СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Музыкалык терминдердин кыскача тушундурмосу

Категория: Музыка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Музыкалык терминдердин кыскача тушундурмосу»

Музыкалык терминдердин кыскача түшүндүрмөсү


  1. Andante

Жай, каалгып

  1. Adagio

Жай, мээлүүн

  1. Adagio maestoso

Жайбаракат шаңдуу

  1. Andantino

Шашпай

  1. Allegretto

Жандуу

  1. Aditato

Тынчсызданып, толкунданып

  1. Allegretto grazioso

Ылдамдан жайыраак

  1. Allegro moderato

Орточо ылдам тездикте

  1. Allegretto energico

Ылдамдан жайыраак, көрктүү

  1. Allegro

Ылдам

  1. Accleranto

Бара-бара тездете

  1. Appasionato

Өтө кумардана

  1. Allarganto

Тездикти кеңейтип

  1. Affrettando

Ашыгып, толкунданып

  1. Allagramente

Көңүлдүү

  1. Andante

Шашпай

  1. Andanto con affetto

Шашпай, берилгендикте

  1. A bocca c hiuso

Эринди кымтып

  1. Largo

Кенен, абдан жай

  1. Lento

Жай, созулуңку

  1. Sostenato

Токтоо

  1. Creschendo

Бара-бара добушту бийиктетип

  1. Cantabile

Жумшак, уккулуктуу

  1. Con anito

Жанданып, шыктанып

  1. Commodo

Ыңгайлуу тездикте

  1. Con spirito

Көңүл көтөрүңкү, кызууланып

  1. Coda

Аягы

  1. Con emorione

Толкунданып

  1. Come eco

Жаңырыктай

  1. Glissando

Сыйгаланта

  1. A tempo

Мурунку тездикте

  1. Tempo I

Алгачкы тездикте

  1. A tenuto

Узундукту сактап

  1. Solo

Бирөө

  1. Sostenuto

Сабырлуу

  1. Sotto voce

Кыңылдап






Композиторлордун кыскача өмүрү, чыгармачылык жолу



Малдыбаев Абдылас

(1906-1978)


Композитор1, ырчы (тенор). 1906-жылы 7-июнда Кемин районунун Кара-Булак айылында туулган. Кыргыз профессионал музыкасына негиз салуучулардан болгон. 1937-жылы Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер. 1939-жылы СССРдин Эл артисти наамын алган. 1940-41-жылдары Москва консерваториясында Кыргыз Улуттук студиясынан, композиция классы боюнча композитор Г.Литинскийден билим алган. Андан кийин 1947-50-жылдары композитор В.Фереден билимин уланткан.

1930-жылы Фрунзе музыкалык техникумунда директор, 1933-жылы Кыргыз студиясында, андан кийин опера жана балет театрында артист болуп эмгектенет. 1939-67-жылдары Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы болгон. 1953-54-жылдары М.Күренкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын директору болуп эмгектенген. А.Малдыбаевдин чыгармачылык иши 1922-жылы башталган. Композитордун алгачкы, «Акинай», «Кызыл жоолукчан», «Өмүр», «Забойщиктер» аттуу ырлары эл арасына кеңири тараган. А.Малдыбаев 300дөн ашык чыгарма жараткан. Алардын 200дөн ашыгы ырлар. Автордун айрыкча гимн мүнөзүндөгү «Кызыл атчандар», «Студенттер маршы» жана балдар ырлары «Мына, минтип», «Кулунум» ж.б. кыргыз ыр жанрына жаңылык катары кирген.

Композитордун чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру 1930-40-жылдар болгон. Ал көптөгөн элдик ырларды иштеп чыккан жана өзүнүн «Кимге айтам», «Гүл турмуш», «Ук, жер жүзү», «Билгиң келсе», «Кечирип кой» ж.б. балдар үчүн «Биз агайдай болобуз», «Жылдызым», ж.б. ырларды, «Эмгек маршы», «Партбилет» сыяктуу хорлорду, композиторлор В.А.Власов, В.Г.Фере менен бирге «Ажал ордуна» музыкалык драмасын, «Айчүрөк», «Патриоттор», «Манас», «Көл боюнда» операларын, ал эми композиторлор А.Веприк, М.Абдраев менен билгеликте «Токтогул» операларын жазган. «Ким кантти» аттуу тунгуч музыкалык камедияны М.Абдраев, А.Түлөев жана А.Аманбаев менен бирге жараткан.

А.Малдыбаев драма жана опера спектаклдеринде бир канча элестүү образдарды жараткан. Алар: «Алтын кыз» музыкалуу драмасында Кузнецовдун, «Ажал ордуна» Бектурдун, «Айчүрөк» операсында Күлчоронун, «Айдай менен Айшада» Телтайдын, «Аршин Мал-Алан» музыкалык камедиясында Аскердин, «Евгений Онегин» операсында Ленскийдин, «Кыз Жибекте» Төлөгөндүн, «Токтогулда» Керимбайдын ролун аткарып, ар кыл мүнөздөгү каармандардын образын чоң чеберчилик менен ойногон.

Автордун көптөгөн эмгектери, ноталык жыйнактары басмадан басылып чыккан2. СССРдин жогорку Советине депутаттыкка шайланган (1937-40-ж). 1970-жылы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси жана Ленин, Октябрь Революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак белгиси» ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйлаган.

А.Малдыбаевдин ысымы Бишкек шаарынын бир көчөсүнө жана Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына берилген.

1978-жылы Фрунзе шаарында каза болгон.


Абдраев Мукаш

(1920-1979)


Композитор. Кыргыз ССРинин Эл артисти (1974ж.). Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1974-ж.).

М.Абдраев 1920-жылы 5-майда Сокулук районуна караштуу Киров атындагы совхоздо туулган.3 1950-жылы Москва мамлекеттик консерваториясынан композиция адистиги боюнча С.Н.Василенконун классынан билим алган. М.Абдраев жогорку композитордук билим алган тунгуч кыргыз композитору жана профессору болот.

1933-жылы Кыргыз музыкалык драма театрынын скрипка классында, 1935-40-жылдары Москва шаарындагы Ипполитов-Иванов атындагы музыкалык окуу жайында окуган. 1940-жылы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын улуттук студиясына кирген. 1950-жылы профессор С.Н.Василенконун классында Москва консерваториясынын теориялык-композитордук бөлүмүн бүтүргөн. 1950-58-жылдары М.Күрөнкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын мугалими, 1960-67-ж.ж. В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун «Музыка жана ырдоо» кафедрасында окутуучу, андан кийин кафедра башчысы, доцент болуп эмгектенген. 1967-79-жылдары Кыргыз ССРинин композиторлор Союзунун төрагасы болгон. Ошондой эле, 1967-74-жылдарда Кыргыз Мамлекеттик искусство институтунун «Музыканын теориясы жана композиция» кафедрасынын башчысы, тунгуч профессор болгон. М.Абдраев өзүнүн талантын бардык музыкалык жанрларда көрсөтө алган. Кыргыз профессионал композиторлордун ичинен алгачкылардан болуп өз алдынча опера жазган композитор. Анын стили кыргыз фольклорунун бай салттарына негизделген. Ал хор искусствосунун

а cappella жанрына улуттук багыт берген жана аны өнүктүргөн новатор композитор болгон. Анын чыгармаларында кантата, оратория, вокалдык-симфониялык поэмалар жана симфониялык музыкалар негизги орунду ээлеген. 1953-ж. «Жаш жүрөктөр», 1956-ж. «Токтогул», 1963-ж. «Олжобай менен Кишимжан», 1974-ж. «Бороон алдында» операларын жазган. Ал эми 1974-жылдан өмүрүнүн акырына чейин «Композиция» кафедрасын жетектеген.

М.Абдраев профессионал музыкалык чыгармачылыктын бардык жанрларында үзүрлүү эмгектенген композитор.



Абдыкадыров Рыспай

(1941-1994)


1941-жылы 12-январда Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Таланттуу обончу-аткаруучу. Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн отличниги. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган.

1962-жылы райондук маданият үйүндө иштейт. Ошол эле жылы Жалал-Абад театрына артист болуп которулат. 1963-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетине кабыл алынат. Бир эле мезгилде Ош шаардык маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп иштеген. 1967-69-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенген. «Түгөйүм», «Эсиңдеби», «Ой, бото көз», «Алмашым», «Өскөн жер», «Суусамыр», «Сагынам тууган жер сени», «Чойт, эркечим», «Издейм сени» ж.б. көптөгөн мукамдуу классикалык обондорду жараткан.

1971-жылы ОшМПИни ийгиликтүү аяктап, ошол жерде окутуучу, ага окутуучу, доцент болуп эмгектенген. Р.Абдыкадыровдун балдар үчүн жазган бир канча ырлары мектеп программасынан орун алган. Ошондой эле балдар хорлору үчүн иштелип чыккан чыгармалары да хор жамааттарынын репертуарларынан түшпөй аткарылып келе жатат.

