Просмотр содержимого документа
«Начальный класс 2-класс. Жапайы канаттуулар»
Предмети: Мен жана дүйнө.
Сабактын темасы :Жапайы канаттуулар .
Колдонулуучу ыкмалар: Маалымат чогултуу, изилдөө, суроо жооп.
Керектелүүчү каражаттар:Карта , сүрөттөр , карточкалар.
| Негизги компетенттүүлүктөр. |
| 1 | Жапайы канаттуулар туураалуу маалымат алышат . |
| 2 | Алардын ыңгайлашкан жашоо шарты туураалуу билишет. |
| 3 | Талкууларга активдүү катышып,өз ойлорун эркин билдирешет. |
| | Предметтик компетенттүүлүк. |
| К1 | Тема боюнча маалымат алышыт. |
| К2 | Теманын үстүнөн чыгармачылык менен иштешет. |
| К3 | Сөз байлыктарын , билимин андан ары өстүрүшөт. |
Сабактын максаты:Окуучулар жапайы канаттуулардын жашоо –шарты, тамактануусуу туураалуу билишет.Эске тутуусу, кабыл алуусу,таанып билүүсү өнүгөт. Жапайы канаттууларга аяр мамиле кылууга тарбияланышат.
Сабактын жүрүшү:
| Сабактын этаптары | Убактысы | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүүлүгү. |
| Уюштуруу: | 3 мин | Окуучулпрды үч топко бөлөт.Окуу куралдарына көңүл бурат. | Окуучулар үч топко бөлүнөт.Окуу куралдарын толукташат. |
| Өтүлгөн теманы кайталоо | 5 мин | Окуучуларга өтүлгөн тема боюнча суроолорду берет. | Окуучулар берилген суроолорго жооп беришет. |
| Жаңы теманы түшүндүрү | 7 мин | Сабактын темасы,максаты менен тааныштырат. Жапайы канаттуулар Жөнүндө маалымат берет | Жаңы тема менен таанышышат .Жапайы канаттуулар туураалуу маалымат алышат . |
Мугалим бөлүнгөн үч топко тапшырмаларды берет. 10 мин
Топ : Жапайы канаттуулар кайда жашашат?-деген суроого маалымат издешет.
Топ: Жапайы канаттуулар эмне менен азыктанышат?-деген суроого даярданышат.
Топ Жапайы канаттуулар кайда кышташат?-деген суроого жооп беришет.
Топтордо иштеген окуучулар өз тапшырмалары боюнча маалымат чогултушуп, жооп беришет. Жоопторго мугалим тарабынан толуктоолор киргизилет.
Окуучуларга “ Эне куш”аттуу текст окулат.Текстке карата карта чыгып, тапшырмалар берилет (12мин)
Күз келип,суук түшүп, айлана сары түскө боёлгон убак .Жайы менен кышка кам көргөн жан жаныбарлар чээндерине, уяларына кирип, айланада канаттуулар үчүн азык болгон тамак аш азайгандыгына байланыштуу “Эне куш” жаш балапандарын ээрчитип жылуу жакка кетүүгө камынды .Эңсеген жерине аман –эсен жетүү үчүн күндөп- түндөп, узак- узак жол жүрүшү керек .
1-топ Куштар жылуу жактарга аман –эсен жетүү үчүн картадан ыңгайлуу жолдорду табышат,жана стрелкаларды коюшат.
2-топ Куштар үчүн эң ыңгайлуу, коопсуз эс алуучу жайларды белгилешет.
3-топ Куштар конуу үчүн эң кооптуу болгон жайларды белгилешет.
Мугалим тарабынан толуктоолор киргизилет .
| Тема боюнча тыныгуу | 3-мин | Мугалим эс алдыруу максатында темага байланыштуу оюн ойнотот. | Окуучулар темага байланыштуу оюн ойношот . |
| Баалоо | 3-мин | Аткарылган тапшырмалар кабыл алынган критерийлердин негизинде бааланат. | |
| Үйгө тапшырма . Сабак жыйынтыкталат. | 3 мин | Жапайы канаттуулар бизге эмне үчүн керек жана аларды эмне аярлап карообуз керек экен деген суроого жооп таап келгиле . | Окуучулар үйдөн жапайы канаттуулар бизге эмне үчүн керек ,биз эмне үчүн аларга зыян келтирбешибиз керек экенибиз жөнүндө билип келишет. |
Аткарган: Жапарова Ырыс.