СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ноберттин омур жолу

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

ноберттин омур жолун билишет

Просмотр содержимого документа
«Ноберттин омур жолу»

Өмүр жолу

Норберт Винер 1894-жылдын 26-ноябрында еврейдин үй-бүлөсүндө туулган. Берта Кан деген энеси Германиялыктардын тукумунан. Атасы Лео Винер (1862—1939-ж.ж.) Варшавада медицинаны, инженердик ишти Берлинден окуган, АКШга көчүп келгенден кийин Гарвард университетинде славян тилдери жана адабияты кафедрасынын профессору болуп иштеген.
Винер 4 жашында эле атасы китепканасына киргизет, 7 жашында ал дарвинизм боюнча биринчи илимий чыгармасын жазган. Норберт орто мектепте чынында окуган эмес.
Бирок 11инде барктуу Тафт-колледжге кирет, 3 жылдан кийин аны көркөм өнөр бакалавры даражасы менен мыкты окуп бүтүрөт.

Норберт Винер 18 жашында математикалык логика боюнча Корнелль жана Гарвард университеттеринде философиянын доктору наамын алат. 19 жашында доктор Винер Массачусетс технологиялык институтуна математика кафедрасына чакырылат.

1913-жылы 19 жаштагы Винер Европага саякатка чыгат, Кембрижде Б. Рассел менен Г. Хардинин лекцияларын, ал эми Гёттингенде Д. Гильберттин лекцияларын угат. 1914-жылы согуш башталгандан кийин Америкага кара келет. Европада окуп жүргөндо университеттердин гезиттерине жазып көрөт, өзү да лекция окуйт, заводдо да 2 ай инженер болуп иштейт.

1915-жылы фронтко барууга аракет кылат, бирок көзү начар болгондуктан медкомиссиядан өтпөй, армияга барбай калат. 1919-жылы 25 жашында доктор Винер Массачусетс технологиялык институтуна математика кафедрасында окутуучу болуп калат.
1920—1930-жылдарда ал кайра Европага келет. Бул жылдарда жылдыздардын радиациялык тең салмактуулугу теориясында Винер-Хопф теңдемеси түзүлөт. Винер Пекинде Цинхуа университетинде лекциялар курсун окуйт. Ушул жылдарда ал Н. Бор, М. Борн, Ж. Адамар жана башка белгилүү окумуштуулар менен таанышат.
1926-жылы Маргарет Енгерманга үйлөнөт.