СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
ТАРБИЯЛОО-БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИ
2021-2022 окуу жылына карата бир жылдык иш чаралардын
планы.
Өзгөн райондук билим берүү борбору.
«Нурдин» атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму.
Көйгөй :
Бала бакчада тарбиялануучу балдардын инсандык сапаттарын
калыптандырууга багытталган тарбиялоонун ыкмаларын жана
формаларын издөөнүн үстүндө иш алып баруу.
Милдеттер:
Мектепкечейинки курактагы балдардын ден соолугун чыӊдоонун жана физикалык жактан тарбиялоонун
эффективдүү формаларын ишке ашыруунун үстүндө иш алып барууну улантуу.
Практикалык жана оюн иш аракеттер айкалышкан усулдук ыкмаларды колдонуу менен мектепке чейинки
курактагы балдардын акыл эсин өнүктүрүүчү, чыгармачылык жана вариативдик ойлонуусун өстүрүүчү, өз алдынча ойлонууга жана иш алып барууга жөндөмдүүлүгүн калыптандыруучу каражат катары колдонулуучу сенсордук жана математикалык билимдерин өнүктүрүүгө шыктандыруу.
Билим берүүчү маалыматтар жана оюн аркылуу балдардын социалдык тажрыйбасын байытууга
багытталган ишти улантуу.
Максаты:
Ар бир тарбиялануучунун кызыкчылыгын, мүмкүнчүлүгүн жана анын өнүгүүсүндөгү социалдык абалын эске алуу менен чоӊдор менен балдардын тыгыз байланышын камсыз кылган, заманбап билим берүүчү технологияны колдонуу менен окутуу процессин жүргүзүү.
1.бөлүм. Балдардын өмүрүн коргоо жана ден – соолугун чыӊдоо
№ |
Иш-чаралар |
Мөөнөтү |
Жооптуулар |
||||||||||
1. |
Туура тамактанууну уюштуруу. |
||||||||||||
|
1. Балдарга туура, сапаттуу жана балансталган тамактанууну камсыз кылуу.2. Санитардык эпидемиологиялык коопсуз тамактанууну камсыз кылуу, анын ичинде ашкананын санитардык абалы, алынып келинүүчү тамак-аштын сапаты, ташылып келиши, тамактын даярдалышы жана балдарга берилиши бардык санитардык талаптарга жооп берилиши. 3. Атайы тастыкталган тамактануунун нормаларын сактоо жана тамактын даярдалышынын сапатын текшерүүгө алуу. 4. Үчүнчү тамакты (суусундун) витаминдештирүү. |
Жыл бою |
ЖетекчиМед.айым |
||||||||||
2 |
Дене тарбиялык жана күн бою денени чыйралтуучу иш-чараларды уюштуруу |
||||||||||||
|
1. Эртеӊ менен көнүгүүлөр; 2. Дене тарбиялык сабактар;
3. Тыныгуу көнүгүүлөрү;
4. Сейилдөө учурундагы кыймылдуу оюндар жана дене тарбиялык көнүгүүлөр;
5. Спорттук майрамдар;
6. Спорттук көӊүл ачуулар;
7. Күн бою балдардын кыймыл активдүүлүгүн текшерүү:
8. Балдардын өмүрүн жана ден-соолугун коргоого, денени чыйралтууга жана дене тарбиялык тарбиялоого багытталган санитардык-агартуучулук иштерди жүргүзүү;
Балдардын денесин чыйралтуу: 1. Аба-күн ванналары 2. Суу процедуралары 3. Эс алдыруу. 4. Дем алдыруу көнүгүүлөрү 5. Өзүн –өзү укалоо. 6. Жеӊил кийим менен дене тарбиялык көнүгүүлөр.
