«Оюндар» бөлүмү
Таанышуу үчүн оюндар
«Кардан тоголок чалма» 20 минут
Максаты: Оюнга катышуучулардын ысымдарын жаттап калуу.
Колдонуучу куралдар: эч нерсе керек эмес
Оюндун ар бир катышуучусу кезек-кезеги менен өз ысымын атоо менен ысымына сын атоочтон ойлонуп кошо айтыш керек. Айтылган сын атоочту башка бирөө кайталап айтпаш керек дагы, айтылган бардык ысымдарды, сын атоочторду эстен чыгарбай туруш зарыл. Оюн мындай абалда жүрөт: катышуучу алдында айтылгандын ысымын, сын атоочту айтат, андан соң өзүнүкүн, анын артынан кийинки катышуучу дал ушундай тартип менен улана берет.
Үлгү: Биринчи катышуучу: Азамат акылдуу.
Экинчи катышуучу: Азамат акылдуу, Айдай сулуу.
Үчүнчү катышуучу; Азамат акылдуу, Айдай сулуу, Орозбек тапкыч ж.б.у.с
Эскертүү: сын атоочтун ордуна, шаарлардын, жер-жемиштердин, буюмдардын ж.б. аттарын колодонсо болот.
«Интервью» 30 минут
Максаты: Бири-бири менен таанышып, башка бирёёнщн айтканын укканды щйрёнщщ.
Колдонуучу буюмдар: эч нерсе керек эмес.
Катышуучу топту экиден жупка бөлүп, ар бири өзүнүн жубуна өзү тууралуу 5 минуттай баяндап бериш керек. Ал эми угуучу айтып жаткан жубун бөлбөй угуп турушу керек. Оюндун алып баруучусу убакытты белгилейт. Баяндоочулар баянын бүткөн соң топ кайрадан биригип, угуучулар жубунан укканын катышуучуларга айтып берет.
«Мен – бул...» 30 минут
Бул оюунду катышуучулар бири-бири жакшылап тааныгандан кийин ойноого сунушталат.
Максаты: катышуучуларга жакындан таанышуусуна жана өзү жөнүндө айтып берүүгө жардам берүү.
Колдонуучу куралдар: ар бир катышуучуга баракча, калем сап жана төөнөгүчтөр.
Бардык катышуучуларга бирден барак кагаз, калем сап, жана төөнөгүч берилет. Катышуучулар 5 мүнөттүн ичинде өзүн мүнөздөй турган 10 сөз же фраза жазыш керек. Андан соң оюундун катышуучулары мүнөздөмөлөрүн төшүнө төонөгүч менен бекитип алып убакыт бүткөнгө чейин бөлмөнүн ичинде тегеренип, бири-биринин мүнөздөмөлөрүн окушат. Качан бардыгы бири-бириникин окуп бүтүшкөндөн кийин ордуларына келишип, курбусу тууралуу эмнелерди билгенин, эмне кызыктуу, эмне таңкалычтуу жана эмне күлкүлүү болгондугун ортого салышат.
«Менин атым... Мен өзүмдү ... жакшы көрөм.» 15 минут
Максаты: Катышуучулардын ысымдарын эске салып, иш күнүнө даярдануу. (Семинардын экинчи күнү).
Ар бир катышуучу «Менин атым...» «Мен өзүмдү ... жакшы көрөм» деген эки сүйлөмдү айтат. Талаш-тартыш, талкууларга көңүл бурбай жакшы көргөн нерселериңиз жөнүндө бат-баттан айта бериңиз.
«Таанышуу бурчу» 10 минут
Максаты: Оюндун катышуучуларын чыңоо.
Колдонуучу куралдар: эч нерсе керек эмес.
Катышуучулар теректеп турушуп, ичинен бирөө тегеректин ортосуна чыгып, ысымын айтып, өзүнө тийешелүү кыймыл жасайт да ордуна турат. Ал эми калгандары анын жасаган кыймылын колдон келишинче так жана туура жасаганга аракет кылышат.
