СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуганын тушунуу боюнча

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Окуганын тушунуу боюнча»

НООДУ

ОКУУ ЖАНА ТУШУНУУ ТЕСТТЕРИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАР 4-КЛАСС

Билим алуу процессинде балдар негизинен тексттердин эки түрүнө учурайт: маалыматтык

(окуу китептериндеги тексттер, балдар энциклопедиясы, балдардын таанып билүү

журналдары ж.б.) жана көркөм (окуу сабактарында, класстан тышкаркы убакта өтүлүүчү

тексттер жана өз алдынча окулуучу көркөм чыгармалар). Ошон үчүн изилдөөдө окуп-

түшүнүүнүн эки негизги милдети бөлүнүп каралат:


1. Адабий билим алуу үчүн окуу. Буга 4-класстын окуу сабактарында, ошондой эле үйдөн өз алдынча окулган көркөм адабияттарга окшогон тексттер кирет. Адабий билим алуу үчүн окуу окурманды адабий чыгарманы, анын өзгөчөлүгүн, темаларын, идеяларын, көйгөйлөрүн, окуяларын, каармандарын, тилдик сүрөттөп-көрсөтүү каражаттарын өздөштүрүүгө тартат. Окурман чыгарманы өзүнүн окурмандык жана турмуштук тажрыйбасынын негизинде талдайт. Ал каармандарга жана алардын иштерине баа берет, окуялардын болжолдуу өнүгүшү ж.б.у.с. жөнүндө ой жүгүртөт. Көркөм текст окурманды адеп-ахлакка байланыштуу тыянак чыгарууга түртөт.

2. Маалымат алуу үчүн окуу. Буга окуу китептериндеги же илимий-популярдуу журналдардагы макалалар сыяктуу маалымат берүүчү, таанытып билдирүүчү тексттер кирет. Окуунун бул түрү, демейде, окуу китептерине, жардамчы окуу куралдарына, гезит-журналдардагы, маалымдамалардагы, энциклопедиялардагы макалаларга байланыштуу. Бул тексттер маалымат алуу жана түшүнүү үчүн окулат. Бул үчүн тексттен башкы ойду белгилөө, керектүү маалыматты табуу, башкысы менен экинчи катардагы нерселерди ажырата билүү, тексттен кандай маалымат алса болорун, кандайын болбосун түшүнүү, ойдун логикасын жана далилдерди баамдоо керек болот. Тексттен туура багыт алып, окурман бүтүндөй текст менен да, анын үзүндүлөрү менен да иштей алат.



Бардык тапшырмалардын саны: 80

Бардык тексттин саны:

Тексттин турлору: Адабий билим алуу учун - 40 тапшырма

Маалымат алуу учун - 40 тапшырма


Тапшырмалардын турлору:

Жабык турдогу тапшырма

  1. Жоопту тандоо керек болгон тапшырмалар; (торт варианттан бир жоопту тандайт) 50 тапшырма

Ачык турдогу тапшырмалар:

  1. Кыска жоопту жазып бериш керек болгон тапшырмалар;(жоопту бир же бир нече же кыска суйлом менен жооп жазат) 19 тапшырма

  2. Жообун толугу менен тушундуруп бериш керек болгон тапшырмалар (оз ой жугуртуусун чечмелеп жазып,мисал келтирип,жапылап тыянак чыгарып берет) 11 тапшырма

Окуу аспекттери:

1. тексттин жалпы түшүнүгү;

2. текстти чечмелөө;

3. окурман менен тексттин байланышы;

4. тексттин формасынын мазмундуулугу.






Текстти окуу жана түшүнүү боюнча баалануучу билгичтиктер. 4-класс






1. Тексттин жалпы түшүнүгү – бул текстти бир бүтүн катары караган окуунун аспектиси. Ал өзүнө төмөнкү баалануучу билгичтиктерди камтыйт:

тексттеги негизги ойду / теманы аныктай билүү;

тексттен керектүү маалыматты таба алуу;

тексттен кайсы маалыматты алса болорун / болбосун аныктай алуу.


Мисалы: МАЛИНА Тексттен керектүү маалыматты таба алуу билгичтиги

боюнча 9 тапшырма бар

Тексттен малинанын дарылык касиети жөнүндө айтылган сүйлөмдү көчүрүп жаз. ___________________________________________________


  • Тексттин башкы оюн /темасын аныктай алуу билгичтигине

6 тапшырма бар

Тапшырманын мисалы:

  1. АШКАБАК

Бул тексттин башкы максаты эмне жөнүндө айтып берүү?

(А) Ашкабактын ар кандай түрлөрү жөнүндө

(Б) Ашкабак өскөн жерлер жөнүндө

(В) Ашкабакты колдонуунун ыкмалары жөнүндө

(Г) Ашкабакты өстүрүүнүн шарттары жөнүндө

  • Тексттен керектүү маалыматты таба алуу билгичтиги

боюнча 9 тапшырма бар

  1. КЕМИРГИЧТЕР

Тексттеги маалыматка ылайык, жаратылышта кемиргичтердин душманы

болуп эмне эсептелет?__________________________________________

  1. МАЛИНА

Тексттен малинанын дарылык касиети жөнүндө айтылган сүйлөмдү көчүрүп жаз. ___________________________________________________



  • Тексттен кайсы маалыматты алса болорун / болбосун аныктай алуу

  1. АШКАБАК

Бул тексттен эмнени билүүгө БОЛБОЙТ?

(А) Ашкабак кайсы өлкөлөрдө өскөндүгүн

(Б) Жегенге болбогон ашкабактар кандай колдонулгандыгын

(В) Кайсы жомокто ашкабактан жасалган карета жөнүндө айтылгандыгын

(Г) Жегенге болгон ашкабактан кандай тамактарды жасаса болгондугун




Тексттин жалпы түшүнүгү – окуунун абдан маанилүү аспектиси. Эгерде окуучу текстти толугу менен кабыл ала албаса, тексттин негизги оюн аныктай албаса, тексттен керектүү маалыматты таба албаса жана жада калса жаӊы окуп чыккан тексттен кайсы маалыматты алууга болорун, же алууга болбосун аныктай албаса, анда анын мектептен билим алуусу кыйла татаал болот.



2. Текстти чечмелөө – бул текстти бир бүтүн бойдон эмес, ар кайсы бөлүктөргө бөлүп караган окуу аспектиси. Бул аспектте төмөнкү билгичтиктер текшерилет:

текстте сүрөттөлгөн окуялардын жана кубулуштардын себептерин аныктай алуу;

каармандын иштерин жана сөздөрүн түшүндүрө билүү;

каармандын мүнөзүнүн негизги сапаттарын аныктай алуу;

контекстке жараша сөздүн же айтымдын маанисин түшүнүү, маалыматты жалпылап

өз алдынча тыянак чыгара алуу.

  • Окуучу алынган билимди системалаштыра алат

Алынган маалыматты чечмелей билүү окуучу текстти түшүнгөндүгүн, аны өз алдынча талдай аларын жана тексттин ар түрдүү аспекттерине көӊүл буруп окуган нерсеси жөнүндө негиздүү ой жүгүртө аларынан кабар берет.


