СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Негиздердин алынышы, колдонулушу. Негиздердин химиялык касиети.

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Металлдардын атомдорунан жана бир же бир нече гидроксил (OH-) группаларынан турган татаал заттарды негиздер деп аташат.

Просмотр содержимого документа
«Негиздердин алынышы, колдонулушу. Негиздердин химиялык касиети.»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Негиздердин алынышы, колдонулушу. Негиздердин химиялык касиети.

Сабактын методу: иллюстрациялоо

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: аӊгемелешүү


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Негиздердин алынышы, колдонулушу, негиздердин химиялык касиетин окуп үйрөнүшөт.

  • Негиздердин алынышы;

  • колдонулушун айтып бере алышса;

  • негиздердин химиялык касиетин химиялык теӊдеме аркылуу жазып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Органикалык эмес заттардын негизги класстары, оксиддердин касиеттери, классификациясы, негиздер, негиздердин жалпы формуласы, химиялык реакция, химиялык формула боюнча түшүнүгү өнүгөт.

  • Органикалык эмес заттардын негизги класстары;

  • оксиддердин касиеттери;

  • классификациясы;

  • негиздер;

  • негиздердин жалпы формуласы;

  • химиялык реакция;

  • химиялык формула боюнча алган билимине таянуу менен негиздердин жалпы формуласынын негизинде негиздердин формуласын түзүп, атап бере алышса;

  • негиздерди классификациялап бере алышса.


Күтүлүүчү натыйжа:

  • Негиздердин алынышы;

  • колдонулушун айтып бере алышат;

  • негиздердин химиялык касиетин химиялык теӊдеме аркылуу жазып бере алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Негиздердин алынышы, колдонулушу, негиздердин химиялык касиети боюнча маалымат алышат. Негиздер боюнча алган билимдери өнүгөт.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Органикалык эмес заттардын негизги класстары, оксиддердин касиеттери, классификациясы, негиздер, негиздердин жалпы формуласы, химиялык реакция, химиялык формула боюнча билими бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү:

Окуучулар бири бирине топ ыргытып каалоо, тилек айтышат (окуучулардын ар бири топ ичинде).

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1. Төмөнкү формулалардан IV топтун негизги тобуна келген элементтин оксидинин формуласын көрсөткүлө.

а) Э2О; б) ЭО; в) ЭО2; г) ЭО4; д) Э2О5;

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):

Металлдардын атомдорунан жана бир же бир нече гидроксил (OH-) группаларынан турган татаал заттарды негиздер деп аташат.

Мисалы: LiOH, NaOH, KOH, RbOH, FrOH, CsOH, Be(OH)2, Ba(OH)2, Ca(OH)2, Sr(OH)2, B(OH)3, Al(OH)3, Fe(OH)2, Fe(OH)3, ж.б. Катиондору металлдардан турбаган аммонийдин гидроксидине NH4OH окшогон кошулмалар дагы негиздерге кирет. Негиздердин аталышы элементтин аты менен гидроксид кошо айтылып, элементтин кычкылдануу даражасы рим цифрасы менен кашаанын ичине жазылат.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1. Щелочторго мүнөздүү касиеттерди аныктагыла. а) сууда эрийт, индикатор - лакмусту көк түскө келтирет, самын сыяктуу жылмышкак;

б) ысытканда эки же үч затка ажырайт;



Үйгѳ тапшырма:

1. Төмөнкү заттардын кайсы тобу менен Al(OH)3 реакцияга кирет? Химиялык теӊдемесин жазуу менен далилдүү жооп бергиле.

а) CO2, Fe2O3, Na;

б)HCl, NaOH, CO2;

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!