Просмотр содержимого документа
«Нооруз майрамы -тируулуктун майрамы»
Нооруз майрамы-тирүүлүктүн белгиси
№ 42 Самат Ашимов атындагы орто мектеби мекемесинин 5-б классынын мугалими Муратова Жыпаргүл Абдраимовна
Нооруз-жаз алып келген «Жаңы күн» майрамы.
Нооруз майрамын салттуу ритуалсыз элестетүү мүмкүн эмес.Арча түтөтүп,айлананы жамандыктан тазалоо кыргыздардын турмушундагы табигый нерсе.
Күн менен түн тогошкон 21-мартты чыгыш элдери Нооруз же «Жаңы күн» деп кылымдар бКою белгилеп келет.
Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдынн маңызы сакталып,чыныгы элдик майрам бойдон калууда.
Эң байыркы Нооруз майрамынын башаты Чыгыш Иранда жер иштетүү маданияты менен байланыштуу.Бул майрам тууралуу эң алгач байыркы «Авеста» китебинде айтылат.
Бул китепте айтылгандай,адамдар Жер үстүндөгү жашоонун пайда болгонун ар жылы жазында белгилеп келишкен.
Нооруз-дыйканчылык майрамы да болуп эсептелет.Андыктан эзелтен келе жаткан салт боюнча дасторконго жети түрлүү даам коюлат.
Ноорузда даярдалган эң башкы салттуу тамактардын бири-сүмөлөк.Бул майрамды сүмөлөксүз элестетүү мүмкун эмес.Ал эми дул даамдын даярдалуусу өтө кылдаттыкты жана убакытты талап кылат.
Нооруз майрамы илгертеден эле чоң салтанат менен майрамдалып келген.Ага бүткүл кыргыз уруулары катышчу.Нооруз күнүндө согуштар токтотулуп,уруу аралык кастыктар жоюлуп,таарынгандар элдешип,жүрөктөргө жылуу сезимдер келген.
Майрамдын өзөгүн элдин байыртан келаткан салт-санаасы,үрп-адаты,оюн-тамашасы түзгөн.Ат чабылып,балбандар күрөшкө түшүп,оюндар уютурулат.
Дагы бир жылды артка таштап,Ноооруз майрамы босогодо турат.Бул күндү жагымдуу маанай менен күтөлү!