«Текстти чечмелөө» окуу аспектинде 35 тапшырма бар

  • Сүрөттөлгөн окуялардын себептерин аныктай алуу билгичти

боюнча 8 тапшырма бар

Тапшырманын мисалы:

ДИНОЗАВРЛАР

Эмне үчүн текстте ДИНОЗАВРЛАР деген аталыш жаңылыш болгон деп

айтылган? Жообуңду жаз._______________________________________


  • Каармандын иштерин жана сөздөрүн түшүндүрүү билгичтиги боюнча 6 тапшырма бар

Тапшырманын мисалы:

  1. АКЫЛМАН КЫЗ

Эмне үчүн Болотбек хан өз аялына шаардан кетип калууну буюрду?

(А) Даанышман кедей, ал эми хан бай болгон

(Б) Даанышман күйөөсүнө берген убадасын бузган

(В) Даанышман күйөөсүнө кеңештери жана насааттары менен жардам

берген эмес

(Г) Даанышман өз күйөөсүн сүйгөн эмес

2. КАРЫЛАРДЫН АКЫЛМАНДЫГЫ

Эмне үчүн падыша картаң адамдарсыз эле жашаган жакшы болот деп эсептеген?

(А) Ал аларды эч пайдасы жок деп эсептеген

(Б) Ал аларды акылсыз деп ойлогон

(В) Ал аларды сараң деп эсептеген

(Г) Ал аларды жалкоо деп ойлогон


  • Алынган маалыматты системалаштыруу билгичтиги боюнча 6 тапшырма бар

Тапшырманын мисалы:

ДИНОЗАВРЛАР

Төмөн жактагы динозаврлардын кайсынысы жырткыч болгон?

(А) Диплодок

(Б) Тиранозавр

(В) Стиракозавр

(Г) Атоподентатус

  • Контекстке жараша сөздүн же айтымдын маанисин

аныктай алуу билгичтиги боюнча 5 тапшырма бар

Тапшырманын мисалы:

ЖАНЫБАРЛАР ЖӨНҮНДӨ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

Текстте “Куштун канатындагы жан бактыларды кумурскалар ыракаттанып

жеп алышат”, - деп жазылган. Тексттин автору эмнени “жан бакты” деп

атайт?

(А) Куштарды

(Б) Кумурскаларды

(В) Куштун канатынын астында жашаган курт-кумурскаларды

(Г) Токойдо же талаада жашаган курт-кумурскаларды

  • Алынган маалыматтан корутунду чыгара алуу билгичтиги

боюнча 7 тапшырма бар

Тапшырманын мисалы:

БОЛОР-БОЛБОС ИШ

Эмне үчүн Клим анын каты сөзсүз класстан окулат деп ойлогон?

(А) Анын каты абдан узун – беш бет – болгон

(Б) Ал “көп нерсе жөнүндө” жазган

(В) Ал эрдик менен жасаган иштери мугалимин суктандырат деп ойлогон

(Г) Ал мугалим өзүнө жөнөтүлгөн каттардын баарын окуйт деп ойлогон



3. Окурман менен тексттин ортосундагы байланыш бул окуу аспекти эӊ алды, канчалык деӊгээлде окуучу тексттен алыстап, өз алдынча ой жүгүртө аларын аныктоого багытталган. Бул аспектте тексттин мазмуну окуучунун турмуштук жана окурмандык тажрыйбасы менен айкалышат. Окуунун бул аспектинде төмөнкү билгичтиктер бааланат:

тексттин аталышы менен иштей алуу;

тексттин акыл-насаат берүүчү маанисин таба алуу;

далил келтире алуу;

тексттин мазмунун өзүнүн дүйнө жөнүндө билими менен байланыштыра алуу.

«Текст менен окурмандын ортосундагы байланыш» окуу аспектинде 22 тапшырма бар

Тапшырманын мисалы:

АШКАБАК

Кармагычтан кутулуп кетиш үчүн маймыл эмне кылышы керек?

Жообуӊдү жазып бер.___________________________________________________________________________________________________________________________

4. "Тексттин формасынын мазмундуулугу"

Текстти бул аспекте карап чыгуу анын уюштурулушун талдоону көздөйт. 4-класстын деңгээлинде бул аспектте окуучунун тексттин турлөрүн жана жанрларын айырмалай алуу билгичтиги текшерилет.

«Тексттин формасынын мазмундуулугу» окуу аспектинде 5 тапшырма бар

Тапшырманын мисалы:

КИЧИНЕ КУРАКТАГЫ МАЙМЫЛДАР

Бул текст – жомок, анткени

(А) анда кичинекей маймылдар жөнүндө айтылат

(Б) бала маймылдар зоопарктан качып кетишип, көчөдө чуркап жүрүшкөн

(В) бала маймылдар өздөрүн адамча алып жүрүшкөн

(Г) анда бала маймылдарды кароосуз калтырганга болбой тургандыгы

айтылат


ЖАНЫБАРЛАР ЖӨНҮНДӨ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

Бул текст кандай китеп үчүн көбүрөөк туура келет?

(А) Көркөм аңгемелер жыйнагы үчүн

(Б) Балдар энциклопедиясы үчүн

(В) Жомоктор жыйнагы үчүн

(Г) Уламыштар (легендалар) жыйнагы үчүн



Сүрөттөлгөн окуялардын себептерин аныктай алуу билгичти

боюнча 8 тапшырма бар

Тапшырманын мисалы:

ДИНОЗАВРЛАР

Эмне үчүн текстте ДИНОЗАВРЛАР деген аталыш жаңылыш болгон деп

айтылган? Жообуңду жаз._______________________________________

Тексттин мазмунун окуучунун дүйнө жөнүндө билими менен

байланыштыра алуу билгичти боюнча 8 тапшырма бар

Тапшырманын мисалы:

МАЛИНА

Жазында жаан-чачын көп болгондо, балчы бал челектерин малина өскөн

жерге жакыныраак жайгаштырса, ал бал ала алабы? Өз жообуңду

түшүндүрүп жаз.___________________________________________________________________________________________________________________________



Тексттин акыл-насаат берүүчү маанисин аныктоо билгичтиги

боюнча 4 тапшырма бар

Тапшырманын мисалы:

КИЧИНЕ КУРАКТАГЫ МАЙМЫЛДАР

Эмне үчүн маймыл эне эркек баланын рогаткасын оңдобой койду?

Жообуӊду жаз.

Тексттин аталышы менен иштөө билгичтиги боюнча

3 тапшырма бар

Тапшырманын мисалы:

КАРЫЛАРДЫН АКЫЛМАНДЫГЫ

Төмөн жакта келтирилген аталыштардын кайсынысы бул жомокко

калгандарынан көбүрөөк туура келет?

(А) Таш боор падыша

(Б) Боорукер кеңешчи

(В) Эмгекчил кумурскалар

(Г) Куткарып калган кеңеш

Каармандын мүнөзүнүн негизги сапатын

аныктоо боюнча 3 тапшырма бар

Тапшырманын мисалы:

БОЛОР-БОЛБОС ИШ

Бул текстте Климдин кандай мүнөзү көрсөтүлгөн?