|
КүнүгөЖумасына 3 жолу (сабактардын жүгүртмөсүнө ылайык) Күнүгө Күнүгө
Айына бир жолу
Айына бир жолу
Дайыма
Жыл бою
Жыл бою |
ТарбиячыларТарбиячылар
Тарбиячылар Тарбиячылар
Усулчу, тарбиячылар Тарбиячылар
Жетекчи Усулчу
Мед.айым Усулчу Тарбиячылар
Мед.айым Усулчу Тарбиячылар |
||||||||||
3. |
Балдар менен ден солукту чыӊдоочу- профилактикалык иштер. |
||||||||||||
|
1. Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптарына жооп берүүчү санитардык –гигиеналык тартипти түзүү.2. №171 МЧББУнун бардык топторундагы балдарды дене тарбиялык мониторингден өткөрүү. 3. Ооруга чалдыккандарды талдоо 4. Катышууну талдоо. 5. Белгиленген графиктин негизинде балдарды эмдөөдөн өткөрүү. 6. Профилактикалык медициналык кароодон өткөрүү.
7. Өздүк гигиенанынын эрежелерин сактоону жана аткарууну көзөмөлдөө. 8. Балдарга бала бакчанын шарттарына көнүү мезгилинде жекече мамиле кылуу. |
Дайыма
Тогуздун айы, Бугу Чейректе бир жолу Жыл бою Жылына эки жолу Жылына эки жолу
Жыл бою |
ЖетекчиМед.айым
Тарбиячылар
Мед.айым
Усулчу Тарбиячылар Усулчу Тарбиячылар |
||||||||||
4 |
Мертинүүнү алдын алуу |
||||||||||||
|
1. Балдарга жана алардын тегерегиндеги чоӊдорго мертинүү-коркунуч жагдайларды таанып билүүгө жана андан сактануунун жолдорун табууга үйрөтүүчүмаксатка багытталган тарбия берүү. 2. Балдардын өмүрүнө коркунуч алып келүүчү ыӊгайсыз жагдайларды жоюу. 3. Коопсуздук эрежелерин сактоо. |
Жыл бою |
ЖетекчиМед..айым Тарбиячылар. |
||||||||||
5 |
Ыӊгайлуу- абалды жана психологиялык чөйрөнү түзүү |
||||||||||||
|
1. Балдардын өнүгүүсү үчүн ыӊгайлуу шарттарды камсыз кылуу.2. Топтордо активдүүлүк борборлорун уюштуруу. 3. Балдарды интеллектуалдык жана психологиялык мониторингден өз убагында өткөрүүнү көзөмөлгө алуу. 4. Жылдык милдеттердин ийгиликтүү аткарылышына шарттарды түзүү. 5. Балдардын жаш курагына жана жекече керектөөсүнө ылайык предметтик-оюндук жабдыктар менен камсыздоо. 6. Бала бакча менен үй-бүлөнүн ортосундагы бирдиктүү ишти өнүктүрүү. |
Дайыма Аяк оона Аяк оона Бугу Жыл бою
Жыл бою
Жыл бою |
ЖетекчиУсулчу Тарбиячылар
|
||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
№2 бөлүм. Педагогикалык иштерди уюштуруу.
№ |
Педагогикалык кеӊештер |
Мөөнөтү |
Жооптуулар |
|
|||||||
1. |
№1 педагогикалык кеӊеш. |
|
|||||||||
|
1. Жайкы денени чыӊдоо мезгилинин иштерин жыйынтыктоо ( денени чыӊдоо иштерин талдоо; балдар менен жайкы мезгилдеги көӊүл ачууларды блиц – талдоо)2. Жаӊы окуу жылына МЧББУнун даярдыгын талдоо. 3. МЧББУнун жылдык планын, окуу планын жана жаш педагогторго устатттарды бекитүү. 4. 23-сентябрь Мамлекеттик тил майрамына карата айлык планды бекитүү. 5. Доклад : «Мамлекеттик тилдин мектепке чейинки курактагы балдарга окутулушунун мааниси» 6. Жаӊы окуу жылына эӊ жакшы даярдык кароо сынагын жыйынтыктоо.
