СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ой жүгүртүү мүмкүнчүлүктѳрүн проблема чечүүгѳ пайдалануу

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Акыл чабуулу – бул ар бир адамдын ой жүгүртүу жѳндѳмдүүлүгүнѳ эркиндик берүү жолу аркылуу жаңы методдорду же ыкмаларды ойлоп табууга жардам берүүчү чыгармачылык менен ойлонтуу методикасы

Просмотр содержимого документа
«Ой жүгүртүү мүмкүнчүлүктѳрүн проблема чечүүгѳ пайдалануу»

Ой жүгүртүү мүмкүнчүлүктѳрүн проблема чечүүгѳ пайдалануу


Акыл чабуулу – бул ар бир адамдын ой жүгүртүу жѳндѳмдүүлүгүнѳ эркиндик берүү жолу аркылуу жаңы методдорду же ыкмаларды ойлоп табууга жардам берүүчү чыгармачылык менен ойлонтуу методикасы.

Акыл чабуулу методун биринчи жолу мындан бир нече ондогон жылдар мурда Батыштагы жарнама ѳндүрүшүндѳгү адистер колдонушкан. Бул ыкма кайсы бир адамдардын тобунун ой жүгүртүү жѳндѳмдүүлүктѳрүн кандайдыр бир- бир проблемага чыгармачылык менен чабуул жасоого пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүчү метод катары калыптанган. Акыркы мезгилдерде булл метод абдан популярдуу болуп, анны дүйнѳдѳгү ири фирмаларда да колдонуп жатышат. Ал эми администрацияларда, коомдук бирикмелерде, уюмдарда булл кадимки эле процедура катары пайдаланылат.

Акыл чабуулу методу абдан эле жѳнѳкѳй. Адамдар топтолот. Ар бири проблема менен таанышат. Андан кийин ѳздѳрүнүн сунуштарын айтышат. Сунуш кылынып жаткан идеялар боюнча пикирлер айтылбайт. Баа да берилбейт. Сапаттын эсебинен санга жетүү деген максат коюлбайт. Пикирлердин кѳп түрдүүлүгү үчүн шарт пайда болот.

Эксперттердин айтымында, эгерде аналитикалык иш-чаралардан кийин коюлган проблеманы чечүүгѳ 4-5 идея потенциалдуу жол катары таанылса, анда «Акыл чабуулу» ийгиликтүү болду деп эсептелет.

«Акыл чабуулун» ѳткѳрүү жолу

  1. Дарсты баштаардын алдында алып баруучу теманы тандап, катышуучулардын курамын аныктап алат.

  2. Алып баруучу акыл чабуулуунун маанисин жана тѳмѳндѳгү принциптерди түшүндүрѳт:

  • Максат –идеяларды кѳбѳйтүү: идея канчалык кѳп болсо, ошончолук жакшы;

  • Фантазияңа эркиндик бер, жалпы кабыл алынган эрежеге туура келбейт экен деп идеяны четке какпа;

  • Башкалар сунуш кылган идеяларга таян; алар сенин сүрѳѳнчүлѳрүң болсун;

  • Азырынча баа бергенге ашыкпа. Ага да убакыт келет.

  1. Идеяларды каттоо үчүн атайын катчы алып баруучу тарабынан дайындалат. Ал «чабуулдун» башталганы жѳнүндѳ белги берет. Ал чыгармачылык учурунда тартипти бекем сактоону кѳзѳмѳлгѳ алат. Кээ бир катышуучулардын демилгени ээлеп алышына жол бербейт. Эгерде булл принциптер бузулса, анда ал токтоосуз кийлигишет. Процесс жаңы идеялардын фонтандай болуп атылышы канча убакытка чейин созулса, ошончо мѳѳнѳткѳ улана берет. Фонтан жылжып ага баштаганда алып баруучу процессти токтотот.

  2. Чыгармачылык ойлоодон сынчыл ойломго ѳтүү үчүн зарыл болгон узакка созулбаган тыныгуудан кийин, идеяларды иреттѳѳ учуру келет. Идеялардын тизмесин компьютерде бастыра коюп, ар бир катышуучуга таратып берсе, анда жумуш дагы да жемиштүү болмокчу. Андан кийин, катышуучулар идеялардын ар бирин талдап, топторго бѳлүштүрүшѳт. Проблеманын оптималдуу чечими болууга жарай тургандары тандалып алынат.

  3. Алып баруучу тайпанын ишин жыйынтыктап жатып, катышуучулар проблеманын чечимин издеп жаткан мезгилде бири бирине таасирлери тийгени же тийбегени жѳнүндѳ сурайт. Эгерде дарс проблеманын чечилишине алып келалбай койсо, анда эмне үчүн мындай болуп калгандыгын талкулоо керек.

«Акыл чабуулунун» эрежелери

  • Өз идеяңды башкалардын идея-сунуштарына негизде Башкалардын идеялары Сиздин ой жүгүртүүңүз үчүн түрткү болсун.

