СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Нарын облусу жөнүндө

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Нарын облусу жөнүндө»

Нарын облусу

Нарын облусу Кыргызстандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Кыргызстандын эң чоң облусу. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939 жылдын Жетинин айынын 21деги Указы менен Тянь-Шань облусту rulit болуп негизделген. 1988-жылы Тянь-Шань жана Ысык-Көл облустары бириктирилген. 1990-жылдын Бештин айынын 14дө кайра Нарын жана Ысык-Көл облусу болуп бөлүнгөн.

Өлкө:

Кыргызстан



Абалы:

Облус



Курамында:

1 шаар, 5 район



Акимий борбору:

Нарын



Түзүлгөн убакыты:

21-ноябрь 1939



Губернатору:

Алымкулов Эмилбек



Ырасмый тили:

Кыргыз тили



Калкы (2019):

287 000



Жыштыгы:

5,80 адам/км²



Улуттук курамы:

Кыргыздар: 275 631 - 99,29 %

Башкалар: 1 969 - 0.71 %

Жер аянты:

45 200 км²



Саат алкагы:

UTC+6



ISO 3166-2 коду:

KG-N



Телефон коду:

+996 3722



Унаа коду:

H, N, 05

Администрациялык бөлүнүшү

Нарын облусунда 5 район, 1 шаар, 135 айыл бар.



Ак-Талаа району (борбору-Баетов)

Ат-Башы району (борбору- Ат-башы)

Жумгал району (борбору-Чаек)

Кочкор району (борбору-Кочкор)

Нарын району (борбору-Нарын)

Нарын шаары

Калкы

2002-жылы облустун аймагында республиканын калкынын 5,2% и (257,9 миң) жашаган. Алардын 98,8% кыргыздар, калгандары орус (0,2%), өзбек (0,3%) ж. б. улуттар. Республикада калкы эң сейрек отурукташкан облус, анын калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 5,8 адам туура келет . Жумгал, Кочкор жана Нарын өрөөндөрүндө калк салыштырмалуу жышыраак отурукташкан. Негизинен автомобиль жолдорду жана сууларды бойлой жайгашкан. Шаар калкы облустун калкынын 18,1%ин түзөт (46,8 миң адам), алар Нарын ш-нда (41,4 миң), Достук (0,8 миң), Миңкуш (4,6 миң) шаарчаларында жашайт. Облустун ири кыштактары – Атбашы (11,9 миң), Кочкор (8,5 миң), Баетов (9,4 миң), Чаек (12,6 миң), Байзак (4,9 миң), Карасуу (4,1 миң), Кошдөбө (3,3 миң адам) ж.б. Облустун калкынын 42,7%ин эмгек курагына жете элек жаштар, 50,5%ин эмгек курагындагы адамдар, 8,8%ин улуу муундагы карылар түзөт. 2002-ж. атайын катталган жумушсуздардын саны 8,4 миң адамды түзгөн. Калктын миграциясы: облуска келгендер 2001-ж. 1388 адам, кеткендер 2575, миграциялык азаюу 1187 адамды түздү.