Просмотр содержимого документа
«Окуялар жана алар менен болгон амалдар»
Ж.Жамгырчиев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби
А л г е б р а 10-класс. Мугалим: Жайлообек к Клара
Сабактын темасы:
Окуялар жана алар менен болгон амалдар.
Адам баласы жашаган мейкиндикте көптөгөн окуялар жүрүп тураарын байкайбыз. Мисалы, күндүн чыгышы жана батышы, адамдын төрөлүшү жана өлүшү, жамгырдын жаашы жана жаабашы, түшүмдүн ойдогудай алыныш же алынбоосу, жердин титирөөсү, өндүрүлгөн буюмдардын жарактуулугу же жараксыздыгы ж.б көптөгон окуяларды келтирүүгө болот. Ошентип, бизди чексиз көп окуялар курчап турат, башкача айтканда биз жашаган мейкиндик жалаң гана чексиз көп заттардан эле эмес, ошондой эле чексиз көп окуялар менен толтурулган.
Окуянын түрлөрү:
1.Сөзсүз орун алуучу окуя. М: Күндүн чыгышы жана батышы , жылуулуктан муздун эриши
2. Сөзсүз орун албоочу окуя М: Адамдын өлбөөсү, жыгачтын эриши
3. Кокус окуя М: жердин титиреши, эртең жаандын жаашы
1-аныктама: Эгерде кандайдыр бир шарттарда: окуя сөзсүз ишке ашса-аны сөзсүз орун алуучу окуя, ал эми окуя сөзсүз ишке ашпаса сөзсүз орун албоочу окуясы дешет. Ошондой эле кандайдыр шарттарда окуя ишке ашса же ашпаса анда аны кокус окуясы дейбиз.
Сыноо бул - окуянын орун алуусуна карата жүргүзгөн байкоону, тажрыйбаны, өлчөөнү жана эксперменттин бардыгын айтабыз.
2-аныктама: Эгерде сыноодо эки окуянын бирөө гана сөзсүз орун алса, аларды карама-каршы окуялар деп айтабыз. Эгерде ал эми сыноодо эки окуя бир мезгилде экөө тең орун алуууга мүмкүн болсо аларды сыйышкан, ал эми экөө тең бир убакка орун алууга мүмкүн болбосо сыйышпас окуялар дейбиз.
3-аныктама: Эгерде бир окуянын орун алышы экинчи окуянын орун алышынын ыктымалдуулугуна таасир этсе , анда аларды көз каранды окуялар деп, ал эми таасир этпесе көз каранды эмес окуялар деп айтабыз.
4-аныктама: А жана В окуяларынын суммасы А+В деп, бир убакта жок дегенде экөөнүн бирөө орун алган окуяны айтабыз.
А жана В окуяларынын айырмасы А-В деп, бир убакта А окуясы орун алып жана В окуясы орун албаган окуяны айтабыз.
А жана В окуясынын көбөйтүндүсү А∙В деп, бир убакта экөө тең орун алган окуяны айтабыз.
№ 1 көнүгүү
Бир кыз быйыл орто мектепти бүтүрдү (А окуясы), алтын медаль алды (В окуясы), жана бүтпөй калды ( С окуясы) десек, анда бул окуялардын карама-каршылары, сыйышкандары жана сыйышпастары кайсылар.
А жана В - сыйышкан окуялар ( анткени сыноодо эки окуя бир мезгилде орун алууга мүмкүн)
А жана С – карама –каршы окуялар (себеби сыноодо эки окуянын бирөө гана сөзсүз орун алат)
В жана С –сыйышпас окуялар ( анткени эки окуя тең бир убакта орун алуусу мүмкүн эмес)
Тапшырма 143 бет
№ 2.
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!