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Тексттен кандай маалыматты алса болорун / болбосун

аныктоо боюнча 5 тапшырма бар

Тапшырманын мисалы:

АКЫЛМАН КЫЗ

Бул жомоктон сен кайсы суроонун жообун таба аласыӊ?

(А) Эмне үчүн хан аялынын өзүнөн башка бирөөгө кеңеш берүүсүн

каалаган эмес?

(Б) Жигит хандын алдында эмнеси менен күнөөлүү болгон?

(В) Эмне үчүн Даанышман күйөөсүнө берген убаданы бузган?

(Г) Ханга жигиттин калпы ачылып калганда, жигитке эмне болду?

Далил келтире алуу боюнча 9 тапшырма бар

Тапшырманын мисалы:

КИЧИНЕ КУРАКТАГЫ МАЙМЫЛДАР

Кандай дейсиң, отургучта отурган кишиге бала маймылдардын жардамы

жактыбы? Эмне үчүн ошондой ойлогонуңду түшүндүрүп жаз.___________________________________________________________________________________________________________________________

9-СУРОО: АШКАБАК

Бул тексттин башкы максаты эмне жөнүндө айтып берүү?

(А) Ашкабактын ар кандай түрлөрү жөнүндө

(Б) Ашкабак өскөн жерлер жөнүндө

(В) Ашкабакты колдонуунун ыкмалары жөнүндө

(Г) Ашкабакты өстүрүүнүн шарттары жөнүндө

10-СУРОО: АШКАБАК

Бул тексттен эмнени билүүгө БОЛБОЙТ?

(А) Ашкабак кайсы өлкөлөрдө өскөндүгүн

(Б) Жегенге болбогон ашкабактар кандай колдонулгандыгын

(В) Кайсы жомокто ашкабактан жасалган карета жөнүндө айтылгандыгын

(Г) Жегенге болгон ашкабактан кандай тамактарды жасаса болгондугун



1-СУРОО: КИЧИНЕ КУРАКТАГЫ МАЙМЫЛДАР

Текстте мындай деп айтылган: «Маймыл эне үй чарбасына алектенип,

бир секундча эле балдарын карабай калат…». Бул учурда «бир секундча эле»

деген сөз эмнени билдирет?

(А) бала маймылдар бүт баарын бир секунддун ичинде жасашкан

(Б) энеси бала маймылдарды туптуура бир секунд карабай турду

(В) маймыл эне балдарын өтө кыска убакытка гана карабай калган

(Г) бала маймылдар ар бир кылган ишине бир секунд убакыт кетиришкен

2-СУРОО: КИЧИНЕ КУРАКТАГЫ МАЙМЫЛДАР

Кандай дейсиң, отургучта отурган кишиге бала маймылдардын

жардамы жактыбы? Эмне үчүн ошондой ойлогонуңду түшүндүрүп жаз

1-СУРОО: АКЫЛМАН КЫЗ

Болотбек хан кайсы кызга үйлөнүүнү чечти?

(А) Эң бай болгонуна

(Б) Эң сулуу болгонуна

(В) Эң акылдуу болгонуна

(Г) Эң эмгекчил болгонуна

2-СУРОО: АКЫЛМАН КЫЗ

Болотбек хан Даанышмандан кандай убада алганы айтылган сүйлөмдү

көчүрүп жаз.

9-СУРОО: ДИНОЗАВРЛАР

Эмне үчүн окумуштуулар динозаврлар бир кезде бүт Жер жүзүндө

жашаган деп ойлошот?

(А) Динозаврлар абдан чоң жана күчтүү болгон

(Б) Динозаврлар жөнүндө айтылган жомоктор көп

(В) Динозаврлардын сөөктөрүн дүйнөнүн ар кайсы жеринен табышат

(Г) Динозаврлар бир кезде абдан көп болгон

10-СУРОО: ДИНОЗАВРЛАР

Эмне үчүн текстте ДИНОЗАВРЛАР деген аталыш жаңылыш болгон деп

айтылган? Жообуңду жаз.

9-СУРОО: ЖАНЫБАРЛАР ЖӨНҮНДӨ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

Бул текст кандай китеп үчүн көбүрөөк туура келет?

(А) Көркөм аңгемелер жыйнагы үчүн

(Б) Балдар энциклопедиясы үчүн

(В) Жомоктор жыйнагы үчүн

(Г) Уламыштар (легендалар) жыйнагы үчүн

10-СУРОО: ЖАНЫБАРЛАР ЖӨНҮНДӨ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

Мителер жаныбарларга кандай коркунуч туудурганын жазып бер.

1-СУРОО. БОЛОР-БОЛБОС ИШ

Бул текст эмне болуп эсептелет?

(А) Элдик жомок

(Б) Аңгеме

(В) Гезиттеги макала

(Г) Уламыш (легенда)

2-СУРОО: БОЛОР-БОЛБОС ИШ

Балдар өз каттарында мугалимине эмне жөнүндө жазууну сүйлөшкөнүн

тексттен таап, көчүрүп жаз.

9-CУРОО: МАЛИНА

Бул текст кандай китепке ылайык келет?

(А) Көркөм аңгемелер жыйнагы үчүн

(Б) Балдар энциклопедиясы үчүн

(В) Жомоктор китеби үчүн

(Г) Уламыштар (легендалар) жыйнагы үчүн

10-CУРОО: МАЛИНА

Сунуш кылынган аталыштардын кайсынысы бул текстке көбүрөөк туура

келет?

(А) Даамдуу дары

(Б) Керемет мөмө

(В) Токой өсүмдүгү

(Г) Балдуу гүлдөр

1-СУРОО: КАРЫЛАРДЫН АКЫЛМАНДЫГЫ

Эмне үчүн падыша картаң адамдарсыз эле жашаган жакшы болот деп

эсептеген?

(А) Ал аларды эч пайдасы жок деп эсептеген

(Б) Ал аларды акылсыз деп ойлогон

(В) Ал аларды сараң деп эсептеген

(Г) Ал аларды жалкоо деп ойлогон

2-СУРОО: КАРЫЛАРДЫН АКЫЛМАНДЫГЫ

Эмне үчүн жомокто падыша таш боор деп мүнөздөлгөнүн жазып бер.



Окуу жана түшүнүү боюнча тексттин мисалдары 4-класс

АШКАБАК

Ашкабак жөнүндө көп кызыктуу нерселерди айтса болот. Илимий көз

караштан алганда, ашкабактын мөмөсү жемиш болуп эсептелет, анткени анын эти ширелүү келип, уругу көп болот. Ашкабактан чоң жемиш жок, анын айрым мөмөлөрү аябай чоң болуп өсүп чыгып, салмагы 100 килограммга жетет.

