СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Нооруз майрамын тосуу

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Нооруз майрамын тосуу»

Сабактын темасы: Нооруз майрамы


Сабактын максаты:

Окуучулар ата-бабадан мурас катары отуп, ушул кунго келип жеткен Нооруз майрамы тууралуу тушунук алышат. Ыймандуулукка, адептуулукко, ата-эне, эл-журт алдындагы милдетин сезе билууго, улуу муундарды сыйлай билууго тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: дубал газета, улуттук буюмдар, ноутбук

Сабактын журушу:


- Алас, алас, алас,

Ар балээден калас.

Айдан аман, жылдан эсен бололу.

Жакшылыкты тенир берди,

Жарык күндү кеңири берди,

Орообуз данга толсун!

Оозубуз нанга толсун!

 Нооруз майрамыныздар куттуу болсун, 

                    Үйүңөргө бакыт консун.

                    Башыңарга баш кошулуп,

                    Даныңарга дан кошулсун.

  Ууртуңардан күлкү,

                     Жүзүңөрдөн нур кетпесин!

                     Быйылкы жыл жакшылыктын

                     Токчулуктун жылы болсун.

Байыркы Чыгыш элдеринде, ошонун ичинде кыргыздарда 2000 жылдан ашуун убактан бери кун менен тундун теңдешкен кунун жаңы жыл – Нооруз дешкен.

Нооруз – фарсы тилиндеги нав-жаңы, руз-күн деген сөзүнөн алынган. Ал бара-бара турк тилдериндеги элдерге төл сөз катары өтөт.

Нооруз – 

- Жаркыраган жаздын

- Жаштык жигердин

- Күжүрмөн эмгектин

- Жакшы тилек умуттун

- Биримдуулуктун

- Кайрымдуулуктун

- Боорукердиктин

- Ыймандуулуктун

- Адилеттуулуктун

- Таттуу, даамдуу жайыл дасторкондун майрамы.

 Келди Нооруз жер энебиз нан берсин,

                    Жериме көк, жер жайнаган мал берсин,

                    Канат бутак өсүп, тукум жаңырып,

                    Бешиктерге бакыт шерик жан берсин.

Келди Нооруз, жаңырып кун, жаңы тилек,

                     Өмүргө бир кылчайып ойлонуучу.

                     Белгилеп амандыгын ар бир адам,

                     Кубаныч ар бир үйдө тойлонуучу.

    Келди Нооруз, дил майрамы жаркыраган,

                      Күндүн нуру төгүлүп дүйнө шаңдуу.

                      Өлбөгөн жан жазды көрдү кубанып,

                      Кыбырап күнгө умтулду бардык жандуу.

    Нооруз жалган куран айынын 20сынан 21ине караган түнү өткөрүлгөн. Бул кунду баары: кары-жашына карабай чыдамсыздык менен кутушкөн.

Алар жаңы жылга жаңы кийимдерди даярдашкан. Алсак, карыялар, байбичелер ак, жашыл түстүү кездемелерден кийимдерди, көйнөктөрдү кийишкен.

Ушул куну колунда барлар бей-бечараларга кайыр-садага беришкен.

 Ушул күнү Баба дыйкандар мол түшүмдү сурашып, үрөндү жакшылыкка жумшалсын деп себишкен.

 Ушул күнү айыл-ападагылар жаңы жыл бизге оттой ысык жашоону алып келишсин дешип, балбылдата от жагышып, тегеренип бий бийлешкен.Ушул күнү ага-туугандар, достор, коңшу-колоңдор бири-бири менен таарынышып журушсө, элдешишкен жана кечирим сурашкан.

Ошентип, алардын биринин да көкүрөгүндө кири калбаган.

 Мына ушунусу менен Нооруз майрамы барктуу да, данктуу да болгон. Ошентип, Нооруз майрамын жылга-жыл улаар, өмүргө-өмүр улаар – улуу күндү тосуп алдык.

Куш келипсиз Нооруз!

Жер жарылып чөп чыгып,

Желин айрылып сүт чыксын.

Ар балээ бизден алыс болсун,

Дасторкон жайылып береке толсун. Ноорузга арналган тамак-аштын эң сыйлуусу, өткөрө сыйлуусу сүмөлөк менен чоң көжө болгон. Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө, эл ичинде ар кандай уламыштар айтылат, алардын бирин угуп көрөлү:

   Илгери өткөн заманда, жаркыраган жаздын алгачкы айында, калкты ачарчылык каптайт. Эл ичин өлум-житим аралайт. Жумурай-журттун айласы куруп, самандай сапырылат. Ошол заманда бир аялдын көп балдары бар экен . Кыйынчылык , жокчулуктан балдарынын жей турган тамагы жок . Алар тамак сурап ыйлашат. Эне эмне айла кылаарын билбей чоң казанга сууну куюп, ташты салып, кайната баштайт. Балдарына “мына азыр оокат бышайын деп калды” деген жоопту айтып, ыйлап,  оттон жагып олтуруп , балдары да өзү да уктап калышат . Эртең менен ойгонуп карашса казандагы таш кайнап , сүмөлөккө айланып калганын көрүшөт . Мына ошондуктан сүмөлөк сырдуу дагы ыйык дагы тамак деп аталып калган дешет .

   Сүмөлөк жасаш үчүн адегенде буудайды жууп, тазалап алабыз . Аны тегиз тактага жайып , күнүгө суу куюп турабыз . Ал жети күндө даяр болот, өнүп чыккан буудайдын узундугу 1-2 см ден ашыш керек. Буудай көп өсүп кетсе сүмөлөк кычкыл, даамсыз болуп калат. Өнүп даяр болгон буудайды жанчып, сууга салып сүзүп алабыз . Сүзүп алынган сууларды казанга куябыз. Сүмөлөккө сүзүп алынган суу, ун, 40 таш салынат . Жакшы тилек айтып , сүмөлөктү тынбай аралаштырып туру керек. Сүмөлөк эң узак 6-8 саат кайнап быша турган тамак. Сүмөлөктү баштаардан мурда жети токоч салынат . Жети күндө буудай өнөт. Жети саны кыргыз үчүн ыйык сан. Нооруздун дагы жети түрдүү тамагы бар. Алар: сүмөлөк, көк самса, бадырак, май талкан, эжигей, ширин күрүч , курут .

Сабакты жыйынтыктоо . 

2010-жылы БУУ адамзаттын маданий мурасы деп жарыя кылып, “Бардык элдердин Эл аралык майрамы” деп бекитип берген.

    Үй тапшырмасы Сурот тартуу