СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Нюьтон жөнүндө билишет

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Исак Нюьтон жөнүндө маалыматка ээ болот

Просмотр содержимого документа
«Нюьтон жөнүндө билишет»

Исаак Ньютон


Ньютон, Исаак (1702).

Сэр Исаак Ньютон (англ. Sir Isaac Newton, григориандык жылсанак боюнча - 1642-жылдын 25-декабрында туулуп, 1727-жылдын 20-мартында өлгөн, ал эми юлий календары боюнча – 1643-жылы 4-январда туулуп, 1727-жылдын 31-мартында кайтыш болгон) – британдык атактуу физик, математик жана астроном. Ньютон азыркы доордогу физика илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.

Кыскача өмүр таржымакалы

Исаак Ньютон (англ. Sir Isaac Newton) 1642-жылдын 25-декабрында Улуу Британияда туулган.

Анын “Табигый философиянын математикалык башаттары” аттуу фундаменталдык эмгегинде дүйнөлүк тартылуу күчү мыйзамы жана классикалык механиканын калыптанышына өзөк болгон үч физикалык мыйзам баяндалган. Ньютон дифференциялык жана интегралдык эсептөө, түстүүлүк теориясы жана башка математикалык жана физикалык теорияларды иштеп чыккан.

Анын атасы Улуу Британиянын бөлүгү - Англиянын Линколншир жергесиндеги Вулсторп кыштагында өзүнө тың орто чарба дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы ал төрөлө электе көз жумган. Ымыркайга Исаак деп атасынын ысымын коюшкан.

Ымыркай кезинде оорулуу болуп өскөн менен, Исаак Ньютон узак жашап, 84кө чыгып дүйнөдөн өткөн.

Ньютон 1661-жылы Кембриж шаарындагы даңазалуу университеттин Тринити-коллеж (Ыйык Үчүлтүк Кудай коллежи) окуу жайына өтөт. Андан соң ал 30 жыл бою дал ушул коллежде окуп жана эмгектенген.

Сэр Исаак Ньютон 1727-жылдын 20-мартында атажуртунда өлгөн.