СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Музыкалык адабий кече

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адабий кече

Просмотр содержимого документа
«Музыкалык адабий кече»

Адабий музыкалык кече

Тема: Алп акын - Барпы Алыкулов

Кеченин максаты: Барпы Алыкуловдун өмүрү чыгармачылыгы, үй-бүлөсү жана ырларынын бүгүнкү күндөгү орду, изилдениш абалы боюнча билимдерин тереңдетүү.

Көрсөткүчтөр: Мектеп программасында окуп билгендерин дагы тереңдетүү максатында кошумча адабияттардан, интернет булактарынан маалыматтарды таап, изденишсе жана ал окуп билгендерин практика жүзүндө көрсөтүп бере алышса

Колдонулган ресурстар: ТСО, сүрөттөр, буклеттер, стен газеталар, китептер ж.б.

Кеченин жүрүшү:

Мугалим: Саламатсыздарбы, урматтуу бүгүнкү “Алп акын - Барпы Алыкулов” аттуу кеченин коноктору. Кечени баштоодон мурда слайдка көңүл бурсаңыздар (Барпы Алыкулов боюнча слайд көрсөтүлөт)

Жогорудагы слайдда көрсөтүлүп тургандай Барпы Алыкулов жөнүндө кандай гана бийик, кандай гана чексиз эскерүүлөр улуу инсандар тарабынан айтылгандыгына күбө болдук. Мен дагы кечебизди улуу жазуучу А.Токомбаевдин сөзү менен баштагым келип турат “...Жылдар өткөн сайын Барпынын мурасынын ажары ачылат” деген экен. Эң туура айтылган сөз чындыгында эле бүгүнкү күнгө чейин заманыбыздын ыргагы, агымы кандай гана болуп өзгөрбөсүн Барпынын ырлары белгилүүлүгүн жоготпой, уламдан улам жаңы муундун аткаруусунда улам жаңыланып ырдалып келет. Мына ушундай жаңылануунун, белгилүүлүктүн сыры да алп акындын чыгармаларынын маанилүүлүгүндө деп ойлойм.

Ырын нөшөрлөтө төккөн ак таңдай акын Барпы Алыкуловго арналган адабий музыкалык кечебизди ачык деп жарыялап, сөздү алып баруучубуз Шаршеева Айгеримге берсем.

Алып баруучу: Саламатсыздарбы кечебиздин коноктору. Кыргыздын төкмө, ак таңдай акындарынын чыгармачылыгында Барпы Алыкулов өзгөчө орунду ээлейт. Ал ырын нөшөрлөтө төккөн ак таңдай төкмө акын, кыргыздын обончуларынан бөтөнчө ыргактардагы обондорду чыгарган залкар обончу, көрүнүктүү дастанчы эмеспи. Мына ушундай уникалдуу акын тууралуу дагы терең маалымат алуу максатында Барпы Алыкуловдун үй музейинин жетекчиси Амангелди Төрөкановду кадырлуу конок катары бул жерге чакырып алсак.

Саламатсызбы Амангелди аба, бүгүнкү кечебизге куш келипсиз. Биздин мектептин окуучулары тарабынан даярдалган кечебизге күбө болуп, биз билбеген маалыматтарыңыздан Барпы изилдөөчү катары ой бөлүшүп, маалымат берет деген ойдобуз. Анда эмесе кечебизди Б.Алыкуловдун “Мөлмөлүм” ырына биздин кымча бел кыздарыбыз бийлеп ачып беримекчи.

  1. Бий: М.Атабеков “Мөлмөлүм” 7-класстын кыздары

  2. Б.Алыкуловдун өмүрү чыгармачылыгы боюнча 10-класстын окуучулар стен газетасы менен биргеликте маалымат беришмекчи Алина, Фарида, Изат, Илгиз

  3. Обондуу ыр: “Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо” 9-класс Элмира

  4. Философиялык ырлары боюнча 9-класстын окуучулары газета жактоо менен бирге айтып беришмекчи (Эрбол, Айжаркын, Айгерим, Бактыбек)

  5. Философиялык ырларынан көркөм окуу 9-класс Бермет

  6. Обондуу ыр: “Зирегим” 8-класс Акжол, Дастан

  7. Сүйлөш үчүн тил керек,

Ырдаш үчүн үн керек.

