СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Ойлоп табуучу"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Ойлоп табуучу"»



9 сабактын планы: Сөз байлыгы

Сабак учурунда пайдаланыла турган формалдык эмес баалоонун суроолору:

  • Балдар аӊгемеге көӊүл бөлүшөбү (угушат, суроо беришет жана жоопторду беришет)?

  • Көпчүлүк балдар окуганга чейин, анын учурунда жана андан кийин суроолорго аӊгемени кунт коюп угуп жооп беришет деп айтууга болобу?

  • Балдар бардык көнүгүүлөр менен ийгиликтүү иштей алышабы?

  • Балдар «жаса – жана – алып кет» тапшырмасын ийгиликтүү аткара алышабы?

  • Балдар портфолио/папканы туура толтурушабы?



Жүгүртмө.

  1. Бош убакыт /каттоо. Сабак башталганга чейин келген балдар үчүн.

Сабак башталганга чейин келишкен балдар Китеп банкындагы буюмдар менен ойной алышат же каттоо процедурасына катышат. Каттоо учурунда балдар бардык жазгыч буюмдарды колдоно алышат, өз атын же айрым тамгаларды жазып, сүрөттөрдү тартып же тамгаларды окшоштуруп чиймелешет.



  1. Ырдоо үчүн убакыт. 10 мүнөт

Ырдоо үчүн убакыт сабагын баштоого бардык балдарды чакырып алуу керек. Тарбиячы балдарга тааныш эки ырды ырдап бериши керек. Ошондой эле тарбиячы балдардын класска үчүн жакындап келип класска чогулуусуна жараша аларды ырга кошулуусун суранат.



  1. Сабактын планы. 5 мүнөт

Ар бир сабак башталганга чейин тарбиячы сабактын структурасын схемалуу түрдө чагылдырган планды даярдоосу керек. Сабактын планы балдар аны дайыма көрүп тургандай орунга жайгаштырылат. Окуганды баштоодон мурда тарбиячы бүт класска сабактын планын кыскача баяндап бериши керек.

  1. Окуу үчүн убакыт. 20 мүнөт

Ар бир сабактын учурунда бүт класска бир аӊгеме окулат. Тарбиячы балдарга суроолорду окуу башталганга чейин, окуп жаткан учурда жана окуп бүткөндөн кийин бериши керек. Бул класска окуу учурунда «Ойлоп табуучу» деген аӊгеме окулат.

Окуганга чейин:

  1. Мен силерге бүгүн окуп бере турган аӊгеме «Ойлоп табуучу» деп аталат. Силер ойлоп табуучу деген ким экенин билесиӊерби? Ойлоп табуучу – бул адамдардын жашоосу үчүн жаӊы буюмдарды жасаган адам.

  2. Ойлоп табуучулар кандай болушу керек? Адамды баяндап берүү үчүн биз анын мүнөздүү белгилерин пайдаланабыз. (Айрым балдарга жооп берүүгө мүмкүндүк бергиле. Жооптор төмөнкүлөрдү камтуусу мүмкүн: Чыгармачыл, ынтызар, эмгекчил, акылдуу, ж.б.)

  3. Бул аӊгеме ойлоп тапкыч жана максатка умтулган кыз жөнүндө. А силер «ойлоп тапкыч» жана максатка умтулуу деген эмне экенин билесиӊерби?

  4. «Ойлоп тапкыч» деген сөз өз ой чабытын пайдаланып жаӊы буюмдарды же идеяларды түзө алган адамдар жөнүндө айтылат.А силер ушундай адамдар жөнүндө билесиӊерби? (балдарга жооп берүүгө мүмкүндүк бергиле. Ар бир жооптон кийин баладан: «Сен ойлоп тапкыч деп ойлогон адам эмнени жасады? – деп сурагыла).

  5. «Максатка умтулган» деген сөз жеӊил эле багынып бербей турган адамга карата айтылат. Мисалы, ал оор болсо дагы окуусун уланта берет. А силер максатка умтулган кимдир-бирөөнү билесиӊерби? (балдарга жооп берүүгө мүмкүндүк бергиле. Ар бир жооптон кийин баладан: Ошол адам максаткаумтулуп эмне жасады? –деп сурагыла.)

Бул аӊгемеден биз Мээрим аттуу ойлоп табуучу кыздын жаӊы идеялары жөнүндө билебиз. Биз максатка умтулгандык ийгиликке жеткиргенге жардам бере ала тургандыгын көрөбүз. Силер аӊгемени угууга даярсыӊарбы? Анда мен аны окуп баштайын.