1981-жылы Ош областтык Кеңештин депутаты болуп шайланган. 1994-жылы Ош областтык филармониясына жана Кара-Кулжа музыкалык мектебине ысымы берилген. 1997-жылы Сулайман тоодогу бейитине жана Ош филармониясынын алдына эстелиги орнотулган. 1989-жылы «Ырларым-менин тагдырым», ал эми 2001-жылы «Жолугарым билгемин» (Түзгөн Б.Алагушов) аттуу обондуу ыр жыйнактары жарыкка чыккан.

Рыспай Абдыкадыров 1994-жылы 12-сентябрда Ош шаарында дүйнөдөн кайткан.







Аманбаев Акмат

(1920-1964)


Композитор. 1920-жылы 25-июлда Нарын районуна караштуу Кара-Булак айылында туулган. Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1963).

1935-38-жылдары Москвадагы Ипполитов-Иванов атындагы музыкалык техникумда окуган. 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн Биринчи декадасына катышып, оркестрга дирижёрлук кылган. 1940-жылы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын улуттук студиясынын композиция бөлүмүнө кирген. 1945-жылы М.Күрөнкөев атындагы музыкалык окуу жайынын директору. 1946-51-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясында директор. 1956-жылы Москва консерваториясынын улуттук бөлүмүн бүтүргөндөн кийин, Кыргыз мамлекеттик филармониясында көркөм жетекчи болуп иштеген. Ал композитор катары ар түрдүү жанрдагы музыкалык чыгармаларды жараткан. Атап айтсак: «Ким кантти?» комедиясынын музыкасын (1943-ж. А.Малдыбаев, М.Абдраев, А.Түлөев менен бирге); «Айдар жана Айша» операсын (1952-ж. С.Л.Германов менен бирге); 1960-жылы «Бойдоктор» музыкалык комедиясын ; «Жаштар маршы», «Партия жөнүндө ода», «Эмне үчүн?», «Фрунзем», «Адамды өлбөс жаратса», «Ашыгы келер кез болсо», «Бактылуу», «Айта албайм», «Дилбара», аттуу ырларын жана романстарын, «Үч бөлүмдүү квартет», «Скрипка үчүн үч бөлүмдүү сюитасын», «Бий сюитасын», «Мекен», «Достук жөнүндө ыр», «Жаңырык» аттуу кантата, ораторияларды жана көптөгөн ырларды, хорлорду жаратат. Жалпы билим берүүчү орто мектептердин 1-4-класстары үчүн «Ырдоо» окуу китебин (Н.Давлесов менен бирге) жазган.

«Ардак белгиси» ордени жана бир канча медалдар менен сыйланган.


Артыков Кадыралы


1961-жылы 3-февралда Ленин районуна караштуу (азыркы Ноокен району) Рахманжан колхозунда (азыр Ноокен айыл өкмөтү) туулган. 1978-жылы № 9 орто мектепти аяктаган.

1979-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун «Музыка» факультетине тапшырып, аны 1983-жылы ийгиликтүү аяктайт. Ушул эле жылы өзү окуган факультетте окутуучу, ал эми 1985-жылы ага окутуучу болуп эмгектенген. 1989-жылы обончулардын Республикалык кароо конкурсунда «Кыялдануу» (сөзү А.Чойбекованыкы) аттуу чыгармасы 2-орунга татыктуу болгон.

1989-95-жылдары Кыргыз Улуттук консерваториясынын композиция бөлүмүндө, белгилүү композитор Т.Эрматовдун классынан билим алган. 1999-жылы билим берүү отличниги, 2000-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын билим, илим жана маданият министрлигинин Ардак граматалары менен сыйланган. 2003-жылы Германия өкмөтүнүн чакыруусу менен Кёльн, Дюселдорг, Берлин шаарларында Түрк тилдүү элдердин Эл аралак фестивалынын алкагында чыгармачылык иш сапарда болгон. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. 2007-жылы Р.Абдыкадыровдун 65 жылдык мааракесине арналган «Ырларым-менин тагдырым» аттуу Республикалык конкурстун баш байгесинин жеңүүчүсү болгон.

К.Артыков композитор катары элге кеңири белгилүү болгон «Кыялдануу», «Барам сага», «Кайдасың», «Жан эркем» (сөздөрүн жазган А.Чойбекова), «Апакеме» (сөзү А.Дүйсембиевдики), «Таазим», «Кыштагыма» (сөздөрүн жазган А.Акбаров), «Айгеримим, Ай кызым», «Жашоо майрам», «Мырзайым» (сөздөрүн жазган С.Рысбаев) сыяктуу жүздөн ашык обондуу ырлардын автору.

2005-жылдан бери Кыргыз экономикалык университетинде маданий-эстетикалык борбордун директору болуп эмгектенүүдө.



Александров Александр Васильевич

(1883-1946)


Композитор, хор дирижеру. 1937-жылы СССРдин Эл артисти, 1943-жылы генерал-майор, ал эми 1940-жылы искусство илимдери боюнча докторлук диссертациясын жактаган. Петербург жана Москва мамлекеттик консерваториясында окуган.

1928-жылы Александров Александр Васильевич Советтик Армиянын Кызыл Туулуу ыр-бий ансамблинин уюштуруучусу жана жетекчиси болгон. А.В.Александровдун 1941-жылы жазган «Ыйык майдан» («Священная война». Сөзүн жазган В.И.Лебедев-Кумач) аттуу чыгармасы Улуу Ата-Мекендик согуштун музыкалык эмблемасы болгон. 1943-жылы СССРдин Мамлекеттик Гимнин жазган.

Мыкты массалык жана концерттик аткаруучулук ишмердиги үчүн 1946-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы берилген. Ал, Ленин ордени жана башка көптөгөн мамлекеттик сыйлыктар жана медалдар менен сыйланган.

Бегалиев Муратбек

Композитор. Комсомол (Жаштар) сыйлыгынын лауреаты (1985), Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1998). Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси (1997). Профессор.

1955-ж. 21-июнда Жумгал районунун Миңкуш кыштагында туулган. 8-классты аяктагандан кийин Фрунзе шаарына келип, азыркы М.Абдраев атындагы Республикалык адистештирилген музыкалык жатак-мектебинде окуйт. Мектепте труба, кларнет, фагот аспаптарында ойноону үйрөнгөн. 1974-жылы мектепти эң жакшы аяктап, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна композитордук факультетине кабыл алынат да, таланттуу композитор М.Абдраевдин классынан билим ала баштайт. 1977-жылы М.Абдраевдин сунушу боюнча, П.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясына ийгиликтүү тапшырып, профессор М.И.Чулакинин классында окуйт. 1982-жылы М.Бегалиев таң калыштуу ийгиликтер менен композитордук факультетти аяктайт.4 1982-84-жылдары болсо ушул эле окуу жайдын аспирантурасында билим алат. 1983-жылы Москвада өткөн композиторлордун Эл аралык конкурсунда Симфониялык поэмасы баш байгеге ээ болот. Поэма XIX кылымдын таланттуу орус сүрөтчүсү Карл Брюлловдун «Помпейдин акыркы күнү» аттуу картинасынын негизинде жазылган. Бул чыгарма Югословия, Польша, Чехословакия, Япония, Германия, Куба сыяктуу ж.б өлкөлөрдө аткарылып, автордун дүйнөлүк аренага чыгышына жол ачылган. М.Бегалиев бардык музыкалык жанрда ийгиликтүү эмгектенген композитор. Кылдуу аспаптар үчүн «Кыргыз сюитасы», фортепьяно үчүн сонатасы «Карыяны эскерүү» аттуу сюитасы, «Бала кез кайрыктары» сүрөттөмөсү, симфониялык оркестр үчүн «Майрамдык увертюрасы», камералык оркестр үчүн «Настальгиясы», атактуу жазуучу Ч.Айтматовдун демилгеси менен ЮНЕСКО тарабынан өткөрүлгөн Эл аралык форумга арналган «Жаратуучунун гимни» ж.б. 1990-жылы М.Бегалиев ЮНЕСКОнун стипендианты (Франция) болгон. 20дан ашык спектаклдерге музыка жаган. Алардын ичинен, «Каркыранын канаты», «Амидзима», «Жаңыл Мырза», «Манастын уулу Семетей» ж.б. «Ак илбирстин тукуму» (Кожожаш), «Бороондуу бекет», «Бетме-бет», «Саманчынын жолу» ж.б. 30дан ашык даректүү жана көркөм фильмдерге музыка жазган. Хор жана симфониялык оркестр үчүн «Кылым карытар бир күн» ораториясын, «Селкинчекте кыз жигит» (сөзүн жазган Ж.Мамытов) аттуу хордун жана балдар үчүн жазган бир канча чыгармалардын автору.

