Просмотр содержимого документа
«Океан жана анын болуктору»
Кар турундогу жаан-чачындар
шамал
Конденсациялык буу
мөнгү
Жамгыр турундогу жаан-чачындар
Дарыя
Кургактык
Булак
Буулануу
жер алдындагы суулар
Океан
Дүйнөлүк суунун айланышы.
Абадагы суулар
Океандагы суулар
Кургактыктагы суулар
Тема: «Океандагы дениздер, булундар,кысыктар жана андагы толкундар, кыймылдар»
Д үйнөлүк океан
Жер бетинин көпчүлүк бөлүгүн (3/4) Дүйнөлүк океан деп аталган туташ суу мейкиндиги каптап турат. Аны материктер айрым бөлүктөргө бөлүп турат.
Океан-
Материктер - кургактыктын эң ири бөлүктөрү, алар бардык тараптарынан океандар жана деңиздер менен курчалган. Азыркы кезде алты материкти бөлүшөт: Евразия, Түндүк Америка, Түштүк Америка, Африка, Австралия, Антарктида.
Дүйнөлүк океан гидросферанын негизги бөлүгү. Ал ири бөлүктөрдөн — океандардан турат.
Тынч океан
Инди океан
Т үштүк океан
Дениздер — бул океандан кургактык же суу алдынан жогору көтөрүлгөн босоголор менен бөлүнгөн океандардын четки ири бөлүктөрү. Мисалы, Баренц деңизи — Түндүк Муз океанынын, Балтика деңизи — Атлантика океанынын, Беринг - Тынч океандын, ал эми Кызыл деңиз - Инди океанынын бөлүгү.
- Кургактыкка анчалык ичкери кирбеген деңиздер четки деңиздер деп аталат. Четки деңиздерге Баренц, Карск, Лаптевдер денизи, Чукот, Чыгыш Сибирь, Беринг жана башка кээ бир дениздер кирет. Бирок кургактыкка ото ичкери кирген дениздер да бар. Алар океандар менен кысыктар аркылуу гана биригип турушат. Андай дениздер ички дениздер деп аталат. Мисалы, Жер Ортолук денизи бардык тарабынан кургактык менен
курчалган да, Атлантика океаны менен Гибралтар кысыгы аркылуу кошулуп турат.
Эки океанды, деңизди бириктирип турган кууш суу бөлүктөрү – кысыктар. Мисалы, Беринг кысыгы Түндүк Муз океанын Тынч океан менен, ал эми Дрейка кысыгы - Тынч океанды Атлантика океаны менен бириктирип турат.
Эн кууш (950км) терен кысык (5249 м) - Дрейка
Узун кысык (1670 км) Мозамбик
Булун- Океандардын же деңиздердин кургактыкка кыйла кирип турган бөлүктөрүн булун деп аташат. Мисалы, Европанын батышындагы Бискай булуну Атлантика океанынын бөлүгү, ал эми Фин, Ботника булундары Балтика деңизинин бөлүгү. К ө п учурда ири булуңдардын деңизден эч айырмасы жок (Гудзон, Мексика, Бенгал булундары)
Аралдар - бул материктерге салыштырганда анча чон эмес, бардык тарабынан суу чулгап турган кургактыктын бөлүктөрү. Аралдардын көлөмдөрү ар түрдүү. Өздөрүнүн пайда болушу боюнча аралдар: материктик, вулкандык жана кораллдык болуп үч топко бөлүнөт.
Жарым аралдар - бул кургактыктын суу мейкиндигине сүңгүп кирип турган жана үч жагынан суу менен курчалган бөлүгү. Жер шарындагы эн чон жарым арал — Аравия — Түштүк -Батыш Азияда орун алган. Индостан жарым аралы Инди океанына 1000 кмден ашык аралыкка кирип турат. Европанын түндүк-батышында Скандинавия жарым аралы орун алган.
Архипелаг- Көп учурда негизи жалпы болгон жана бири-биринен анча алы с эмес аралыкта жайгашкан аралдардын тобун архипелаг деп аташат. Бир архипелагды түзгөн аралдардын келип чыгышы адатта бирдей болот (мисалы, Канада архипелагы). Жердин эң ири архипелагы - Малайя архипелагы. Анын аралдары Евразия менен Австралиянын аралыгында созулуп жатат.
Агымдар
Айланасындагы суулардан кыйла жогору.
Айланасындагы суулардан муздак
ДҮЙНӨЛҮК ОКЕАН ЖАНА АНЫН БӨЛҮКТӨРҮ
- Океандар
- Дениздер
- Булундар
- Кысыктар
- Материктер
- Аралдар
- Жарым аралдар
- Архипелагдар
Тесттик суроолор
- 1. Эн чон океан?
- а)Тынч в) Инди
- б)Т үштүк г)Атлантика
- 2. Эки океанды, деңизди бириктирип турган кууш суу бөлүктөрү ?
- а)арал в)булун
- б)дениз г) кысык
- 3. Д үйнөдөгү эн чон кысык ?
- а)Бенгал в)Тынч
- б)Гудзон г)Бискай
- 4.Экинчи чон материк ?
- а)Евразия в)Африка
- б) Антарктида г)Австралия
- 5. Бул кургактыктын суу мейкиндигине сүңгүп кирип турган жана үч жагынан суу менен курчалган бөлүгү.............
- а)жарым арал в)архипелаг
- б)материк г)арал
Үйгө тапшырма:
- $22,23,25 окуп келүү.
- Географиялык объектилерди контур картага түшүрүү.
- Каалоочулар :
- Кроссворд т үзүп келүү