Сөздү сөзгө кынай бил,

Маш зергердей чегелеп.

Ырчы болсоң төкмө бол,

Ак жаандай себелеп.

Бууданы болбой замандын,

Булбулу болбой адамдын.

Ырчымын деп мактанба,

Талыкпасын кызыл тил.

Карыкпасын коңур үн.

Ыр жоголсун чапканда,

Алтынды көрүп алданбай,

Алкымыңдан кармалбай,

Ырды бергин жакканга.

  1. Барпынын Жеңижок менен айтышканы 9-класс Эрбол, Ислам

  2. Обондуу ыр: “Өзгөчөм” 8-класс Атыркүл, Феруза

  3. Сүйүүнү сүйүп ырдадым,

Сүйүүнү күйүп ырдадым

Сазабар дилге түнөттүм,

Сүйүүдөн калбай көңүлүм

Сүйүүгө кылсам кыянат,



Сөгүлүп кетсин өмүрүм – деген экен акыныбыз.

Арзуу лирикасы тууралуу 8- класстын окуучулары стен газеталары менен бирге айтып бермекчи Жакшылык, Алтынай

  1. Обондуу ыр: “Гузаль кыз” 8-класс Дастан

  2. Көркөм окуу: 8-класс Сайкал

  3. Обондуу ыр: “Мырзайым” 8-класс Акжол

  4. “Мөлмөлүм” 8-класс Автандил

“Сен дагы мендей ырдадың,

Ырыңды иним сындадым.

Адаштырып ырдасам,

Айтканымдан жылбадың.

Мен көрсөткөн ырларды,

Улабастан койбодуң,

Калтырбастан бир жерин,

Кынабастан койбодуң.

Адис акын экен деп,

Бул жериңден ойлодум.

Кынадың терме санатың,

Сен болдуң менин канатым”-деп Токтогул айтмакчы Барпы да санат, насыят ырлардан кур кол калган эмес. Акыныбыз акыл-насаат ырларын да укмуштуудай жеткиликтүү жазган. Анда 6-класстын окуучулары акыл-насаат ырлары боюнча жана стенгазетасын жактап бермекчи (Маиза, Арсен, Кымбат, Абдубаатын)

Алып баруучу: Анда эмесе Амангелди аба биздин окуучуларыбыз өзүлөрүндө болгон маалыматтарын стен газеталарга, буклеттерге чагылдыруу аркылуу жана оозеки баяндап беришти. Ал эми чыгармаларын тематикасына жараша аткарып беришти, сизде дагы биз билбеген кандай маалыматтарыңыз бар сөздү сизге берсек.

  1. Конок менен маек : Саламатсыздарбы, бүгүнкү кеченин уюштуруучулары жана коноктор. Эми бүгүнкү кечеде окуучулардын Барпы Алыкулов боюнча бир топ маалыматтары бар экендигин көрүнүп турат. Мен Барпы таануучу катары Барпынын бала-чакасы жана “Ааламга арналган өмүр” аттуу тасма тууралуу айта кетейин.

Барпы Алыкуловдун бир кыз, бир уулу бар. Кызы Бурул Парпиева, уулу Жумабай Турдукулов.

