Просмотр содержимого документа
«Оксиддер. Оксиддердин классификациясы жана алынышы.»
Органикалык эмес химия Тема: Оксиддер. Оксиддердин классификациясы жана алынышы. 8 –класс Мугалим: Абылаева Гульмира Акматалиевна
Ош областы. Алай району. К.Султанов атындагы орто мектеби.
Сабактын максаты:
- Оксиддердин аныктамасы жана курамын
- Оксиддерддин классификациясын
- Оксиддердин алынышын
Заттар
Жонокой
Татаал
Металл
Металл эмес
Органикалык эмес бирикмелердин негизги класстары.
Татаал заттар
Туздар
Оксиддер
Негиздер
Кислоталар
Эки элементтен туруп анын бироо кычкылтек болгон татаал заттар оксиддер деп аталат.
Жалпы формуласы: Эп Оm
Э-элемет,n,m –индекстер.
Оксиддер
Туз пайда кылуучу
Туз пайда кылбоочу
Туз пайда кылуучу оксиддер
1.Негиздик же металлдардын оксиддер : Li 2 O, Na 2 O, K 2 O, Rb 2 O, Cs 2 O, Fr 2 O, Cu 2 O, CuO, Ag 2 O, MgO, CaO, SrO, BaO, FeO. Кислоталар менен өз ара аракеттенишип, тузду жана сууну пайда кылуучу оксиддер негиздик оксиддер деп аталат.
2.Кислоталык же металл эместердин оксиддери. SO 2, CO 2, P 2 O 5 ж.б. Негиздер менен өз ара аракеттенишип тузду жана сууну пайда кылуучу оксиддер кислоталык оксиддер деп аталат.
3.Амфотердик оксиддер. Негиздер менен да, кислоталар менен да реакцияга кирип тузду жана сууну пайда кылуучу оксиддер амфотердик оксиддер деп аталат. Мындай оксиддер BeO, ZnO, Al 2 O 3 , Ga 2 O 3 , Tl 2 O 3 , Fe 2 O 3 , Cr 2 O 3 ж.б. кирет, б.а. амфотердик оксиддер кислоталар менен негиздик оксид катарында, ал эми негиздер менен кислоталык оксид катарында реакцияга кирет:
Оксиддердин алынышы
1.Оксиддер, элементтердин кычкылтекте күйүшүнөн пайда болот:
4Li + O 2 = 2Li 2 O
2Ca + O 2 = 2CaO
4Al+ 3O 2 =2Al 2 O 3
C + O 2 = CO 2
S + O 2 = SO 2
4P + 5O 2 = 2P 2 O 5
2. Оксиддер, кээ бир кычкылтектүү кислоталар жана негиздер, жана кычкылтек кармаган туздар ажыраганда пайда болот: H 2 CO 3 = H 2 O + CO 2 ↑ Cu(OH) 2 = CuO + H 2 O CaCO 3 = CaO + CO 2 ↑
3. Оксиддер, кээ бир бирикмелер кычкылданганда (күйгөндө) пайда болот: CH 4 +2O 2 = 2H 2 O + CO 2 ↑ C 6 H 12 O 6 (глюкоза) +O 2 = 6H 2 O + 6CO 2 ↑
Жыйынтыктоо:
- Оксиддердин курамын
- Оксиддердин классификациясын
- Негиздик оксиддер менен кислоталык оксиддердин айырмачылыктарын
- Амфотердик оксиддер жонундо
- Оксиддердин алынышын
Оз билимдерин актуалдаштыруучу конугуулор:
- Оксиддер кандай типтерге болунот?
- Туз пайда кылуучу оксиддер кандай класстарга болунот?
- Берилген оксиддердин атын атагыла:
4.Томондогу берилген негиздерге туура келуучу оксиддердин формулаларын тузгуло: