СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мыкты тарбиячы-2022-1

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мыкты тарбиячы-2022-1»

Кыргыз Республикасынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, балдар бакчаларында эмгектенип жаткан тарбиячылар үчүн

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандындын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында өткөрүлүүчү республикалык “МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫ-2022” онлайн кароо-сынагынын

ЖОБОСУ


«Мыкты тарбиячы-2022» кароо-сынагы “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 8 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Бектур Исаковдун 80 жылдыгына карата тарбиячылар арасында республикалык деңгээлде өткөрүлөт. Сынакка Кыргызстандын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, балдар бакчаларында эмгектенип жаткан тарбиячылар катыша алат.


I. Сынактын максаты:

-чыгармачыл тарбиячыларды коомго таанытуу менен үлгү катары көрсөтүү;

-республикадагы мыкты тарбиячыларды топтоо, алардын тажрыйбасын “Мугалим” илимий-педагогикалык журналына чагылдыруу;

-тарбиячылыктын ар тараптуулугун жана кызыктуулугун арттыруу, колдоо көрсөтүү.


II. Сынактын шарттары:

1.Катышуучулардын эмгек стажы 2 жылдан кем эмес болуусу шарт.

2.Улутуна, жашына чек коюлбайт.

3.Катышуучулар сынактын шарттарына, багыттарына тыкандык, жоопкерчилик менен мамиле кылуусу талапка ылайык.

4.«Мыкты тарбиячы-2022» кароо-сынагы апрель, май айларында ОНЛАЙН түрүндө 2 этап, 5 багыт менен өткөрүлөт. Сынактын тапшырмалары жалаң кыргыз тилинде жүргүзүлөт.

5.Сынактын жүрүшүндөгү ар бир тапшырма көз карандысыз калыстар тобу тарабынан бааланат. Калыстар тобунун чечими кайрадан каралбайт.

6.Кароо-сынак учурундагы тесттик тапшырмаларды аткарууда эч кандай техникалык ж.б. себептер каралбайт. Жалпы жыйынтыкта байгелүү орундарда теңелип калуу болсо, кайрадан тапшырма берилет жана жеңүүчү аныкталат.


Биринчи этаптын багыттары:

1.Кароо-сынакка катыша турган тарбиячылар 2022-жылдын 20-апрелине чейин №1 тиркемеде көрсөтүлгөн үлгү боюнча ТАБЫШТАМА (заявка) толтуруп, 15Х20 жана 3X4 өлчөмүндөгү сүрөт менен jurnal.mugalim@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүшү зарыл.


2.Тарбиячылар үчүн тесттик тапшырма (30 упай). Убактысы 35 мүнөт. Тесттен өтүү мөөнөтү 23-апрель, саат 16-30. Тест тарбиячылардын жалпы кругозорун, интеллектуалдык деңгээлин, билим сапатын жана дүйнө таанымын баалоо максатында алынат. 15 суроодон өйдө (50%) жооп берген класс жетекчи 2-этапка өтө алат.


3.Тесттен өткөн тарбиячылар 2-этапка толугу менен катышууга укуктуу. Ал эми калган тарбиячылар “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын сертификаты жана календары менен сыйланат.


III. Экинчи этаптын багыттары.

1.Видео презентация (50 упай). Тарбиячы өзү иштеген мекемеси тууралуу 7-12 мүнөттүк видео презентация даярдайт. 28-апрель 22-00гө чейин телеграмм аркылуу жөнөтүлүшү шарт. Кечиккен жумуштар кабыл алынбайт жана бааланбайт. Эӊ мыкты 6 видео презентация “Мыкты презентация”, “Жаңычыл презентация”, “Креативдүү презентация” наамына ээ болот.


2.Китеп окуу жана ошол китеп боюнча тесттик тапшырма (30 упай). Убактысы 30 мүнөт. Тесттен өтүү мөөнөтү 30-апрель, саат 10-00.