Шарль Перро өзүнүн «Золушка» аттуу жомогунда ашкабактан карета1

жасоону ойлоп тапкан, себеби ашкабакты дайыма эң жарды адамдардын

ашканасынан да тапса болот. Золушка бий кечесине барыш керек болгондо, мээрман сыйкырчы аял килейген ашкабакты каретага айландырган.

Африкада жаан-чачын жаап жатканда, жолоочулар ашкабактын ичине өз

кийимдерин катышат. Ашкабактан жасалган кызгылт-сары чаканы

африкалык аялдар опоңой эле баштарына коюп алып, көтөрүп жүрүшөт.

Ашкабактан сууга чөкпөгөн сал2 жасашып, суунун бир өйүзүнөн экинчи

өйүзүнө өтүү үчүн да колдонушат. Мындай салды бул мөмөнүн мекени болуп эсептелген байыркы Мексикада жасашчу. Кургатылган ашкабактарды тор өргөн сыяктуу тал чыбыктар менен бекем байлашып же бамбук таяктарынын учтарына сайып коюшчу. Даярдалган тегиздиктин үстүнө чөп, камыш же бутактарды төшөгөндөн кийин сал даяр болуп калчу.

Индияда болсо ашкабакты өзгөчө бир жол менен маймылдарды кармаш

үчүн колдонушат. Көзү курч маймылдар бүт бардыгына абдан кызыгып,

аябай ачкөз келет. Адамдар кетери менен эле маймылдар дарактан тез түшө калып, ашкабактарды көздөй атырылат да, андагы тешикти көрүп, ага колун сала коюшат. Ичинде эмне бар болду экен? Колу күрүчтүн дандарын сезип, толтура ууч сузуп алат. Бирок эми түйүлгөн муштуму тешикке батпайт. Маймыл үч аяктап аксаңдап, артынан чоң ашкабакты сүйрөп жөнөйт. Эл чуркап келгенде да, күрүчтү таштагысы келбей, түйүлгөн муштумун ашкабактан чыгаргысы жок. Ошентип ачкөз макулук оңой эле аңчылардын колуна түшөт.

Орто Азияда ашкабактан бөтөлкө, чака, кашык сыяктуу ар кандай идиш-аяктарды жасашат. Ашкабактан жасалып, сыртынан тор менен капталган жеңил идиштер саякаттап жүргөндө суу же май сактаганга ыңгайлуу. Чоң ашкабактарга дан менен акшак сакташат. Ал эми кичинекей ашкабактардан оюнчук жасашат. Мисалы, кичинекей ашкабакты кеспей туруп кургатып койсо, кургак уруктары ичинен ашкабактын капталдарына урунуп, наристе балдар үчүн шылдырак болуп калат. Чоңураак балдарга майда сайроочу куштар үчүн капас жасашат.

Ашкабактан идиш-аяк, оюнчук, сал же маймыл кармагычтарды гана

жасабастан, андан ар түрдүү тамактарды да даярдаса болот. Ашкабак өтө

пайдалуу, өтө дамдуу болот.


1 Карета - бай адамдар түшүп жүргөн ат араба

2 Сал – суудан сүзүп өтүү үчүн катар-катар байланган устундардан жасалган каражат









КИЧИНЕ КУРАКТАГЫ МАЙМЫЛДАР

Г. Остер боюнча

Зоопаркта моюну узун жирафтын башы койкоюп турду. Ал эми жирафтын

башында болсо кичинекей бала маймылдар отурушкан. Алар туш тарабын

карашып, мындай деп ойлоп жатышты: «Балким, кайсы бир жерде кимдир

бирөөгө биздин жардамыбыз керектир!»

Жардам бергенди бала маймылдар бардыгынан артык көрүшчү. Маймыл

эне ары карай калса эле, алар дароо зоопарктан чуркап чыгышып, кимдир

бирөөгө жардамга бара калышчу. Бирок негедир бул дайыма эле жамандык менен бүтчү.

Жакында эле бала маймылдар ушинтип жардам бере коюшканда, артынан

чыккан маймыл эне аларды кучагына алып, кайра алып келген. Бул иш

мындайча болгон.

Маймыл эне үй чарбасы менен алектенип, бир секундча эле балдарын

карабай калат. Алар болсо зоопарктын тушунан троллейбус бузулуп, айдоочу аны оңдоп жатканын көрүшөт. Жүргүнчүлөр троллейбусту тегеректеп алып:

«Жолго кайра качан чыгабыз?» - деп сурап жатышты. Ошондо бала маймылдар жардам бермекчи болушат. Зоопарктан чыга калып, алар көз ачып жумганча троллейбусту майда-чүйдө бөлүктөргө ажыратып салышат. Ошол бөлүктөрдөн алар бардык жүргүнчүлөргө, ал турсун, айдоочуга да андан ары минип кетсин деп, бирден велосипед жасап беришет.

Троллейбус менен алышканын бүтүрүшүп, бала маймылдар көчө менен

ары карай жөнөп кетишет да, кезиккен адамдардын бирин калтырбай, баарына жардам бере башташат.

Чылапчын көтөргөн кемпирди алар көчөдөн өткөрүп коюшат: эки жолу

бир жакка өткөрүп, эки жолу тескери жакка. Бала маймылдар отургучта

отуруп, бармагын бинттеп жаткан адамга көмөктөшүп, аны бүт бойдон бинт

менен ороп салышат. Кылган иши туура же туура эмес болгонун текшерүүгө алардын убактысы болбоду, анткени алар башкаларга да жардам берүүгө шашып жатышты.

Жолдон бала маймылдар чачтарачка туш болушат. Ал жерде кезек күтүп

жети пенсионер отурган экен. Алар чачын тезирээк тегиздеткиси келип, чач

кырккан адамды кайра-кайра шаштырып жатышкан. Бала маймылдар

чачтарачтын ичине чуркап кирип келишип, тезинен бардык пенсионерлердин чачын кыркып беришти. Болгондо да, эч кезек күттүрбөй. Биротоло чач кырккан адамдыкын да кыркып, тазалап кырып да салышты.

Андан кийин бала маймылдар чачы өрүлгөн кызга рогаткасы бар баланы

шылдыңдоого жардам беришет. Анан, кайрадан, рогаткасы бар бала менен бирге чачы өрүлгөн кызды кубалашып, жолдон кокусунан рогатканы

сындырып алышат.

Ошол мезгилде маймыл эне зоопарктан атып чыгып, балдарынын изи

менен чуркап жөнөйт. Алгач маймыл эне айдоочу менен жүргүнчүлөрдөн велосипеддерди тартып алып, аларды чачып, бөлүктөрдөн кайрадан троллейбусту чогултуп койду. Троллейбус жапжаӊы троллейбуска окшоп калды. Болгону, анын артты көргөзгөн күзгүсү гана жетпей калды. Бирок маймыл эне аны кийинки жолу алып келем деп сөз берди.