Окууган учурда:

  1. Кыз жаӊы канаттарды сынагандын алдында токтоп, балдардан сурагыла: Андан ары эмне болот деп ойлойсуӊар?

  2. Адегенде балдарга өзүӊөр оюӊарды айтып бергиле: «Менин оюмча, канаттар өтө эле оор, мен ал көтөрүлө албайт го деп ойлойм. Силер кандай ойлойсуӊар?»

  3. Бир нече окуучуга жооп берүүгө мүмкүндүк бергиле. Алардан «эмне үчүн мындай деп ойлойсуӊар» - деп сурагыла.





Ойлоп табуучу

Бир мезгилде Мээрим аттуу ойлоп табуучу жана максатка умтулган кыз жашаптыр.

Бир жолу Мээрим учууну каалайм деп чечти. «Мен учканды үйрөнүү үчүн канаттарды ойлоп тапкым келип жатат», - деп өзүнүн досу Азаматка айтты.

- Менин оюмча сен акылыӊан адашкансыӊ. Сен жерден көтөрүлө албайсыӊ – деди Азамат.

- Аны көрө жатарбыз, -деди Мээрим.

Ошентип кыз күнү-түнү үйүндө иштей баштады. Эч ким Мээримди жумалап көргөн жок. Ошентип бир күнү ал өз үйүнөн абдан кубанычта тышка чыкты.

Ал минтип айтты: - Азамат, мен эртеӊ учканга аракет кыламын, бирок мага сенин жардамыӊ керек.

- Сен чын эле канат жасадыӊбы? – деп таӊ калды Азамат.

- Ооба, ал абдан кооз, - деп сыймыктанды Мээрим. – Бирок ал бир аз оорураак. Ошондуктан аны сен дөбөнүн чокусуна чейин жеткиришип койсоӊ.

- Сен аны эмнеден жасадыӊ? – деп Азамат кызыкты.

- Мен аны жерде жаткан темирдин сыныктарынан жасадым.

- Темир? Сен канаттар үчүн темирди пайдалануу өтө эле оор болуп калат деп ойлогон жоксуӊбу?

- Жок. мен бардык ченемдерин эсептеп чыктым. Мен самолеттой болуп учамын.

Кийинки күнү эртеӊ менен алар канаттарды дөбөнүн башына алып чыгышты жана Азамат Мээримге аларды байлады.

- Сен булар өтө эле оор деп ойлобойсуӊбу?» - деп Азамат кайрадан сурады.

-Жок, мен канчалык тез күүлөнсөм, ошончолук жеӊил учуп кете аламын. Шамал мени көтөрөт, ошентип мен учуп кетемин, - деди Мээрим ишенимдүү түрдө.

Ошентип Мээрим 20 метр артка кетип, дөбөдө күүлөнүп чуркай баштады.Бирок ал чуркай баштаганда эле канаттардын салмагы улам оорлоп, аны жерге баса баштады, аягында анын буттары канаттарды көтөрө албай. Дөбөнүн капталына бети менен жыгылды.

Азамат: -Сен жакшы элесиӊби? – деп сурады.

- Ооба, - деди Мээрим. Сеники туура болуп чыкты, канаттар бир аз оор, бирок алардын формасы туура. Мен азыр үйгө барып, аны жеӊилирээк башка материалдан жасаймын. Эки жумадан кийин Мээрим Азаматты чакырды.

Мен канаттарды кайра жасадым. Бул жолу мен аларды жыгач менен кагаздан жасадым. Бул материалдар абдан жеӊил болгондуктан, мен жөн эле үйдүн чатырынан секирип учуп кете аламын. Менин үйүмө кел, мага күбө керек, -деди.

Азамат Мээримдикине келгенде ал жыгачтан жана кагаздан жасалган канаттары менен эбак чатырда турган экен. Ал бир аз артка кетип күүлөнүп туруп тез чуркаган бойдон чатырдан секирди.

«ААААХ!» Тарс!. Канаттар дароо сынып кетти, Мээрим үйдүн жанында турган бадалдарга башы менен кирип кетти.

Азамат: «Сен жакшы элесиӊби?» - деп сурады.

-Ооба. – деди Мээрим. Канаттар абдан морт болуп чыкты, бирок алардын чиймеси туура экендигине ишенемин. Мен эми башка материалдан, темирге караганда жеӊилирээк, кагаздан бекемирээк материалдан кайра канат жасаймын.