3.Педагогикалык кырдаалга жооп берүү (30 упай). Убактысы 35 мүнөт. Тесттен өтүү мөөнөтү 7-май, саат 10-00.


4.Педагогика-психология, тарбиячылык боюнча тесттик тапшырма. (30 упай). Убактысы 30 мүнөт. Тесттен өтүү мөөнөтү 14-май, саат 10-00.


5.Китеп окуу жана ошол китеп боюнча тесттик тапшырма (30 упай). Убактысы 30 мүнөт. Тесттен өтүү мөөнөтү 21-май, саат 10-00.


IV.Сынактын жүрүшүн көзөмөлдөө уюштуруу тобуна жүктөлөт. Уюштуруу тобу:

- «Мыкты тарбиячы - 2022» кароо-сынагын уюштурууну көзөмөлдөйт.

- Жобо, өтүүчү жай, керектүү материалдар, сыйлоочу белектер менен камсыз кылат.


V.Сынактын катышуучуларына төмөндөгүдөй наамдар жана сыйлыктар берилет:

Кароо-сынактын Баш байгеси “Мыкты тарбиячы-2022” наамы жана баш байгени жеӊип алгандыгын тастыктаган диплом, “Мугалим” төш белгиси менен сыйланат. Ысык-Көлдө өтүүчү “Окуучу күткөн мугалим-4” жайкы лагерине жолдомо берилет. Жеӊүүчү «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын «Мугалимдин имиджи» рубрикасына чагылдырылат.


1-орун “Мыкты тарбиячы-2022” наамы жана I даражадагы диплом, статуэтка, “Мугалим” төш белгиси (бир тарбиячы);

2-орун “Мыкты тарбиячы-2022” наамы жана II даражадагы диплом, статуэтка (бир тарбиячы);

3-орун “Мыкты тарбиячы-2022” наамы жана III даражадагы диплом, статуэтка (эки тарбиячы).


4-10-орун “Мыкты тарбиячы-2022” титулу, диплом жана журнал.


Үч тарбиячыга кызыктыруучу сыйлык. Калган катышуучулар Ардак грамота жана календарь менен сыйланат.

Катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Бишкек шаарында 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата чоң салтанат менен Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда өткөрүлөт.


Биздин дарек: Бишкек шаары, Киев көчөсү 77/ Панфилов көчөсү менен кесилишет.

“Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын редакциясы.


Байланыш телефондору:

Сынактын багыттары жана тапшырмалары боюнча 0502 07 73 44 номерине байланышуу 14-30дан 17-30га чейинки убакытта жүргүзүлөт.


Уюштуруу маселеси жана сынакка катталуу акысы боюнча 0778 00 36 40, 0708 51 15 38 номерине байланышуу 12-30дан 17-30га чейинки аралыкта жүргүзүлөт.

Кароо-сынакка катталуу үчүн реквизиттер: 9417 0100 9383 4593 Элкарт;

0708 51 15 38 О! Деньги.



Мугалим” илимий-педагогикалык

журналынын башкы редактору: Р.Т.Сулайманова


























Республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы тарабынан

өткөрүлө турган «Мыкты тарбиячы - 2022» кароо-сынагына катышуу үчүн табыштама (заявка)


3Х4 өлчөмүндөгү

сүрөт


Катышуучунун Ф.А.А. ________________________________________________________

Туулган жылы _______________________________________________________________

Жашаган аймагы _____________________________________________________________

_____________________________________________________________________________

Иштеген жери, мекемеси (району/ шаары) _____________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________


Жалпы эмгек стажы/ педагогикалык стажы_____________________________________


Билими, багыты _______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________


Жетектеген тайпасы _____________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________


Телефондору _________________________________________________________________


Электрондук дареги _____________________________________________________________________________


Мекеме жетекчисинин аты, фамилиясы, атасынын аты

_____________________________________________________________________________


Телефону ____________________________________________________________________


МЧББМнын (балдар бакчанын) электрондук почтасы

_____________________________________________________________________________


Күнү ___, айы __________, жылы __________


Кол тамгасы _____________________________