Анан маймыл эне чылапчын көтөргөн кемпирди – анын бара турган

жагына – жолдон өткөрдү. Отургучта отурган кишинин бинтин чечип, жаңы

эле ыйлайын деп бараткан жеринен чачы өрүлгөн кызды да сооротту. Маймыл эне эркек баланын рогаткасын гана оңдогон жок.Акыры, кубалап жүрүп, маймыл эне балдарынын бүт баарын кармаганга жетишти. Балдарын кучагына алып, ал зоопаркты көздөй жөнөдү. Бала

маймылдар болсо жулунушуп:

– Кое берчи, биз дагы кимдир бирөөгө жардам бергибиз келет! – деп

кыйкыра башташты.

– Андай болсо, жирафка жардам бергиле, – деди аларга маймыл эне. –

Анын башында тынч отуруп, аны күндөн калкалап тургула.

Бала маймылдар жирафтын үстүнө чыгышты. Бирок бир жерде тынч

отуруп жардам берүү аларга анча жага бербеди. Алар бардыгы таптакыр

башкача болуусун каалашкан эле.



АКЫЛМАН КЫЗ

Кыргыз эл жомогу

Илгерки заманда Болотбек аттуу хан жашаган экен. Күндөрдүн биринде ал үйлөнмөкчү болуп, кол алдындагы кызматчыларына:«Хандыгыбыздагы кыздардын баарын чакыргыла. Мен аларга үч табышмак айтам да, кимиси жообун тапса, ал менин аялым болот», – деди.

Ошентип, Болотбек хандын сарайына өлкөдөгү кыздардын баары чогулушту. Болотбек хан алардын алдына чыгып, мындай үч табышмакты айтат:

«Чыгыш менен батыштын аралыгы кандай?

Асман менен жердин аралыгы кандай?

Чындык менен жалгандын аралыгы кандай?»

Жооп берүүгө хан үч күндүк мөөнөт берет. Үч күндөн кийин кыздар хан сарайга келет, Болотбек хан алардан: «Кана, кимиңер табышмактардын жандырмагын таптыӊар?» – деп сурайт. Кыздардын бири да үн каткан жок.

Ошондо алдыга кедейдин кызы Даанышман чыгып, мындай дейт: «Хан,мен сенин табышмактарыңдын жандырмагын таптым. Чыгыш менен батыштын ортосу – бир күндүк аралык, анткени күн эртең менен өз жолун чыгыштан баштап, кечинде аны батышта аяктайт. Асман менен жердин аралыгы да чоң эмес, аны көз чаптырып ченөө кыйын эмес: өйдө карасаң – асман көрүнөт, ылдый карасаң – жер көрүнөт. Үчүнчү табышмактын да жообун жандыруу оңой: чындык менен жалгандын аралыгы – төрт эле манжага барабар, бул – көз менен кулактын ортосундагы аралык, анткени кулак көп жалганды угат, бирок көз дайыма чындыкты гана көрөт». «Туура, – деп кыйкырып жиберди хан, – табышмактарды сен гана

жандыра алдың, сен өлкөмдөгү баарынан акылдуу кыз экенсиң, мен сага үйлөнөм!»

Ушинтип, кедей кыз хандын аялы болуп калды. Алар ынтымактуу, бактылуу жашашты. Даанышман ханга өзүнүн акылдуу кеңештери жана насааттары менен жардам берип турду. Хан болсо дайыма аялын укчу, бирок менден башка эч кимге акыл-насаат

айтпайсыӊ деп андан убада алып алган. Бир күнү хандын бир жигити анын алдында абдан күнөөлүү болуп калат. Кылган иши үчүн хан аны өлтүрүүгө да буйрук бериши мүмкүн

экенин жигит түшүндү. Ошондо жигит ханышага келип, өлүмдөн кутулуунун айласын үйрөтүүнү суранат. Ханыша жигитке боор ооруп, күйөөсүнө берген убадасын бузду: ага кантип жооп беришти үйрөттү. Жигит өзү мындай акылды таба албастыгын хан дароо түшүндү.

Хандын каары кайнап чыкты. Аялына келип, ал мындай деди: «Сен өз сөзүңө тура алган жоксуң, эми хан сарайымдан да, ал турсун шаарымдан да кет! Эмнени эң жакшы көрсөң, ошону өзүң менен алып алсаң болот». «Макул, – деп жооп берди Даанышман. – Сен айткандай болсун. Болгону бир өтүнүчүмдү аткарсаң – акыркы жолу мени менен бир дасторкондо даам сызып кой!» Болотбек хан анысына макул болду. Ханыша тамак даярдап, шараптан алып келип, күйөөсүн сыйлай баштайт. Хандын көзү илинип кеткенде, Даанышман күлүктөрүнүн эң мыктыларын арабага чектиртет. Анан уктап жаткан ханды арабага

жаткырып, аттарды колунан келишинче катуу айдап, жөнөп кетет. Көп өтпөй, алар башка бир хандыкка келип калышат. Болотбек хан ойгонуп, тегерегин караса, таптакыр бейтааныш жерде экен. Таң калган хан аялынан сурайт: «Мен кайдамын, эмне болуп кетти?». «Ханым, – деп жооп кайтарды аялы, – сен мага: “Хан сарайымдан да, шаарымдан да кет. Эмнени эң

жакшы көрсөң, ошону өзүң менен алып кетсең болот”, - дегенсиң. Мен сарайыңды да, шаарыңды да калтырып, өзүм менен сени ала кеттим, анткени эң жакшы көргөнүм – сенсиң!»

Болотбек хан адилетсиз иш кылганын түшүнүп, акылман аялынан уялып кетти. Алар хан сарайга кайтышып, мурдагыдан да бактылуу жана ынтымактуу жашап калышты.





ДИНОЗАВРЛАР

Интернет материалдары боюнча

Эгерде динозаврлар миллион жыл мурун, адамдар али жок кезде

кырылып калган болсо, анда адамдар алар жөнүндө кантип билип калышты? Адегенде бул кишелердин оюна да келген эмес. Жерден килейген сөөктөрдү тапканда, аларды байыркы алптардын сөөктөрү экен деп, алар жөнүндө жомокторду да ойлоп чыгарышкан.

"Чагылган-ажыдаар кармашта жарадар болуп, жерге кулап, өлүп калган.

Сөөктөрү жерге батып, таш болуп кеткен..." Бул - монгол жомогу.

Монголдор көчүп жүргөн Гоби чөлүндө динозаврлардын өзүнчө бир көрүстөндөрү табылган. Кээ бир сөөктөрү ушунчалык жакшы сакталып калгандыктан, аларды караганда, жүрөктүн үшүн алган ажыдаардын келбетин элестетсе болот. Динозаврлардын бир жерге чогулуп, кум басып калган көп сандаган сөөктөрү Сахара чөлүндө да бар. Бул сөөктөр дүйнөнүн бардык жеринде – Батыш Европа менен Түндүк Америкада, Австралия менен Антарктиданын түбөлүк эрибес муздарынын алдында да кездешет.