Ч.Айтматов фондунун, «Түгөлбай Ата» коомунун, «Алтын көпүрө» (Казакстан) Эл аралык ассоциясынын лауреаты. Эл аралык чыгармачылык (Москва) жана Музыка акедемиясынын (Мюнхен) академиги. П.И.Чайковский атындагы Алтын медалдын жана үчүнчү даражадагы «Манас» орденинин ээси.

Давлесов Насыр


Композитор, дирижёр, педагог, профессор. 1979-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамын алган.

Насыр Давлесов 1929-жылы 15-мартта Кемин районундагы Кара-Булак айылында туулган. Бала чагында гармондо, мандолинде, комузда ойногон, алардын коштоосунда ырдаган. 1945-жылы М.Күренкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында ырчылыкка, кийин урма аспапта ойноодо окуган. Р.Г.Мироновичтен дирижёрлоо классын бүтүргөн. 1949-жылы П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын дирижёрлук клаассында окуган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин дирижёру, башкы дирижёру болгон. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын дирижёру. Ошол эле мезгилде В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун «Музыка жана ырдоо» кафедрасынын башчысы болуп иштеген.1971-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору. 1983-85-жылдары кайрадан опера жана балет театрынын башкы дирижёру. 1985-жылы КМИИнун Эл аспаптар кафедрасынын башчысы, профессор.

Композитор Насыр Давлесов 200дөн ашык ырлардын, романстардын жана хорлордун, 11 кантатанын автору. Вокалдык-симфониялык «Селкинчек» аттуу сүрөттөмөсү, «Чолпонбай жөнүндө баллада», «Аста секин, колукту» музыкалык комедиясы (1979), «Элес» симфониялык поэмасы (1988), «Курманбек» операсы (1979, либреттосун Ж.Садыков жазган).5 «Суусамыр өрөнүндө», «Комуз күүсү» деген даректүү кинотасмалардын музыкасын жазган.

Кыргыз Республикасынын Гимнинин автору (К.Молдобасанов менен биргеликте). Жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн «Музыка» китебинин автору (А.Аманбаев менен биргеликте).

1978-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси. «Ардак белгиси», Эмгек Кызыл Туу, «Манас» ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.



Малдыбаева Жылдыз Абдыласовна


Композитор. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995), Кыр­гызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лау­реаты (1975), Республиканын элге билим берүүсүнүн отличниги (1992), доцент (1993), профессор (2002), СССР композиторлор союзунун (1973), Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү (1992).

Малдыбаева Жылдыз Абдыласовна 1946-жылы 6-июнда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Композитор А.Малдыбаевдин кызы. Фрунзедеги П.Шубин атындагы музыкалык мектептин фортепьяно классын бүтөрү менен Кыргыз мамлекеттик М.Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын фортепьяно бөлүмүнө кирген.

Экинчи курстан теория-композитордук бөлүмгө которулуп, ком­позиция классынан педагог Б.Макеевден окуган. 1-курстан фортепья­но үчүн прелюдиялар түрмөктөрүн, ырларды, дипломдук иши үчүн кылдуу аспаптар квартетин жазган. 1966-жылы У.Гаджибеков атындагы Баку мамлекеттик консерваториясында белгилүү композитор, профессор Кара Караевдин классынан сабак алат. Эки жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулат. 1972-жылы компози­тор Б.Глуховдун классын бүтүргөн. 1969-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик В.Мая­ковский атындагы педагогикалык кыз-келиндер институтунун (азыркы И. Арабаев атындагы педагогикалык университети) музыкалык факультетинде иштейт. Институтуттун алдында «Мурас» аттуу вокалдык-аспаптык ансамблди уюштуруп, элдик жана обончулардын, композиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан. Топтун аткарган чыгармалары калк арасына кеңири тараган. Кыргыздын элдик музыкасынын өзөгүндө чыгармачылыгы калыптанган, лирикалык маанайдагы композитордун изденүүлөрү К.Караевге арналган үч бөлүмдөн турган №1, №2 симфонияларында, поэмасында, «Али баба жана кырк каракчы» балетинде жана балеттик сюитасында таасын көрүнүп турат. Ж.Малдыбаеванын «Комсомолго», «Биздин мезгил», «Арноо», «Манас келди», «Рахмат, турмуш», «Биш­кек», «Ысык-Көл» ж. б. лирикалык, патриоттук ырлары угуучулардын сүйүктүү чыгармаларына айланды. Ондогон камералык-аспаптык чыгармаларды, анын ичинен фортепьяно үчүн 24 прелюдиясы, үч бөлүмдүү сонатасы, токкатасы, он миниатюрасы ж. б. виолончель, гобой, фагот, флейта үчүн чыгармалары да угуучулардын алкоолоруна арзып келет.

«Күнөстүү арал» көркөм фильмине, «Июлда үч күн» жана «Менин шаарым жөнүндө повесть», «Төрт сүрөт», «Оюмдагы жомок» аттуу даректүү жана балдар фильмине жазган музыкасы белгилүү. Композиторлордун жолугушууларына, эл аралык фестивалдарына катышат. 1976-жылы Софияда, 1978-жылы Татарстандын Печ шаарында, 1985-жылы Москвада өткөн бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин XII фестивалына катышып, диплом менен сыйланган. 1986-жылы Прагада, 1987-жылы Бухарестте өткөн концертте фортепьяно үчүн сонатасы, камералык оркестр үчүн сюитасы, «Сулуулуктун ыры» аттуу ыр түрмөктөрү аткарылган.

1998-жылы Түркиянын Бур­са шаарында №2 симфониясы, 2000-жылы Стамбулда камералык оркестр үчүн сюитасы, Москвада, Ленинградда, Минскиде, Европада, Алматыда пьесалары, сонаталары ж. б. чыгармала­ры угуучуларга тартууланган. Үч «Ырлар», «Фортепьяно үчүн пьесалар» аттуу жыйнактары, камералык оркестр үчүн сюитасы Украинанын «Музычна», фортепьяно пьесалары Казакстандын «Өнөр», фортепьяно үчүн «Бешик ыры» Прагадан, форте­пьяно үчүн чыгармалары Ныо-Иорктун басмаларынан жарык көргөн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.


Жунусов Ибрагим


1961-жылы 13-майда Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Сарай (Киров) айылында туулган. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. 2000-жылы Эл агартуунун отличниги. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти. 2007-жылы профессор.

1968-78-жылдары Киров атындагы орто мектепте окуган. 1978-79-жылдары Кара-Суу пахта тазалоочу заводунда жумушчу болуп эмгектенген. 1979-1983-жылдары Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетинде ийгиликтүү окуп, 1983-84-ж. ушул эле факультетте концертмейстер болуп иштеген. 1984-1986-ж. Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында окутуучу болгон. 1987-2002-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин педагогикалык факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, ал эми 2002-2005-жылдары искусство факультетинин деканы болуп эмгектенген. 2005-жылдан 2007-жылдын декабрына чейин ОшМУнун биринчи проректору болуп иштеген. 1990-жылы Пекинде, 1998-99-жылдары Турцияда, 2000-жылы Германия жана Австрияда, 2001-2003-жылы кайрадан Германия менен Голландияда, 2002-жылы болсо Дели шаарларында чыгармачылык концерт менен болгон. «Апама кат», «Эламан», «Туулган айлым», «Чынара» (сөздөрү автордуку) ж.б. жүздөн ашык обондуу ырлардын автору. Б.Жакиевдин «Алтын аяк», С.Раевдин «Аял», А.Абдугафуровдун «Күйөөлөргө күлкү» пьесаларына жана о.э. С.Раевдин «Каалга» аттуу видеофильмине, М.Байжиевдин «Нокдаун» кинофильмине музыка жазган. 2007-жылдын декабрынан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине «Ак-Жол» партиясынан депутат болуп шайланган.



Oсмонов Сатылган


Ком­позитор. 1990-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган.

1938-жылы 25-майда Чүй районундагы Кегети айылында жарык дүйнөгө келген. 1962-жылы Фрунзедеги М. Күрөнкөев атындагы музыкалык окуу жайынын теория-композитордук бөлүмүн бүтүргөн. Композиторлор М.Абдраевдин жана В.Янковскийдин жардамы аркасында туңгуч фортепьяно, скрипка үчүн пьесаларды жазган.

1970-жылы Ташкент мамлекеттик консерваториясынын композиция классын профес­сор Г. Мушелден бүтүрөт. Бишкектеги №1 мектеп интернатта ырдоо сабагынан сабак берет. №1 музыкалык мектепте директор, Ош педагогикалык институтунда, музыкалык окуу жайында иштейт. 1968-жылы Республиканын маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык коллегиясында редактор, 1976-79-жылдары №1 музыкалык мектептин директору. 1979-87-жылдары композиторлор Союзунун катчысы. Б.Бейшеналиева атындагы искусст­во институтунда окутуучу болуп иштейт. 1987-жылы композиторлор Союзунун башкармачылыгына мүчө, кийин төрагалыгына шайланат.

