Окуп түшүнүү 3- класс 1- вариант
Түлкү менен карышкыр
Бир күнү түлкү куйругун булактатып, тилин саландатып, ээн жерде келе жатып, жалгыз аяк жолдун таманында жаткан койдун куйругун көргөндө кубанып кетти. Аны тегерене карап, салып койгон капканды көрдү да, шилекейин чууртуп, эмне кыларын билбей туруп калды. Аңгыча желип-жортуп карышкыр келди. Түлкү жагалданып:
-Каке, келиңиз, келиңиз, куйруктан көп жеп коюп май кекирип турам. Алдагыны сизге сактап койдум,- деди.«Астында капкан болбосун?» деп шектенген карышкыр анчалык көңүлсүнбөй мыкчыя тигилди.
- Кээде ушинтип кекирейип каласыз… Жебесеңиз өзүм үйгө алып кетейин,-деп түлкү баягы май куйрукка тап бергенде, карышкыр түлкүдөн мурда озунуп сугунмак болду эле, тумшугу капканга чабылып калды. Куйрук четке ыргыды. Түлкү аны илип алды да:
-Жат, бөрү аке, жабышып, капкан менен кабышып! Эртең эрте ушуерден, Ээси менен табышып,-деп шаттанып ырдап, желе-жорто кете берди .
1. Түлкү жолдо келе жатып эмнени көрдү?
А) нанды В) өпкөнү
Б) куйрукту Г) этти
2. Сүйлөмдү толуктагыла.
Кээде ушинтип _____________________ каласыз?
3. Капкан деген сөздү кандай түшүнөсүңөр?
__________________________________________________________
4. Аңгыча тулкунун жанына эмне келди?
А) тулку В) аюу
Б) карышкыр г) коен
5. Карышкырдын тумшугун эмне кыпчып калды? Эмне учун?
_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Окуп тушунуу 3- класс 2- вариант
Коен менен кирпи
Бир күнү коëн менен кирпи жолугуп, коëн кирпиден минтип сурады:
-Сенин кийгенин кандай тон? Ылгый эле тикенек. Өзүңдүн түрүн да суук экен. Бутун кыска, тумшугун узун, кулагын кичине. Катуу жугүрө албайсың.
Анда кирпи: Сенин айткандарын туура, коëн. Бирок менин кийген тонум эң сонун. Бул тон мени ит менен карышкырдан сактайт. Кымтынып кийип алсам мага эч ким тие албайт. Сен өзүң сулуу болгонун менен меникиндей тикенектуу тонун жок. Үстүндөгү терин жука. Душмандан сактанууга сенин ак тонун жарамдуубу? деди. Коён кирпиге:
Ырас сеники, досум. Менин тонум жука. Ит менен карышкырдын тиштери батып кетет. Бирок менин кулагым узун, алыстан угам. Өтө күлүкмүн. Мен чуркаганда ит да, карышкыр да жетпей калат, деди.
1
. Каармандарды атагыла. Экөөнүн мунөзүн салыштыргыла.
Коен Кирпи
2. Кирпинин тону кандай эле?
А) жумшак В) тикенек
Б) катуу Г) аппак
3. Сүйлөмдү толуктагыла.
Сенин _______________________ туура коен.
Бирок менин ___________________ узун , алыстан угам.
Окуп түшүнүү 3- класс 3- вариант
Кучук менен короз
Короочу деген бир күчүк атак-даңк жөнүндө көп ойлончу
болду. Өзү аябагандай уйкучу. Керээли-кечке уктайт. Анан ойгонсо эле атак жөнүндө ойлоно кетет. Бир күнү ал ата-
сына келип «музыкант болом» деген тилегин айтты. Атасы менен энеси ошого аябай сүйүнүшүп, Короочуну дароо эле музыкалык мектепке жетелеп барышты. Ал жерде келген-
дердин жөндөмүн текшерүүчү мугалим болот экен. ‒ Кана, күчүгүм, роялдын баскычтарын мен баскандай
басып, до-ре-ми-фа-соль-ля-си деген үндү чыгарчы, ‒ деди
мугалим.