Бир кезде динозаврлар көп миллиондоп саналып, бүтүндөй жер жүзүндө

жашаган. Алар сууда сүзүшкөн, абада учушкан – ошол мезгилде аларга эч

нерсе тоскоол болгон эмес. Динозаврлардын сөөктөрүн тээ атам заманда эле табышкан. Ал эми ошол сөөктөр мурда жашап, жок болуп кеткен жаныбарлардын сөөктөрү экенин

19-кылымдан башында гана билишкен. Окумуштуулар жоголгон алп жаныбарларды ДИНОЗАВР деп атоону сунуш кылышкан, бул грек тилинен которгондо “күчтүү, коркунучтуу чоң кескелдириктер” дегенди билдирет.

Бирок бул аталыш жаңылыш болуп чыкты, анткени бардык эле динозаврлар абдан чоң болгон эмес. Алптарынан тышкары кичирээктери, маселен, мышык же сары чычкан менен теңдери бар эле. Бул динозаврлардын сөөктөрүн да, топуракта калып калган байыркы издерин да, бүтүн бойдон сакталып калган жумурткаларын да изилдеген соӊ белгилүү болгон.

Ошондон улам динозаврлар жөнүндө көп нерсе белгилүү болуп калган. Алар ар кандай болгону менен, баары жумурткадан чыкчу. Уя салбай, жумурткасын жерге эле туушчу. Муну окумуштуулар таш болуп катып калган жумурткалардын ар кандай түстө: жашыл, күрөң жана ала-була болгонунан билишти. Жумурткалардын мындай өңдөрү жырткычтарга аларды чөп же аска-таш арасынан табууга кыйындаткан.

Динозаврлардын арасында өзүнчө бир укмуштуулары да болгон. Эң чоң чөп жечү ДИПЛОДОКтун бийиктиги он кабат үйдөй эле! Денеси аябай чоң болгондуктан, диплодок тынбай тамак жей берген. Сууда азыркы крокодилге окшогон, жалаӊ гана балырлар менен

тамактанган АТОПОДЕНТАТУС жашаган. Эң көп учканы азуулары арсайган кескелдирик РАМФОРИНХ эле. Анын калдыктарын табышканда, канатарынын арышы заманбап истребитель учактыкы менен бирдей экен. Эң түрү укмушу – мүйүздүү СТИРАКОЗАВР. Чоңдугу өгүздөй, өзү крокодил же носорог сыяктуу. Ал чөп менен азыктанып, ал эми килейген мүйүздөрү коргонуу үчүн эле керек болгон. Эң коркунучтуусу – ТИРАНОЗАВР. Ал эки буттап басчу. Кыязы, жер жүзүнүн тарыхында андан коркунучтуу жырткыч болбосо керек.

Эң күлкүлүүсү – КУШ ТУМШУКТУУ ДИНОЗАВР. Буту – жейрендикиндей, тумшугу – куштукундай, ал эми куйругу – кыргоолдукундай эле! Кыскасы, ар башка жаныбарлардын бөлүктөрүнөн кураштырып койгон сыяктуу.

Ал эми болжол менен 65 миллион жыл мурун Жер жүзүндө чоң апаат болгон экен. Азыркыга дейре биз ошондо эмне болгонун так билбейбиз. Бирок анык билгенибиз – ошол кырсыктан кийин бардык динозаврлар жок болуп кеткен.




ЖАНЫБАРЛАР ЖӨНҮНДӨ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

Интернет материалдары боюнча

Биз билген дарыгер Айболит жөнүндөгү окуя – бул жөн эле жомок.

Ветеринарлар жаныбарларды канчалык жакшы көрсө да, чытырман токойдун ортосунда, дарактын алдына отуруп алып, пациенттеринин – бир жери ооруп жаткан түлкүнүн же коёнектин – келишин күтүү алардын биринин да оюна келбейт. Ошон үчүн ооруп калган учурда, жапайы жаныбарлар табигый дары-дармектер менен эле дарыланып алып, дарыгерлердин жардамына муктаж болбойт.

Окумуштуулардын пикири боюнча, жаныбарларды эң көп кыйнаганы –ден соолукка коркунуч туудурган жугуштуу ооруларды алып жүргөн мителер.

Окумуштуулар жапайы айбандардын жүрүм-турумун изилдешип, мителерге каршы күрөшүүдө алар өсүмдүктөрдүн ар кандай түрлөрүн пайдаланганын билишти. Мисалы, шимпанзелер эртең менен бир ачуу өсүмдүктүн жалбырактарын чайнайт. Кээ бир шимпанзелер ошол

жалбырактарды бүкүлү жутуп да алат экен. “Ошол өсүмдүктөрдү шимпанзелер эмне үчүн жейт болду экен: дарыланыш үчүнбү же жөн гана азыктаныш үчүнбү?” – деп окумуштуулар ойлонуп калышты. Окумуштуулар маймылдарга байкоо жүргүзүшсө, ал өсүмдүктү жегенине маймылдар өздөрү деле ыраазы болбой, бети-башын тырыштырып, какап-чакап, итиркейи келип турса да, бирок утуру аны издеп таап, баары бир жегенин маймылдардын мимикасынан аныкташты. Окумуштуулар ошол өсүмдүктүн курамында мителерди өлтүрүп, шимпанзенин организмин инфекциядан коргогон заттар бар экенин билишти.

Айбандар менен куштар үчүн алардын терисинде жашаган зыяндуу курт-кумурскалар да чоң кыйынчылык алып келет. Бул – тери мителери.

Куштар алар менен алышуунун ар кандай жолдорун билет экен. Уя курганда,

балапандарга жылуу, жумшак болуш үчүн өзүнүн жүнүн гана эмес, дары чөптөрдү жана жыттуу гүлдөрдү да уянын түбүнө төшөйт экен. Ошону менен алар өз уяларын зыяндуу курт-кумурскалардан сактайт. Балким, силер үйгө от жагылып жатканда айылдагы морлорду каргалар айланып учуп жүргөнүн көргөндүрсүңөр? Канаттуулар жөн эле жылынып

алалы деди дейсиңерби? Андай эмес. Түтүндүн жардамы менен амалкөй каргалар канатынын астынан ар кандай курт-кумурскаларды кетирет экен.

Кээде болсо кумурскалардын уясын таап алып, карга канатын жайып, жүнүн

тартайтып, анын үстүнө жатып алат. Куштун канатындагы жан бактыларды кумурскалар ыракаттанып жеп алышат. Мителер – башка организмдин эсебенен жашап, жан сактаган тирүү организмдер (мисалы, чүчөк курттар, кенелер жана бүргөлөр).

Оорулардын алдын алууга жапайы жаныбарлардын табигый тазалыгы да шарт түзөт: алардын уясы менен ийини дайыма таза жана кургак болот.

Мисалы, кашкулак күзүндө өз ийинин кышка даярдап жатып, эски төшөгүн жаңысына алмаштырат, жаңысы болсо тытык-чийиктерди эң сонун айыктыруучу сфагнум эӊилчегинен (мох) турат. Кашкулак өз ийинине эӊилчектен башка дагы ромашканы, моюлдун бутактарын, көкөмеренди, бедени да алып келет. Бул өсүмдүктөр мителер менен микробдорду өлтүрөт.

