Просмотр содержимого документа
«Ой жүгүртүүнүн структурасы: тезис, далилдер, тыянак. Аларды байланыштыруучу каражаттар»
Кыргыз тили
8-класс
Мугалими:
Мырзагелдиева Э.К.
Алтын эреже
- Сабакка даяр болуу
- Окуу куралдарды, калем, калем сапты даярдоо
- Эч нерсеге алагды болбоо
- Сабакка көңүл бөлүү
- Өтүлгөн теманы эске тутуу
Уялбагын окуп билим алгандан, Уялгының наадандыкка баргандан
Сабактын
темасы:
Ой жүгүртүүнүн структурасы: тезис, далилдер, тыянак. Аларды байланыштыруучу каражаттар
Сабактын максаты:
Ой жүгүртүү деген эмне?
Ой жүгүртүүнүн кандай ыкмалары бар?
Тезистин структурсы кандай болот?
Өтүлгөн теманы
кайталоо
Кептин түрлөрү.
Сүрөттөөнүн объектилери: жандуу, жансыз заттар, орун, айлана-чөйрө, ал-абал.
Көркөм адабий чыгармалардан чакан тексттин мисалында, кептин түрлөрүн аныктап, сүрөттөөнүн объектилерин аныктагыла.
Жаңы
тема:
Логикалык ырааттуулук менен бир нерсе жөнүндө ойлоо, ачык-айкын, ишенимдүү, жүйөөлүү далилдер, фактылар мисалдар менен бекемделген адамдардын ой-пикирин, сунушун жекече көз карашын билдирүү ой жүгүртүү деп аталат. Ой жүгүртүүдө адегенде ойдун тезиси айтылып, андан кийин ошол тезис аныкталат, далилденет, түшүндүрүлөт, мисалдар келтирилет, аягында кыскача корутунду, жыйынтык чыгарылат .
Ой жүгүртүүнүн эки ыкмасы баря:
- Индуктивдүү ыкма
- Дедуктивдүү ыкма .
1. Индуктивдүү ыкма- жеке ой жүгүртүүдөн жалпы ой корутундусун чыгаруу. Мында сунуш кылынган ой ар кандай фактылар, аргументтер аркылуу далилденип, корутунду чыгарылат.
2. Дедуктивдүү ыкма- сунуш кылынган ой корутундусу фактылар, мисалдар аркылуу чечмеленет. Ой жүгүртүү дилбаяны 3 бөлүктөн турат:
- Далилдер (аргументтер, фактылар).
- Корутунду.
Мен келечекте мугалим болууну каалайм
Тексттин композициялык курулушу:
- Мен келечекте мугалим болууну каалайм (тезис).
- Эмнеликтен? Себеби: а) мугалимдер-кайратман, өз ишин чексиз сүйгөн адамдар; б) мугалимдик кесип татаал жана түйшүктүү, ошондой эле сыймыктуу да, ардактуу да; в) эмгек адамды сый-урматка жеткирет; г) биздин мектептин алдыңкы мугалими Таштанбековдун иши мага абдан таасир этет жана жагат (аргументтер, фактылар).
- Ошондуктан келечекте мугалим болуп иштөөнү биротоло тандап алдым (корутунду).
Маанисине карай ой жүгүртүүнүн эки ыгы бар:
- Тезисте сунуш кылынган аргументтерди, далилдерди төгүнгө чыгарып, өзүнүн жүйөлүү себептерин, далилдерин ага карама-каршы койсо, төгүнгө чыгаруучу ой жүгүртүү деп аталат.
- Сунуш кылынган тезисти аргументтер, далилдер менен бекемдесе, тактаса ырастоочу ой жүгүртүү деп аталат.
Бышыктоо:
50-бет
31-көнүгүү
Текст менен таанышып, кептин кайсы түрүнө жатарын аныктагыла.
Жыйынтыктоо:
Тезистин аныгына жетүү үчүн эмне кылуу керек?
Үйгө тапшырма:
52-бет
32-көнүгүү
Текст кептин кайсы түрүнө кирерин аныктагыла.
Ден соолугуңар
чың болсун!
Кийинки
сабакта амандашканча
саламатта
болгула!