Күчүк дароо макул болуп роялдын баскычтарын басса
эле «ав-ав, ав-ав» деген добуш чыгат. Эки-үч саатча убара болду мугалим. Бирок күчүктөн «ав-авдан» башка эч нер-
се чыкпай койду.
‒ Кечирип коюңуздар, музыкага шыгы жок турбайбы ба-
лаңардын, ‒ деди мугалим ата-энесине.Ошентип, Короочу музыкалык мектепке өтпөй калды да,бир топ күндөн кийин ата-энесине «сүрөтчү» болом деп ый-
лап кирди.Ата-энеси ага да сүйүндү. Себеби: «Уулубуз эптеп эле
бир нерсеге жараса экен» ‒ деп тилек кылышчу.
1
.Кучуктүн аты эмне эле?
А) кумайык В) короочу
Б) алгыр Г) балтек
2. Ата- энеси кучукту каякка алып
барышты._________________________________________________________________________________________________________
3. Сүйлөмдү толуктап жазгыла.
Өзү __________________ уйкучу.
4. Короочу музыкалык мектепке өтпөй калгандан кийин, эмнени эңседи?
А) ойногонду Б) сурөтчү болууну
В) уктаганды Г) чуркаганды
Окуп түшүнүү 3- класс 4- вариант
Карышкыр менен бээ
Карышкыр ачка болуучу. Кулунун ээрчитип оттоп жүргөн бээнин жанына келип, шилекейин чубуртту:
“Кулундун эти кандай гана таттуу! Мага мунуңду сатпайсыңбы?» — деп кайрылды бээге.Албетте, — деди бээ. Сатпагандачы, сатам. Канчага сатаар элең? Канчагабы? Эсимден чыгып турганын карабайсыңбы. Анын наркы менин темир такамда жазылуу эле. Сен сабаттуу жансың го, өзүң окуп алчы, деп арткы бутун көтөрдү бээ. Карышкыр айланып барып, такадагыны окумакчы болду.
Ошол замат бээ аны карылуу буту менен тумшук талаштыра тээп калды. Карышкыр оңко-чоңко атып барып, кулады. Мына сага кулундун ширин эти!
1. Карышкыр эмнени көрдү?
А) атты Б) кулундуу бээни
В) жылкыны Г) койду
2. Сүйлөмдү толуктап жазгыла.
Карышкыр айланып барып, _______________ окумакчы болду.
3. Бээ кулунун канчага сатмакчы болду?
____________________________________________________
4. Сен бээнин ордунда болсоң эмне кылмаксың?
____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
5. Бээ карышкырды кантип алдады жана, эмне кылды?
А) тээп жиберди В) баласын берди
Б) койду Г) урду
6. “Карылуу”- деген сөздүн синономин таап жазгыла
________________________________________________________________________________________________________
Окуп тушунуу 3- класс 5- вариант
Эненин сүйүүсү
Жети-сегиз жаштагы, кичинекей бир кыз талаадагы үйдүн мандайыңда өзүнчө кум менен ойноп жаткан. Үйдөгүлөрдүн бардыгы талаага иштегени кетишкен эле. Үйдө жалгыз гана апасы бар болчу, ал дагы ашканада тамак бышырып жаткан.
Бир маалда эле ити.үжрөсүнөн атып чыгып, үрө баштайт. Короонун дарбазасынан ала-була бир уй кирип, кумдуу көлмөгө карай чуркады. Кичинекей кыз коркконунан чыңыра баштады. Апасы чыга калып, коркконунан дал боло түшүп, турган жеринде бьлкылдабай туруп калды. Уй, кум жактан өтүп, оозу ачык аткананын мандайына барып, башын киргизип алып, мөөрөй баштады. Кайра айланып, кум жакты көздөй жүгүрдү. Мойнунда жиптин үзүгү жүрөт. Кыз менен апасы жакты көздөй чуркады. Кичинекей кыз чыңырып жиберди. Апасы бир чыбык ала калганда, кошунасынын аялы ачык турган дарбазадан кирип келип, уйду көрүп:
-Иий… Биздин уй биякта турбайбы. Кечээ касап келип баласын алып кеткен эле, ошондон бери баласын издеп жүрөт.