С.Осмонов музыкалык искусствонун көптөгөн жанрларында эмгектенген. «Кычан», «Сепил», «Жусуп Баласагын» операларынын, «Куудул Шаршен» музыкалык комедиясынын, «Ак Мөөр» симфониясынын, симфониялык поэмалардын, скрипка жана ор­кестр үчүн №1 (1970), №2 (1984) концерттердин, виолончель жана оркестр үчүн концерт-рапсодиянын (1973), үн жана оркестр үчүн концерттердин ав­тору. Көптөгөн камералык-аспаптык чыгармаларды да жазган. Алар: фор­тепьяно үчүн сонатина (1966), балла­да (1980), вариация (1993), скрипка жанаа фортепьяно үчүн соната (1968), балдар үчүн пьесалар. 40тан ашык романстардын, көптөгөн ырлардын, хорлордун автору. А.Малдыбаев атындагы сыйлыктын тунгуч лауреаты (1989, «Сепил» операсы үчүн). «Романстар» (1977), «Ильич элеси» (1987) аттуу ырлар, романстар жыйнактары жарык көргөн. «Ардак белгиси» ордени, Республиканын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.






Осмонов Кубанычбек


Композитор. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер (2005).

1950-жылы 14-февралда Ош областынын Ноокат районунда төрөлгөн. Аккордеондо ойноону бала чагынан М.Оморовдон үйрөнгөн. Кийин обончу Р.Абдыкадыров менен таанышып, таалим алат. 1965-ж. Н.Крупская орто мектебинин 8-классында окуп жүргөн кезинде эле башталгыч класстарга ыр сабагынан мугалими болуп иштеп, эмгек жолун баштайт. 1967-ж. Кыргыз Улуттук Т.Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эстрадалык студиядан окуйт. Бир эле мезгилде Республикалык №1 мектепте ыр сабагынын мугалими болуп иштейт.

1969-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы. Искусство институтунун теориялык-композитордук бөлүмүндө композиторлор М.Абдраев менен Т.Эрматовдун классынан окуйт. Окуу менен бир эле учурда 1969-ж. Кыргыз Улуттук телерадиокорпорациясында үн режис­серу, 1971-77-ж. башкы режиссеру, 1977-ж. сентябрь айынан Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда улук окутуучу. 1978-ж. музыканын тарыхы жана теориясы кафедрасынын башчылыгына, 1988-ж. Ош облустук музыка ишмерлер Союзунун төрагалыгына шайланат.

1995-ж. Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясынын үн ре­жиссеру, 1998-ж. «Мурас» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесинин өз кабарчысы. 2000-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бей­шеналиева атындагы искусство институнун тарых жана теория кафедрасынын доценти, 2003-ж. Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясынын «Мурас» чыгармачыл өндүрүштүк бирикмесинин башкы редактору (продюссери), Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун радио жана телевидение кафедрасынын доценти, 2006-ж. Бишкектеги педаго­гикалык окуу жайынын директору.

Автор «Көчмөндөр», «Эмне болду?», «Тоолук кыз», «Энекебай», «Жаштык». «Кайдасынар?», «Турмуш жазы», «Күүлөр», «Эстей берем», «Мурункудай болбойсунбу кайрадан», «Саамаймын», «Аталар» аттуу ж. б. ондогон ырлары, үч бөлүмдүү балладасы, «Пионерлер маршы», «Шат көңүл», «Капалануу», «Коркунуч», «Жарыш» симфониялык сүрөттөмөлөрдүн автору. Режиссер Д. Садырбаевдин «Тосмо», «Чүй өрөөнү» аттуу телефильмдерине музыка жазган. Виолончель үчүн «Элегия» пьесасы угармандарга кеңири белгилүү. Ал Ардак грамоталар менен сыйланган.


Сагымбаева Канышайым


1956-жылы 25-мартта Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылында төрөлгөн. 1974-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (Азыркы ОшМУ) музыкалык-педагогикалык факультетинде окуйт.

1978-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп, ошол эле жылы өзү окуган факультетте стажер-окутуучу, окутуучу, ага окутуучу болуп азыркы күнгө чейин эмгектенип келе жатат. 1975-жылы ОшМПИнун музыкалык-педагогикалык факультетинин студенттик «Концерттик хор» коллективи менен биргеликте Таллин шаарында болуп өткөн хор искусствосунун Бүткүл Союздук «Таллин-75» конкурсуна катышат. 1977-жылы ушул эле коллектив менен Болгарияда өткөн «Варна-77» аттуу хор фестивалына, ушул эле жылы Москвадагы Бүткүл Союздук Останкино телекөрсөтүүсүнүн чакыруусу менен «Эл чыгармачылыгы» берүүсүнө кыргыз улуттук музыкасын жайылтуу максатына катышат. 1978-жылы Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын аймактык хор жамааттарынын конкурсунун жеңүүчүсү болгон. Студенттердин «Концерттик хор» жамааты көптөгөн фестивалдарда жеңүүчү болуп, бир канча сыйлыктар менен сыйланган.

Сагымбаева Канышайым балдар үчүн жазган 40тан ашык ырлардын жана вокалдык-хордук чыгармалардын автору. Автордун чыгармаларынын көпчүлүгү обондуулугу, лирикалуулугу менен айырмаланып, угуучулардын арасында аткарылып келе жатат. Атап айтсак, «Сездирем кантип сага мен» (Сөзү Т.Ражабалиевдики), «Атама» (Сөзү З.Пасанованыкы), «Жан дүйнөмдө жашап келесин» (Сөзү Г.Матиеваныкы), «Нооруз жаздын майрамы» (Сөзү К.Ташбаевдики), «Үйлөнүү салтанаты» (Сөзү С.Дүйшөналиевдики) жана башка көптөгөн чыгармалардын автору. Ал искусствонун дагы бир тармагы болгон кыргыз поэзиясына өз салымын кошуу менен, өзүнүн музыкаларынын тексттерин өзү жазып, акын катары ырларын угуучулардын сынына коюп келүүдө. Жүзгө жакын ырлардын (поэзия) автору.

Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин «Ардак грамотасы», Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган. ОшМУнун доценти.


Исраилов Советбек


Композитор. 1979-жылы СССР композиторлор Союзунун мүчөсү. 1938-жылы 20-майда Аламүдүн районуна караштуу Төлөк айылында жарык дүйнөгө келген.

1956-жылы М.Күренкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүндө окуйт. Экинчи курстан баштап Кыргыз мамлекеттик филармониясынын К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштейт.1969-75-жылдары Республикалык Эл чыгармачылык үйүнүн фольклордук кабинетинин улук методисти болуп иштейт. 1969-75-жылдары Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун композиция кафедрасында окуйт. 1973-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарындагы №2 балдар музыкалык мектебинде мугалим болуп эмгектенет.

«Жаштык», «Эне жөнүндө баллада» аттуу симфониялык поэманы, «Өнүккөн өлкөм Кыргызстан» кантатаны, виоленчел менен фортепьяно үчүн сонаталарды, прелюдия ж.б. жанрдагы чыгармаларды жазат. Автор кыргыз угармандарына «Менин өлкөм», «Шайыр жаштар», «Унутулбайт», «Жаштык кезим» ж.б. патриоттук, лирикалык ырлары менен да белгилүү.

Ардак грамота, медалдар менен сыйланган.


Букалаев Камчыбек


1957-жылы Ысык-Көл районуна караштуу Чырпыкты айылында туулган. Обончу – аткаруучу.

М.Абдраев атындагы республикалык адистештирилген музыкалык жатак-мектепте аккардеон классынан педагог Д.Жумакеевден сабак алган. 1972-жылы Фрунзедеги музыкалык-педагогикалык окуу жайында окуйт. 1980-жылы Кыргыз Мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтунун маданий агартуу факультетин ийгиликтүү аяктайт. Андан кийин Чолпон-Ата шаарындагы «Ак-Куу» элдик ыр-бий ансамблинин көркөм жетекчиси болуп иштейт.

1981-1985-жылдары «Ак-Куу» ыр-бий ансамбли Москва, Тбилиси шаарларында болуп өткөн Бүткүл Союздук Эл чыгармачылыгынын фестивалдарынын жеңүүчүсү болот.

К.Букалаевдин балдар үчүн жазган «Ачык көңүл балдарбыз», «Биздин класс», «Баканын ыры» сыяктуу ырлары мектеп программасынан орун алган. Ошондой эле автордун «Кереметтүү көл кечи», «Атың жакшы, Ысык-Көл», «Ысык-Көлгө суктануу», «Издейм Ысык-Көлдун аккуусун» аттуу ырлары Б.Миңжылкыев, С.Садыкова, А.Ибраев, У.Полотов, Б.Шатенов ж.б. ырчылардын репертуарларынан орун алган. Ардак грамоталар, дипломдор менен сыйланган.