Жумшартуу үчүн көнүгүүлөр
Бул оюундар алып баруучуга катышуучуларды жумуш абалында кармап туруу үчүн керек. Мындай оюндар көбүнчө, катышуучулар отуруп чарчаганда же лекцияны угуп жаткандардын көңүлүн бир жерге топтоо үчүн колдонулат. Оюндар негизинен кыймыл аракеттердин жасалышынан тургандыктан, алып баруучу түшүндүрүү аракеттерин көрсөтөт. Ал эми катышуучулардын тапшырмасы – алып баруучунун бардык кыймылын тууроо.
Максаты: Топтун катышуучуларын кызытып, чарчоону унуткузуу.
«Бразилиядан келген чоң эне»
Бардык катышуучулар тегерек турушуп, жүздөрү менен тегеректин ичин карап алып, алып баруучунун: колдору, буттары, башы менен жасаган кыймыл аракеттерин туурашат. Бул учурда алып баруучу «Менин Бразилияда жашаган чоң энем бар», «Анын колдору момундай», «буттары момундай», «Анын башы момундай кыйшык», Ал ары бери секирип «Мен дүйнөдөгү эң сулуу чоң энемин» деп кыйкырат деген фразаларды айтат. Анын аркасынан катышуучулар кайталайт.
«Ураган» 10 минут
Катышуучулар тегерек болуп отурушат, алып баруучу тегеректин борборуна туруп алып, окшоштуктары бар (ак көйнөкчөндөрдү, кара көздөрдү) катышуучуларды орун алмашуусун сунуштайт. Катышуучулар орун алмашып жатканда кимдир бирөөнүн ордун ээлеп калганга тийиш, болбосо ал алып баруучу болот. Эгер катышучулар көпкө чейин орундук таппаса алып баруучу «ураган» деп айтаары менен бардыгы орун алмашышат.
«Түрү укмуштай – сонун сүрөт»
Топ экиге бөлүнүп, ар бир топко бирден барак жана фломастер берилип, сонун сүрөт тартуусу талап кылынат кийин кошунасы «түрү укмуштай » сүрөт тартуусу талап кылынат. Мунун бардыгы 30 секунддун аралыгында аткарылып бүтүшү керек. Бардыгы сүрөт тартып бүткөн соң сүрөт кайра ээсине келип кызыктуу талкуу башталат.
«Кабука театры» 10 минут
Катышуучулар эки командага бөлүнүшөт. Командалар жашыруун кимди туурашарын белгилейт: ханзааданы, ажыдаарды, самурайды. Алып баруучу командаларга мүнөздүү: ханзааданын, самурайдын, ажыдаардын кыймыл аракетин туурап берет.
Ханзаада иймелинки кыймыл аракеттерди жасайт, ажыдаар түрүн бузуп, эки колун өйдө көтөрүп алдыга умтулат. Самурай найзасы менен шилтөөлөрдү көрсөтөт. Командалар өзүлөрүнө ролдорду тандап алган соң, алып баруучу «Ханзаада самурайдын жүрөгүн ээлейт, самурай ажыдаарды өлтүрөт, ажыдаар ханзааданы жейт» деп билгизет. Андан соң командалар эки шеренгага туруп алышып алып баруучунун буйругу менен тандап алган ролун аткара башташат.
Кайсы команданын ролу пайдалуу болсо ал команда көбүрөөк упай топтойт.
Мисал үчүн: ханзаада менен самурай бир упай алат. Себеби, ханзаада самурайдын жүрөгүнө чок салат.
Самурай жана ажыдаар 1 упай. Самурай ажыдаарды өлтүрөт.
Ажыдаар, ханзаада 1 упай.
Ханзаада ханзаада, самурай самурай, ажыдаар ажыдаар упайга ээ болушпайт.
Топторду бир канча майда топторго бөлүү үчүн көнүгүүлөр
Эгер топту 4 топчого бөлгүңүз келсе, 4 каалоочуну чакырып, командалардын жетекчилерине «саякатка чыгаарды кимдерди жаныңа алат элең деген суроо менен кайрылат»
Каалоочулар бирден кишиден тандаган соң алып баруучу ар кандай суроолор менен кайрылып, бир канча киши тандалат. Эгер калып калгандар болсо, алардын өз каалоолору менен кайсы командага баруусун сунушташат.