Байлап койсок, кечээтен бери үч жолу жибин үзүп качып, бизди дагы аркасынан чуркатып убара кылып жатат, деди. Кыздын апасы колуңдагы таякты таштап жиберип: Байкуш! Бул дагы баласын издеп жүргөн турбайбы,-деп, уйдун башынан сылап, кошунасына чыгарып берди.
1. Текст ким жана эмне жонундо болду?
______________________________________________________________________________________________________________________
2. Эшиктин алдында ким ойноп жаткан эле?
А) бир бала В) Кичинекей кыз
Б) апасы Г) музоолор
3. Үжурөөсүнөн, деген сөздү кандай түшүндүңөр ?
_____________________________________________________________________________________________________________________
4. Сүйлөмду толуктап жазгыла
Бул дагы __________________ издеп жүргөн турбайбы.
5. Уй эмне үчүн , үйүнөн качып жатты?
__________________________________________________________________________________________________________________
6. Мал болсо дагы, энелер балдары учун кандай кам көрүшөт?
_________________________________________________________
Окуп тушунуу 3- класс 6- вариант
Жыгачтан жасалган кесе
Илгери-илгери өткөн заманда бир чал жашаган экен. Карылыктан көзү көрбөй, кулагы укпай, тизелери калчылдап, анча баса албай калыптыр. Тамак ичээрде колдору калтырап, кашыкты түз кармаганга алы келбей, шорпону дасторконго же өзүнүн үстүнө төгүп алчу экен. Ага уулу менен келининин абдан жиндери келип, урушуп, көңүлүн абдан оорутушчу болот. Акыры тажашканда дастаркондон бөлүп, мештин артындагы бурчту көрсөтүп, колуна чоподон жасалган кесе карматып, ошол жерде тамагын ичип отура берсин дешет.
Карыя адам балдары көргөзгөн бурчтан такыр чыкпай отура берет. Дастарконду карап, балдары менен чогуу отурганды самап, жакшы көрө албаган көздөрүнөн жаш кетет.
Бир күнү калтыраган колдорунан кесесин түшүрүп жиберип, сыңдырып алат. Келини көнүлгө катуу тие турган сөздөр менен урушат.
Эртеси баласы дүкөндөн ырайы келишкен, эптеп-септеп жасалган жыгач кесе сатып келет да, атасына берет. Келини ашканада отурса, төрт жаштагы баласы бир канча жыгач көтөрүп, кирет. Аны көргөн атасы: Ал жыгачтарды эмне кыласың?деп сурайт. Бул жыгачтардан кесе жасайм. Сиздер карыганда мен жасаган кеселерден тамак ичесиздер да, дейт. Уулунун айткан сөздөрү ата-энесине абдан катуу тийип, өз жасагандарынан уялып кетишет. Атасын дасторконго кайра чакырышып, тамакты төгүп-чачса да катуу айтпай, бапестеп бага башташат.
1. Уйдөгүлөр чоң атага кандай мамиле жасай башташты?
______________________________________________________________________________________________________________________
2. Чоң ата үчүн, базардан кандай идиш сатып келишти?
А) Темир кесе В) жыгач кесе
Б) желим кесе Г) жаны чыны
3. Суйлөмдү толуктап жазгыла.
Атасын ________________ кайра чакырып, чогуу тамактана башташты.
4. Сен баласынын ордунда болсоң эмне кылмаксың?
______________________________________________________________________________________________________________________
5. Алар эмне себептен чоң атага жакшы мамиле жасай башташты?
А) Алар жакшы көрүп калышты
Б) баласы алар учун жыгач кесе жасайым дегенде
В) Чоң ата аларга көп акча берди
Г) Чоң ата тамагын төкпөй ичип калды
Окуп тушунуу 3- класс 7- вариант.