Токой дарыканасында дары-дармек көп. Айбандар менен куштар табигый инстинктке баш ийип, аларды зарыл болгон учурда пайдаланышат. Себеби жапайы жаратылышта жаныбарлардын аманчылыгы алардын өздөрүнө гана көз каранды болот.



КЕМИРГИЧТЕР

Н. Осипов боюнча

Бул айбандардын кандай азыктанганын алардын аты эле айтып турат. Алардын тиштери тамакты кемирип жеш үчүн ылайыкталган. Кемиргичтердин көбү талаада байыр алышкан. Бул жерде эң көп жашаганы – талаа чычканы, анын өңү сары сымал, жонунда кара сызыгы бар. Бул жандык эч нерседен коркпой, талааны ары-бери аралап жүрөт да, коркунуч пайда болору менен – терең ийинине жашына калат. Ал жерде жеми мол камдалган “азык-түлүк кампасы” бар. Бул майда жаныбар өз “нанын” оңой эле табат: өсүмдүктүн сабагын кемирет да, машакты ийинине алып кетет. Машактарды бир-бирден ташып жатып, ийинине бир нече килограмм дан чогултуп алат.

Кышкы мезгилде талаа чычканы тынбай тамактана берет, ал эми жем жетпей баратканда дарактардын ылдый жагындагы кабыгын кемирип жейт. Талаага зыян келтирген жалгыз бул чычкан эле эмес. Анын жакын тууганы – токой чычканы да – дан жегенге дайым даяр турат. Токой чычканынын денесинин узундугу 10 см-га жакын. Куйругунун узундугу денесинин узундугу менен дээрлик бирдей. Токой чычканынын кулагы узун келет. Денесинин өйдө жагы боз-сары. Курсагынын өңү ачык болот. Төшүндө кичинекей сары так болушу мүмкүн. Ал жалаң эле дан менен азыктанбай, өсүп келе жаткан жаш дарактарды да жеши мүмкүн. Үй чычкандары жайында дагы талаага көчүп, кеч күздө гана “үйүнө” кайткан учурлар да болушу мүмкүн.

Момолой чычкандар да көп дан уурдашат. Билбегендер аларды кадимки эле чычкандар деши мүмкүн. Бирок айырмасы бар: момолой чычкандын башы чоңураак, денеси жоонураак, куйругу кыска, түктүү келет, ал эми жөнөкөй чычкандын куйругу узун жана түгү жок болот.

Ал эми талаада жашаган сары чычканды кадимки чычкан же момолой чычкан менен чаташтыруу кыйын. Анын чоңдугу бала мышыктын баласындай. Анын үстүнө, бул жаныбар туруп турганда өзгөчө кызык көрүнөт. Балким, тең салмакты сакташ үчүн эки бутун талтайтып туруп алып, колдорун курсагына коюп алып, алайган, чалыр көздөрү менен алдыга тигилип, алыстан бир нерсени карагансыйт. Мурутчан тумшугу атайын мультфильм үчүн тартылгансып, өтө эле күлкүлүү. Туруп алып ышкыра берет. Бирок коркунучтун элеси гана пайда болгондо – жагымсыз добуш же шуудур угулса, куштун учушу же башка жаныбардын кыймылы байкалса - сары чычкандар катуу ышкырык салып, өз ийиндерине кирип кетет. Эмне дейсиң, өтө кызыктуу жандык. Карап турсаң, ал түшүмдүн эң коркунучтуу уурусу экенине ишениш да кыйын. Көп сандаган бул кемиргичтердин баары кошулганда, толгон-токой данды жеп кетишет. Мына ушул себептен адамдар дайыма сак болуп, кемиргичтер менен күрөшүп

келишет. Бул күрөштө адамдарга кемиргичтерди жок кылчу жырткыч куштар чоң жардам берет.












БОЛОР-БОЛБОС ИШ

В. Головин боюнча

Окуу жылы бүтөрү менен, бүт класс короого чогулду. Жайында эмне

кыларын талкуулашты. Володя мындай деди:

- Келгиле, Анна Петровнага кат жазабыз. Ким кайда болсо, ошол жерден жазат. Жайында эмне көргөнүн. Убакытты кандай өткөргөнүн.

Баары:

-Туура! Туура! – деп чуулдашты. Ошондой болсун деп чечишти.

Баары ар кайсы жакка кетишти. Клим айылга барды. Ал жактан ал дароо беш барак кат жазды. Анын жазганы мындай эле: «Мен айылдан сууга чөгүп бараткандарды куткардым. Алар абдан ыраазы болушту. Бирөө мага: «Сен болбосоң, мен чөгүп кетмекмин», – деди.

«Койсоңчу, мен үчүн бул болор-болбос иш», – деп мен жооп кайтардым. Ал болсо: «Мен үчүн болсо – андай эмес», – деди. «Кантсе да, арзыбайт, – дедим мен, – мен үчүн бул – чындыгында болбогон эле нерсе». Мен элүүдөй же жүздөй адамды куткардым. Ким билет, балким андан да көптүр. Анан эч ким чөкпөй калып, куткаруунун кереги жок болуп калды.

Ошондо мен жарылып кеткен темир жолду көрдүм да, жүрүп бараткан поездди токтоттум. Эл вагондордон чуркап чыкты. Мени кучактап, мактап жатышты. Көбү бетимен өөп да жатты. Дагы көбү белек бергиси келди, бирок мен: «Жок, жок, суранам, антпегиле», – дедим. Көптөрү мени сүрөткө тартышып, өздөрү менен барууну сунуш кылышты, бирок мен чоң энемди

калтырып кете албадым. Ага кетем деп айткан эмесмин да! Андан кийин мен бир кемпирди көрдүм. Ал көчөдөн өтүп жатыптыр. Мен дароо аны көздөй бастым. «Уруксат этсеңиз, – дедим мен, – сизди аркы өйүзгө өткөрүп коёюн». Аны жолдун ары жагына өткөрүп, кайра келдим. Башка кемпирлер да келишти. Мен аларды да жолдон өткөрдүм. Кээ бир кемпирлерге аркы өйүзгө өтүүнүн кереги жок эле. Бирок мен: «Суранам, сизди тиги жакка өткөрүп, кайра алып келейинчи. Сиз кайра эле бул жакта болуп каласыз», – деп жаттым.

Алардын баары мага: «Сен болбосоң, өзүбүз өтө алмак эмеспиз», – дешти. Мен болсо: «Мен үчүн бул болор-болбос иш», – деп жооп кайтардым. Клим көп нерсе жөнүндө жазды. Өзүнө кат аябай жакты. Катты ал почта менен салып жиберди.

Анан жай аяктап, кайра сабактар башталды. Сабактан Анна Петровна мындай деди:

– Көбүңөр мага кат жазыпсыңар. Жакшы, кызыктуу каттар экен. Алардын кээ бирин окуп берейин. «Мына, азыр башталат, – деп ойлоду Клим. – Менин катымда эрдиктер

көп. Баары мени макташып, суктанышат». Анна Петровна көп каттарды окуду.

