СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Муз Муз Муз Муз

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Муз Муз Муз Муз»

МУЗ

Карагайсыз тактайсыз,
Көпүрө салдым балтасыз.

Агайлар келди балтасыз,
Көпүрө салды тактайсыз.

Башы менен жерге осот,
Кышта эмес жазда өсөт.

КАР

Асмандан тараша түштү,
Ак үйгө жараша түштү.

Бир тоом бар жүрө албайт майы көптөн,
Ал төөм семирбейт жеген чөптөн.
Эгерде каза таап өлүп кетсе,
Сөөгү табылбайт жер менен коктон.

Буура келет буркулдап,
Буту-колу жыбырап.

Жатып-жатып жазында арыкка кирди.

Жатып-жатып жазында ийинге кирет.

Өңү аппак, жылдыз сымак,
Күн жылт этсе, кадим сымап.

Тал башында тал чыбыктай ийилет,
Ак шумкар куштай жыйылат.

Элексиз элеп,
Даяр ун берет,
Жебейбиз аны
Бирок турмушта керек.

Элексиз элеп, даяр ун берет,
Жебейбиз аны, бирок турмушта керек,
Ар жылда келет, бул эмне делет.





АБА

Бар десе, бар эмес,
Жок десе, жок эмес.

Женил бирок көзгө көрүнбөйт,
Жара чапсаң бөлүнбөйт,
Сууга окшоп төгүлбөйт.

БУЛУТ

Асманда айры жыгач.

Асман-жерди бүркөгөн,
Күңүрт нуру не болот?

Бул айылдын буурасы,
Тиги айылдын буурасы, Желпилдеп өтөт чуудасы.

Буту жок, басат,
Канаты жок, учат.

Көк көйнөккө пахта жайдым.

Өөдө томен лок-лок,
Төөгө минген сок-сок.
Аны тапсаң таптың,
Таппагандын башына
Кара келтек токмок.

Төө жасадым кебезден,
Түртүп ийдим белестен.

Самтыр-сумтур энеси бар,
Санга жеткис ботосу бар,
Маңгыл кашка буурасы бар.

ШАМАЛ

БуТу жок, колу жок,
Эшик ачканга шок.

Колу жок, буту жок,
Дарбаза жок.

Кармаласам колго келбейт,
Көрүнбөй келип көзүмдү ирмейт.
Доошу кулагыма чуулдап турат,
Дүйнөдө жансыз учкул зат.

Үйүмө кирет, жиниме тиет
Урайын десем, таягым тийбейт.

Эшик ачар, ээси качар.

Бир нерсе бар учпайт бийик,
Жер менен көктүн бетин
Миң мертебе айланса да,
Эч бир жери кетпейт отко күйүп.

Көзгө көрүнбөйт,
Ийнеге илинбейт.

Көзгө көрүнбөйт,
Ийинге илинбейт.

МӨНДҮР

Тоодон топ түштү, Буту-колу жок түштү.

ЖАМГЫР

Чилдиң бут чий казат.

Талаага таруу чачтым,
Талпылдап үйгө качтым.

Талаага таруу чачтым,
Тарпылдап үйгө качтым.
Музга буудай чачтым,
Буркурап үйгө качтым.

Кара-кара, кар тоо,
Кандар өтүп баратат.
Бийик-бийик, бийик ТОО,
Бийлер өтүп баратат.
Бийдин уулу Шадыкан,
Шабыратып баратат.

Тап-тап, тап жорго,
Таба албасаң боз жорго,
Желип кетсе жеткирбейт,
Жерге түшсө көрүнбөйт.