Сөздөр жана алардын мааниси
Бир киши узун жолго чыгып жатып, үйүндөгү эки кап толтура буудайын кошуналарына, мен келгичекти карап бергиле деп берип кетет. Кошуналарынын бирөө буудай салынган капты үйдүн бурчуна катып коёт. Беркиси буудай салынган капты ачып, айдап даярдап алган талаасына сээп салат. Буудайдын ээси келет да, бир кошунасына барып, буудайын сурайт, кошунасы буудайды катылган жеринен чыгарып берет. Сыртынан таза көрүнгөн капты ачканда, буудайдын кээ бирөө чирип, кээси курттап, күбө басып кеткенин, буудайдын ишке жарабай калганын көрөт.
Ал бош капты эмне кылмак эле? Жини келип бурулуп, берки кошунасына келип, буудайын сураса, кошунасы аны колунан кармап алып: Жүр мени менен. Сага буудайынды көрсөтөйүн, деп, эгилген бир талаага алып барат. Талаанын башына барып, мол түшүмдүү талааны көрсөтөт:
“Мына, буудайың. Сактап койсом, чирип кетмек, ошондуктан буудайынды талааага чачып жибергем. Эгинди оруу-жыйуу убагында мол түшүм алабыз. Берки киши абдан ыраазы болот да: Кудайга шүгүр. Камбыл, түшүнүктүү бир досум экенсиң. Берки кошунам сөздүн маанисин түшүнө албаптыр. Капты ачпай, катып жатып алып, ичиңдегилерин жараксыз кылды. Бул досум болсо сөздүн маанисин жакшы түшүнүп, каттын сыртын ачып, ичин окуду.
Кымбаттууу досум! Жайында талаадан алган түшүмдөн эки кабын мага жибер, калганын сен ал. Сага берген буудайды, түшүнүктүү болгонуң үчүн сага ыраазычылыгым катары кабыл алышынды суранам, деген экен.
1. Эмне учун буудайын кошуналарына берип кетет.
______________________________________________________________________________________________________________________
2. Биринчи кошуна буудайды эмне кылды?
А) жерди казып катып койду В) жеп койду
Б) сатып жиберди Г) төгуп салды
3. Экинчи кошуна буудайды эмне кылды?
_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
4. Жерге бекитип койгон буудай кандай болуп калды?
А) көбөйдү В ) көгөруп кеткен
Б) жок калды Г) өсүп кетти
5. Акырында аңгеменин аягы кандай окуя менен аяктаган?
__________________________________________________________________________________________________________________
Окуп түшүнүү 3- класс 7- вариант
Акылдуу дыйкан
Бир хан жан-жөкөрлөрү менен бирге кыдырып жүрүп, эгин айдаган дыйканга туш келет. Дыйкандын тырышып иштеп жатканын көргөн хан жактырып, жанына чакыртат. Бир канча суроо берип, талаанын ага тиешелүү болбогонун, күнүнө он беш лирага жалданып иштеп берип жатканын угат. Алган акысынын абдан аз болгонун уккаңда, хан айран калат. Анткени хан күңдө сарайына сансаат пул жумшайт экен. Дыйкан хаңдын таң калганын көрүп: Көп деле муктаждыгы жок кишиге бул акча жетмек түгүл ашат. Алган акымды негизи үчкө бөлөм. Бир бөлүгүн өзүм алам, бир бөлүгү менен карызымды төлөйм, калган бөлүгүн болсо жатырым кылып топтоп жатам. Хан табышмакка окшогон дыйкандын бул сөздөрүнөн эч нерсе түшүнө албайт. Ачык-айрым динчил дыйкан айткан сөздөрүн мындайча түшүндүрөт:
Акчамдын бир бөлүгү менен карызымды төлөйм дегенимде, мени кичинемден бапестеп чоңойткон ата-энеме акча бергеним, акчамдын калганын жатырым кылып, чогултканым болсо, балдарымдын билим алуусуна жумшаганым. Менин колү бутум алдан-күчтөн тайганда, алар да мени багып жардам беришет. Акчамдын калганын өзүмө керектүү нерселерге жумшайм. Хан дыйкандын акылдуулугуна абдан ыраазы болот. Хан дыйкандын чекесинен өөп, балдарын багуусуна жардам берерине сөз берет.
