Просмотр содержимого документа
«Ой жүгүртүүнүн байдоодон, сүрөттөөдөн айырмачылыгы»
Кыргыз тили 8-класс Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.
АЛТЫН ЭРЕЖЕ:
- Окуу куралдарды, калем, калем сапты даярдоо;
- Эч нерсеге алагды болбоо;
- Сабакка көңүл бөлүү;
- Өтүлгөн теманы эске тутуу
Билбегенди билгизген, Мээге сезим киргизген. Ак булуттун үстүндө, Айга жакын жүргүзгөн. Китеп - менин акылым, Китеп - менин жакыным. А.Т.
Сабактын темасы:
Ой жүгүртүүнүн байдоодон, сүрөттөөдөн айырмачылыгы
Сабактын
максаты:
- Кептин түрлөрүн өз ара айырмалай алышат
Өткөн сабакты кайталоо: Ой жүгүртүүнүн структурасы: тезис, тыянак, далилдер, аларды байланыштыруучу каражаттар. 52-бет 32-көнүгүү Текст кептин кайсы түрүнө кирерин аныктагыла.
Жаңы
тема:
.
Белгилүү бир нерсенин, окуянын, кыймыл-аракеттин ж.б.ырааттуулугун сактап жазуу же айтуу баяндоо деп аталат. Баяндоо мазмуну жана максаты боюнча 3топко бөлүнөт: өз түшүнүгүн сүйлөп берүү, кайра айтып берүү, билдирүү.
Жандуу жана жансыз заттардын, кубулуштардын, жаратылыштын ж.б. өзүнө тиешелүү туруктуу белгилерин ачып көрсөтүү сүрөттөө деп аталат. Сүрөттөө иштиктүү сүрөттөө, илимий сүрөттөө, көркөм сүрөттөө болуп , үчкө бөлүнөт.
Логикалык ырааттуулук менен бир нерсе жөнүндө ойлоо, ачык-айкын, ишенимдүү, жүйөлүү далилдер, фактылар мисалдар менен бекемделген адамдардын ой пикирин, сунушун, жекече көз карашын билдирүү ой жүгүртүү деп аталат.
Ой жүгүрттүүдө адегенде ойдун тезиси айтылып, андан кийин ошол тезис антыкталат, далилденет, түшүндүрүлөт, мисалдар келтирилет, аягында кыскача корутунду , жыйынтык чыгарылат.
Ой жүгүртүү- баяндоо, сүрөттөөгө караганда түзүлүш жагынан татаал. Бул кептин илимий стили менен тыгыз байланышта келет. Окуя, көрүнүштөрдүн, табияттын ар кыл кубулуштарынын келип чыгуу шарттарына, өбөлгөлөрүнө байкоо жүргузүү, алардын себебин, сырларын билүү, ачуу максатында зарыл материалдарды, аргумент-далилдерди суроо коюу аркылуу табуу. Аныгына жетүү, акырында ошолордун негизинде жыйынтыкка, корутундуга келүү, тыянак чыгаруу, издеген суроолорунун жообун, жандырмагын табуу болуп саналат.
Бышыктоо:
50-бет
31-көнүгүү
Текст менен таанышып, кептин кайсы түрүө кирерин аныктагыла.
Жыйынтыктоо:
Ой жүгүртүү баяндоо менен сүрөттөөдөн эмнеси менен айырмаланат?
Үй тапшырма:
«Туу» деген сөзү катышкан туруктуу сөз айкаштарын, макалдарды эсиңерге түшүрүп, ага ат коюп, дилбаян жазып келгиле.
Кийинки сабакта байланышканча саламатта болгула!