамилени камсыз кылуу идеологиясы жатат жана бул балдарга өзгөчө шарттарды түзүү зарылчылыгы бар»-деп баса белгилеп айткан[4- 265].
Инклюзия ар кандай жөндөмдүү окуучуларды бириктирет. Алар командада иштөөнү, баарлашууну жана дос болууну үйрөнүшөт.Демек бул процессте өзөктүү позицияны педагог ээлейт. Ал үчүн педагогдон жогорку денгээлдеги профессионалдуулук, сабырдуулук, ийкемдүүлүк, балдарды уга билүү жана түшүнө билүүчү жөндөмдүүлүк жана жоопкерчилик талап кылынат.
ДМЧ балдарга билим берүүдө жана тарбиялоодо педагогдун таасирин, ролун изилдөө максатында Лейлек районундагы «Кулунчак» балдарды калыбына келтирүү билим борборунда эксперимент иштери жүргүзүлдү.
«Кулунчак» билим берүү мекемеси 2015-жылдан бери ДМЧ балдарга билим-тарбия берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Балдар билим алган имараттын оңдоп-түздөө иштери жергиликтүү бийлик тарабынан, ички керектүү жабдууларды ЮНИСЕФ тарабынан каржыланып ачылган. Билим берүү мекемеси И.Раззаков шаарынан жана чектешкен жакын айылдардан 3-18 жашка чейинки жалпы 30 баланы 2 нөөмөт менен 3 сааттык окутууга кабыл алган. Жалпысынан билим берүү мекемесинде 8 мугалим (медсестра, логопед) балдарга билим –тарбия берип, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Балдар акыл-эс жөндөмдүүлүгүнө, интеллектиге жараша тайпаларга бөлүнүп, ар бир балага индивидуалдуу окутуу, камкордук жүргүзүлөт.
Кабыл алынган балдардын диагноздору:
ДЦП;
Аутизм;
ЗПР;
Даун синдрому;
Билим берүү борборунда 9 жылдан ашык эмгектенген психолог - тарбиячы Юсупова Чолпонай Абдинабиевна менен баарлашып, алгач келгендеги балдардын абалы, азыркы учурда кандай өзгөрүүлөр, жыйынтыктар болуп жатканы менен бөлүштү. Анын айтымында Наврузов Сүннөтилла ДЦП диагнозунун оор түрү менен жабыркайт, башында келгенде жайында жаткан абалда кабыл алынган, 8 айдагы тарбиянын негизинде азыркы учурда, жөрмөлөп, колунан кармаган абалда басууга аракет кылгандыгын мисал катарында белгилеп, мугалимдердин ишмердүүлүгүнө токтолду. Демек, ДМЧ балдардын өнүгүүсү үчүн реабилитациялык борборлордун, тарбиячы-педагогдордун салымы чоң экендигине далил боло алат.
Мекеменин директору Дилбар Атанова 2023-жылы Баткен облусундагы ДМЧ балдарды тарбиялоочу мектептердин арасында 1-орунду камсыздаганын, бул алдынкы сапты көз карандысыз эксперттер «Кулунчак» борборунда тарбияланган балдардын жетишүүсүнө, өнүгүүсүнө карап баа бергенин баса белгилеп кетти. ДМЧ балдарды үй кароосунда эмес, атайын билими бар педагогдор билим берүүчү борборлорго алып барып, коомго аралашуусуна камкордук көрсөк туура болот. Бул борборлордо мугалимдер ар бир типтеги баланын өз кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө жараша иш алып барат. Ошондой эле балдар үчүн бул борбордо логопед, медициналык кызматкер (массажист) да иштейт.
Эксперимент учурунда технология (ийлеп-чаптоо) сабагынын негизинде психомотордук өнүгүүсү артта калган Мажитов Билал менен иштешип жаткан учурга көз салдык. Бул класста ДМЧ балдардын чыгармачыл потенциалын өнүктүрүү үчүн ынгайлуу шарттардын түзүлгөндүгү кубандырды. Сабак учурунда Билал мугалимдин берген тапшырмасын гана аткарбастан, өзүнүн каалоолоруна ылайык аракет кылып жатты. Билалдын өз эмгегине эмоционалдык позитивдүү мамиле кылгандыгы, иштөө көндүмдөрүнүн жакшырганы байкалат. Сабак учурунда кабыл алуу, ой жүгүртүү, майда моторика, көз-кол координациясы, көңүл буруу жана эс тутуму өнүгүшүн мугалими баса белгилеп кетти.