1. Хан кимге туш болду?
А) байга Б) кедейге
В) дыйканга Г) кишилерге
2. Дыйкан алган акысын канчага бөлөт экен?
А) экиге Б) учкө
В) бирге Г) төткө
3. Бай эмнеге таң калды?
______________________________________________________________________________________________________________________
4. Сүйлөмдү толуктап жазгыла.
Алган акысынын __________________ укканда хан абдан таң калды.
5. Силер хандын ордунда болсоңор эмне кылмаксыңар?
______________________________________________________________________________________________________________________
Окуп тушунуу 3- класс 8- вариант
Эне мээрими
Ар нерсе окуганга аракет кылса да, убакыт өтпөй турганын билет. Балдарынан бирөө жанында калса. Бирок балдарына унчуккан жок. Алардын кубанычтарына жолтоо болгусу келбеди. Түштөн кийин Аваз энесинин жанында отуруп, китеп окуп жаткан эле. Энеси сөздү туура эмес окуган учурунда кайталатып, баласына жардам берип жатты. Бир аздан кийин Аваз окуп бүтүрүп, дароо энесинин төшүнө жазданып, мойнунан кучактап: Энеке… деп шыбырады. Базар күнү мен сени менен калгым келип жатат. Бирок эч кимге эч нерсе айтмай жок, макулбу? Энеси уулун өөп: Уулум, мени абдан кубандырбадыңбы. Базар күнү зерикпейм эми.
Эртеси эртең менен кичинекей Айша ашканада иштеп жатканда бир кокустук болду. Ал жууган табагын кургатып жатып, жерге түшүрүп, сындырып алды. Табактын сынганын энеси көрүп калды. Кызына мээрим төгө жакыңдап: Сен аман бол, кызым. Текчеде башка табактарыбыз бар. Энесинин мамилесине кичинекей кыз сүйүнүп кетти… Мектепке кетүүгө камынып, үйдөн чыгып бара жатып: Энеке, деди. Билесиңби, мен базар күнү үйдө калам. Чогуу отурабыз. Бирок эч кимге айтпа, макулбу.
1. Биринчи энесинин жанында ким калмак болду?
______________________________________________________________________________________________________________________
2. Кичинекей Айша идиш жууп жатканда эмне болду?
А) ойноду Б) Табак сынды
В) уктап калды Г) жыгылып калды
3. Силердин дагы идиш сындырып алган убагыңар болду беле?
______________________________________________________________________________________________________________________
4. Сүйлөмдү толуктап жазгыла.
Базар куну __________________________________ калгым келип жатат.
5. Экинчи жолу апасынын жанында калууну ким айтты?
А ) уулу В) кызы
Б) эч ким айткан жок Г) курбусу
Окуганын тушунуу 3- класс 9- вариант
Боорукер аял
Ал жылы укмуштай кыш болгон, айлананын бардыгы муз болуп, тоңуп калган эле. Шаарчадагы эл чоң шаан-шөкөт уюштурушту. Тоңуп, музга айланган көлдүн үстүнө чатырлар тигилди.
Шаарчадагы эл кары-жашына карабастан, баары көлдүн үстүнө чогулушту. Кээ бири чана тепсе, кээси лыжа тебишип, чатырлардан музыка жана ыр-күлкү угулуп жатты. Жаштар жыргап секирип ойношуп, ал эми карылар болсо, тегерегиндеги шаан-шөкөткө суктанышып, дасторкондун тегерегинде отурушту. Күн батып калган эле. Тоолордун таа чокуларынын аркасынан сүйкүмдүү ай акырындап көтөрүлө баштады. Шаарчада жалгыз гана бир аял калган эле.
