Кайсы бир эзелки замандарда кара алачыкта бир адам жашаптыр. Зайыбы бала тɵрɵбɵптүр. «Бакадай баланы да ыраа кɵрбɵдүң», деп кудайга нааразы болушат. Бир күну эле аялынын боюнда болот. Тɵрɵсɵ бака. Айла жок ɵздɵрү тилеген соң, кудай бериптир. Бака кыз чоңоё берди. Кɵбүнчɵ сыртта бак ичинде. Атасы бак дарактардын бутактарын бутайт, суугарат, ичиндеги чɵбүн чабат.
Просмотр содержимого документа
«Нан кадырын билген кыз»
4.6. Нан кадырын билген кыз
Кайсы бир эзелки замандарда кара алачыкта бир адам жашаптыр. Зайыбы бала тɵрɵбɵптүр. «Бакадай баланы да ыраа кɵрбɵдүң», деп кудайга нааразы болушат. Бир күну эле аялынын боюнда болот. Тɵрɵсɵ бака. Айла жок ɵздɵрү тилеген соң, кудай бериптир. Бака кыз чоңоё берди. Кɵбүнчɵ сыртта бак ичинде. Атасы бак дарактардын бутактарын бутайт, суугарат, ичиндеги чɵбүн чабат. Энеси ошол жерге тамагын алып келет. Бир күну энесинин буту ооруп, баса албай калат. Ошондо бака кыз минтти:
-Апа, карып баратасың, ал күчтɵн тайдың, атама тамагын ɵзүм эле алып барайын, кайгырба!
-кагылайын, кармаганга колуң жок болсо, кантип жеткиресиң?-деп, жалооруду кемпир.
-Челекти жоонума тагып кой түшүрбɵй эле жеткирем деди бака кыз.
Апасы таңып берген тамак ашты багбан атасына тɵкпɵй-чачпай жеткирет. Жарма да тɵгүлбɵптүр. Карыя ыраазы болуп, кызын жийденин тармал бутагына отургузуп коёт. Кыз болсо айланага кɵз чаптырып, мукам үнүн созуп, ырдай берет. Обону уккулуктуу. Чал кызынын ичинен бака экенин шектенет. Күндɵр ɵтɵ берди. Бака кыз күн сайын бакка келип мукам үнун безелентет. Хандын уулу уудан келе жатып, мукам үнгɵ кулак салат. Укмуштудай кооз үн. Аяр басып келип ырдап жаткан ким экенин карыядан сурайт. Чал ийинин куушурат.
-Үн сенин багыңдан чыгып жатат айткын дейт. Чал бака ырдап жатат деп кантип айтат. Жооп уга албаган ханзаада үйүнɵ кайтат. Эртеси да мукам үн жаңырды. Бака кыз жерге түшүп келди. Жигиттин жүрɵгү сүйүнүп кетти. Анткени анын кубулган кебетесинен сулуу кыздын кебетеси кɵрүндү.
-Мага колкту бол! Атам айткан кайсы уулумдун колуктусу керемет гүл кɵтɵрүп келсе тактымды берем деп. Сен ошол гүлдү таба аласың. Эртеси хан ордосуна эл чогултуп, үч уулуна берген тапшырмасын кимиси кандай орундатар экен деп күтүштү. Улуу баласынын аялы чымкыл кызыл гүл сунду. Ортончу баласынын колуктусу аппак кардай үлбүрɵгɵн гүл кɵтɵрүп келиптир. Ал эми кенже баласынын колуктусу бака бир кезде сулуу кызга айланды да, сапсары болуп бажырайган буудай машагын тартуулады. Эл ичи жандана түшту.
-Хан ортого чыкты да
-Баракелде, балам акылыңа!-деди. Дүйнɵдɵ мындан да кооз, мындан да артык гүл жок. Силер да ушундай машактай үрɵндɵгүлɵ! Хандыгым да, байлыгым силердики!