Просмотр содержимого документа
«Музыканы кабыл алуудагы музыкалык-дидактикалык оюндардын мааниси»
Музыканы кабыл алуудагы музыкалык-дидактикалык оюндардын мааниси .
Музыка жан дүйнөнү шаттантып, толкундатып, кайгыга батыра алган касиетке ээ. Адам баласы музыкага болгон мамиледе «дүлөй» болуп калбаш үчүн, музыкалык жөндөмдүүлүктү, добуштарды кабыл алууну наристе куракта өнүктүрүү зарыл.
- Музыка – мектепке чейинки билим берүү мекемесинде балдарга өзгөчө кубаныч тартуулаган булак.
- Балдардын музыка дүйнөсүнө сүӊгүп киришин камсыз кылуу үчүн; музыканы түшүнүүгө, андан ырахат алууга, музыкалык жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырууга, ага карата умтулууга тарбиячы жана мугалим түрткү бериш керек.
- Баланы музыкалык жактан өнүктүрүүдө музыкалык-дидактикалык оюндардын мааниси чоӊ.
- Бул оюндар үн бийиктигин ажыратууну, тембрди, үн узактыгын жана үндүн күчүн сезүүнү балада калыптандырат.
- Υндү кунт коюп угууга аргасыз кылып, угууну калыптандырат да музыканы уга билүүгө мажбурлайт.
Музыкалык-дидактикалык оюндар
«Булуттардын маанайы»
- Максаты: Музыкалык чыгарманын маанайын сезүүнү балада өстүрүү, аны мимика менен көрсөтүү.
- Каражаттар: Ар кандай маанайдагы булут карточкалар
1-этап
Балдар музыкалык чыгарманы угушат. Ага мүнөздөмө беришет. Ар бир чакырылган бала булут карточкадан маанайды табат.
2-этап
Ар бир балага булут карточкалар таратылат. Чыгарма аткарылат. Кайсы мүнөздөмө туура келсе ошол бала карточканы көтөрөт.
3-этап
Балдар мимика аркылуу музыкалык чыгарманын маанайын көрсөтүп беришет.
Репертуар музыка мугалиминин тандоосу аркылуу ишке ашат.
«Үч аюу»
- Максаты: Музыкалык чыгармадагы үндүн бийиктигин айбанаттардын образында элестетүү (бийик, орто, жапыз үн).
- Каражаттар: «Үч аюу» жомогунан иллюстрация.
1-этап
Ата Аюу абдан чоӊ жана каардуу. Эне Аюу аябай мээримдүү. Ал эми бала Аюу шайыр жана тентек. Алар бактылуу жашаптыр.
Балдар И.Арсеевдин «Үч аюу» деген пьесасын угушат жана ар бир аюуга мүнөздөмө беришет; ата Аюу-жоон, эне Аюу-орто, бала Аюу-ичке үн.
2-этап
Балдар кайсы бир чыгарманы уккан соӊ аюуларга окшотуп мүнөздөмө беришет да, карточкаларды көтөрүшөт.
3-этап
Балдар музыканы уккан соӊ аюулардын образын бергенге аракет кылышат.
Музыкалык репертуар «Үч аюу»
И. Арсеев
«ДЕӉИЗ»
Максаты: Балдарды классикалык музыканын өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу. Музыканын сүрөттөөдө зор касиетке ээ экенин балдарга туюндуруу.
Колдонулуучу каражаттар: деӊиздин сүрөтү тартылган үч карточка – тынч, толкуган, ташкындаган;
1-этап
Мугалим балдарга Римский-Корсаковдун «Деӊиз» пьесасын угузат да, композитор мында деӊиздин ар кандай абалда болоорун айтып бергиси келгенин түшүндүрөт.
2-этап
Мугалим пьесаны угууда музыканын жүрүшү кандай өзгөрүп жатканын туюууга, сезүүгө чакырат.
3-этап
Мугалим балдарга шарф, лента, жүз аарчы менен бий кыймылы аркылуу деӊиздин абалын көрсөтүүнү сунуштайт.
Музыкалык репертуар:
Римский-Корсаков «Деӊиз» пьесасы.
КӨ ӉΥЛ БУРГАНЫӉЫЗДАР ΥЧΥН ЧОӉ ЫРАХМАТ!!!