Бирок анын катын окуган жок. «Түшүнүктүү, – деп ойлоду Клим. – Катымды гезитке жиберишкен окшойт. Аны ал жактан басып чыгарышат. Балким, сүрөтүм да чыгып калар.

Баары: «Ой, бул Клим тура! Карасаңар!» – дешет. Мен болсо: «Эмне экен? Бул – мен үчүн болор-болбос иш»,– деп коём.





МАЛИНА

А. Смирнов боюнча

Малина – токой өсүмдүгү. Малинанын гүлдөрүнүн анча көркү жок болуп, адамдар аларга көңүл деле бурушпайт. Бирок аарылар алардын жанынан кетпей, айланып эле учуп жүрүшөт. Эртеден кечке чейин, ал эмес, күн баткандан кийин, башка өсүмдүктөр кызыктырбай калган убакта да ишин токтотпойт. Малинанын балы – эң мыкты балдардын бири. Аарылар

аны гүлдүн ширесинен жасашат. Ошол ширени алар суукта да, атүгүл, жаан жаап жатканда да ала алышат! Малинанын гүлүнүн башы ылдый карап тургандыктан, ширесин алып жаткан аары чатырдын далдаасында болгондой, майда жаан себелеп жатканда да иштей алат! Бал челекчилер муну абдан баалашат.

Өсө баштаган алгачкы жылы малинанын сабактары сыртынан чөпкө окшош, ичке тикенектери бар болот. Гүлү да, мөмөсү да али жок. Кийинки жылы сабактары катып, аппак гүлдөр чыгып, анан майда көк-жашыл мөмөлөр пайда болот. Бышканда өңү кызыл болуп калат. Кызыл чырактарга окшогон мөмөлөрү бутактарында жайнайт. Биринчи болуп үстүнкү, күнгө жакыныраак жайгашкан бутактарындагы мөмөлөр бышат. Малина ден соолукка абдан пайдалуу. Анын кургатылган жемиштеринен демделген чай менен суук тийгенде дарыланышат.

Токойдо калыӊ малина чоң аянттарды ээлейт. Суулардын жана жолдордун боюнда малина өскөн жерлер көптөгөн километрлерге созулушу мүмкүн. Анын жанында бүлдүркөндүн бадалдары өсөт. Бүлдүркөн дал эле малинанын өзү, бирок мөмөлөрү кызыл эмес, кара-көк, ширелүү, даамдуу болот. Бактын ичинде малинанын жайылып өсүшүнө эч кандай тосмо жолтоо боло албайт. Ал тосмонун ары жагынан көчөгө да чыгып кетип, ширелүү

данынан өтүп бараткан кишилердин баары ооз тие алышат. Малинанын жалбырактарын чайдын ордуна демдеп ичсе болот. Аны чымчыктар да жакшы көрөт.

Малина – кыйын шарттарда, мисалы, аскаларда өсө алган мөмөлүү жалгыз өсүмдүк. Альпинисттер аскалардын чокуларына чыгышып, ал жактан ширин мөмөлөрдү таап, тамшанып жешет. Ал жактагы өсүмдүктөр жапыз, мөмөлөрү майда келет. Бирок аскалардын үстүндө топурак деле жок болуп, жалаң эле таш болот эмеспи.

Жаңы Зеландияда малинанын эң чоӊу – түштүк малинасы өсөт. Ал лианалар тобуна кирет. Сабактары карагайдай жоон болуп, башка дарактарга чырмалышат, мөмөлөрүнө болсо кол жетпейт. Ал эми эң жапызы – арктика малинасы тундрада өсөт. Аны княженика (төрөлөр мөмөсү) деп аташат. Бою брусникадан бир аз эле бийигирээк. Гүлдөрүнүн түсү – токой ит

мурундукундай кызгылт, бирок төрт эсе кичирээк. Жалбырактары бүлдүркөндүн жалбырагына окшош. Мөмөсү – кадыресе малинадай, бирок андан эки эсе майдараак. Өңү кызыл, аңкыган жыты болсо бакчабызда өскөн малинадан көбүрөөк буруксуйт.





КАРЫЛАРДЫН АКЫЛМАНДЫГЫ

Болгар элдик жомогу

Бир таш боор падыша бардык кары-картаңдарды кырып таштоого

буйрук жарыялады.

- Алардан эмне пайда? – деди ал. – Жер да айдай алышпайт, орок да оро алышпайт, отун да жара алышпайт. Бекер нанды гана жеп, үйдө тоскоол болгондон башка пайдалары жок. Аларсыз эле жашаган жакшы.

Ошентип, бардык картаң адамдарды жок кылышты. Бир гана карыя аман калды, ал – падышанын кеңешчисинин атасы. Кеңешчи карыган атасын аяп, жашырын жерге катып, тымызын ага тамак бере баштайт. Ошол жылы жайында катуу кургакчылык болот. Күндүн куйкалаган нурларынын алдында бүт баары: чөп да, дан өсүмдүктөрү да, мөмө- жемиштер да күйүп кетет. Дарыялар менен кудуктардагы суу соолуп калат. Бир дагы дан калбай, кампалар аңырайып бош калат. Ачкадан өлө турганын түшүнгөн элдин үрөйү учту. Падыша бир топко ойлонду. Анан бардык кеңешчилерин чакырып алып, аларга мындай деп буйрук кылды:


-Эмне кылсаңар да, эртеңкиге чейин мага себе турган данды кайдан тапса болорун айтпасаңар, баарыңардын тең башыңарды алдыртам. Кеңешчилер үңүрөйүп, хан сарайдан башын жерге салып чыгышты. Анткени дан табыш оңой иш эмес эле. Уулунун кабагы карыш түйүлүп келгенин байкаган карыя андан эмне болгонун сурайт.

-Ата, сиз баары бир мага жардам бере албайсыз, - деп жооп берди кеңешчи.

- Эмне үчүн?

- Анткени падышага эккенге дан керек, ал эми өлкөнүн бир дагы жеринде дан калбады.

- Кабатыр болбо, уулум. Эртең падышага барганыңарда, дыйкандарга бардык кумурскалардын уюктарын каздыртыӊыз деп айт. Аларда дан көп болот. Кумурскалар данды бир-бирден чогултат эмеспи. Баары дал ошондой болуп чыкты. Дыйкандар талаага чыгып,

кумурскалардын уюктарын казып көрүшсө, ар биринен бирден кичине кап эң мыкты дан табылды. Мындай табылгага падыша аябай таң калды.

- Мындай акылдуу кеңешти сага ким бергенин айтчы? – деп сурады ал өз атасын аман сактап калган кеңешчисинен.

- Айтууга батына албай турам, өкүмдарым, анткени сен мени өлтүртүп саласың.

- Башыңдан бир тал чачың да түшпөйт деп сага убада берем, айт!

Анда кеңешчи өз атасын жашырганын жана данды кайдан табыштын амалын атасы айтканын айтып берет.

Ошондо падыша жаңы мыйзам чыгарды: кары адамдарды ыза кылууга тыюу салынып, көчөдөн аларга жолукканда ар бир адам жол берүүгө милдеттүү болду.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!