Ысык-Көл Эл аралык фестивалынын эки жолку лауреаты.





Кадырбаев Эрик


1970-жылы Токтогул районундагы Токтогул шаарчасында туулган. Республикалык, Эл аралык фестивалдардын лауреаты. 1992-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданий-агартуу факультетинин оркестрдидирижёрлоо кафедрасын бүтүргөн. 1992-96-жылдары А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын музыкалык бөлүм башчысы, 1996-2001-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы КМИИнун эстрада кафедрасынын окутуучусу болуп иштеген.

«Даңктаймын эл-жерди», «Өмүр кемеси», «Жан биргем», «Жаралуу куш», «Ардагым» аттуу патриоттук, лирикалык ырлардын автору. 2004-жылы «Махабат жылдызы» (либреттосун К.Урманбетов жазган) аттуу мюзикли коюлган. Э.Кадырбаев таланттуу аранжировщик катары бир канча обондуу ырларды сахнага алып чыккан. Белгилүү эстрада ырчылары Г.Сатылганова, А.Иманалиева, А.Турдалиева, Э.Кайып кызы ж.б. үчүн атайын обондорду иштеп чыгып, кыргыз улуттук эстрада жанрына өз салымын кошуп келүүдө.


Мамбеталиев Болот


Педагог-хормейстр, композитор. 1937-жылы 12-майда туулган. 1963-жылы М.Күрөңкөев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайын, 1968-жылы Гнесиндер атындагы Москва музыкалык-педагогикалык институтун хорго дирижёрдук кылуу адистиги боюнча бүтүргөн. 1968-2000-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун хорго дирижерлоо кафедрасында иштеп келген. Ушул кафедранын негиздөөчүлөрүнүн бири.

1991-жылы доценттик наам алган. Б.Мамбеталиев6 балдар хорлору жана аралаш хорлор үчүн жазган жүз элүүдөн ашык чыгармалардын автору. Педагог-хормейстер улуттук тилибизде алгачкылардан болуп хор түрмөгүндөгү «Хор партитурасын окуу сыныбы», «Кыргыз хор адабияты» (М.Жутанова менен биргеликте) аттуу окуу китептерин жана программаларын жазган. Ошондой эле «Хордук чыгармалар» (-Б., «Кыргызстан» 1991.), «Балдар хорлору» (-Б., 1993.) аттуу жыйнактары авторду хор тармагында иштеген таланттуу композитор катары тааныта алды.


Муратова Жамыйла


1966-жылы 1-августта Бишкек шаарында туулган. Эстрада ырчысы. 1973-жылы П.И.Шубин атындагы Бишкек балдар музыкалык мектебинде окуган. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик М.Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайынын фортепьяно бөлүмүндө билим алат. 1987-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун хор дирижёрлоо кафедрасын бүтүрөт. 1993-жылы Кыргыз Улуттук телеберүүлөр корпорациясынын музыкалык редакциясынын редактору болуп иштейт. «Жылдыздар студиясы» аттуу музыкалык телеберүүнү, оюн-зоок программаларын алып барат.

1990-жылдан баштап өзүнүн обондорун калк алдында ырдап чыга баштайт. Автор махабат, өткөн өмүр, ата-эне, бала жөнүндө 40тан ашык обондуу ырларды эл алдына тартуулады. «Каркыралар», «Кызгалдак», «Ак кайың», «Күтө бер», «Унутпа», «Сен кечиктиң», «Өчкөн махабат», «Апаке», «Уулума», «Өкүнүч ыр» ж.б. ушул сыяктуу ырларын атап айтсак болот. «Тян-Шань-91» конкурсунун, «Ысык-Көл - 97, 2001» Эл аралык фестивалдарынын, жана «Бишкек - ыр десте-1996» конкурсунун лауреаты.

Эсенгулова Гүлмира


Хормейстер. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамын алган.

1962-жылы 28-февралда Жумгал районундагы Чаек айылында төрөлгөн. Эл агартуунун отличниги (1989). Фрунзедеги республикалык адистештирилген музыкалык орто мектепти, андан кийин 1985-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүткөн.

1985-жылы өзү уюштурган «Ак шоола» балдар хорун жетектейт. 1988-жылы өткөн балдар музыкалык жумалыгынын, 1993-94-жылдары Түркияда өткөрүлгөн Бүткүлдүйнөлүк балдар фестивалынын лауреаты.

«Ак шоола» балдар хору 1994-жылы «Үлгүлүү балдар коллективи». 1995-жылы «Элдик балдар хору» наамдарына ээ болгон. «Ак шоола» балдар хорунун негизги репертуары кыргыз композиторунун балдарга жазылган ырларынан турат. о. э. дүйнөлүк жана орус композиторлорунун эл, жер, тынчтык, достук, эмгек, балдардын турмушу жөнүндөгү ырларын да аткарышат. Балдардын ар кандай курактарына, турмушуна арналган ондогон ырлардын автору.


Лядов Анатолий Константинович

(1855-1914)


Орус композитору, дирижёру, педагогу жана музыкалык-коомдук ишмери.

1878-жылы Петербург консерваториясынын композиция адистиги боюнча Н.А.Римский-Корсоковдун классынан билим алган. 1880-жылдардагы «Жаңы орус музыкалык мектеби», «Беляев ийрими» сыяктуу музыкалык жаңы агымдарды жектектеп келген.

Композитордун чыгармачылык жанрындагы негизги багыты симфониялык-миниатюралар болгон. Анын чыгармаларындагы стилистик өзгөчөлүктөр композиторлор М.С.Глинканын, Н.А.Римский-Корсоковдун, А.П.Бородиндин чыгармаларына жакын келет.

А.Лядов орус элдик музыкалык фольклорго аябай кызыккан. Ал көптөгөн элдик музыкаларды ар түрдүү жанрлар үчүн иштеп чыккан.

1878-жылдан баштап Петербург консерваториясында педагогтук кызматта иштей баштайт. 1886-жылдан баштап профессор болот.

Б.В.Асафьев, М.Ф.Гнесин, Н.Я.Мясковский, С.С.Прокофьев, М.В.Беляев, А.В.Оссовскийлер Анатолий Лядовдун окуучулары болгон.

200дөн ашык орус эл ырларын оркестр жана хор үчүн иштеп чыккан.


Леонтович Николай Дмитриевич

(1877-1921)


Советтик композитор, хор дирижёру, фольклорист, музыкалык-коомдук ишмер. Композиция боюнча композитор Б.Л.Яварскийден билим алган.

Бир канча элдик хорлордун уюштуруучусу жана жетекчиси болгон. 1919-жылы биринчи украин симфониялык оркестринин жана хордук капелланын негиздөөчүсү.

1918-20-жылдары консерваторияда жана Киев шаарындагы Н.ВЛысенко атындагы Музыкалык драмалык институтунда сабак берген. «Дударик», «Пряля», «Щедрик» сыяктуу элдик ырларды, жогорку чеберчиликте хорго иштеп чыгуу менен классикалык үлгүдөгү «хорго иштөөнүн» мектебин көрсөтүү аркылуу Украин композиторлоруна үлгү боло алган.

«Ледаход», «Легенда», «Мая песня», «Летние тона» аттуу хордук поэмалары жана бир канча элдик ырларды иштеп чыккан хордук чыгармалары бар.

Гладков Геннадий Игорьевич


Советтик композитор. 1935-жылы Москва шаарында төрөлгөн. В.Г.Ференин окуучусу. 1988-жыл РСФСРдин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер деген наам алган. Композитордун тетар менен телеспектаклдерге жазган музыкалык чыгармалары көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган.

1984-жылы «Старший сын» операсы Москвада, 1986-жылы «12 стульев» балети Челябинск шаарында, 1968-жылы «Беременсике музыканты» менен 1971-жылы жазылган «Темп-1929» аттуу мюзикли Москва шаарында коюлат.

Гладков Геннадий Игорьевич көптөгөн хорлорду, музыкалык аспаптык чыгармаларды көрүүчүлөргө тартуулап келе жатат.



Анцев Михаил Григорьевич

(1865-1945)


Советтик композитор. Н.А.Римский-Корсоковдун окуучусу. 1919-жылдан баштап Витебск шаарындагы Элдик консерваторияда музыканын теориясынан лекция окуп келген. Музыкалык рецензент катары да белгилүү болгон.

Революциялык темага кайрылган алгачкы композиторлордон болгон. 1922-жылы «Памяти героев», «Песня борьбы» сыяктуу хорлорду жазган.

Анцев Михаил Григорьевич көптөгөн хорлорду, романстарды, элдик ырлардын иштелмелерин жана бир канча аспаптык чыгармаларды жараткан.


