Мотивация (5 мүнөт) | Сабактын максатын окуп түшүндүрөт окуучулардын милдетин чогуу аныктап алат баалоо критерийлери менен тааныштырат (ар бир туура жоопко, далилдүү пикирге бир смайлик берилет.) | Кунт коюп угушат, баалоо критерийлери менен таанышышат, сабактагы милдеттерин чогуу аныктап алышат (окуйбуз, жазабыз, суроолорду беребиз, тапшырмаларды аткарабыз. | Сабактын максатына жетүү үчүн белгиленген милдеттерди аткаруу керек экендигин билишет. | Суроо-жооп. |
2. Билимдерди актуалдаштыруу (5 мүнөт) | Үй тапшырмасын текшерүү. Өтүлгөн “Бишкек шаары” тексти боюнча суроолорго жооп жазыш керек эле. Бишкек шаары кайсы республиканын борбору? Азыр шаарда эмнелер курулган? (туура жазгандарга смайлик берилет). | Жуптарда бири-биринин жазган жоопторун текшерип салыштырышат. (кол сигналдары менен баа беришет). | Бири-бирин баалашат. | Көзөмөлдөө. |
3. Жаңы материалды өздөштүрүү. (15 мүнөт) | 1). Ысык-Көл ыры уктурулат. Ыр силерге жактыбы? Ыр эмне жөнүндө экен? Ысык-Көлдө болдуңар беле? Көл жөнүндө дагы билгиңер келеби? 2).Жаңы сөздөр менен иштөө. Сөздөрдү жана сөз айкаштарды билип алабыз. Тоо арасында жайгашкан, узундугу, туурасы, таза, тунук, көлдүн айланасы, бермет. Сөздөрдүн маанисин сурайт, биле албаганын түшүндүрүү үчүн жана сөздөрдүн маанисин тактоо үчүн видеотасма көрсөтүлөт 3). Ысык-Көл - Кыргызстандын бермети тексти менен иштөө. Кыргызстандын бермети. Ысык-Көл тоо арасында жайгашкан. Көлдүн суусу таза, жылуу, тунук жана туздуу. Көл кышында тоңбойт, ошондуктан аны эл “Ысык-Көл” деп аташкан. Көлдүн айланасы кооз, абасы таза, суусу адамга жагымдуу. Ысык-Көлдүн узундугу 182 км, ал эми туурасы 60 км. Ысык-Көлго 80ден ашык агын суу келип кошулат, бирок бир да суу агып чыкпайт. ![](https://fsd.multiurok.ru/html/2017/10/17/s_59e5cd355c119/713830_1.jpeg) А) текстти окууга чейин берилүүчү суроолор. - Ысык-Көл дегенде оюңарга эмнелер келет? - биз окуй турган текст эмне жөнүндө деп ойлойсуңар? Б) Текстин биринчи абзацын көркөм окуйт. - Ысык-Көл жөнүндө эмне билдиңер? - Көлдүн суусу кандай экен? - Эмне үчүн көлдү Ысык-Көл деп аташкан? - Көлдүн айланасы кандай? В) Тексттин экенчи абзацы окулат. - Көлдүн узундугу канча? - Көлдүн туурасы канча? | 1).Балдар көңүл коюп угушат. Суроолорго жооп беришет. 2).Сөздөрдү жана сөз айкаштарды жазышат, алардын маанисин айтып түшүндүрүшөт. Видеотасмадан жоопторун салыштырышат, тастыкташат. А) Ысык-Көл сөзүнө байланышкан акылдуу ойлорду айтышат. Өз пикирлерин айтышат. Б) Суроолорго жооп беришет. Таандык (–дын) мүчөсүн туура колдонушат В) Суроолорго жооп беришет. | Өз оюн билдире алышат. Угуу көндүмү калыптанат. Жаңы сөздөр менен сүйлөм түзө алышат. Жазуу көндүмү калыптанат. Өз ойлорун билдире алышат. Угуу көндүмү калыптанат. Ой жүгүртүүсү, байланыштуу кеби өсөт. | Суроо-жооп. Кайтарым байланыш. |
4. Алган билимдерин бышыктоо. (10 мүнөт) | 1. Окуучулар бир сүйлөмдөн бири-бириңерди улап окуйсуңар. 2. Топтордо иштөө. 7-көнүгүүдөгү суроолорго кезек-кезеги менен жооп беришет. (китеп менен иштөө). Жумушчу барак таратылат. 3. Тапшырманы “туура” же “ката” деген белги менен аткаруу. - Ысык-Көлдүн суусу муздак ( ? ). - Көлдүн айланасы кооз ( ? ). - Ысык-Көлдүн узундугу 60 км ( ? ). - Көлдүн суусу туздуу ( ? ). 4. Тапшырма. Мүчөлөрдү улагыла. - Ысык-Көл... суусу муздак . - Көлдүн аба... таза. - Көлдүн айлана... кооз. - Ысык-Көл кышын ... тоңбойт. 5. Тапшырма. Сүйлөмдөрдү толуктагыла, өз оюңарды билдиргиле: - Мен каникулда (каякка?) баргым келет, себеби... Мисалы: - Мен каникулда Ысык-Көлгө баргым келет, себеби... | Окушат Кезектешип суроолорду беришет, суроолорго жооп беришет. (суроо кимге багытталганын анык айтышат). Туура жооптор үчүн смайлик алышат. Топтордо туура жооп издешет. Туура жооптор үчүн смайлик алышат. Мүчөлөрдү улап жазышат, үлгүгө карап жазгандарын текшеришет.(кол сигналдары менен баалашат). Кеп үлгүлөрүнө таянып өз ойлорун айтышат. | Окуу көндүмү калыптанат. Суроо окуучуларга аты менен багыталгандыктан ар бир окуучу көңүл буруп отурушат. Топтордо иштөөдө бир пикирге келүүгө үйрөнүшөт. Өзүн-өзү баалоо Кептик интенция иштейт. | Көзөмөлдөө. |
5. Сабактын жыйынтыгы. Рефлексия. Баалоо. (8 мүнөт) | Сабактын башында белгиленген милдеттерге кайтабыз. Демек бүгүн биз жаздык, окудук, текстти уктук, суроолорго жооп бердик, тапшырмаларды аткардык. 2. Мага сабакта ... кызыктуу болду. Ким канча смайлик топтоду? | Сабактын максатына жетүү үчүн милдеттерди аткарышканын айтышат. Кеп үлгүсүн колдонуп сабак жөнүндө пикирлерин айтышат Алган смайликтерин санашат. | Смайликтин санына жараша бааланышат. | Көзөмөлдөө. |