Түшүндүрмө мүчөнүн түрлөрү:
Жандамалуу түшүндүрмө мүчө
Түгөйлүү түшүндүрмө мүчө
Обочолонгон түшүндүрмө мүчө
ЖАНДАМАЛУУ ТҮШҮНДҮРМӨ МҮЧӨ. Аныкталгычтан кийин жанаша айтылып, анын кесибин, туугандык байланышын, жаш өзгөчөлүгүн, сапатын жана башка белгилерин көрсөтүп турса, жандамалуу түшүндүрмө мүчө дейбиз. Жандамалуу түшүндүрмө мүчөдө аныкталуучу сөз, көбүнчө, адам аттарынан болот, да, аны аныктай турган түшүндүрмө мүчө: карыя, байбиче, жеңе, эже, аке, ата, апа, эне, агай; келин, сулуу, баатыр, тенте к, ак сакал, уста, жылкычы, бригадир, мугалим, өтүкчү, чалмачы ж. б. ушу сыяктуу сөздөрдөн болот. Мисалы: Сапар уста колхоздо көптөн бери иштейт. Акмат карыя нускалуу сөздөрдү көп айтат. (Оозеки речтен.) Бир аздан кийин Чаргын байкем , Акия жеңемдер келишет. (Т. С.)
Сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүнөн кийин келип,алардын маанисин аныктап, тактап, түшүндүрүп турса, түшүндүрмө мүчө деп аталат
ТҮГӨЙЛҮҮ ТҮШҮНДҮРМӨ МҮЧӨ. Аныкталуучу затка экинчи бир зат атооч кош айтылып, анын кесибин жана ар кандай белгисин билдирип турса, түгөйлүү түшүндүрмө мүчө деп атадат. Мисалы: инженер- электрик , инженер- механик , телефон- автомат , механик- айдоочу , учкуч- истребитель , инженер- технолог , жоокер- пулеметчик , мектеп- интернат , инженер- новатор .
ОБОЧОЛОНГОН ТҮШҮНДҮРМӨ МҮЧӨ. Сүйлөмдүн баш, же айкындооч мүчөлөрүнөн кийин келип, алардын маанисин аныктап, тактап жана толуктап турса, обочолонгон түшүндүрмө мүчө деп аталат. Речь тизмегинде ээнин да, баяндоочтун да, аныктоочтун да жана бышыктоочтун да обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрү болот. Мисалы: Биз, Фрунзеликтер , Фрунзени жылдын бардык мезгилдеринде сүйөбүз. Биз, студенттер, көп окуп, көп билишибиз керек. Турмуштун жыргалы бизде, СССРде . Бүгүнкү чогулушта Мусаевдин , колхоздун парторгунун , отчету болот. Бизге, окуучуларг а эмгектен качууга болбойт.
Көк-Арт өрөөнүндөгү Октябрь айлында, элдик баатыр Туку бай Байгараев туулуп өскөн кыштакта , бийик пьедесталда, пилоткачан жоокердин бюсту турат . («ЖЛ».) Биз, студенттер , өзүбүздүн университетибизди чексиз сүйөбүз. Советтик окумуштууларга, инженерлерге, техниктерге - космос кораблин түзгөндөргө, урмат жана даңк! Биз, дыйкандар , сүт, эт, камдасак, жумушчулар биз үчүн кездеме, соко, темир тырмоо, араба, шайман, ар түрдүү толгон нерселерди камдайт. Сурьманын көп чыга турган жери бизде, Кыргызстанда . Төрт түлүк малдын бардык түрү биздин айылда, Карл Маркс колхозунда . Жашасын, коммунизм - адамзаттын жаркыраган келечеги ! Жашасын советтик профсоюздар - коммунизмдин мектеби !
Мисалы:Олимпиаданын жеңүүчүсү бизден-тогузунчу класстан.
Биздин жердин,Ала-Тоонун , кең байлыгы мол.
Биз, окуучулар, көп окуп,көптү билишибиз керек .
Түшүндүрмө мүчөлөрдүн төмөнкүдөй мүнөздүү белгилерин айта кетсем
Өзчөчө интонациянын жардамы менен такталып,бөлүнүп,дааналанып айтылат
Биз,бишкектиктер, Бишкекти жылдын бардык мезгилинде тазалайбыз
Алар сүйлөм мүчөлөрү сыяктуу эле толук маанилүү сөздөрдөн болот
Турмуштун жыргалы бизде, Ысык-Көлдө.
9
Түз орун тартибинде болуп, түшүндүрүп жаткан сүйлөм мүчөсүнөн кийин удаа жайгашат
Бүгүнкү чогулушта Курбаналиевдин, айыл башчынын, отчету болот.
Түшүндүрмө мүчө кайсы мүчөнү түшүндүрсө,ал менен тең укукташ болот
Бизге,окуучуларга, эмгектен качууга болбойт.
Түшүндүрмө мүчө кайсы мүчөнү түшүндүрүп турганына карай да бөлүнөт
Түшүндүрмө ээ,түшүндүрмө баяндооч,түшүндүрмө аныктооч,түшүндүрмө толуктооч,түшүндүрмө бышыктооч
Тест. 9 – класс. Обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөр боюнча окуучулардын алган билимдерин бышыктоо. 1. Айыл чарбасынын азык түлүктөрү – эт, сүт – тамак - ашта чон орунду ээлеп келет. Бул сүйлөмдөн обочолонгон түшүндүрмө мүчө кайсы сүйлөм мүчөсүнүн маанисин аныктап,тактап турат. А) аныктооч. Б) бышыктооч. В) толуктооч. Г) ээ. 2. Атооч сөздөрдөн уюшулган сүйлөм мүчөлөрүнө – ээге, баяндоочко, аныктоочко тиешелүү болуп, алардын маанилерин тактап, кошумча түшүнүк берип, чечмелеп туруучу сөз же сөз тизмектери обочолонгон түшүндүрмө ……………………… деп аталат. А) Баяндооч. Б) Толуктооч. В) Аныктооч. Г) ЭЭ.
3. Өмүр бою силерге – Усукеме, Жеӊеме – ыраазымын. Бул сүйлөмдөн обочолонгон түшүндүрмө толуктоочту тап. А) Өмүр бою. Б) Силерге. В) Усукеме,жеӊеме. Г) ыраазымын 4. Эрте жазда , ала шалбыртта жылаӊ аяк жүрө берүүчү. Бул сүйлөмдөгү «ал шалбыртта» деген сөз кайсы обочолонгон түшүндүрмө мүчө. А) бышыктооч. Б) Аныктооч. В) Толуктооч. Г) баяндооч. 5. Кайсы сүйлөмгө тыныш белги туура коюлган? А) Силерге талыкпаган эмгек азаматтарына, элибиз чын жүрөктөн алкыш айтат. Б. Силерге, талыкпаган эмгек азаматтарына, элибиз чын жүрөктөн алкыш айтат. В) Силерге – талыкпаган эмгек азаматтарына элибиз чын жүрөктөн алкыш айтат .