Элдик музыка7

Элдик музыка-эмгекчил калктын ырлары, музыкалык-аспаптык чыгармалары. Элдик музыка жеке, ансамблдик, хордук-аваздык, оркестрдик-аспаптык чыгармалардан турат. Алар ооздон-оозго көчө, муундан-муунга өтө ырдалып, аткарылып карапайым калктын жан шеригине айланган. Алардын авторлору ырга ынак, музыка жандуу адамдар болушкан. Андай шайырлар өздөрү жашашкан доордун ар кандай көрүнүштөрүн, турмуштарын даңкташкан.

Элдик музыка-ар бир калктын мүнөзү ойлогон ою, тилеген тилеги, көздөгөн максаты, турмушу, махабаты, эмгеги, эркиндиги, күрөшү ж. б. жактары сыпатталган. Алар жанрларынын түрлөрүнүн көп түстүүлүгү, көркөм образдарынын ар кылдуулугу, көркөм каражаттарынын молдугу менен айрымаланган.

Элдик музыка-добуштук системаны, ладтык түзүлүштөрдү, полифония, гармония, ритмди, музыкалык форманы түзгөн.

Элдик музыка-композиторлордун, обончунун чыгармачылыгынын башкы булагы болгон улуттук музыкалык стилди жараткан.


Сопрано - аялдардын бийик үнү. Сопрано тембри боюнча негизинен колоратуралык, лирикалык, драмалык болуп үчкө бөлүнөт. Анын ичинен сопрано лирикалык-драмалык, лирикалык-колоратуралык түрү да кездешет. Драмалык сопранонун диапозонунда үн күчтүү, ачык, шаңдуу чыккандыгы менен өзгөчөлөнөт. Лирикалык сопрано-тембринин жумшактыгы, койгулт муңайымдыгы, көркөмдүүлүгү менен бөтөнчөлөнүп, диапозону боюнча драмалык сопрано менен бирдей болуп саналат. Колоратуралык сопрано башкалардан аткаруудагы кыймылдуулугу, тембринин тунуктугу, ийкемдүүлүгү жана жогорку регистрде эркин, жеңил ырдалышы менен айрымаланат. Колоратуралык сопрано негизинен жекече ырдоодо, арияларда колдонулат.

Альт - аялдардын коңур үнү. Хорлордо же вокалдык ансамблде партияларын төмөнкү үндө ырдаган балдардын же төмөнкү үндө аткарган аялдардын үндөрү. Меццо-сопрано аялдардын сопрано менен контроальтонун ортосундагы үнү. Мүнөзү боюнча драмалык сопранного, төмөнкүсү контральтого жакын келет. Меццо-сопрано үчүн ортоңку регистрде толук жаңыруу мүнөздүү, ошондой эле төмөнкү көкүрөк регистрде ырдоо да таандык.

Тенор - эркектердин бийик үнү. Тенор негизинен лирикалык жана драмалык болуп экиге бөлүнөт. Лирикалык тенорго ачыктык, жумшак тембр мүнөздүү Лирикалык тенордогу артыкчылык - ал обонду жеңил ыргак менен жандуу аткарттырат. Ал эми драмалык тенор – бардык диапозондо кубаттуу, кеңири чыгуусу менен өзгөчөлөнөт. Ырдоо учурунда көкүрөк жана фольцет менен аткарылгандыктан, бул үндөр эки регистрге бөлүнөт. Мисалы, бийик тессутурадагы акырын динамиканы фальцет менен гана алууга болот.

Бас - эркектердин төмөн, жоон үнү. Италиянын basso деген сөзүнөн алынган, төмөнкү деген маанини берет. Бас башка үндөрдөн тереңдиги, төмөн регистрда чыккандыгы менен айрымаланат. Хор искусствосунда бас өзгөчө топту түзүп хорду уккулуктуу, күчтүү, кооз угулуп, аккорддордун пайдубалын түзөт. Бас адамдардын үнүн гана эмес, көп үндүү музыкалык чыгарманын эң төмөнкү партиясын, айрым музыкалык аспаптардын үндөрүн да түшүндүрөт.



Акындардын кыскача өмүрү чыгармачылык жолу

Асаналиев Байтемир

Кыргыз балдарынын сүйүктүү акыны Байтемир Асаналиев 1940-жылы Нарын областынын Тянь-Шань районунун Чет-Нура айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1967-жылы Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепти бүтүрүп, Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин аяктайт.

Акын Токтогул Сатылганов атындагы өзү окуган мектепте мугалим болуп эмгек жолун баштаган. 1966-жылы Кыргыз Мамлекеттик басмасынын редактору, 1979-жылдан тартып «Мектеп» басмасынын башкы редактору, 1986-жылдан баштап, «Кыргызкитептин» кызматкери болгон.

1967-жылы акындын «Жаз боёгу» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарыкка чыккан.

Байтемир Асаналиевдин кээ бир ырлары орус, казак тилдерине которулган. Өзү да ыр жазуу менен эле чектелип калбастан, И.С.Тургеневдин, К.Чуковскийдин, А.Бартонун жана башкалардын эмгектерин кыргыз тилине которгон.

Эмгеги бааланып, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган.

Балдар үчүн «Жаз боёгу», «Айбанаттар паркында», «Балдар неге күлүштү» ж. б. көптөгөн китептери чыккан.


Дүйшеев Шайлообек

Акын Шайлообек Дүйшеев 1950-жылы Нарын областынын Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн. 1968-жылы айылындагы орто мектебин бүтүрүп, 1980-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин аяктайт. 1937-1939-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин, 1970-жылы курулуш жумуштарында иштеп, кийин Ат-Башыдагы райондук гезиттин кабарчысы болот. 1980-жылдары «Нарын правдасы» аттуу областтык гезиттин кабарчысы, областтык комитеттин теле-радио берүүлөрүнүн редактору болуп турат. 1983-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз филармониясынын адабий бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.

Чыгармалары басма бетине 1968-жылдан баштап чыга баштаган. «Жалын», «Учкун» альманахтарынын, коллективдүү жыйнактардын активдүү катышуучусу болуп эсептелинет. «Аптап» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1985-жылы жарык көргөн. «Арабадагы ыр» жана «Арабадагы ыр-2» жыйнактары аны акын катары журтчулугубузга аттын кашкасындай таанымал кылды. Ал эми, «Кайдигердик» аттуу публицистикалык поэмасы Ш.Дүйшеевдин жаңы замандагы акындык да, патриоттук да дүйнөсүн кеңири ачты, жаңы замандын духундагы демократиялык көз караштагы жаңычыл акын экендигин көргөздү. Ушундай чыгармачылыгын өлкө баалап, 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Эл акыны деген ардактуу наам берилди.


Жусуев Сооронбай


Акын Сооронбай Жусуев азыркы Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар деген айылда 1925-жылы туулган. Айыл мектебин аяктаган соң, Оштогу мугалимдер институтун бүтүргөн. 1956-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунан билим алган.

С.Жусуев жигит курагында Улуу Ата-Мекендик согушка катышып, жарадар болуп туулуп-өскөн айылына келген да, райондук газетада жооптуу катчы болуп иштеген. Кийин Ош областтык гезитте бөлүм башчы болуп иштеп туруп, «Ала-Тоо» журналына баш редактор болуп которулган.

Адабий чыгармачылыгын согушта жүрүп баштаган. 1950-жылы биринчи ырлар жыйнагы «Эмгек күүсү» деген ат менен чыккан. Ошол барабар С.Жусуев адабиятка баш-оту менен кирип, калкыбыздын аттын кашкасындай белгилүү акыны болуп калыптанды. Ондогон ырлар жана поэмалар жыйнагы баш болгон «Курманжан датка» деген ыр менен жазылган романы жарык көрдү. Акындын китептери казак, өзбек, орус, украин, белорус ж.б. ондогон тилдерге которулуп чыкты. Өзү да орус жана дүйнөлүк бир нече акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которуп чыгарды.

С.Жусуевге акын жана калкыбыздын кадырман инсаны катары эмгегин эл баалап, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы жана КРнын Эл Баатыры деген эң жогорку сыйлыктар ыйгарылган.



Ибраев Эсенгул

Акын Эсенгул Ибраев Нарын областынын Тянь-Шань районунун Четнура айылында 1934-жылы төрөлгөн. 1952-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык училищаны бүтүп, 1961-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин журналисттика факультетин аяктайт.

Эсенгул Ибраев эмгек жолун 1952-жылы Кочкор районунун Калинин атындагы орто мектебинин ага пионер жетекчиси болуу менен баштаган. 1961-1966-жылдары «Чалкан» журналынын адабий кызматкери, 1966-73-жылдары ага адабий кызматкер, 1973-1975-жылдары бөлүм башчы, 1975-1977-жылдары жооптуу секретарь , 1977-1984-жылдары башкы редактордун орун басары, 1984-1986-жылдары башкы редактор, 1986-жылдан тартып, «Байчечекей» журналынын адабий кызматкери болуп иштеген.

