4-класстын окуучуларынын билим алуу жетишкендиктерин улуттук деӊгээлде баалоо (ОБЖУБ) ( НООДУ)
Окуучулардын билим алуу жетишкендиктерин улуттук деӊгээлде баалоо (ОБЖУБ)изилдөөсү Кыргызстанда төрт жолу өткөрүлду.
1-изилдөө: 2007-жылы “Айылдык билим берүү” долбоору 2-изилдөө: 2009-жылы “Айылдык билим берүү” долбоору 3-изилдөө: 2014-жылы READ долбоору 4-изилдөө 2017-жылы ББОУБ
Изилдөөнүн предметтик багыттары:
- Окуу жана түшүнүү
- Математика
- Мекен таануу
ОБЖУБ куралдары
- ТЕСТТЕР
- ОКУУЧУ ҮЧҮН АНКЕТА
- МУГАЛИМ ҮЧҮН АНКЕТА
- МЕКТЕП АДМИНС-ТРАЦИЯСЫ ҮЧҮН АНКЕТА
БИЛИМ АЛУУ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИНИН ТӨРТ ДЕҢГЭЭЛИ
- БАЗАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕН ТӨМӨН (1-ДЕҢГЭЭЛ)
- БАЗАЛЫК ДЕҢГЭЭЛ (2-ДЕҢГЭЭЛ)
- БАЗАЛЫКТАН ЖОГОРУ ДЕҢГЭЭЛ (3-ДЕҢГЭЭЛ)
- ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛ (4-ДЕҢГЭЭЛ)
ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮУ ТЕСТИ
- БАРДЫК ТАПШЫРМА 80- СУРОО
- ТЕКСТТИН ТҮРЛӨРҮ: 1. Адабий билим алуу
үчүн
2. Маалымат алуу үчүн
Тапшырмалардын түрлөрү
1. Жабык турдөгү тапшырма
Жоопту тандоо керек болгон тапшырмалар; (торт варианттан бир жоопту тандайт)
2.Ачык турдогу тапшырмалар:
А. Кыска жоопту жазып бериш керек болгон тапшырмалар; ( жоопту бир же бир нече же кыска суйлом менен жооп жазат) Б. Жообун толугу менен тушундуруп бериш керек болгон тапшырмалар (оз ой жугуртуусун чечмелеп жазып, мисал келтирип,жапылап тыянак чыгарып берет)
ОКУУ АСПЕКТТЕРИ
- 1 . тексттин жалпы түшүнүгү;
- 2. текстти чечмелөө;
- 3. окурман менен тексттин
- байланышы;
- 4. тексттин формасынын
- мазмундуулугу
-
-
ТЕКСТТИН ЖАЛПЫ ТҮШУНҮГУ
- тексттеги негизги ойду / теманы аныктай билүү ;
- тексттен керектүү маалыматты таба алуу ;
- тексттен кайсы маалыматты алса болорун / болбосун аныктай алуу.
Мисалы: МАЛИНА Тексттен керектүү маалыматты таба алуу билгичтиги Тапшырма: Тексттен малинанын дарылык касиети жөнүндө айтылган сүйлөмдү көчүрүп жаз. ____________
Тексттин башкы оюн /темасын аныктай алуу Тапшырманын мисалы: АШКАБАК Бул тексттин башкы максаты эмне жөнүндө айтып берүү? (А) Ашкабактын ар кандай түрлөрү жөнүндө (Б) Ашкабак өскөн жерлер жөнүндө (В) Ашкабакты колдонуунун ыкмалары жөнүндө (Г) Ашкабакты өстүрүүнүн шарттары тууралуу
Тексттен кандай маалыматты алса болорун / болбосун аныктоо мисалы: АКЫЛМАН КЫЗ Бул жомоктон сен кайсы суроонун жообун таба аласыӊ? (А) Эмне үчүн хан аялынын өзүнөн башка бирөөгө кеңеш берүүсүн каалаган эмес? (Б) Жигит хандын алдында эмнеси менен күнөөлүү болгон? (В) Эмне үчүн Даанышман күйөөсүнө берген убаданы бузган? (Г) Ханга жигиттин калпы ачылып калганда, жигитке эмне болду?
Текстти чечмелөө – бул текстти бир бүтүн бойдон эмес, ар кайсы бөлүктөргө бөлүп караган окуу аспектиси. Бул аспектте төмөнкү билгичтиктер текшерилет: 1. Текстте сүрөттөлгөн окуялардын жана кубулуштардын себептерин аныктай алуу; 2. Каармандын иштерин жана сөздөрүн түшүндүрө билүү;
3. Каармандын мүнөзүнүн негизги сапаттарын аныктай алуу; 4. Контекстке жараша сөздүн же айтымдын маанисин түшүнүү маалыматты жалпылап, өз алдынча тыянак чыгара алуу. 5. Окуучу алынган билимди системалаштыра алат
Сүрөттөлгөн окуялардын себептерин аныктай алуу билгичтиги Тапшырманын мисалы: ДИНОЗАВРЛАР Эмне үчүн текстте ДИНОЗАВРЛАР деген аталыш жаңылыш болгон деп айтылган? Жообуңду жаз.___________________________________________________________
Алынган маалыматты системалаштыруу билгичтиги боюнча 6 тапшырма бар Тапшырманын мисалы: ДИНОЗАВРЛАР Төмөн жактагы динозаврлардын кайсынысы жырткыч болгон? (А) Диплодок (Б) Тиранозавр (В) Стиракозавр (Г) Атоподентатус
Контекстке жараша сөздүн же айтымдын маанисин аныктай алуу билгичтиги Текстте “Куштун канатындагы жан бактыларды кумурскалар ыракаттанып жеп алышат”, - деп жазылган. Тексттин автору эмнени “жан бакты” деп атайт? (А) Куштарды (Б) Кумурскаларды (В) Куштун канатынын астында жашаган курт-кумурскаларды (Г) Токойдо же талаада жашаган курт-кумурскаларды
Каармандын мүнөзүнүн негизги сапатын аныктоо боюнча 3 тапшырма бар Тапшырманын мисалы: БОЛОР-БОЛБОС ИШ Бул текстте Климдин кандай мүнөзү көрсөтүлгөн?_____________
Окурман менен тексттин ортосундагы байланыш тексттин аталышы менен иштей алуу; тексттин акыл-насаат берүүчү маанисин таба алуу; далил келтире алуу; тексттин мазмунун өзүнүн дүйнө жөнүндө билими менен байланыштыра алуу.