Оорунун айынан, буттарын кыймылдата албай төшөктө жатчу. Көлдүн жээгиндеги кичинекей үйүнүн терезесинен тоңуп, муз болуп калган көлдө болуп жаткан шаан-шөкөттү карап отурган. Күн батаарда батыштан кичинекей, бир ак булуттун пайда болушун көрөт. Булут акырыңдап горизонтко жакындап тиейин деп калган болот. Байкуш аял абдан чочуп, коркуп кетти.
1. Чатырлар каякка тигилген экен? Эмне учун тигилиптир?
______________________________________________________________________________________________________________________
2. Айылдагы элдер каякка чогулушту?
А) Бакчага Б) жайлоого
В) көлдүн устунө Г) шаарга
3. Сүйлөмдү толуктагыла.
Шаардагы эл ______________________________ уюштурушту.
4. Аял эмне учун эл чогулган жерге бара албай калды?
А) колу ооруп В) буту баспайт эле
Б) Башы ооруп г) эч кимиси жок
5. Азыр кайсы мезгил? Кышта кандай оюндарды ойнойсүңар?
Силерге кандай йышкы оюндар жагат?
___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Окуп тушунуу 3- класс 10- вариант
Сыйкырдуу шакек
Бир жаш дыйкан күнү бою иштеп, аябай чарчаган эле. Чекесинен чыпылдаган терин аарчып, бир аз дем алып алуу үчүн отура кетти. Капысынан эле бир эргежээл чыга калып ага: Эй, дейт, бүгүн күнү бою тынбай иштедиң, бирок тапкан эч нерсең жок. Ак ниеттүү, намыстуу, жардам бергенди сүйгөн бир кишисиң. Ошон үчүн сага жардам бергим келди. Эки күн жол журсөн жүрүп отурсаң, мандайындан башка дарактарга караганда сөөлөттүү, чоң бир дарак чыгат. Аны кессең, сага бакыттын эшиги ачылат. Жакыр дыйкан муну угар замат балтасын мойнуна асып алып, дароо жолго түшөт. Эки күндөн кийин сөөлөттүү бир карагайды көрөт. Балтасын ала коюп, бир топ алышкандан кийин баягы карагайды кесет.
Бул арада дарактын чокусунан ичинде эки жумурткасы бар бир уя жерге кулап түшөт. Жумурткалар бир аз тоголонуп барып жарылып жатып калышат. Бирөөнүн ичинен бир бүркүттүн балапаны, беркисинен болсо, бир алтын шакек чыгат. Бүркүт дароо эле чоңоё баштап, опол тоодой бир бүркүт болуп калат. Уча тургандай комдонуп, канаттарын каккылап, анан жигитке: Эй, адам баласы, дейт, сен мени куткардың. Сага болгон милдетимден кутулуу үчүн сага ушул шакекти берейин. Бул бир сыйкырдуу шакек. Шакекти бармагыңа кийип айлантсаң, каалаган нерсең орундалат. Бирок шакектен өмүрүң боюнча жалгыз гана бир нерсе сурана аласың. Каалаганынды орундаткан соң шакек сыйкырын жоготуп, жөнөкөй эле бир шакек болуп калат дейт.
1. Жаш дыйкан эмне кылып чарчады? Ага ким жолугуп калды?
______________________________________________________________________________________________________________________
2. Дыйкандын жолунан эмне чыкты?
А) дарак В) балта
Б) сыйкырчы Г) аюу
3.. Эки жумуртка каяктан тушту?
______________________________________________________________________________________________________________________
4. Алтын шакек каяктан чыкты?
А) жолдон В) Жумурткадан
В) асмандан Г) колунан
Окуп тушунуу 3- класс 11- вариант
Аяз менен коен
Бир жолу токойдон аяз менен коён кезигип калган экен.Аяз мактана баштады: «Мен токойдо эң күчтүүмүн. Мен баардыгын жеңем, тоңдурам, музга айлантам.»
-Мактанба, Аяз, жеңе албайсың! — дейт коён.Жок, жеңем!
