СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Нурдин Усеев..... .Кыргыз кагандыгы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Нурдин Усеев..... .Кыргыз кагандыгы»

Нурлин Усеев : «Кыргыз кагандыгы (VII-IX кк.) жазма эстеликтери II: тили жана тилдик дүйнө бейнеси, Бишкек, КТМУ, 2022" аттуу эмгегибизде илбирс тууралуу бөлүм



7.3.12.4.1. Барс



Кыргыздардагы илбирс тотеми тууралуу М.Дыйканбаева буларды белгилейт: кыргыздар илбирсти ыйык жаныбар катары көрүшөт. Ошондуктан илбирстин тырмактарын, жүнүн, куйругунун учтарын балдардын бешигине тагышат. Себеби булар баланы көз тийүүдөн сактайт. Эгер адамдын түшүнө илбирс кирсе, бул чоң жакшылыктын жышааны. Белгилүү болгондой, кыргыздардын баатырдык эпосторунда баатырдын энеси боюнда болгон учурда жолборстун жүрөгүнө талгак болот. Эненин мынтип жолборс жүрөгүнө талгак болушу төрөлө турган баланын баатыр боло турганынын белгиси катары эсептелген. Эл дагы ал баатырларды “жолборс”, “шер” деген сөздөр менен сыпатташкан. Мындай мисалдар кыргыздардын чоң эпосу Манаста көп учурайт (Dıykanbaeva, 2009: 130). Б.Өгел гунн мүрзөлөрүндө жолборс сүрөттөрүнүн көп учураганын, бирок жаныбарларга жакын түрк элдеринде эркек балдарга берилген адам аттарынан башка жерлерде көп кезикпегенин белгилейт (Öğel II, 1995: 535). Ошентсе да Энесай жазма эстеликтеринде барс же ирбис деген сөздөр менен берилген барс тотем катары башка жаныбарларга караганда көп учурайт: Йети бөри өлүрдим, барсыг, көкмекиг өлүрмедим (Жети бөрү өлтүрдүм, барстарды, бугуларды өлтүрбөдүм (Е 11, 4); Эге, ай, күлүг аз а, ирбис а! (Оо кудай, ай, атактуу аз, илбирс!) (Е 123); Йердеки барс тегиме эрдемлигиме бөкм(едим) (Жердеги барс тегиме (уруума), эрдемдүүлүгүмө (баатырдыгыма) тойбодум) (Е 28, 1).

“Йети бөри өлүрдим, барсыг, көкмекиг өлүрмедим (Жети бөрү өлтүрдүм, барстарды, бугуларды өлтүрбөдүм (Е 11, 4)” сүйлөмүндө жазма эстеликтин ээси жети бөрү өлтүргөнүн, бирок барс менен бугуну өлтүрбөгөнүн белгилейт. Окумуштуулардын басымдуу бөлүгү бул сүйлөмдөгү бөри (бөрү, карышкыр) сөзү аркылуу Энесай кыргыздары басып алган башка түрк урууларынын, барс жана көкмек (бугу) менен Энесай кыргыздарынын берилгенин айтышат (Малов, 1952: 34; Бернштам, 1946: 162-164; Бутанаев, Худяков, 2000: 123-126). Себеби алардын ою боюнча барс менен бугу Энесай кыргыздарынын тотемдери болуп эсептелген (Бернштам, 1946: 162-164; Бутанаев, Худяков, 2000: 123-126). Ушундан улам жазма эстеликтин ээси тотеми болбогон үчүн бөрүлөрдү өлтүрсө, тотеми болгондугу үчүн барс менен бугуну өлтүргөн эмес. Барстын тотем катары эсептелгенин “Йердеки барс тегиме эрдемлигиме бөкм(едим) (Жердеги барс тегиме (уруума), эрдемдүүлүгүмө (баатырдыгыма) тойбодум) (Е 28, 1)” сүйлөмүндөгү барс тегиме сөз айкашы жана урматына аталган сүйлөм жайгашкан жазма эстелик тургузулган Элиг Бөрт Опа Барстын атындагы барс сөзү да тастыктап турат. Барс тег сөз айкашы менен жазма эстеликтин ээсинин, тагыраак айтканда, Элиг Бөрт Опа Барстын барс уруусунан экендиги айтылса, адам атындагы барс сөзү анын кайсы уруудан экендигин чагылдырган уруулук ат компоненти катары колдонулган. Себеби адам аттарындагы барс сөзү мифологиялык, тагыраак айтканда, тотемдик түшүнүктүн таасири катары колдонулат (Тенишев жана башк., 2001: 640).

“Эге, ай, күлүг аз а, ирбис а! (Оо кудай, ай, атактуу аз, илбирс!) (Е 123)” сүйлөмүндө аталган жазууну жазган адам ыйык деп эсептелген аскага келип, кудайга жана илбирске жалбарып жатат. Демек бул жазууда илбирс анын атын алып жүргөн, аны тотеми катары эсептеген урууга колдоо көрсөткөн тотем катары орун алган.