  • Баа берүүдѳн баш тарт

Пайда болуп жаткан идеяларды баалоого убактыңды кетирбе.

  • Максатыбыз идеялардын санын кѳбѳйтүү

Идеялар канчалык кѳп болсо, ошончолук жакшы. Эгерде идеялар кайталанса, капа болбо.

  • Элестетүүңдүн «кайнашына» кеңири жол бер

Сиздин акылыңыз эч бир тоскоолдуксуз иштей берсин. Эч бир идеяны кабыл алынган схемаларга туура келбейт экен деп ыргытып жибербе.

  • «Өлтүрѳ турган» сѳздѳргѳ эч качан жол берилбесин

Мындай сѳздѳрдѳн алыс бол: «Муну кайдан уктун?» же «Бул болбоду беле?» же «Бул күлкүнү келтирет»



Талкууну кантип натыйжалуу кылууга болот

Пленардык дискуссия бир нече кишиден турган топтордо билим, тажрыйба жана идея менен бѳлүшүүгѳ мүмкүнчүлүк берет. Бирок, пленардык дискуссияны ѳткѳрүүдѳ тѳмѳндѳгү кырдаалдарга жол бербѳѳ керек:

  • 2-3 киши дискуссияны ээлеп алышы;

  • Катышуучулардын темадан четтеп кетиши;

  • Айтылган сунуштарды конспектилѳѳ;

  • Ар тараптуу чечим кабыл алууга тоскоол болуучу башаламандык.

Практикада пленардык дискуссия саны 20дан ашпаган топтордо пикир алмашуу методу катары эффект бериши мүмкүн. Бирок, алып баруучунун тажрыйбасына, тыкандыгына жана абройуна да байланыштуу болот.

Өткѳрүү жолу

  1. Алып баруучу дискуссиянын жүрүш планын түзѳт. Катышуучуларды чакырып, аларга теманы жарыялайт.

  2. Дискуссияны ачат. Теманы жарыя кылат. Планды берет. Регламент 3-5 мүнѳттѳн ашпайт.

  3. Алып баруучу, дискуссиянын тѳрагасы, катышуучулардын пикир билдирүү убактысын 3-5 мүнѳткѳ чейин чектейт (биринчи пикир билдирүү – 5 мүнѳт, ал эми кийинкилери – 3 мүнѳткѳ чейин). Ал башкаларды сѳз алып сүйлѳѳгѳѳзү да сүйлѳйт. Зарыл болгон учурда ал дискуссиянын планы, мѳѳнѳтү жана сүйлѳѳ маданияты тууралуу эскертип турат.

  4. Дискуссиянын журушүндѳ тѳрага план боюнча кезектеги маселеге ѳтүүнү жарыялап турат. Жетишилген ийгиликтерди жалпылайт.

  5. Тѳрага дискуссиянын жүрүшүндѳгү жалпы жана крама-каршылыктуу пикирлерди жалпылоо менен жыйынтыктайт. Жыйынтыктоодо ал баракчалардагы графиктерди же техникалык каражаттарды пайдаланышы мүмкүн.

Пленардык дискуссияны ашкере пайдаланууга болбойт. Кийинки материалдарыбызда пленардык дискуссиянын жетишпеген жактарын компенсациялай турган методдорду сунуш кылабыз.


Бир чечимге келүү үчүн эмне кылуу керек?

Чечимдер дарагы – булл оор жана бир жакту эмес кырдаалдарда чечим кабыл алууну рационалдаштыра турган ыкма болуп эсептелет. Ал буга чейин чечим кабыл алууда жетекчиликке алынган мотивдерди талдоону жана түшунүүнү жеңилдетиши мумкүн.

Чечимдер дарагы окуучулардын билимдерин адамды тартып тургандай түрдо жалпылоого жана аларды баалоого мумкүнчулук бере тургандай коз караштарын жана чечимдерин бири бирине жакындатууга жардам берет.

Бул методду колдонууда окуучулар потенциялдуу чечимдердин мүмкүн болгон варианттарын майда баратына чейин иликтеп, ар биринин оң жана терс жактарын талдоого алат. Окуучулар тѳмѳнкү таблицаны толтурушат.

Колдонуу ыкмалары:

  1. Алып баруучу, сабактын алдында, талдоого алына турган проблеманы белгилейт, топтор үчүн таблицаларды (жогорудагы схема боюнча) даярдайт.

  2. Мурдагы сабакта (же үйдѳ) катышуучулар карала турган проблемага байланыштуу абалды (тарыхий шартты ж.б.) иликтешет.

  3. Алып баруучу 4-6 кишиден турган топторду түзѳт. Ар бир топ таблица, ошондой эле, маркерлерди алат. Кѳнүгүүнү аткаруу мѳѳнѳтү (10-20 мүнѳт) алып баруучу тарабынан белгиленет.

  4. Топтун катышуучулары ар бир варианттын ѳн жа терс жактарын байкашат.