Чыгармалары басма бетине 1954-жылдан баштап чыга баштаган. Кээ бир ырлары орус тилине жана башка чет тилдерге которулган.

2000-жылы Кыргыз Республикасынын Эл акыны ардактуу наамын алган. 2004-жылы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайтат.

Балдар үчүн «Бөбөгүм», «Кичинекей манасчы»,«Тай күлүк»,«Сур улак», «Мөмөлүү дарак», «Бийчи көпөлөктөр» аттуу китептери чыккан.


Мамытов Жолон

Акын Жолон Мамытов Ош областынын Карасуу районунун Төлөйкөн кыштагында 1940-жылы төрөлгөн. 1957-жылы айылындагы орто мектебин бүтүрүп, 1962-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Мамлекеттик айылчарба институтун бүтүргөн.

Ж.Мамытов эмгек жолунда Ош областтык телерадио уктурууларынын редакторунун орун басары, 1974-жылы Кыргызстан жазуучулар башкармалыгынын секретары, 1980-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинин бөлүм башчысы, 1984-жылы Кыргызстандын жазуучулар башкармалыгынын секретары, 1986-жылы Кыргызстан жазуучулар башкармалыгынын башкармасынын орун басары болуп иштеген.

Чыгармалары басма бетине 1954-жылдан баштап чыга баштаган. «Отту сүйөм» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1969-жылы жарык көргөн. Ж. Мамытов кыргыз тилинде жазылган он чакты ырлар жыйнагынын, орус тилинде жазылган үч ырлар жыйнагынын автору болуп эсептелинет. «Олокон» аттуу мультфильмдин сценарийи, «Суунун өмүрү» аттуу ырлар жыйнагы үчүн Ленин комсомолунун сыйлыгына татыган. Акындын ырлары орус, украин, казак, тилдерине которулуп, басылып чыккан.

Балдар үчүн жазган чыгармалары «Олокон», «Буурул таңдын жомогу».

1988-жылы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.


Осмонов Алыкул


Акын Алыкул Осмонов Панфилов районунун Капталарык кыштагында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө 1915-жылы төрөлгөн. Ата-энесинен эрте калып, Пишпектеги жана Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланат. 1929-1933-жылдары Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумда окуган. 1932-1936-жылдары «Чабуул» жана «Ленинчил жаш» гезитинде эмгектенген. 1937-1940-жылдары Кыргызстан башкармалыгынын секретары болуп иштеп, калган өмүрүн чыгармачылыкка арнаган.

Алыкул ырларын абдан эле эрте жаза баштаган. «Сабаттуу бол» газетасына 1930-жылы акындын алгачкы ыры жарыяланат. Ал эми 1935-жылы «Таңдагы ырлар» аттуу биринчи ырлар жыйнагы басылып чыккан. 1937, 1945-жылдары жарыкка чыккан «Махабат» аттуу ырлар жыйнагы авторго болуп көрбөгөндөй атак алып келет.

Алыкулдун эң мыкты делген «Ким болду экен», «Мырза уул», «Толубай сынчы», «Жеңишбек», «Майдын түнү» жана башка көптөгөн поэмалары жана өмүр, эмгек, махабат, адамдык улуу ариет туурасындагы ырлары кыргыз улуттук поэзиясынын шедеври болуп калды десек болот. Ал балдар темасынын да эң мыкты устаты болгон. Анын поэзиясы «канаттуу поэзия» катары бааланып, улуттук адабиятыбыздын өчпөс жылдызы катары ысмы өзгөчө баага арзыды. Эң мыкты ырлары менен поэмалары топтолгон «Көл толкуну» аттуу жыйнагы улуттук адабиятыбыздын туу чокусун багынткан бирден-бир китеп болуп калды.

Алыкул жөн гана ыр жазуу менен чектелбестен котормочулукта да өз өнөрүн көрсөтө алды. Ал А.С.Пушкиндин «Евгений Онегинин», У.Шекспирдин «Отеллосун», И.Крыловдун тамсилдерин кыргыз тилине которгон. Ошондой эле, Ш.Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» аттуу чыгармасынын которулушу ошол күндөгү эң мыкты, баа жеткис котормолордон эле. Алыкул Осмоновдун бир катар ырлары орус, эстон тилдерине которулуп, басылып чыккан. Шум ажал менен күрөшүп, оорусунун азабын тартканына карабай, өмүрүнүн аягына чейин калемин таштаган эмес.

Алыкулдун аты Фрунзе шаарындагы №68 мектепке, бир катар китепканаларга, көчөлөргө, айылдарга ыйгарылган. Балдар үчүн чыккан китептери «Балдар менен турналар», «Балдар үчүн», «Түлкү менен каздар», «Пионер ыры». 1950-жылы дүйнөдөн кайткан.



Самудинов Токтосун

Кыргыз бөбөктөрүнүн сүйүктүү акыны Токтосун Самудинов Сокулук районун Сокулук айылында 1941-жылы төрөлгөн. 1958-жылы Октябрь орто мектебин бүтүрүп, 1968-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктайт. Акындын эмгек жолу Н.Г.Чернышевский атындагы китепканада иштөө менен 1963-жылы башталат. Андан соң, Мамлекеттик телерадио комитетинде редактор, 1968-жылы «Ленинчил жаш» гезитинин ага адабий кызматкери, бөлүм башчысы болуп иштейт. Редактордун орун басары, 1976-жылы «Байчечекей» журналынын башкы редактору болгон. Басма сөз бетине чыгармалары 1963-жылдан баштап чыга баштаган. Алгачкы ырлар жыйнагы 1971-жылы «Тоолор гана көрүшпөйт» деген ат менен чыккан. Кыргыз жана орус тилиндеги бир нече ырлар жыйнактарынын автору. Кээ бир чыгармалары украин, казак, англис, испан, болгар тилдерине которулган.

Ушундай үзүрлүү чыгармачыл эмгеги үчүн 2007-жылы КРнын Эл акыны деген ардактуу наам менен сыйланган.

Балдар үчүн «Жашынмак», «Бешик ыры», «Кол чатыр», «Чаң баспасын сөздөрдү» ж.б. ондогон китептерин чыгарып тартуулаган.



Үмөталиев Темиркул


Акын Темиркул Үмөталиев Ош областынын Жаңы-Жол районунун Тоо-Жар айылында 1908-жылы төрөлгөн. 1924-жылы Аксыдагы балдар интернатында тарбияланган. 1929-жылы Жалалабаддагы педагогикалык техникумду аяктаган.

Темиркул Үмөталиев эмгек жолунда башталгыч класстын мугалими, «Кыргызстан пионери» гезитинин, «Алатоо» журналынын башкы редактору, жазуучулар союзунда башкарма, китеп сүйүүчүлөрдүн коомун жетекчиси болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.

Чыгармалары басма бетине 1931-жылдан баштап чыга баштаган. «Ырлар жыйнагы» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1935-жылы жарык көргөн. Акындын ырларында сүйүү лирикасы, кыргыз жергесиндеги жаңы турмуштун курулушу негизги тематика болуп эсептелинет. 1939-жылдары жазылган «Туратбай», «Айсулуу», «Сүйүү» аттуу поэмалары окурмандардын кызыгуусуна татыктуу боло алган.

Улуттук адабиятыбызды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, 1967-жылы «Тоо гүлдөрү» деген романы үчүн Т. Сатылганов атындагы адабий сыйлыктын ээси болгон. 1968-жылы Кыргыз Республикасынын Эл акыны деген наам ыйгарылган.

Балдар үчүн «Күч бирдикте», «Алпкаракуш», «Эчки, кой, жылкы, төө, уй-бешөөнүн талашы», «Мергенчи Токтомуш», «Кичинекейлерге ыр», «Жолборс жүрөк жигит» аттуу китептерин чыгарган.

1991-жылы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.



Кыялбек Урманбетов

(1959-жылы туулган)

К.Урманбетов учурдагы кыргыздын сүйүктүү акындарынын бири. Анткени анын көптөгөн ырларына обончулар обон жазып, ысмы элге кеңири таанылды. Анын ырлары балдарды патриоттук сезим-туюмга үндөө менен, мазмундуу да, тарбиялык таасири да күчтүү. Ошондуктан, анын ырларын балдар сүйүп ырдашат. Азыр анын элге кеңири таанылып калган бир катар обондуу ырлары бар.



Рысбаев Сулайман


Бөбөктөрүбүздүн сүйүктүү жазуучусу Сулайман Рысбаев 1956-жылы 17-февралда Ош шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Айылдык орто мектепти аяктаган соң, 1973-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине келип кирген. Окуусун бүтүрүп, айыл мектептеринде мугалим болуу менен эмгек жолун баштаган. Кийин илимий ишке өтүп, башталгыч мектептин балдары үчүн окуу китептерин жазган. Айрыкча, 1-класстын «Алиппе», «Адеп алиппеси», 2-4-класстары үчүн «Кыргыз тили» китептерин жазып тартуулады. Кенже балдарга элдик педагогиканын негизинде билим-тарбия берүү боюнча илимдин докторлук даражасын 2006-жылы коргогон.

