| Саламдашуу Жагымдуу маанай ꓬй ташырмасын суроо Күтүлүүчү натыйжа Жаңы тема Суроо берүү Музыка уктуруу Музыкалык тыныгуу Ырды үйрөтүү Бышыктоо ꓬй тапшырма | Саламдашуу Мугалим окуучуларга жылмаюу менен жакшы сөз айтуу менен сабакты баштайт. - 8-март кандай майрам? -чоң эне, апа, эже, карындаштарга кандай белек камдайсыңар? Нооруз – Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш элдери илгертеден бери майрамдашып келе жатышкан жаңы жыл, жаз майрамы болуп эсептелет. Ал күн менен түн теңелген мезгилде, 21-март күнү белгиленет. Жер жашылданып, көктөм баралына келет. Жаратылыштын мына ушул кыймылга кирүү мезгилин күтүшкөн ата – бабаларыбыз жыл эсебинин башталышын улуу майрам катары Нооруз – жаңы жыл, жаңы күн деп белгилешкен. Бул күнү кыргыздар арча күйгүзүп, үй ичин жана мал короо- жайын «Алас, алас! Ар балээден калас! Эски жыл кетти, жаңы жыл келди», «Жер жарылып, чөп чык, желин айрылып, сүт чык» деп аласташкан. Ошондой эле адамдар бири – бирине жаңы жылдык жакшы каалоолорун билдиришкен, сый белектерин тартуулашкан. Балдар, силерге бул майрам жагабы? Эмне үчүн бул майрамды ата-бабаларыбыз «Жаңы жыл»-деп атаган? «Нооруз» майрамы эмнеси менен өзгөчөлөнөт? «Нооруз майрам» музыкасы Г. Эсенгулованыкы. Бул ыр эмне жөнүндө? Ыр кандай мүнөздө жазылган? Ырды угууда силер эмнелерди элестете алдыңар? Бул ырга сүрөт тартууда силер кандай боекторду колдоноор элеңер? Кана балдар, баарыбыз ордубуздан турабыз да музыканын коштоосунда кыймылдарды аткарабыз. Окуучуларды ырдоого үндөрүн даярдоо үчүн, ырдоо көнүгүүлөрдү мугалимдин жардамы менен аткаруу. «Жарамазан» , музыкасы, сөзү элдики, иштеп чыккан А. Жээнбай. Ыр силерге жактыбы? Силер мурда жарамазан айтып көрдүңөр беле? Бул ырда эмнелер жөнүндө айтылып жатат? Нооруз кандай майрам? Бул майрамды кимдер майрамдащат? Нооруз майрамында дасторконго кандай тамактар коюлат? Нооруз майрамы тууралуу композитордун чыгармасын угуп, кандай сезимде калдыңар? 1.Нооруз тууралуу айтып берүү. 2.Ырды жаттоо. | Мугалим менен саламдашышат Окуучулар суроолорго жооп беришет, толукташат. Окуучулар мугалимдин жардамы менен берилген суроолорго жооп беришет. Окуучулар чыгарма тууралуу өз ойлорун айтышат. Мугалим менен биргеликте чогу аткарышат Чогу ырдашат Өз ойлорун айтышат. Окуучулар мугалимдин жардамы менен берилген суроолорго жооп беришет. | НК1 НК2 НК3 НК1 НК2 НК3 НК1 НК2 НК3 НК1 НК2 НК3 НК1 НК2 НК3 НК1 НК2 НК3 НК1 НК2 НК3 НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 ПК3 ПК1 ПК2 ПК3 ПК1 ПК2 ПК3 ПК1 ПК2 ПК3 ПК4 ПК1 ПК2 ПК3 ПК4 ПК1 ПК2 ПК3 ПК4 ПК1 ПК2 ПК3 ПК4 ПК2 ПК3 | |