Тексттин аталышы менен иштөө билгичтиги боюнча КАРЫЛАРДЫН АКЫЛМАНДЫГЫ Төмөн жакта келтирилген аталыштардын кайсынысы бул жомокко калгандарынан көбүрөөк туура келет? (А) Таш боор падыша (Б) Боорукер кеңешчи (В) Эмгекчил кумурскалар (Г) Куткарып калган кеңеш
Тексттин мазмунун окуучунун дүйнө жөнүндө билими менен байланыштыра алуу билгичти мисалы: МАЛИНА Жазында жаан-чачын көп болгондо, балчы бал челектерин малина өскөн жерге жакыныраак жайгаштырса, ал бал ала алабы? Өз жообуңду түшүндүрүп жаз.
"Тексттин формасынын мазмундуулугу" Текстти бул аспектте карап чыгуу анын уюштурулушун талдоону көздөйт. 4-класстын деңгээлинде бул аспектте окуучунун тексттин турлөрүн жана жанрларын айырмалай алуу билгичтиги текшерилет.
Тапшырманын мисалы: КИЧИНЕ КУРАКТАГЫ МАЙМЫЛДАР Бул текст – жомок, анткени (А) анда кичинекей маймылдар жөнүндө айтылат (Б) бала маймылдар зоопарктан качып кетишип, көчөдө чуркап жүрүшкөн (В) бала маймылдар өздөрүн адамча алып жүрүшкөн (Г) анда бала маймылдарды кароосуз калтырганга болбой тургандыгы айтылат
ЖАНЫБАРЛАР ЖӨНҮНДӨ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР Бул текст кандай китеп үчүн көбүрөөк туура келет? (А) Көркөм аңгемелер жыйнагы үчүн (Б) Балдар энциклопедиясы үчүн (В) Жомоктор жыйнагы үчүн (Г) Уламыштар (легендалар) жыйнагы үчүн
Мекен таануу боюнча тесттер 1. “Жандуу жаратылыш” 2. “Жер жана космос” 3. “Физикалык дүйнө”
“ Жандуу жаратылыш” багытында сунуш кылынган тапшырмалар 4-класстын окуучуларынын өсүмдүктөр, жаныбарлар жана адам физиологиясы, жандуу организмдердин табигый коомдоштуктагы өз ара байланыштары, табияттын адам жашоосундагы мааниси жөнүндө сабак учурунда алган билимдерин пайдалануу билгичтигин текшерет.
“ Жер жана космос” багыты Аалам, жашоо булагы катары Күн, Күн системасынын планетасы катары Жер жөнүндөгү, жер бетин тартуунун ыкмалары жөнүндөгү түшүнүктөрдү, т.а. физикалык география менен астрономиянын негиздерин камтыйт.
“ Физикалык дүйнө” багытына жансыз жаратылыш объектилери: суу менен абанын касиеттери жана мааниси, топурактын курамы, пайдалуу кендердин түрлөрү, касиеттери жана пайдаланылышы, айлана-чөйрөнүн булганышынын булактары жөнүндөгү билимдерди пайдалана билүүнү текшерген суроолор киргизилген
4-класстын окуучулары математика боюнча эмне билип, эмне жасай алышат?
1. Бир жоопту тандаш керек болгон жабык түрдөгү тапшырмалар, 2. Кыскача жоопту жазыш керек болгон ачык түрдөгү тапшырмалар 3. Жообун толук түшүндүрүп жазыш керек болгон ачык түрдөгү тапшырмалар.
Кыска жоопту жазып берүүнү талап кылган тапшырманын мисалы: КИТЕП Бакытта 10 сом бар болчу, апасы ага дагы 300 сом берген, бирок китепти сатып алууга Бакытка 90 сом жетпей калды. Китеп канча турат? Жооп: ______ сом
Толугу менен жазып берүүнү талап кылган тапшырманын мисалы: ТУРИСТТЕР Үч маршрут менен – жөө, атчан менен жана велосипед менен 40 турист жүрүшкө чыккан. Жөө жана атчан жүрүштөргө 28 турист катышкан, ал эми жөө жана велосипед жүрүшүнө 24 турист катышкан. Канча турист жүрүшкө жөө чыккан? Чыгарылышын жазып бер.
Башталгыч мектеп окуучуларынын математикалык сабаттуулугуна баа берүү үчүн баалоо стандартында төмөнкүдөй бөлүмдөр белгиленген: «Сандар жана эсептөөлөр», «Чоңдуктар жана аларды ченөө», «Алгебранын элементтери», «Геометриянын элементтери», «Маалымат талдоонун элементтери».
КӨҢҮЛ БУРГАНЫ-ҢЫЗДАР ҮЧҮН ЧОҢ РАХМАТ!!!