Анын алгачкы аңгеме жана жомоктордон турган жыйнагы 1997-жылы «Жылмайып турган таш» деген ат менен чыккан. Андан кийин «Сыйкырдуу жазуу», «Баланын канаты», «Мендей менен Сендейдин жоруктары», «Айжаз менен Бегулан», «Бакыт издеген бала», «Адам-пери» ж.б. аңгемеларден жана жомоктордон турган китептери жарык көргөн. С.Рысбаевдин аңгемелери өзбек, орус, поляк, немец, армян тилдерине которулуп жарыяланган.

Сулайман Рысбаев кыргыз эл музыкалык аспаптарында, айрыкча комузда ойноо менен, өз алдынча чыгарган обондору да бар. Мисалы: «Мекен болбос Ата-Журттун өзүндөй», «Апакем», «Атам, апам жана мен» ж.б. чыгармалары (сөзү өзүнүкү) республикалык музыкалык фестивалдарда аткарылып келе жатат.

Анын бир нече ырларына белгилүү композиторлор, А.Бөдөшев («Бакыт гүлү»), К.Эралиева «Биринчи конгуроо», К.Артыков («Айгеримим Ай кызым»), («Досторго»), «Мырзайым», Т.Чокиев «Доктур эже», Г.Эсенгулова («Мекеним»), К.Ашыралиев («Уча бер үмүтүмдүн каркырасы»), А.Карымов («Тилек»), Ж.Дуйшеналиев («Мугалим») ж.б. тарабынан музыкалар жазылган. Учурда телерадио берүүлөрдө аткарылып келе жатат.

Сулайман Рысбаев педагогикалык жана адабий ишкердүүлүктөрү үчүн, И.Арабаев, Тоголок Молдо жана Түгөлбай Ата сыйлыктарынын лауреаты болгон.


Момунова Гүлсайра

Акын Гүлсайра Момунова Талас областынын Ленинполь районунун Кең-Арал кыштагында колхозчунун үй-бүлөсүндө 1937-жылы төрөлгөн. 1955-жылы Талас шаарындагы №1 орто мектепти бүтүрүп, 1960-жылы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун аяктаган. (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети).

Гүлсайра Момунова эмгек жолун «Советтик Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкерликтен баштайт. 1971-жылы «Кыргызстан» басмасынын редактору болуп дайындалып, 1973-жылдан тарта жооптуу секретарь, «Кыргызстан аялдары» журналынын башкы редакторунун орун басары болуп иштейт.

Чыгармалары басма бетине 1955-жылдан баштап чыга баштаган. «Тилек» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1964-жылы жарык көргөн. Гүлсайра Момунованын кыргыз тилинде бир нече ырлар жыйнагы бар, анын ичинен экөө орус тилинде чыккан. Бул жыйнактардын автору ушуну менен гана чектелип калбастан И.Жакановдун «Возвращенная песня» аттуу повестин кыргыз тилине которгон.




Маликов Кубанычбек

(1911-1978)


Кыргыз ССРнин Эл акыны, драматург. К.Маликом 1911-жылы Кант районундагы Үч-Эмчек айылында төрөлгөн. 1925-жылы айылдык мектепти бүтөөрү менен Фрунзедеги педагогикалык техникумга өтүп, аны 1931-жылы бүтүрөт. 1932-1933-жылдары Республикалык «Ленинчил жаш» газетасынын редакторунун орун басары, 1934-жылы «Кызыл Кыргызстан» газетасынын жооптуу секратары болуп иштейт.

1937-1942-жылдары Кыргызстан Жазуучулар Союзунун башкармасынын секратары, 1952-жылга чейин Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин алдындагы искусттво башкармасынын начальниги, Кыргызстан жазуучулар Союзунун башкармасынын председателинин орун басары, «Советтик Кыргызстан» журналынын редактору, Кыргызстан мамлекеттик драма театрынын директору, Кыргызстан жазуучулар союзунун консультанты болуп иштеп келди.

К.Маликов техникумда окуп жүргөн кезинде эле ыр жаза баштайт. 1928-жылдан баштап ырлары басмага жарыяланат. Акындын алгачкы ырлары актуалдуулугу, оперативдүүлүгү менен айырманалат.

1933-жылы К.Маликовдун «Кубанычбектин ырлары» деген биринчи ырлар жыйнагы чыгат.

К.Маликов 1978-жылы Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайткан.



Абакиров Барктабас


Акын жана журналист Б.Абакиров 1933-жылы Нарын областынын Кочкор районунда туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзедеги К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтунун зоотехникалык факультетине кирип, аны 1955-жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыккан.

1954-жылдан баштап республикалык «Кыргызстан пионери» жана «Ленинчил жаш» газеталарынан жарык көрө баштайт. Б.Абакиров 1960-жылдан баштап газета кызматына өтөт. 1960-1963-жылдарда «Советтик Кыргызстан» газетасында адабий кызматкер болуп иштеген. 1961-жылы жаш жеткинчектерге арналган «Чаарчык» деген алгачкы ырлар жыйнагы жарык көрөт.

1973-жылы СССРдин жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон. 1971-жылдан баштап Нарын областык «Нарын правдасы» газетасынын редактору жана журналисттер союзунун областык бөлүмүнүн председатели болуп ишеген.

Б.Абакиров «Ардак белгиси» ордени, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президимунун грамотасы менен сыйланган.

2006-жылы Нарын шаарында дүйнөдөн кайтат.


Белеков Абдылда


1928-жылы 1-февралда Ысык-Көл районуна караштуу Корумду айылында туулган. Ал1943-жылы Темировкадагы Токтогул атындагы орто мектепти аяктагандан кийин Нарындагы мугалимдерди даярдоочу курсун бүтүп, Ат-Башынын Талды-Суу орто мектебинде мугалим, Терек-Суу орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, директор болуп иштеген.

1946-48-жылдары «Ысык-Көл правдасы» газетасында кабарчы болуп эмгектенген. 1948-52-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология бөлүмүн аяктап, Ысык-Көлдөгү Күрмөктү орто мектебинде мугалимдик кесипте, Кыргызокуупедмамбаста редактор, жазуучулар Союзунда адабий консультант болуп кызмат аткарган.

1957-59-жылдары Москвада Жогорку адабият курсунан окуган. «Чалкан», «Ала-Тоо» журналында, «Кыргызстан маданияты» жумалыгында адабий кызматкер болуп иштеди. Акындын тунгуч ырлар жыйнагы 1954-жылы «Айкын жол» деген ат менен жарык көргөн. А.Белековдун «Тянь-Шандын жүрөгү», «Кожомкул», «Чолпонбай», «Эки жар», «Учкуч койчу», «Миллион жүрөк» аттуу чыгармалары окурмандардын жүрөгүнөн түнөк алган.

Акындын чыгармачылыгынын башкы багытын лирика түзөт. Ырларынын басымдуу көпчүлүгү-нукура турмуштук ырлар.


1 А.Малдыбаев жөнүндө кененирээк материалдарды Б.Алагушовдун «Кыргыз музыкасы энциклопедия» -Б.: «Бийиктик», 2007. , Т.Саламатовдун «Абдылас Малдыбаев. Очерки жизни и творчество» -Ф. «Кыргызстан», 1979. аттуу эмгектеринен алсаңыздар болот.

2 Жогоруда көрсөтүлгөн адабияттарды караңыз.

3 Композитордун өмүрү жана толук чыгармачылыгы жөнүндө төмөнкү жыйнактан таанышсаңыздар болот. «Союз композиторов Киргизский ССР» Ф; «Адабият» 1989. 8-16-стр.

4 Композитор М.Бегалиев жөнүндө төмөнкү адабияттардан толук маалымат алсаңыздар болот: «Союз композиторов Киргизский ССР» -Ф; «Адабият» 1989.40-43-стр. (Түз: К.Молдобасанов). Муратбек Бегалиев. (Исследования. Статьи. Материалы.) -Б:, 2004. Д.Калпаева «Доор добулбасы» -Б:, 2005.

5 Композитордун өмүрү, чыгармачылык жолу жөнүндө «Пантелирейз А.И. // Насыр Давлесов. Жизненный и творческий путь . – Ф.: «Кыргызстан»,1986» аттуу эмгектен толук тааныша аласыздар.

6 Композитордун чыгармачылыгы жөнүндө Мамбеталиев Б.М. Хор сөздүгү. -Б., 1995. аттуу эмгектен таанышсаңыздар болот.


7 Б.Алагушов. Кыргыз музыкасы. Энциклопедия. «Бийиктик» Бишкек. 2007. 515-б.