СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Насаатчылык жобосу

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуу жайда насаатчылык жаш адистин педагогикалык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрүн  калыптандыруу үчүн тажрыйбалуу окутуучунун системалуу жеке ишин карайт. Ал жаш адистин предметтик адистик жана окутуу методикасы жаатындагы билимин ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган.

Просмотр содержимого документа
«Насаатчылык жобосу»

Бекитемин

ОшТУнун Өзгөн ТББ институтунун директору ______ Акматалиев А.Т.

20____-ж. ____________________











НАСААТЧЫЛЫК ЖӨНҮНДӨ ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 токтому менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманын жана МУИТОнун уставынын негизинде Насаатчылыкты окуу жайда уюштуруу жөнүндө ушул жобо иштелип чыкты.

1.2. Окуу жайда насаатчылык жаш адистин педагогикалык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн тажрыйбалуу окутуучунун системалуу жеке ишин карайт. Ал жаш адистин предметтик адистик жана окутуу методикасы жаатындагы билимин ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган.

2. Насаатчылыктын максаттары жана милдеттери

2.1. Кесиптик билим берүү мекемесинде насаатчылыктын максаты жаш мугалимдердин кесиптик жактан өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, ошондой эле окуу жайда кадрлардын өзөгүн түзүү болуп саналат.

2.2. Кесиптик окуу жайдагы насаатчылыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

• жаш адистерди окутууга жана билим берүү мекемесинде окутуучулардын туруктуу иштеп калуусуна кызыгуусун ойготуу;

• окутуучунун квалификациясын жогорулатуу процессин тездетүү жана өз кызматында өзүнө жүктөлгөн милдеттерди өз алдынча жана натыйжалуу аткаруу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү;

• корпоративдик маданиятка көнүү, окуу жайдын жамаатынын мыкты салттарын жана билим берүү мекемесиндеги жүрүм-турум эрежелерин өздөштүрүү, окутуучунун милдеттерин аткарууга аң-сезимдүү жана чыгармачыл мамиле кылуу.

3. Насаатчылыктын уюштуруучулук негиздери

3.1. Окуу жайда насаатчылык окуу жайдын жетекчисинин буйругунун негизинде уюштурулат.

3.2. Насаатчылардын ишин насаатчылыкты уюштурулган кафедранын жетекчиси башкарат.

3.3. Кафедранын башчысы насаатчыны жогорку деңгээлдеги кесиптик даярдыгы, коммуникативдик жөндөмү жана баарлашууда ийкемдүүлүгү бар, окуу-методикалык иште тажрыйбасы жогору, тажрыйба алмашууга жөндөмдүү жана каалоосу бар окутуучулардын арасынан тандайт. Насаатчы тарбия иштерине жөндөмдүү болууга тийиш жана бир эле учурда эки жаш адиске насаатчы боло алат.

3.4. Насаатчылыкка талапкерлер директор менен макулдашылат.

3.5. Насаатчыны дайындоо болочок насаатчынын жана жаш адистин өз ара макулдугу менен жүргүзүлөт, ага насаатчылыктын мөөнөтүн көрсөтүү менен окуу жайдын директорунун буйругу менен дайындалат. Эреже боюнча жаш адиске насаатчы үч жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.

3.6. Насаатчылык окуу жайдын кызматкерлеринин төмөнкү категорияларына белгиленет:

• кесиптик билим берүү окуу жайларында педагогикалык иш стажы жок биринчи жолу иштеп жаткан окутуучуларга (адистерге);

• жогорку жана орто атайын окуу жайларынын күндүзгү формасынын бүтүрүүчүлөрү окуу жайына бөлүштүрүү жолу менен келгендерге;

• педагогикалык эмес кесиптик-техникалык окуу жайларынын күндүзгү, сырттан жана кечки бөлүмдөрүн аяктаган жана окуу жайларда окутуучулук иш стажы жок бүтүрүүчүлөргө;

• башка ишке которулган окутуучулар, эгерде алардын кызматтык милдеттерин аткаруу кесиптик билимдерин кеңейтүүнү жана тереңдетүүнү жана жаңы практикалык көндүмдөрдү алууну талап кылса;

• белгилүү тайпаларда (белгилүү бир тема боюнча) сабактарды өткөрүү үчүн кошумча окууга муктаж болгон окутуучулар.

