СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Нерсенин кыймылы Кыймылдын түлөрү

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Нерсенин кыймылы Кыймылдын түлөрү»

1.Сабактын темасы: Нерсенин механикалык кыймылы. Кыймылдын траекториясы.Кыймылдын түрлөрү

2.Сабакты максаты: Механикалык кыймыл жөнүндө ,кыймылдын траекториясы жана кыймылдын түрлөрү жөнүндөгү түшүнүктөрдү окуучулардын билимине калыптандыруу.

3.Сабактын милдети:

  • Билим берүүчүлүк Темада белгиленген түшүнүктөрдү окуучулардын билимине калыптандыруу

  • Өстүрүүчүлүк Физикалык терминдерди колдонуу менен суроолорго жооп беруусунө жетишүү

  • Тарбиялык мугалимдин эмгегине жана жолдошторунун эмгегине тоскоол болбоого тарбиялоо

4.Сабактын жабдылышы: Интернеттен видео көрсөтүү

5.Сабактын жүрүшү:

Негизги багыттар

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Уюштуруу учуру

Окуучулардын сабакка катышуусун эсепке алуу,

Окуучулардын сабакка даярдыгына байкоо салуу

Сабакка даярдануу

Өтүлгөн материалды кайталоо

Китебиңдин аянтын жана көлөмүн эсептей алдыңбы? Кандай курал колдондуң? Кантип эсептедиң? Сен колдонгон куралдын бөлүгүнүн баасы кандай экен? Кантип таптың?

Мензурка деген кандай курал жана аны менен эмнени өлчөйбүз?

Окуучулардын жообуна карата баалайбыз

Сабакка шыктандыруу

Атаң тезирээк чурка балам деп айтты. Демек , тезирээк кыймылдаш керек. Сенин кыймылыңдын тез экенин эмнеге салыштырып карап жатат?

Билишинче жооп кайтарышат

Жаңы материалды түшүндүрүү

Механика деген сөзгө кандай аныктама бере аласыңар?

Механика бул грек сөзу – кыргызча машина куруу деп кабыл алсак болот.

Механика бөлүмү – кинематика, динамика жана статика бөлүктөрүнөн турат.

Кинематика бөлүмү – кыймыл жөнүндө окутат. Кыймылдан келип чыгуу себеби каралбайт.

Динамика бөлүгү жалаң күчтөр жөнүндө окутат.

Статика бөлүгү тең салмактуулук жөнүндө окутат.



Нерсенин механикалык (жөнөкөй) кыймылына бир катар мисалдар келтирели.

Автомашиналар жолдо журуп бара жатат. Алардын мейкиндиктеги абалы айланасындагы телолорго салыштырмалуу убакыт өткөн сайын өзгөрүп барат.

Демек, механикалык кыймыл деп берилген убакыт ичинде нерселердин абалынын башка нерселерге салыштармалуу өзгөрүшун айтабыз.

Бир катар мисалдар келтиргиле:

Айрым учурларда белгилүү бир нерсени алабыз да ага салыштырмалуу башка нерселердин мейкиндиктеги абалын карайбыз. Ал нерсе эсептөөнү баштоочу нерсе болуп эсептелет. Мисалы: Өрдөк учуп бара жатат. Бак дарактарды эсептөө нерсе катары алсак болот.

Айталы адам ат чаап бара жатат.Аттын жолдо изи калды б.а. нерсенин мейкиндиктеги абалы өзгөргөндө же бир жерден экинчи жерге орун которгондо кандайдыр бир сызык боюнча кыймылдайт.

Нерсе кыймылга келген сызык траектория деп аталат.

Нерсенин кыймылы траекториясына жараша түз жана ийри сызыктуу кыймыл болуп экиге бөлүнөт.

Эгерде кыймылдын траекториясы түз сызык болсо, ал түз сызыктуу кыймыл деп аталат.

Эгер кыймылдын траекториясы ийри сызык болсо,, анда ийри сызыктуу кыймыл д.а.





Механикалык кыймыл







траектория





Түз сызыктуу кыймыл

Ийри сызыктуу кыймыл









Айрым түшүнүтөрдү дептерге жазышат

Теманы бышыктоо үчүн суроолор жана маселелер

1.Механикалык кыймыл деген эмне?

2.Траекторияны кандай түшүнөсүңөр?

3.Жер планетасы Күндүн айланасында айланат. Жердин кыймылы кандай?



Окуучуларды баалоо

Диагоностикалык баа коюлат



Теманы жыйынтыктоо

Окуучулардын сабакка катышуусу жана аракети боюнча жыйынтыкталат



Окуучунун тема боюнча пикири





Үй тапшырмасы

Мамбетахунов Физика 7-кл. § 4