Эки жумадан кийин Мээрим Азаматты дагы чакырды.

-Мен канаттарды кайрадан жасап чыктым. Мен аларды жыгач менен момдон жасадым. Канаттар куштун канатындай болуп көрүнөт. Дөбөдөн кезигели, сен мага канаттарды байлаганга жардам бересиӊби?

Азамат дөбөгө чыгып Мээримдин канаттарына илгичтерин байлап берүүгө жардамдашты. Ар бир канаттын алдында аны өйдө-төмөн кыймылдата турган атайын туткалары жана учуу убагында ыргып кетпегидей кылган белинде кошумча боосу бар экенин байкады.

-Эмне, баштайлыбы? – деп Мээрим кыйкырып, бир аз кетенчиктеп туруп чуркап жөнөдү. Ал дөбөнүн бүткөн жерине келди: чуркаганын акырындатпастан, дөбөнүн так четинен акырындап көтөрүлө баштады. Кыз учуп баратты!

«УРААА!» - деп кыйкырды Мээрим.

Ал чынында эле учуп баратты. Жадырап күлүп баратты. Ал улам жогорулап-жогорулап уча баштады.Ал учкандан укмуштуудай ыракат алды. Бирок кыз көп өтпөй тынчсыздана баштады. «Мен жерге кантип кономун?» - деп ал өзүнөн сурады. Бир оокумда ал өзүнүн канаттары эрий баштаганын сезди. Ал ошончолук бийик көтөрүлгөндүктөн, күн анын канатындагы момду эритип баштады. Бат эле канаттар эрип кетип, ал төмөн кулай баштады. Кыз токойго кулап түштү.

Азамат бат эле жетип келип, «Сен жакшы элесиӊби?» -деп сурады.

-Жок - деди Мээрим. Бирок мен учканды үйрөнүүгө болгон аракетимди токтотоюн деп жатам. Мен көп жерлеримди оорутуп алдым, алар катуу ооруп жатат.

Азыркы күнгө чейин Азамат кантип Мээрим куш сыяктуу учуп кеткендиги жөнүндө айтса эч ким ишенбейт. Балким ага эч кимдин ишенбегени жакшыдыр, анткени башкалар Мээримдей болуп запкы көрүп калышы мүмкүн.

Мээрим болсо башка нерсени ойлоп табуунун кереги жок деп чечти. Ал адамдарга көп учурларда мындай дейт: «Эгерде адамдар уча турган болсо, анда алардын канаттары болмок».

Окугандан кийин:

  1. Аӊгеме жактыбы?

  2. Бул окуядан Азамат сабак алдыбы? Эгерде ооба болсо, ал эмне деген сабак? Бир нече окуучуга жооп бергенге мүмкүндүк бергиле. Эмне үчүн алар мындай ойлошот? (Эскертүү: Азамат өзүнө сабак алды: эки-үч аракет ийгиликсиз болсо дагы максатты карай умтулуу керек).

  3. А Мээрим жактыбы? Ала раны кандай баяндап беришет эле? Аларга анын эмнеси жакты?



  1. Көнүгүүлөр үчүн убакыт.

  • Көнүгүүнүн аталышы: «Мен бир нерсе көрдүм»

  • Баяндама: бул оюн балдарга жакын турган буюмдарды баяндаган сын атоочтор жөнүндө көбүрөөк билүүсүнө жардам берет.

  • Өнүктүрүлө турган көндүмдөр: Сөз байлыгы.

  • Зарыл болгон материалдар: жок.

  • Көнүгүүнүн баяндамасы: Эч кимге айтпастан, жакын жерде турган бир буюмду тандагыла (дубал, дарак, көйнөк, китеп, түтүк, баштык, туфли...) Андан кийин «Мен_________жасалган бир нерсе көрүп жатам» деп айткыла. Балдар сиз каткан буюмдун аталышын табуусу керек. Буюмдун туура аталышын окуучулардын бири тапканга чейин балдардын жоопторун кабыл ала бергиле. Эгерде балдар кыйналышса, анда сиз буюмдун башка касиеттерин дагы айтып кое аласыз (мисалы, түсүн же формасын). Бир нече убакыттан кийин сиз буюмдарды табышмактатуусу үчүн окуучулардын бирин тандап алсаӊыз болот. Сиз ага балдар билип калбашы үчүн табышмактантып жаткан буюм тарапты карабашы керектигин эскертип коюӊуз. Эгерде тегеректе буюмдар өтө эле аз болсо, сиз жагдайды алмаштыруу үчүн тышка же башка жерге орун которсоӊуз болот.



