СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Муунак буттуулар тиби

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Муунак буттуулар тиби»

Топтордо иштөө

Шаршенова Рахат Тургунбековна,Талас району,Рысбек Айдаралиев атындагы орто мектебинин биология мугалими

Муунак буттуулар тиби”бөлүмүн бышыктоо

Сабак таймаш

7-класс



Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар муунак буттуулардын көп түрдүүлүгү,алардын классификациясы,түзүлүшү жана өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтарга ээ болушат.

Өнүктүрүүчүлүк: Муунак буттуулар тибинин өкүлдөрү менен таанышып,алардын түзүлүшү,биологиясы,мааниси жөнүндөгү маалыматтарды таап пайдаланышат,кругозорлорун кеңейтишет.

Тарбия берүүчүлүк: Муунак буттуулар тибинин жаратылыштагы орду менен таанышышат,аларга аяр мамиле жасоого тарбияланышат.

Сабактын тиби:Кайталоо сабагы

Сабактын усулу:Интерактивдүү,топ менен иштөө

Сабактын жабдылышы : түстүү желекчелер,компьютер ,экран,муунак буттуулар тибинин түстүү сүрөттөрү

Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу

2.Топторго бөлүү

3.Оюндун эрежеси менен тааныштыруу



  • Окуучулар тобу менен тааныштырышат,топтун атын жакташат,чүчү кулак кармашат.

  • Топтор эки-экиден таймашка чыгып,топтордун бири 5 упай алганга чейин суроолорго жооп беришет.

  • Бир туура жоопко 1 упай.Суроо үчүн берилген убакыт 60 секунд

  • Желекчени биринчи көтөргөн топ биринчи жооп берүү укугуна ээ.

  • Оюн башталганда биринчи категорияны жана суроону калыстар тобу тандап берет.

  • Суроого туура жооп берген топ категория тандоо укугуна ээ болот.

  • Оюн 4 раунддан турат.

Категориялар

Рак сымалдуулар классы

Жөргөмүш сымалдуулар классы

Курт-кумурскалар классы

Ар кандай суроолор









1-раунд

1.Дарыя рагынын узун муруту кандай аталат?(антенна)

2.Рактын куйрук сүзгүчү кандай аталат?(тельсон)

3.Кургакта жашоочу рак сымалдуулар эмнеси менен дем алышат?(трахеясы)

4.Жөргөмүш жөнүндөгү илим кандай аталат?(арахналогия)

5.Жөргөмүштөрдүн эң уулусу кайсы жөргөмүш болуп эсептелинет?(банан жөргөмүшү)

6.Чымчыкчыл жөргөмүштүн чоңдугу канча см ге жетет?(15 см)

7.Курт-кумурскалардын саны азыркы учурда канча?(1.5млн)

8.Бал аарысы канатын 1 мүнөттө канча жолу кагышы мүмкүн?(11400 жолу)

9.Курт-кумурскалардын денеси канча бөлүктөн турат?(3)

10.Кадимки желелөөчү кене менен күрөш жүргүзүүдө кайсы кене колдонулат?(фитосеид кенеси)

11.Кенелер жөнүндөгү илим?(акарология)

12.Мите курттарды изилдөөчү илим?(гельминтология)

2-раунд.

1.Рактын кыпчуурлары кандай кызмат аткарат?(коргоочу)

2.Рактын кыска муруту кандай аталат?(антенулла)

3.Сууда жашоочу рактар эмнеси менен дем алат?(бакалоору)

4.Жөргөмүштөрдүн сырты эмне менен капталган?(хитин кутикула)

5.Жөргөмүштөрдүн бөлүп чыгаруусу эмне аркылуу ишке ашат?(мальпигий түтүкчөлөрү)

6.Жөргөмүштөрдүн арасынан тирүү туучулар?(чаян)

7.Курт-кумурскалар өрчүүсү боюнча канчага бөлүнөт?(экиге)

8.Картошканын зыянкечи?(колорадо коңузу)

9.Эң кеңири таралуучу зыянкечтерге кайсылар кирет?(чөп биттери)

10.Дрозофилла чымыны каякта колдонулат?(илимде жана лабораторияда)

11.Клетканы изилдөөчү илим?(цитология)

12.Бакма курт-кумурскаларга кайсылар кирет?(аарылар)

3-раунд.

1.Омарлар баласын канча ай көтөрөт?(9 ай)

2.Эгерде рак куйругун жоготсо эмне болот?(өлүмгө дуушар болот)

3.Рактардын эти кандай болот?(ак болот)

4.Жөргөмүштөр желесине эмне үчүн жармашпайт?(буттарында түкчөлөрү болгондуктан

5.Дүйнөдөгү жөргөмүштөрдүн эң ириси?(голиаф)

6.Жөргөмүштүн кулагы болобу? (болбойт)

7.Кумурскалар укташабы? (уктабайт)

8.Көпөлөктөр даамды эмне менен сезишет? (арткы буттары менен)

9.Дүйнөдөгү курт-кумурскалардын эң ылдам учканы?(ийнелик)

10.Симбиоз деген эмне?(бири бирине пайда келтирип жашаган жаныбар)

11.Курт-кумурскаларды изилдөөчү илим?(энтомология)

12.Жөнөкөйлүүлөрдү изилдөөчү илим?(протозоология)

4-раунд

1.Краб,омар,креветка,дафния кайсы класска кирет?(рак сымалдууларга)

2.Рактын бөлүп чыгаруу органы?(жашыл бези)

3.Дарыя рагы кандай жол менен көбөйөт?(жыныстык жол менен)

4.Жөргөмүштөрдүн арасынан эң коозу?(тоту жөргөмүш)

5.Жөргөмүштүн канча буту болот?(8 буту болот)

6.Жөргөмүштүн ар бир бутунда канча тизеси болот?(6 тизеси болот)

7.Индияда кайсы курт-кумурсканын өкүлү чакканынан млн догон адам өлөт?(чиркей)

8.Табигый чөйрөдө кумурска канча жыл жашайт?(1 жыл)

9.Кыргызстанда коргоого курт-кумурскалардын канча турү киргизилген?(17 түрү)

10.Шапалактуулар классына кирген бир клеткалуу жаныбар?(жашыл эвглена)

11.Клетканы изилдөөчү илим?(цитология)

12.Моллюскаларды изилдөөчү илим?(малакология)

Сабакты жыйынтыктоо:4-раунддун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталат упайлары саналып эң күчтүү топ аныкталат.

Топтордун арасынан дагы эң көп суроолорго жооп берген окуучуларга баалар коюлат.

Үйгө тапшырма: Муунак буттуулар тиби боюнча кошумча дагы маалымат топтоо(интернет булактары)