|
Баш оона |
МЧББунун жетекчисиУсулчу |
|
|||||||
2. |
№2 педагогикалык кеӊеш |
|
|||||||||
|
«Математикага балдар менен педагогдордун көз карашы» ишкердик оюн1. Коюлган көйгөйдүн маанилүүлүгү жөнүндө билдирүү. 2. Көнүгүү : «Элементардык математикалык түшүнүктөр менен тааныштырууда балдардын курактык өзгөчөлүктөрү» 3. Иш тажрыйбасынан билдирүү: «Балдар менен иш алып барууда оюнду алмаштыруучу материалдарды колдонуу» 4. «Математикалык колдонмо» (жасалган окуу куралдарды коргоо) 5. Тематикалык текшерүүнүн жыйынтыгы: «Мектепке чейинки курактагы балдардын элементардык математикалык түшүнүктөрүн өнүктүрүүдөгү тарбиячылардын эффективдүү иш алып баруусу»
|
Жетинин айы |
МЧББунун жетекчисиУсулчу |
|
|||||||
3. |
№3 педагогикалык кеӊеш |
|
|||||||||
|
«Мектепке чейинки курактагы балдардын таанып билүү өнүгүүсү»1. Билдирүү: «Таанып билүү өнүгүү» 2. Ишкердик оюн: «Суроо – жоо» 3. Билим берүүчүлүк сабактын план конспектисин иштеп чыгуу жана коргоо (топ боюнча) 4. Балдардын таанып билүү өнүгүүсүнүн моделин иштеп чыгуу: – иш-аракеттин максаты; – иштин багыты; -иштин формасы; -жыйынтыгы. 5. Желек, ак калпак, Нооруз майрамдарын өткөрүүнү уюштуруу.
6. Таанып билүү өнүгүү боюнча дидактикалык материалды презентациялоо. |
Үчтүн айы |
Усулчу Тарбиячылар |
|
|||||||
4. |
№4 педагогикалык кеӊеш |
|
|||||||||
|
1. №171 МЧББУнун педагогторунун окуу жылында жүргүзгөн иш аракеттеринин жыйынтыгын чыгаруу.
2. Тарбиялоо – билим берүү процессинин жыйынтыктдры: -мониторингтин жыйынтыгы; -балдардын мектепке психологиялык жана социалдык даярдыктары; -МЧББУда педагогикалык процесстин сапаттык мүнөздөмөсү; -балдардын ооруларга чалдыгуусун жана ден –соолуктарын чыӊдоону талдоо . -МЧББУнун иш-аракеттеринин (тамактандыруу, тарбиялоо, билим берүү) сапатуулугу боюнча ата-энелер арасында жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоонун жыйынтыгын талдоо. 3. Жайкы ден соолукту чыӊдоо мезгилинин планын бекитүү. |
Бугу |
МЧББУнун жетекчиси
Усулчу
Тарбиячылар
Мед.айым |
|
|||||||
|
МЧББУдагы мамлекеттик тил боюнча иштер. |
|
|||||||||
|
1. Педагогикалык кадрларды даярдоо.2. Топтордун, кыргыз тили кабинеттинин усулдук жана көргөзмө материалдар менен жабдылышына шарттарды түзүү. 3. Мамлекеттик тилдин окутулушуна педогогдорду жана ата-энелерди кызыктыруу. 4. Жетекчилик тараптан мектепке чейинки курактагы балдарга мамлекеттик тилдин сапаттуу окутулушун көзөмөлгө алуу. 5. Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө өбөлгө болчу иш –чараларды өткөрүү. |
Жыл бою. |
Жетекчи.Усулчу. Мамлекеттик тил боюнча мугалим. |
|
|||||||
3. |
Семинарлар. |
||||||||||
|
№1 семинар. «Тарбиячынын педагогикалык чебердиги» Максаты:педагогикалык компетенттүүлүктү ишке ашырууда базалык болгон педагогдордун билгичтигин калыптандыруу. 1 тур. Оюн «Суроо – жооп» 2 тур. «Өзүӊдүн имиджиӊди түз» 3 тур. Оюн «Бешке беш» 4 тур. Педагогикалык абалдан чыгуу. Тарбиячынын орду.
|
Тогуздун айы
|
Усулчу.Тарбиячылар.