Тарбиячы: Биз бүгүн силердин сөз байлыгыӊарды өнүктүрүүчү жана биз билип алган сөздөрдү бекемдөөчү оюнду ойнойбуз. Биз бул оюнду «Мен бир нерсе көрдүм» деп атайбыз. Биз буюмдар эмнеден жасалганын билүү боюнча сөз байлыгыбызды көнүктүрөбүз. Мен көрүп турган бир буюмду катамын, анын кандай буюм экендигин мен гана билемин.

Силердин милдетиӊер, мен каткан буюмдун аталышын табуу. Мен силерге буюм эмнеден жасалганын гана айтам. Ошондо силер катылган сөздү тапканга аракет кыласыӊар. Мисалы, мен «булгаарыдан жасалган бир нерсе көрүп турам» деп айтамын. Силер жакшылап ойлонуу үчүн убакыт беремин. Андан кийин мен силердин бириӊерди буюмду ата деп суранамын. Эгерде окуучу таппаса, анда мен кийинки окуучуну сураймын. Бирок эгерде окуучу таппаса, анда мен кийинки окуучуну сураймын. Бирок эгерде окуучу буюмдун аталышын туура атаса, анда ал утуп алат.



  • Оюндун альтернативдүү ыкмалары: сын атоочтордун ордуна силер башка дагы эрежелерди колдоно аласыӊар. Мисал үчүн: “Мен “С” тамгасынан башталган бир нерсени көрүп турам” – деп айтса болот.



  1. Жаса – жана - алып кет” 15 мүнөт

Катылган сөздү тап”



К А Р Т О Н А Б Г У

Р Д Ж Б А П В А К В

А З В Д Ф В П Е Й Б

Х Р О Н Д Ф Е Н Т У

Т Й С Г Г В Х Р Ф М

О Р К Ж И Ф К С А А

Л С Т В О Г М Н Я Г

К Д С Д Е Р Е В О А

М Е Т А Л Л З Г И Е

Ф Х И Х Ж С В В Д К


КАГАЗ

КАРТОН

МЕТАЛЛ

МОМ

ЖЫГАЧ

  • Сабакка даярдык: ар бир окуучу үчүн кагаздын бир барагын жана бир карандашты даярдагыла. Силер ошондой эле мисалды тактага жазып кое аласыӊар.

  1. Баяндама: Бул көнүгүүдө балдар башка балдар үчүн ар кандай материалдарды билгизген сөздөрдү катышат.

Ар бир окуучу алар бүгүн окуган 5 материалды тандап алуусу керек. Барактын аягына алар беш сөздөн турган тизмени жазышы керек. Ал тизменин башына алар чоӊ квадратты тартышы керек. Балдар квадраттын ар кандай жерлерине беш сөздү катышы керек. (Эскертүү, эгерде балдар вертикалдуу жаза алышпаса, анда аларды горизонталдуу жазуусун сурангыла). Калган бош чөнөктөрдү сөздөрдү жашырыш үчүн туш келди тамгалар менен толтуруп коюу керек. Балдарга башка окуучулардан өз кезегинде тамгалардын арасынан сөздөрдү табуусу керек болгон сөздөрдү катып коюу керектигин айткыла. Балдар сөздөрдү катып бүткөндөн кийин, ал барагын өзүнүн кошунасы менен алмашат, ошентип ар бир бала өзүнүн кошунасыкаткан сөздү табуусу керек болот.



  1. Портфолио/папканы толтуруу

Портфолио /папканы толтуруу сабактын аяктоочу көнүгүүсү болуп эсептелет. Балдар өз портфолио /папкасына бүгүн кандай көнүгүүлөрдү аткаргандыгы жөнүндө жазып же тартып коюшу керек. Мисалы, балдар бүгүнкү уккан аӊгемеден сүрөттү же аларга жагып калган көнүгүүнү же Окуу лагерине байланыштуу башка бир сүрөттү тарта алышат.

  • Портфолио/ папканы толтуруу үчүн болжолдуу идеалар.

  1. Балдарды бүгүнкү аӊгемеден сүрөт тартышын сурангыла. Алар ойлоп табууну же өзүлөрү түзгүсү келген идеяны тартып бериши ыктымал. (Мисалы, үйдү өзү жыйнаган робот же мектепке тез жеткирүүчү транспорт ж.б.