«Фишка» 10 минут
Колдоонучу буюмдар: эгерде сиз бул топту 3 кичи топко бөлгүңүз келсе, 3 түрдүү кагазды даярдап алыңыз. 2 топко бөлө турган болсоңуз 2 түрдү тандайсыз (15 адамдан турган топту 3 кичи топко бөлсө, бир түрдүү кагаздан бешти аласыз).
Катышуучулар айланага туруп көздөрүн жумат. Алып баруучу ар биринин аркасына бирден барак жармаштырат. Алып баруучунун командасы менен бары биригип көздөрүн ачышат. Андан кийин үн-сөз жок бардыгы топторго бөлүнүүлөрү керек.
«Молекулалар» 5 минут
Алып баруучу инструкцияны айтат: Биз барыбыз атом экенбиз деп элестеткиле, алар башаламан кыймылдашат, кээде молекулага биригет, кээде ар кай жакка учушат, клеткага биригет, организм болот. Азыр музыка ойнойт, биз барыбыз атомдордой башаламан кыймылдайбыз, чуркайбыз. Мен бир санды айтам, ошончо атом бир молекула болуп биригет, андан кийин бир нече молекула клетка болуп, клеткалар организм болушат.
Музыка ойнойт, бардык катышуучулар башаламан чуркашат. Тренер «2 атом» дейт, «2 молекула», «2 клетка», «2 организм» дейт. Катышуучулар 2 топко болүнүшөт.
«Түстөр» 5 минут
Материалдар: ар түркүн түстөгү барактар (кызыл, сары, жашыл д.б.) катышуучулардын санына жараша.
Сабак башталганча 2 же андан көп түстөгү жетондорду даярдап алуу керек, аларды катышуучуларга бирден таркатуу зарыл.
Качан топту бөлүү керек болгондо, катышуучуларга кайсы түс кайсы команда болоорун жарыялоо керек.
Коммуникациялык оюндар
«Сен мага жагасың…. менен» 20 минут
1-вариант. Катышуучулар айланага турушат. Алып баруучу катышуучунун бирине топ ыргытат, ошол учурда минтип айтат: «Сенин мага …. жагат» жана ага жакан сапатын айтат. Топту алган катышуучу башка кишиге ыргытып дагы ушул создү жана ага жакан сапатты айтат. Топ бардык катышуучуларга жетиши керек.
2- вариант. Бул оюнду команданы экиге бөлүп туруп ойнотсо да болот.
«Баары бир сен азаматсың, анткени….» 15 минут
Катышуучулар түгөйлөргө бөлүнүшөт. Бир шериги экинчисине жашоодогу кыйын кырдаал жөнүндө же өзүнүн бир жетишпеген мүнөзү тууралуу айтат. Анын маектеши ал айткан создөрдү угуп туруп ага мындай дейт: «Баары бир сен азаматсың, анткени…»
Комплимент 10 минут
Катышуучулар 2 айланага турат, ички жана сырткы. Эки айланада тең катышуучулар бирдей санда болушу керек. Катышуучулар бири-бирине тик карап, комплимент айтышат. Андан кийин алып баруучунун командасы менен ички айлана жылып орун алмашат, башкаларга да комплимент айтат. Бул оюн бардык катышуучулар биринчи айланадагы жана экинчидегилер бири-бири менен комплимент айтышып бүтүшкөнчө уланат.
«Биз экөөбүз мына булар менен... окшошпуз» 20 минут
Катышуучулар 2 айланага турат, ички жана сырткы. Эки айланада тең адамдар бирдей санда болушу керек. Катышуучулар бири-бирине тик карап, сырткы айланадагылар шериктерине мындай дейт: «Биз экөөбүз мына булар менен… окшошпуз», мисалы, биз экөөбүз окшошпуз, анткени биз экөөбүз жер планетасында жашайбыз, бир класста окуйбуз… ж.б. Ички айланадагылар сырткыларга мындай дейт: Биз экөөбүз айырмаланабыз, көздөрүбүз башкача, чачтарыбыздын узундугу бирдей эмес ж.б. Андан кийин алып баруучунун командасы менен ички айлана жылып орун алмашат, башкаларга да ошону айтат. Бул оюн бардык катышуучулар биринчи айланадагы жана экинчидегилер бири-биринин окшоштуктарын жана айырмачылыктарын айтышып бүткөнчө уланат.