Просмотр содержимого документа
«Муун жана анын түрлөрү»
5-КЛАСС
КЫРГЫЗ ТИЛИ
МУГАЛИМИ:
МЫРЗАГЕЛДИЕВА Э.К .
Адамдагы эң сонун нерсе — акыл менен билим.
САБАКТЫН ТЕМАСЫ:
МУУН ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ
МАКСАТЫ:
- Муун деген эмне жана анын кандай түрлөрү бар экенин билүү, аларды түрлөрүнө ажыратууга үйрөнүү
ЖАҢЫ ТЕМА:
Бештин айынын жыйырма бири.
Класс иши.
Муун жана анын түрлөрү.
Биз колдонгон сөздөрдүн бардыгы муунга ажырайт. Муунду үндүү тыбыштар түзөт. Сөздө канча үндүү тыбыш болсо, ошончо муун болот.
Мисалы: а -ч ы к, оо -р уу , б е й-т а п-к а -н а
Муундун түрлөрү Кыргыз тилинде муундун 3 түрү бар.
Жабык муун
Ачык муун
Туюк муун
Ачык муун - үндүү тыбыштан гана турат же үндүү тыбыш менен аяктайт.
Мисалы: Э -л и -н а , А -н я
Жабык муун - муун үнсүз тыбыш менен аяктайт.
Мисалы: и з -и л -де,а р -зан. Туюк муун - үнсүз тыбыш менен башталып, үнсүз тыбыш менен аяктайт.
Мисалы: С е р - г е й , Г ү л - ж а н .
Бышыктоо:
251-көнүгүү.
Сөздөрдү муунга ажыратып, дептериңерге жазгыла, кандай муун экенин айтып бергиле. Муун эмнеге жараша болот?
Мисалы: Апаке- а-па-ке, жайлоо- жай-лоо
252-көнүгүү. Текстти окуп, сөздөрдү муунга ажыратып, кандай муун экенин аныктагыла.
Машина ээн жолдо куштай учуп бара жатты.
Ма-ши-на ээн жол-до уч-уп ба-ра жат-ты.
Жыйынтыктоо:
Муун деген эмне?
Анын кандай түрлөрү бар экен?
Үй тапшырма.
255-көнүгүү.
Сөздөрдү көчүрүп, катар келген үнсүздөрдү муунга ажыраткыла.
Мисалы: Касса- кас-са
ДЕН СООЛУГУБУЗГА КАМ КӨРҮП, ДЕН СООЛУКТА БОЛОЛУ. КИЙИНКИ САБАКТА КӨРҮШКӨНЧӨ!