Кызы Бурулду акыркы аялы Жумагүл ээрчитип келген. Бирок, Парпы өз кызынан артык көргөн, кызы Бурул дагы күйөөсү Төлөн менен атасынын чыгармаларын чыгарганга өз салымдарын көп кошушкан. Барпынын китептеринин чыгышында Бурул менен төлөн күйөө баласынын салымдары өтө чоң. Ал эми баласы жөнүндө сөз кыла турган болсок кийинкиге чейин барпынын артынан туягы калган жок деп, бир гана кызы бар деп жүргөнбүз. Бирок тарых тактагандай бир уулу бар экендиги далилденди. Барпы аыкн көп үйлөнгөндүктөн мурунку жеңе аялы айсарынын боюнда кеткен экен. Бирок кийин өз атасын таап Жумабай Барпыга келип, бирок тагдыр алар каалагандай болбой кийинки аялы жумагүл батырбагандыктан өкүл баласына берет,, аны уккан Айсара кайра алып кетип, Барпыга өчөшкөндүктөн кийинки күйөөсүнүн атына каттатып турдукулов кылып алган экен. Кийин айылдаштарынын, аксакалдардын күбөлүгүнүн негизинде тил кат алып атышып барпы үй-музейинин жетекчиси парпы уулу Жумабай деп каттатып берген. Ошол Жумабайдын 2 кыз, 4 уулу бар, алардан 26 небереси, чоборосу бар. Демек, Барпынын артында очор-бачар болгон небере-чөбөрөлөрү бар.

Ал эми “Ааламга арналган өмүр” тасмасы 1994-жылы ак таңдай акын Барпы Алыкуловдун 110 жылдыгына карата тартылып, бирок 15 жыл тасма теле аркылуу берилген эмес. Мунун себеби 110 жылдык мааракеде Барпы атындагы коомдук фонддун өкулдорү “Бул кино бизге өтө керек. Бизге бергиле. Өзүбүз сактап керек болгондо колдонуп, элге көрсөтүп туралы”-деп сурап алышып, киноплёнкага суу тийгизип жарактан чыгарып алышкан экен. “Аны ошо замат калыбына келтирүү башкача айтканда Алматыга барып тасманын түп нускасын алып келүү биз үчүн абдан кымбатка турган. Мүмкүнчүлүгүбүз да болгон эмес. Анын үстүнө ошол маалда киноплёнканын баасы да өсүп кеткен эле”-дейт кинону тарткан режиссёр Тилек Мураталиев. Анын айтуусунда тасма түстүү киноплёнкага тартылып, бирок аны Кыргызстанда чыгарууга мүмкүн болбогондуктан “Казакфильм” киностудиясына барып жуудуруп келүүгө туура келген.Ошондо мааракеге карата жетишип калуу үчүн кинонун бир нускасын чыгарып, түп нускасы Алматыда кала берген.

“Муну кайра алып келүү үчүн эки жылга чейин убакыт кетти. Ошондой эле отуз миң сом жумшалды. Мунун ушул күнгө чейин сактап турган казак элине рахматыбызды айтышыбыз керек. Мындан да көп чыгым кетет эле, аны сураса да макул боло турган жерде болчубуз. Бирок казак менен кыргыз бир тууган эл эмеспи, анын үстүнө маданий кызматташтыкта да жакын алакада болгондуктан, аз гана чыгым менен өз мекенибизге алып келип алдык”-дейт “Кыргызкино” департаментинин директору Абибилла Пазылов.

Кинонун мазмуну алп акын Барпы Алыкуловдун өмүрү чыгармачылыгы тууралуу. Сценарийди режиссёр Тилек Мураталиев менен жазуучу Кубатбек Жусубалиев жазган. Кинону тартууга Барпыны эң жакшы билген адабиятчы Кадыркул даутовдун эмгеги өтө зор. Ал киши кинону тартууда баштан аяк билген, көргөнүн эч аябастан айтып, жардамын аяган жок. Мына ушундай билинбеген маалыматтар бар. Адабий кечеге чакырганыңарга рахмат, ишиңерге ийгилик.

Алып баруучу: Сизге чоң рахмат, эң сонун биз биле элек маалыматтарды берип кеттиңиз, ишиңизге ийгилик.

Ушуну менен “Алп акын Барпы Алыкулов” аттуу адабий кечебизди аяктайбыз, баарыңыздарга рахмат, ишиңиздерге. Окууңуздарга ийгилик каалайбыз.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!