|
||||||||
|
№2 семинар «Бала бакчадагы проектик иш аракеттер»Максаты: проектирлөөнүн технологиясын колдонуу менен педагогдордун чыгармачылык жана кесиптик акитивдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп берүү. 1. Билдирүү «Проектик иш – аракет деген эмне?» 2. Психологиялык көнүгүү 3. Поект иштеп чыгуу «Дүйнөнү тааныйбыз» 4. Семинарды жыйынтыктоо |
Бирдин айы |
Усулчу.Тарбиячылар. Кыргыз тили мугалими. Музыкалык жетекчи |
||||||||
4. |
Ачык сабактар |
||||||||||
1. |
«Күздүн сыйкырдуу сандыкчасы».Айлана – чөйрө менен таанышуу. |
Жетинин айы |
Ортоӊку топтун тарбиячысы |
||||||||
2. |
«Менин көӊүлдүү, шаӊкылдаган тобум»Дене тарбия. |
Жетинин айы |
2-кенже топтун тарбиячысы |
||||||||
3. |
« Жомоктогудай канаттуулар».Сенсордук тарбиялоо боюнча |
Үчтүн айы |
1-кенже топтун тарбиячысы |
||||||||
4. |
« Деӊиздеги укмуштуу окуя» Сабаттуулука окутуу. |
Үчтүн айы |
Даярдоо тобунун тарбиячысы |
||||||||
5. |
«Кутучадагы күтүлбөгөн сыйлык»ЭМТК |
Бирдин айы |
Жогорку тобунун тарбиячысы |
||||||||
6. |
«Жазгы саймалар»Сүрөт тартуу |
Чын куран |
Ортоӊку топтун тарбиячысы |
||||||||
7. |
Бардык курактагы топтордо жыйынтыктоо сабактар |
Бугу |
Бардык тарбиячылар |
||||||||
5. |
Кароо сынактар, балдардын чыгармачылык көргөзмөлөрү, фото көргөзмөлөр. |
||||||||||
1. |
Кароо-сынак «Жаӊы окуу жылына даярдык» |
Баш оона |
ЖетекчиУсулчу |
||||||||
2. |
Жашылчалардан жасалма көргөзмөсү « Күзгү букет» |
Тогуздун айы |
Тарбиячылар |
||||||||
3. |
Сүрөт көргөзмөсү « Менин -Кыргызстаным» |
Жетинин айы |
Тарбиячылар |
||||||||
4. |
Сүрөт көргөзмөсү « Кыш кылыгы » |
Үчтүн айы |
Тарбиячылар |
||||||||
5. |
Майрамдык стенгезиттер кароосу |
Жалган куран |
Тарбиячылар |
||||||||
6. |
Фото көргөзмө « Жеӊиш күнү» |
Бугу |
Тарбиячылар |
||||||||
6. |
Тарбиячыларга кеӊештер |
||||||||||
1. |
«Бала бакчада көргөзмө жана таркатуучу материалдар менен сабактарды уюштуруу» |
Баш оона |
Усулчу |
||||||||
2. |
«Мектепке чейинки курактагы балдарды сенсордук өнүктүрүү» |
Аяк оона |
УсулчуМед.айым |
||||||||
3. |
«Айлана чөйрөнү таанып – билүүдө, кабыл алууда балдардын курактык өзгөчөлүктөрүнүн мааниси» |
Тогуздун айы |
Усулчу |
||||||||
4. |
«Сабактарда дидактикалык оюндардын мааниси» |
Жетинин айы |
Жетекчи |
||||||||
5. |
«Мектепке чейинки курактагы балдар менен сюжеттик ролдук оюндарды ойноо» |
Үчтүн айы |
Усулчу, Мамлекеттик тил мугалими |
||||||||
6. |
«Балдардын таанып билүү активдүүлүгүнүн өнүгүүсүндө үй-бүлөнүн ролу»» |
Бирдин айы |
Музыкалык жетекчи |
||||||||
7. |
«Интернеттин балдарга таасири». |
Чын куран |
Усулчу |
||||||||
8. |
Жай мезгилине даярдык |
Бугу |
Жетекчи |
||||||||
7. |
Иштин мыкты тажрыйбаларын окутуу, киргизүү, жалпылоо жана таркатуу |
||||||||||
|
– Иштин окутуу тажрыйбаларынын үлгүлөрүн аныктоо;-Педагогикалык аткаруулар; |
Жыл бою |
Усулчу |
||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3-бөлүм. Көзөмөл жана жетекчилик.
