Уюштуруу 2 минут | Саламдашуу, жоктоо, окуучуларды эки топко болуп алуу, жана мээге чабуул жасап, оюн бир жерге топтоп алуу максатында кагазда темага байланыштуу 15-20 нын тегерегиндеги сөздөрдү окуучуларга окуу берүү, алардын эске тутуусун текшерүү максатында кайсы топ көп сөз жазса ошол топту баало | Саламдашышат, окуу куралдарын сабакка даярдашат, эки топко бөлүнүп, айтылган сөздөрдү эске тутуп, жазышат. |
Үй тапшырмасын суроо 6 минут | Үй тапшырмасын карточкаларды таркатып, аларга жазылган суроолор боюнча сурап алабыз: 1.Төмөндө көрсөтүлгөн ар бир камтылган көптүктөр үчүн «бир түрү болуп саналат» катышы менен байланышы бар көптүктү атап бергиле («Бул эмне?» деген суроого жооп берүүчү жалпы аталышты атап бергиле): а) ат атооч; б) тик бурчтук; в) капилляр г) үтүр; д) окуу китеби; е) джойстик; ж) тамсил; 2. Төмөнкү тизмеден өз ара «түрү болуп саналат» катыштары бар алты түгөй көптүктөрдү тапкыла: китеп, бензин, врач, сүт, куруучу, окуу китеби, суюктук, сөздүк, адам. Ар бир түгөйдө камтылган көптүктүн аталышын аныктагыла. Бул түгөй үчүн жок дегенде бир кошумча касиет атагыла. 3. Ар бир пунктта класстар боюнча топтоштурулган объекттер көрсөтүлгөн. Мисалы: стол, компьютер, пияз/уй, калемсап, мискей/айыл, желек, уч – түрү боюнча классификацияланган зат атоочтор. Классификациялардын негиздерин аныктагыла: а) карагай, сосна, кедр, пихта/кайың, осина, липа, терек; б) картошка, пияз, бадыраң, помидор/алма, апельсин, алмурут, мандарин; в) кара буудай, тынч, калп, сүлөөсүн/буудай, тынчтык, чындык, мышык; г) көйнөк, кемсел, көйнөк, сарафан/пальто, шуба, плащ, штормовка; д) карышкыр, аюу, түлкү, бугу/уй, ит, мышык, жылкы. 4. Классификация эмне үчүн керек? | Окуучулар карточкадагы суроолорго жооп бришет |
Жаңы теманы түшүндүрүү 25 | Системалардын ар түрдүүлүгү Татаал, курамдуу объекттердин абалы анын өздүк белгилеринин маанилери менен эле эмес, анын объект-бөлүктөрүнүн абалы менен да аныкталат. Мисалы, тормоздун педалы басылган учурда автомобиль тормоздоо абалына өтөт. Татаал объектти сыпаттоодо жөн гана анын курамын атап койбостон, алардын өз ара аракеттерин, өз ара таасирлерин караган мамилени системалык мамиле деп атоо кабыл алынган. Бул учурда татаал объектти система деп, ал эми анын бөлүктөрүн системанын компоненттери (элементтери) деп аташат. Ар бир чыныгы объект чексиз татаал. Ошондуктан аны система катары караса болот. Системалар материалдык эмес, материалдык жана аралаш деп айырмаланат. Өз кезегинде материалдык система дагы табияттык жана техникалык болуп бөлүнүшөт Системанын курамы жана структурасы. Бардык эле система анын элементтеринин белгилеринин жыйындысы менен эле аныкталбастан алардын элементтер арасындагы байланышы менен да аныкталат. Структура – системаны түзүп турган элементтердин биригүү тартиби. Системанын курамы жана структурасы курам схемасынын жардамы менен сыпатташат. Системанын курамына башка система да кириши мүмкүн. Биринчисин системанын надсистемасы (suprаsystem) деп айтышат, экинчисин – подсистемасы (subsystem) деп айтышат. Схемада надсистеманын аты бардык подсистемаларынын жогору жагында жайгашат. Бул учурда системанын бир компоненти бир эле убакта надсистема да, подсистема да болгон көп деңгээлдүү структурасы тууралуу ай20-сүрөт 32 тылат. Ар кандай системанын башкы касиети – системалык эффекттин жаралышы. Мунун мааниси, эгерде системанын элементтерин бириктиргенде системада өз-өзүнчө элементтердин бири да ээ болбогон жаңы сапаттын пайда болушу. | |
Компьютерде иштөө Бышыктоо үчун суроолор 5 минут | 1. Система деген эмне? Материалдык, материалдык эмес жана аралаш системаларга мисал келтиргиле. 2. Курамы бир, бирок ар түрдүү структурага ээ системаларга мисал келтиргиле? 3. Системалык мамиленин мааниси эмнеде? Мисал келтиргиле? 4. Системалык эффекттин мааниси эмнеде? Мисал келтиргиле? 5. Күн системасынын компоненттерин атагыла. Алардын кайсыларын система катары кароого болот? 6. Биздин планетаны кайсы надсистеманын курамында сүрөттөөгө болот? Кайсы объекттер үчүн Жердин өзү надсистема болуп саналат? 7. Система катары каралуучу төмөнкү объекттерден подсистемаларды бөлүп көрсөткүлө: а) автомобиль; б) компьютер; в) мектеп; г) армия; д) мамлекет. 8. 7-тапшырмада каралган системалардын кайсы элементтерин алып салса, системалык эффекттин жоготулушуна, б. а. системанын негизги арналышын аткарууга мүмкүн болбой калат? 9. «Телевизор» объектисин система катары карап, ага ылайыктуу кирүү/чыгууну тандагыла: жарык, добуш, электр-магниттик толкундар, электр энергия, адамдын булчуң күчү, сүрөттөлүш, түс, чаң, ылай, жылуу; суук; үндү жөндөгүч, күйгүзүү/өчүрүү кнопкасы, баасы. 10. Система жана чөйрөнүн өз ара аракеттешүүсүнө мисал келтир. Системанын чыгуусун/кирүүсүн көрсөт. 11. «Кара үкөк» туюнтмасынын маанисин түшүндүргүлө. Күнүмдүк турмушта адам баласы кандай «кара үкөктөр» менен кездешет? | |