Балдардын чыгармачылык фантазиясына карап натыйжага жетүү үчүн жигердүү умтулуусу калыптангандыгын билүүгө болот. Мугалим берилген жаңы маалымат жакшыраак кабыл алуусу үчүн алгач, оюн түрүндө колдонду. Балада өзүнө ишенимдүүлүк, кызыгуу пайда болду. Булардын баары ДМЧ балдар үчүн эң зарыл сапат. Мугалим Билал менен мамиле түзүп, окуу процессин жогорку денгээлде өткөндөгү биз байкаган сапаттар:
Бала кандай болсо, ошондой кабыл алгандыгы;
Бала менен тез-тез баарлашууга аракет кылгандыгы;
Дайыма өз аты менен кайрылганы;
«Кел, чогуу жасайбыз», «карап көрчү, мен муну кантип жасайм», «мени үйрөт, «бул форманы жасоого мага жардам бер» деген колдоо сөзү менен өз ара иштешүүгө шарт түзүүсү;
Ашыкча физикалык-моралдык иштин жоктугу;
Эс алдыруучу көнүгүүлөрдүн уюштурулуусу;
Жөндөмүнө жараша мактоо сөзүн айтты.
Жогорудагы процессте, муктаждыктары бар балдар менен иштөөдө мугалимдин абдан чоң чыгармачылыкты колдонгондугун байкадык. Ал эми чыгармачыл өз ишин сүйгөн ар бир мугалимде бар деп ойлойбуз. Бул сабактан улам, билим берүү эффективдүү болуусу үчүн педагогдун көз карашы өзгөрүүсү керек экенине ынандык. Демек, изилдөөбүздө ДМЧ балдарга билим тарбия берүүдө педагогдун инсандык сапатынын жогору болуусу жана профессионалдуулугу инклюзивдик билим берүүнү алдыга жылдыруучу фактор катары каралып, мугалим моралдык жактан туруктуу, профессионалдык жактан компетенттүү, маданий жактан жогору болуусу негизги мугалимге коюлуучу талап экендиги белгилүү болду.
Колдонулган адабияттар:
Акимова, О. И. Инклюзивное образование как современная модель образования лиц с ограниченными возможностями здоровья [Электронный ресурс] / О. И. Акимова // Образование без границ : информ. - метод.портал по инклюзив. и специал. образованию. — Режим доступа: http://www.edu-open.ru. Джапарова Замира Бердибековна: Мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды жалпы билим берүүчү мектептерде окутуудагы педагогикалык шарттар, Илимий методикалык журнал: Башталгыч мектеп. №1, 2017. 14-15-бет. Варёнова, Т. В. Инклюзия как новая концепция международной образовательной политики: вариативные формы образования детей с разными стартовыми возможностями / Т. В. Варёнова // Нар.асвета. — 2013. — № 6. — С. 87—91. Джапарова Замира Бердибековна: Атайын жана инклюзивдик билим беруу – тарых, келечек, көйгөйлөр., И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жарчысы; 2017ж: 264-266-бет.
Илимий жетекчиси: Мадмуратова Замира Гулбаевна, БатМУнун А.А.Машрабов атындагы СГЭИнин Педагогика жана экономика факультетинин Филологиялык жана педагогикалык билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу, тел: 0-703-473-801, 0-771-15-04-79,
e-mail: zmadmuratova@bk.ru
Наркузиева Севинч - БатМУнун А.А.Машрабов атындагы СГЭИнин кыргыз тили жана адабияты кошумча чет тили профилинин күндүзгү окуу бөлүмүнүн
1- курсунун КТАк-1-25 окуу тайпасынын студенти, тел: 0-220-67-59-84
g-mail: sevinchravshanbekowna@gmail.com