1. |
Педагогикалык иш -аракеттер |
|||
|
1. МЧББУда окутуу программасынын ишке ашышын көзөмөлдөө.-сабактарды жүгүртмөнүн негизинде өтүү; – сабактарга тарбиячылардын сапаттуу даярдыгын көзөмөлдөө; -балдарга жекече мамиле кылуу; -оюн иш аракеттерин уюштуруу. 2. 1 жана 2-кенже топтордо маданий –гигиеналык көндүмдөрдү үйрөтүү боюнча эскертүү текшерүүлөр. 3. Тематикалык текшерүү: «Мектепке чейинки курактагы балдардын элементардык математикалык түшүнүктөрүн калыптандырууда тарбиячылардын эффективдүү иши» 4. МЧББУнун ички тартибинин сакталышын көзөмөлдөө. |
Жыл бою Аяк оона –
Тогуздун айы
Жетинин айы – Үчтүн айы
Дайыма |
ЖетекчиУсулчу. |
|
2. |
Тамактанууну уюштуруу. |
|||
|
Тамактануунун нормаларынын талаптарын сактоо менен сапаттуу тамактын даярдалышын текшерүү, тамак аш сакталуучу, тамак аш даярдалуучу жана жардамчы бөлмөнүн санитардык абалын көзөмөлгө алуу. Тамак аштын берилишин текшерүү. Ашканадагы жумушчулардын жана тарбиячылардын жардамчыларынын өздүк гигиенанын эрежелерин сактоосун жана аткаруусун текшерүү. |
Жыл бою |
Жетекчи.Кампачы. Мед.айым |
|
3. |
Ички тартип |
|||
|
МЧББУДа эмгек тартибинин эрежелеринин сакталышын текшерүү. |
Жыл бою |
ЖетекчиПКнын төрайымы. |
|
|
|
|
|
|
4-бөлүм. Кадрлар менен иштөө.
№ |
Иш-чаралар |
Мөөнөтү |
Жооптуулар |
1. |
Жаш адистерге устаттарды бекитүү. |
Баш оона |
Жетекчи |
2. |
Педагогтордун квалификациясын жогорулатуу боюнча арыздарды кабыл алуу жана графиктерди түзүү. |
Аяк оона |
Усулчу |
3. |
Кызматкерлерди төмөндөгүлөр менен тааныштыруу:– нормативдик – укуктук иш кагаздар менен; – буйруктар менен; -Инструктаждар менен; – «Баланын өмүрүн жана ден соолугун коргоо» – «Өрт коопсуздугу» – «Техника коопсуздугу» – «Эмгекти коргоо» – «К.Рнын жемкорлукка каршы саясаты» – « Өзгөчө кырдаалдар учурунда балдардын өмүрүнүн коопсуздугун коргоо» Профсоюздук чогулуш « Иш планын бекитүү» Өндүрүштүк чогулуш « Эмгек тартибинин эрежелери» Өндүрүштүк чогулуш «МЧББУНун аймагын жыштоо» Профсоюздук чогулуш «Аткарылган иштер боюнча отчёт берүү» -Кенже тейлөөчү персоналдарга инструктаж : «Кызматтык нускамалар» -тейлөөчү персоналдарга кеп кеӊеш : «Имаратты санитардык жактан күтүүнүн талаптары жана дезинфекциялоо чаралары» |
Баш оона Дайыма
Чейректе 1 жолу
Аяк оона
Тогуздун айы |
Жетекчи.Кампачы. ПКнын төрайымы Жетекчи. Кампачы. Мед.айым |
Полезное для учителя![]() ![]() |