Сабакка чейин
Сабактын темасы: Негиздер. Классификациясы. Негиздердин формулаларын түзүү. Физикалык касиети.
Сабактын методу: репродуктивдүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: түшүндүрүп берүү
| Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
| А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Негиздер, классификациясы, негиздердин формулаларын түзүү, физикалык касиетин окуп үйрөнүшөт | Негиздер; Классификациясы; негиздердин формулаларын түзүү; физикалык касиетин айтып бере алышса негиздерди алуунун химиялык теӊдемесин жаза алышса. |
| Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Татаал заттар, жөнөкөй заттар, заттардын көп түрдүүлүгү, металлдар, металл эместер, оксиддер, суу, суутек боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жоопкерчиликтүү болууга тарбияланат. | Татаал заттар; жөнөкөй заттар; заттардын көп түрдүүлүгү; металлдар; металл эместер; оксиддер; суу; суутек боюнча алган билимин химиялык реакция жазууда, негиздерди классификациялоодо туура пайдалана алышса. |
Күтүлүүчү натыйжа:
Негиздер;
Классификациясы;
негиздердин формулаларын түзүү;
физикалык касиетин айтып бере алышса
негиздерди алуунун химиялык теӊдемесин жаза алышат;
суутек боюнча алган билимин химиялык реакция жазууда, негиздерди классификациялоодо туура пайдалана алышат.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Негиздер, классификациясы, негиздердин формулаларын түзүү, физикалык касиети боюнча маалымат алышат.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Татаал заттар, жөнөкөй заттар, заттардын көп түрдүүлүгү, металлдар, металл эместер, оксиддер, суу, суутек боюча билими бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү:
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1. Суу башка заттар менен өз ара аракеттенишкенде, мисалы: а) кислоталар; б) щелочтор; в) щелочтор жана суу пайда болушу мүмкүн. Ар бир учурга экиден мисал келтиргиле.
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Металлдардын атомунан жана бир же бир нече гидроксил тобунан турган татаал затты негиздер деп атайбыз.
Жалпы формуласы:MlxOHy
Негиздер сууда эригичтигине жараша:
Сууда эрүүчүлөр: (LiOH,NaOH.KOH,RbOH,CsOH-эң жакшы,Ca(OH)2 жакшы,Ba(OH)2аз эрийт) амфотердик: Za(OH)2,Al(OH)3 Sn(OH)4 PbOH,Kr(OH)3
сууда эрибей тургандар: (CuOH,Fe(OH)2 ,Cu(OH)2 ,Fe(OH)3
Негиздер гидроксил тобу (OH) боюнча
бир негиздүү: LiOH,NaOH.KOH,RbOH,CsO
Эки негиздүү: Fe(OH)2 ,Cu(OH)2 ,Ba(OH)2
Үч негиздүү: Fe(OH)3 ,Al(OH)3
Негиздер менен кислоталар аракеттенишип тузду жана сууну пайда кылышат. Бул реакция нейтралдашуу реакциясы деп аталат .
NaOH+HCl= NaCl+H2O
2Fe(OH)3+3H2SO4=Fe2(SO4)3+6 H2O
Амфотердик негиздер оксиддер сыяктуу эле кислоталар жана негиздер менен аракеттенишет:
2Al(OH)3+6HCl=2AlCl3+6 H2O
Al(OH)3+NaOH=NaAlO2+2 H2O
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
| Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
| 1.Негиз деп эмнени айтабыз? 2.Негиздер гидроксо тобу боюнча кандай топторго бөлүнөт? Мисал келтиргиле. | |
Үйгѳ тапшырма:
9.2г магнийдин оксиди суу менен аракеттенишкенде канча массадагы магнийдин гидроксиди алынат?
Баалоо: