СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуп түшүнүү 4-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Окуп түшүнүү 4-класс»

Окуп түшүнүү 4- класс 1- вариант

Сарыбай хан

Бир заманда Сарыбай деген киши элине кырк жыл хан болуптур. Күндөрдүн биринде элин чогултуп:

«Кырк жыл хан болдум, көрөр күнүмдү көрдүм, ичер суумду ичтим, өлөрүм калды, өсөрүм калган жок, менде аласаңар болсо айткыла, көзүмдүн тирүүсүндө берип кутулайын. Көзүм өткөндөн кийин баарыңар чогулуп, ичиңерден бирөөнү хан көтөрүп алгыла», — деди.

Эли: «Жок, сиз өзүңүз коюп кетиңиз, сиз бизге кырк жыл хан болдуңуз, сиздин сөзүңүздү угабыз», — дешти. Сарыбай кан: «Жок, өлүүнүн сөзүн тирүү сыйлабайт дептир, мен өлгөндөн кийин сөзүм дагы өлөт», — деди. Эл көнгөн жок: «Ханды өзүңүз көтөрүп кетсеңиз экен», — деп, чуулдап туруп алышты.

Ошондо Сарыбай хан: «Менин он бир жыл жолдош болгон ак шумкарым бар, мен өлгөндөн кийин үч күнгө чейин тамак жебей, канатын какпай жатат. Төртүнчү күнү элди жыйып, шумкарга жем берип учурсаңар ал бирөөгө конот. Ошол адамды Хандыкка көтөрүп, ак шумкарды Ханга бергиле, менин арманым артымда бала калган жок, болбосо ак шумкар элди айланып учат беле, бирөөнүн колуна өтүп барат беле?» — деди.



1. Эмнени тушундүңөр ? Ким жөнүндө , эмне жөнүндө сөз болуп жатат?

____________________________________________________________________________________________________________________________________



2. Хан элине канча жыл хандык кылган экен.

А) 4 жыл в) 20 жыл

Б) 40 жыл Г)15 жыл



3. Сүйлөмдү толуктап жазгыла.

Кундөрдүн биринде _____________ ____________ :



4. Хандын канча баласы болгон экен?

А) 3 В) баласы жок эле

Б) 4 Г) 1



5. Хандын өзү менен чогуу жүргөн эмнеси бар экен?

А) Аялы

В) кызы

Б) уулу

Г) Шумкары



6. Чыгарма милерге эмнеси менен жакты?





Окуп тушунуу 4- класс 2- вариант

Бурана жомогу

Бар экен жок экен илгери откон заманда бир бай жашаптыр.Байдын кун десе кундой ай десе айдай сулуу кызы болуптур.Кундордун бир кунундо байга жардамчысы келип: байым байым уруксат этиниз сизге бир жолоочу келиптир дейт.Бай жолоочуну кабыл алып ии жолоочу айта бер менде эмне зарыл жумушун бар? дейт. Байым сизге жалган мага чын сиздин кызынызды кара курт чагып олтуроорун коруп атам дейт.Бай анын айтканына ишенип бут байлыгын жумшап кызын кара курттан сактап калуунун амалын таап, болуп корбогондой бийик мунара курдурат

.Ал мунара канчалаган эмгек менен салынып бутот.Озунун ойлоп тапкан оюна курсант болуп эми бай менин кызыма эч кандай кара курт жете албайт деп тынч жашап калат.Жакшы коргон кызын мунаранын устундо улпулдотуп багат.Бир куну байдын башына кара кун тушту ,сулуу кызынан айрылды.Корсо баягы жолоочунун айтканы дал келип бай кызын мунара салса да сактап кала албаптыр.Кара курт кыз жечу жузумдун ичинде кошо кетип мунарадан чагып салыптыр.Атасы кызын аман алып калбаганына окунуп кала бериптир.

1. Жомок ким, мне жөнүндө экен?

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

2. Байдын кызы кандай кыз экен?

А) сулуу В) ырчы

Б) бийчи Г) комузчу



3. Сүрөттөн эмнени көрүп турасыңар?

___________________________________________________

___________________________________________________

4. Бай кызын сактап калуу үчүн, эмне кылды?

А) бекитип койду В) тамак ташытты

Б) мунара курдурду Г) жүзүм берди



5. Акыры байдын кызы эмнеден жок болду?

А) тамактан Б) кара курттан

В) жузумдөн Г) уйкудан



6. Силер байдын ордунда болсоңор, кызды кантип сактап калмаксыңар?