3.7. Насаатчыны алмаштыруу окуу жайдын директорунун буйругу менен төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

• насаатчы иштен бошотулганда;

• насаатчы башка ишке которулганда;

• насаатчы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган учурда;

• насаатчы менен жаш адистин психологиялык келишпестиги келип чыккан учурларда.

3.8. Насаатчынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун көрсөткүчтөрү болуп насаатчылык мезгилинде жаш адис тарабынан коюлган максаттардын жана милдеттердин аткарылышы саналат. Аралыктан баалоо жана жыйынтыктоочу контролдоо жүргүзүлөт.

3.9. Насаатчыны мотивациялоо үчүн иштин жыйынтыгы боюнча үстөк акы төлөө маселесин окуу жайдын жетекчилиги чечет. Ийгиликтүү көп жылдык иши үчүн насаатчы, окуу жайдын жетекчилиги тарабынан ардактуу наамдарга сунушталат.

3.10. Насаатчылардын демилгеси боюнча алар коомдук өзүн-өзү башкаруу органын — насаатчылар кеңешин түзө алышат.

4. Насаатчынын милдеттери:

• билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын, жаш адистин өз кызматындагы укуктарын жана милдеттерин аныктаган ведомстволук ченемдик укуктук актыларды билүүгө;

• жаш адис менен бирдикте анын интеллектуалдык өнүгүү деңгээлин, предмет боюнча педагогикалык, усулдук жана кесиптик даярдыгын эске алуу менен анын квалификациясын жогорулатуу планын иштеп чыгууга;

• жаш адистин ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттарын, анын сабактарды өткөрүүгө болгон мамилесин, окуу жайдын кызматкерлерин, студенттерди жана алардын ата-энелерин, хоббилерин, ыктарын, коомдук чөйрөсүн изилдөөгө;

• зарыл болгон окутууну камсыз кылуу; жаш адистин окуу сабактарын жана тарбиялык иш-чараларды өз алдынча өткөрүүсүн контролдоо жана баалоо;

• жаш адис менен биргеликте квалификациясын жогорулатуу планын иштеп чыгуу; аларды аткаруунун белгилүү мөөнөтү менен конкреттүү тапшырмаларды берүүгө; ишке жетекчилик кылуу, зарыл учурларда жардам көрсөтүү;

• жаш адиске окутуучулук кесипти өздөштүрүүгө, сабактарды сапаттуу өткөрүүнүн практикалык ыкмаларына жана жекече жардам көрсөтүүгө, кетирилген каталарды аныктоо жана биргелешип жоюу;

• жеке үлгү менен жаш адистин оң сапаттарын өнүктүрүүгө, окуу жайда анын жүрүм-турумун оңдоого, аны коллективдин коомдук турмушуна тартууга, жалпы маданий жана кесиптик көз карашын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;

• жаш адистин педагогикалык жана коомдук ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди талкуулоого катышууга, аны сыйлоо же тарбиялык жана тартиптик жаза чараларын колдонуу боюнча сунуштарды киргизүүгө; насаатчынын иш күндөлүгүн жүргүзүү жана жаш адистин адаптациялоо процесси, анын ишинин натыйжалары жөнүндө кафедра башчысына мезгил-мезгили менен отчет берип турууга;

• жаш адистин профессионалдык адаптациясын жыйынтыктоо, адаптациялоонун натыйжалары боюнча корутунду менен насаатчылыктын натыйжалары жөнүндө акт түзүүгө, жаш адистин мындан аркы иши боюнча сунуштарды киргизүүгө.

5. Насаатчынын укуктары:

• кафедра башчысынын макулдугу менен жаш адисти кошумча даярдоо үчүн окуу жайдын башка кызматкерлерин тартууга;

• жаш адистен оозеки жана жазуу жүзүндө жумушчу отчетторун талап кылуу.