Алар талашып-тартышып отуруп акыры аяз коёнду тоңдурууну чечти. Ал мындай дейт: «Анда, коён, сени тоңдурам.» «Кана кыйын болсоң тоңдурчу» — дейт коён. Аяз коёнду тоңдура баштады. Ызгардуу жана муздак шамал менен коёнду айланып өттү. Ал эми коён, бир жерге турбай ары бери чуркай баштады. Кыймылдаганда үшубойт да. Анан ал карда тоголонуп, мындай дейт: «Мага жылуу, мен ысып жатам! Күн чайыттай ачык!» Аяз чарчай баштады: «Аябай күчтүү коён экен го!» деп таң калат. Ал жараткан сууктан, дарактардын кабыктары жарылып, дүмүрлөру жарылып кетти. Ал эми коён эч нерсе болбогондой шайыр, бир дөңгө чуркап чыгат, андан сальто салып томолонуп түшөт, андан кийин шуу этип Аяздын жанынан чуркап өтөт. Аяз толугу менен чарчап бүттү, коён болсо чуркап жүрүп ысый баштайт. Аяз жеңилгенин мойнуна алып: Сени тоңдурам деп эсим ооду, сен аябай шайыр жана ойнок экенсиң! Аяз коёнго ак териден тон берди. Ошондон бери коёндор кыш мезгилинде ак тон кийишет.
1. Токойдрн кимдер жолугуп калышты?
___________________________________________________________
2. Суйлөмду толуктап жазгыла.
Аяз коенду_____________________ баштады.
3. Коен эмне учун тоңбой койду?
______________________________________________________________________________________________________________________
4. Ал жараткан сууктан дарактын дүмүрлөрү эмне болду?
А) өсүп чыкты В) жарылып кетти
Б) жок калды Г) куйуп кетти
5. Акырында аяз эмне болду?
______________________________________________________________________________________________________________________
6. Аяз коенго эмне берди?
______________________________________________________________________________________________________________________
Окуп тушунуу 3- класс 12- вариант
Чал менен булбул
Байыркы заманда бир чал булбул экөө дос болуптур. Чал мергенчи да комузчу да экен. Ал ар күнү мылтыгын ийнине асып алып, токойдон кийик атып келип оокатын өткөрөт. Токойдо сайраган түрдүү канаттуу куштардын үнүн угуп, үйүнө келгенде аларды тууратып комуз чертип,түрдүү-түрдүү күү чыгарат.
Күндөрдүн биринде булбул чалдын күүсүнө кызыгып:
-Досум, мага күүлөрүндү үйрөтүп койчу,-дейт.
-Макул,-деп чал ар күнү кийиктен келгенде комузун колуна алып, ар
кандай мукам күүлөрдү кубулжута сайратып черткенде булбул тыңшап,анын күүлөрүн туураганга тили жатыга баштап, аздан-аздан үйрөнүп кетет. Бара-бара тим эле комуздай таңшытып, бүт үйрөнүп алат.Булбул кийин абдан такшалат.
Анын сайраганын уккан эл тыңшап эле олтургусу келип, таң
калышат. Ошондо абышка тигиге кайрылат. Досум, сенин сайраганын бүткүл элге жагып калды, бардыгы эле уккусу келишет. Бирок күндүзү иш менен күйпөлөктөп жүрү-шүп жакшы уга албай жатышат. Ошондуктан түнкүсүн сайрагын, түнкүсүн эл бош,
сайраганынды угуп ыракаттана маашырланышсын.
Булбул сайроону комуздай үйрөнүп, чал досунун айтуусу боюнча
дайым түнкүсүн сайрап калган экен.
1. Булбул менен ким дос болгон экен___________________________________________________________________________________________________________________
2. Кийик кайда жашайт?
______________________________________________________________________________________________________________________
3. Чалдын черткен куулөрун ким уйрөнуп алды?
А) булбул В) карга
Б) чымчык Г) сагызган
4. Суйлөмду толуктап жазгыла.
Досум мага куулөрүнду ___________________________, - дейт.
5. Эмне учун булул туну сайрап калган экен?
___________________________________________________________.