№4 Б.Шамшиев атындагы гимназия класстары бар жалпы билим берщщчщ орто мектебинде ёткёрщлгён
“Мырза жигит” конкурсунун план сценарийси.
Конкурстун шарттары:
1. Саламдашуу; (ёзщн тааныштыруу)
2. Эркин тема; (патриоттук темада обондуу ыр аткаруу же бий)
3. Макал айтышуу;
4. Суроо-жооп тапшырмасы;
5. Спорттук мелдеш;
6. Салат жасоо; (баары бирдей салат жасашат)
7. Кёркём окуу; (Мекен, Ата Журт темасында)
8. Тамашоу; (3тён ашпоо керек)
Бийик нарктуу улуу кыргыз элим бар,
Береке мол, ажайып кооз жерим бар.
Бабалардын кылым кезген мурасы,
Ата-Мекен сенин ыйык демиң бар!
Саламатсыздарбы, №4 Б.Шамшиев ат.гим.кл.бар.жбб. о.м. урматтуу эже- агалары,
Курбу-курдаш, классташтар,кымбаттуу окуучулар. Мына,2020-жылдын 23- февралына
да келип жеттик. Бүгүн кыргызымда Ата Мекенди коргоочулардын салтанаттуу майрамын дагы бир ирет белгилеп турган кези. Кыргыздын сыймыгы,кырааны болгон улуу баатыр , мекенчил жигиттерибизди, келечектеги мекен коргоочуларын, ардактуу агайларыбызды чын дилибизден куттуктап кетүүгө уруксат этиӊиздер!
Ушул майрамды утурлай биздин мектептин салтына айланып үлгүргөн , окуучуларыбыздын көптөн күткөн “Мырза жигит -2020” кароо сынагына кош келиӊиздер!
“Мен кыргызмын кымыз ичип чонойгон,
Мен кыргызмын, кыргыз жерден ойгонгон.
Манас баатыр биз учун жоо кууганда,
Мен кыргызмын, эл тагдырын ойлогон” .- деп келип отурган мырза жигиттерибизди,бүгүнкү кароо сынактын катышуучу жигиттерин сахнага чакырып алсак.
11-”а” классынын окуучусу ___________________________________
11-“б” классынын окуучусу ____________________________________
10 –“а” классынын _____________________________________
10- “б” кл окуучусу ______________________________________
9 – “а” кл. окууч. _______________________________________
9 – “б” кл. окууч. _______________________________________
9 – “в” кл. окууч. _______________________________________
9 – “г” кл. окууч. _______________________________________
Ошондой эле бүгүнкү конкурсубузду калыстык менен баалап берүүчү калыстар тобу менен да тааныштырып өтсөм:
1. Калыстар тобунун төрайымы; _____________________________________________________
Мүчөлөрү:
___________________________________________________________________
Эсепчи: _________________________________________
1). Салам менен башталат, биздин кече,
Саламсыз отпойт го, эч бир концерт.
Жагымдуу салам берип, биз сиздерге,
Мына олтурган, урматтуу кыргыз элиме.
Анда эмесе саламдашуу шарты менен жигиттерибизди кезеги менен сахнага чакырып алабыз.
Саламдашуу шарты боюнча жигиттерибиздин алган бааларын кёрсётщп коюшуъуздарды суранабыз. ( калыстар катышуучуларды баалашат).
2) “ Жигит бир сырдуу, кырк кырдуу болот.
Жигит болсоң бекем болгун, чириген талдай бош болбой.
Жигит өзү менсинет, жигитти ким теңсинет”- деген сёздёр менен жигиттерибизди экинчи тапшырманы аткарууга чакырабыз. Анда азыр бизге жигиттерибиз ёз ёнёрлёрщн тартуулашат. патриоттук темада обондуу ыр же бий аткарып беришет . Анда тапшырма тщшщнщктщщ болсо кезеги менен сахнага чакырайын.
Экинчи шарт баюнча катышуучуларыбызды баалоо щчщн калыстар тобуна кайрылабыз. ( калыстар катышуучуларды баалашат).
3) “ Чалдын кёркщ – сакал,сёздщн кёркщ – макал”- деп ой гщлдёрщ болгон макалдарыбыздан айтышып, балдай тилибизди алкап алалы. Макал айтышуу тапшырмасын аткаруу щчщн жигиттерибизди сахнага чакырабыз. Баарыбызбирден макал айтып баштайбыз,биринин айканын экинчиси кайталоого болбойт. Калыстар аны байкап турушат. Бир жеъщщчщ калганга чейин оюнду улантабыз. Анда эмесе баштайлы.
