Просмотр содержимого документа
«Насаатчы агай (газета га материал)»
Насаатчы агай
Менин насаатчым Сүйүн агай - эл кадырлаган , мен сыймыктанган агай. Мен агайдан коптогон жакшы нерселерди уйрондум. Агай аябай жонокой.
“Эгер мугалимде жумушуна гана сүйүүсү болсо , анда ал жакшы мугалим.
Эгер мугалимде жумушуна да , окуучуларга да сүйүүсү болсо , анда ал - мыкты мугалим”-деп Л.Толстой
айткандай агай эң мыкты мугалим .
Көптөгөн мугалимдерге насаатчы болуп жүрөт . Мисалы: Муратова.Ж
Агай көптөгөн бай тажрыйбага ээ. Олимпиадалык мисал-маселелердин ,жогорку кыйындыктагы маселе-лерди чыгаруунун бир нече чыгарылыштарын үйрөттү. Окуучуларды ЖРТ га даярдоодо да мыкты тесттерди түзүп бир нече мугалимдерди даярдады . Агайдын түзгөн тесттерин мен да окуучулардын билим сапатын көтөрүүдө пайдаланып жүрөм.
“Кандай гана мектеп болбосун өзүнүн саны менен эмес , окутуп чыккандардын сапаты менен даңкталат”-деп Н.И.Пирогов айткандай агай окуткан балдар ЖРТдан жогорку баллдарды алып жогорку окуу жайдын бюджеттик орунда-рында окуп жатышат. Агай жетектеген, насаатчы болгон так илимдер усулдук бирикмесинин мугалим-дери Кыргыз Республикасынын Билим берүү министр-лигинин ардак грамота-ларын , Билим берүүнүн мыктысы деген наамдарды алышты .
“Мугалим мекендин эртеңкиси,планетанын келечегин колуна кармап турган адам”-деп Ф.Абдрамов айткандай биздин мектептин келечегин колуна кармап турган адам деп мен Сүйүн агайды айтаар элем.
Сүйүн агай 60 жыл кутман курагыңыз менен куттуктайм! Иштериңизге албан-албан ийгиликтерди каалайм !
“Оо мугалим!
Сиздин алдыңызда чөгөлөп таазим этүүгө уруксат этиңиз “ -деп Н.А.Некрасов айткандай Сүйүн агай сизге таазим этебиз.Биз сиз менен сыймыктанабыз!Ар дайым бар болуңуз!
№42 Самат Ашимов атындагы орто мектеби мекемесинин матема-тика мугалими Муратова Ж.А