6. Жаш адистин милдеттери

6.1. Насаатчыга жаш адисти дайындоо окуу жайдын директорунун буйругу менен бекитилет.

6.2. Насаатчылык мезгилинде жаш адис төмөнкүлөргө милдеттүү:

• анын кызматтык ишин, түзүмүн, штатын, окуу жайдын ишинин өзгөчөлүктөрүн жана ээлеген кызмат орду боюнча функционалдык милдеттерин аныктаган ченемдик документтерди изилдөөгө;

• квалификацияны жогорулатуу планын белгиленген мөөнөттө аткарууга;

• ээлеген кызмат орду боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз иштөө;

• насаатчыдан иштин алдыңкы ыкмаларын жана формаларын үйрөнүү, аны менен болгон мамилени туура түзүү;

• өзүнүн жалпы жана маданий билим деңгээлин жогорулатуу;

• насаатчыга жана кафедра башчысына өз иштери жөнүндө мезгил-мезгили менен отчет берип туруу.

7. Жаш адистин укуктары

Жаш адис төмөнкүлөргө укуктуу:

• насаатчылык менен байланышкан иштерди жакшыртуу боюнча кафедра башчысына сунуштарды киргизүү;

• кесиптик ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо;

• даттануулар жана анын ишине баа берилген башка документтер менен таанышууга, алар боюнча түшүндүрмө берүү;

• квалификациясын жогорулатуу.

8. Насаатчынын ишине жетекчилик кылуу

8.1. Насаатчылардын ишин уюштуруу жана алардын ишин контролдоо кафедра башчысына жүктөлөт.

8.2. Кафедра башчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:

• дайындалган жаш адисти окутуучуларга тааныштыруу, ага насаатчы дайындоо жөнүндө буйрук жарыялоо;

• жаш адистин ага бекитилген насаатчы менен бирге иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү;

• насаатчы жана жаш адис тарабынан өткөрүлгөн предмет боюнча жеке сабактарга жана тарбиялык иш-чараларга катышуу;

• насаатчыларды жеке окуу-тарбия иштеринин алдыңкы формаларына жана ыкмаларына, педагогиканын жана психологиянын негиздерине окутууну уюштурууга, аларга жаш адистер менен иштөөнүн пландарын түзүүдө методикалык жана практикалык жардам көрсөтүүгө;

• окуу жайда насаатчылыкты уюштуруунун оң тажрыйбасын изилдөө, жалпылоо жана жайылтуу;

• насаатчылар үчүн стимулдарды аныктоо.

8.3. Насаатчылардын жаш адистер менен иштөөсү үчүн түздүн-түз жоопкерчиликти кафедра башчылары жана окуу-усулдук кеңештин жетекчилери алышат.

Окуу-усулдук кеңештин жетекчилери төмөнкүлөргө милдеттүү:

• кеңештин жыйналышында насаатчынын жеке иш планын кароо;

• насаатчынын ушул Жобого ылайык өз милдеттерин аткара алуусуна кепилдик берүү;

• насаатчынын ишине системалуу көзөмөл жүргүзүү;

• жаш адистин жана насаатчынын отчетторун усулдук кеңештин чогулушунда угууга жана бекитүүгө, кафедра башчысына берүүгө.

9. Насаатчылыкты жөнгө салуучу документтер

9.1. Насаатчылардын ишин жөнгө салуучу документтерге төмөнкүлөр кирет:

• ушул Жобо;

• насаатчылыкты уюштуруу жөнүндө окуу жайдын директорунун буйругу;

• окумуштуу жана окуу-усулдук кеңештердин иш пландары;

• насаатчылык маселелери каралган окумуштуу жана окуу-усулдук кеңештердин жыйналыштарынын протоколдору.

Жобо 20___-жылдын ____-августунда окуу жайдын окумуштуу кеңешинин отурумунда макулдашылган, №________ протокол.

Түзүүчүлөр: Раманкулов Мухаммед-Назар, Касымбеков Амангелди


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!