Макал айтышуу конкурсу боюнча калыстар тобу жигиттерибизди баалашат.
4) “Жигиттердин бири баатыр, бири мырза,
Мактанышат кичине эле аты чыкса.
Жасап сүйлөп, түзөп басып калышат,
Көчөдөгү кыздар сынап көзүн кысса.
Жигиттер түшүнүктүү, кээде орой,
Сынашат ким өтсө да жанын койбой.
Көчөдөн көрүп калса сулуу кызды,
Карашат, таңыркашат көзү тойбой”- деген ыр сапртары менен биз кезекти суроо-жооп тапшырмасына беребиз. Катышуучулар калыстар тобунун алдындагы даярдалган суроолордон алышат . Даярданып туруп жооп беришет.
Суроо – жооп тапшырмасы боюнча да калыстарыбыз катышуучуларыбызды баалап беришет.
5) “Жигитке бир сыр, жети кыр керек.
Жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз.
Жигитке намыс кымбат, ар кыйын.
Жигиттин куну - жүз жылкы, ары - миң жылкы” – дегендей , ар –намыстуу жигиттерибиздин кщч-кубатын сыноочу тапшырмага кезек беребиз. Бул тапшырманы баалоодо бизге дене тарбия агайларыбыз жардам беришет.
Спорттук мелдешти да калыстар тобу дене тарбия агайларыбыз менен биргеликте баалашат.
6) “ Жигиттер, ай жүзүндөй сулуусуңар,
Кыздар үчүн күндүн чачкан нурусуңар.
Эл үчүн чек арада жоокерсиңер,
Эне үчүн асманда аппак булутсуңар” – ал эми биз щчщн азыр ашканада ёз ёнёрлёрщн тартуулаган , апаларынын ,эже-карындаштарынын кандай жардамчысы экендигин далилдёёчу ашпозчусуъар.
Эъ кызыктуу шарттарыбыздан болгон салат жасоо тапшырмасына кезек берели.
Ашкананын бардык эрежелерин сактоо менен тапшырманы аткара аласыъар деген ишенич менен баштайбыз. Убакытты да эске алабыз.
Калыстар тобунун мщчёлёрщ жасалган салаттарга баа беришет.
7) "Мекеним, Сени жандай сүйөм" — деген,
"Мекеним, Сага аябай күйөм" — деген.
"Мекеним, Сени унутпай жүрөм" — деген,
Сөздөрдүн далайларын угуп келем”- деген ыр саптары менен мекенибизди даъктаган,даъазалаган ырларыбыздан кёркём окууга чакырабыз. Ушундай улуу журтубузду ,жергебизди ,элибизди силер даъктабасаъар,мырза жигиттер,ким даъктамак эле.
Кёркём окуу тапшырмасы да калыстар тобу тарабынан бааланат.
8) Мына урматтуу катышуучулар жана кёрщщчщлёр, биздин акыркы шартыбыз болгон “Тамашоу”шартына да келип жеттик.
“Кщлкщ,кщлкщ ,кщлкщ, ден соолуктун мщлкщ” дегендей,келгиле бир кщлщшёлщ.
Тамашоу тапшырмасын да калыстар тобу баалашат жана жыйынтык чыгарылат.
“Тынчтык болсун мекенимде ар дайым!
Коргоочулар амандыгын каалаймын
Душман корбой дуйно менен тендешип.
Узун болсун омурунор ылайым! “ – деген ыр саптары менен бщгщнкщ конкурсубуздун жыйынтыгын чыгарып, сёздщ калыстар тобунун тёрайымына беребиз.
Бщгщнкщ №4 Б.Шамшиев атындагы гимназия класстары бар жбб о.м ёткёрщлгён “МЫРЗА ЖИГИТ 2020” кароо сынагынын катышуучуларын куттуктоо, жана жыйынтыктоочу сёздщ мектебибиздин директору
Шарипбекова Гщлчехра Тажибаевнага сёз беребиз.
Балдары баатыр эр чыккан,
Балбан билек шер чыккан.
Ат дайныңды эл уккан.
Конкурска келип баарысы,
Таймашуудан тайбаган. жигиттерибизди, ардактуу аталарыбыз, улуу-урматтуу агайларыбызды дагы бир жолу “Мекен коргоочулар”майрамы менен куттуктайбыз. Жеъщщчщлёрщбщзгё жеъишиъер куттуу болсун деп , сиздерди тереъ урматтоо менен бщгщнкщ конкурсубузду соъуна келип жеттик. Баарыъыздарга чоъ рахмат, кёрщшкёнчё сак-саламат болуъуздар!