Окуп тушунуу 4- класс 3- вариант

Сыйкырдуу сака

Илгери- илгери миң койлуу киши менен жүз койлуу киши кошуна жашайт. Койлорун балдары кайтарып жүрөт.
Күндөрдүн бир күнүндө миң кой кайтарган бала менен жүз кой кайтарган бала койлорун эки бөлөк жайып коюп, чүкө ойношот. Кечке ойноп, жүз койлуу бала чүкөсүн бүт уттуруп, бир сакасы эле калат. Ошондо гана кайтарган кою эсине түшүп, койлоруна келсе, баарын карышкыр кырып кетиптир.
Үйүнө баргандан коркуп, бала бир үңкүргө түнөйт. Курсагы ач, ичерге тамак жок, кою кырылып, чүкөсүн уттуруп, ичи күйүп уктай албай коёт. Ошондо сакасын колуна алып: “Сакам, сен да жакшы конбой койдуң, мен да жакшы ойной албадым. Чүкөмдү уттурганым аз келгенсип, койлорду карышкыр кырып кеткенин карачы. Эми кантип жан сактайбыз? Эт, май, сүт, кийим-кечекти кайдан табабыз? Атаңдын көрү ай, кайра жүз койлуу болсок, чүкө ойногонду коюп, жакшылап кайтарып жүрөр элем”,-деп көз жашын сакасына тамчылатат. Ошентип санааркап жатып уктап кетет.
Эртең менен эрте ойгонуп, бала өз көзүнө өзү ишенбейт. Тегерете койлору жуушап жатат. Бала сүйүнүп, койлорун айдап үйүнө келет. Бирок кечээ болгон окуяны ата-энесине айтпайт.
Дагы кой жайып чыкканда кечээ койлорун карышкыр кырып кеткенин, уктап калса, койлору жуушап жатканын миң койлуу балага айтып берет. Миң койлуу бала укканын атасына айтат.
Миң койлуу киши сыйкырдын баары жүз койлуу баланын сакасында экенин билип, дагы байыгысы келет, да, өз баласына: “Тиги жолдош балаңдын сакасын бүт чүкөңдү берсең да, бир койго сатып алсаң да алып кел”,-дейт. Эртеси бала бүт чүкөсүн бир сакага алмашып, атасына алып келип берет. Саканы колуна алып, баласы экөө «Миң коюбуз эки миң болсо экен, элдин баарынан бай болсок экен, айланайын сака, тилегибизди бере көр» ,-деп тилеп, экөө тең таң атканча койлор кантип көбөйөр экен деп тирмийип карап турат.
Аңгыча таң да атат. Короого келип, койлорун караса, миң коюунун бири да калбай кырылып калганын көрөт. Ошондо ачуусу келип, саканы отко ыргытат. Сака отко түшөр замат жарк этип жалын чыгып, жалындын арасынан он эки мүйүздүү бугу чыгып, токойго чуркап кетет

1. Башында окуя кантип башталды? Эмне болду?

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

2 . Балдар эмне ойноп жатышты? Кандай улуттук оюндар бар?

___________________________________________________

___________________________________________________

__________________________________________________

3. Кайсыл баланын коюн карышкыр кырып кетти?

А) байдын баласынын Б) кедейдин баласынын

4. Эмне учун бай, сыйкырдуу саканы алгысы келди?

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________



5. Бала сакасын эмнеге алмашты?

А) Бир койго В) бардык чукөсунө

Б) уурдап алды Г) акчага алды



6. Акырында байдын миң коюу эмне болду?

Бай саканы эмне кылды?

Окуп тушунуу 4- класс 4- вариант

Акылдуу бала

Илгери бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы чоңойгондо, атасы чакырып алып:
— Балам, мени сыйласаң— ууру бол, мындан бөлөк жакшы кесип жок,— деди.
Баласы капаланып:
— Ата, эгер мени адам кылам десең — уурулук кесипти үйрөтпө, андан көрө адал эмгек кылайын, — деди.

Ууру аябай ачууланды:
— Атанын жолун жолдобойт деген эмне?.. Атанын тилин албайт имиш!.. Менин сөзүм эки эмес, айтканымдан кайтпайм. Бүгүн түнү төмөнкү айылдагы Жоошбайдын кызыл өгүзүн уурдап кел. Уурдабасаң, көзүмө көрүнбөй, ошондон ары жогол!
Бала макул деп үйдөн чыкты да, Жоошбайдын кызыл өгүзүн күзгү эгинге сатып келди. Аны атасына айткан жок. «Балам өзүмдү тартып ууру болот экен» деп атасы абдан кубанды. Өгүздү союп алышты.
— Ата, бул этти жегенден мурда экөөбүз таразага түшөлү, эт бүткөндө кимибиз канча семирет экенбиз, ошону билели,— деди бала.
Атасы макул болуп, экөө таразага түштү. Арадан бир-эки жума өткөндөн кийин эт түгөндү. Экөө таразага дагы түштү; атасы мурункудан эки-үч кг арыктап калыптыр. Ал эми баласы болсо, беш-алты кг семирген экен. Бул ишке атасы аң-тан, калып, баласынан сурады.
— Таң кала турган эч нерсе жок,— деди баласы. — Сиз эт жеп жатканда, уурулугум ачылып калбагай эле деп, коркуп жейсиз. А мен өгүздү сатып келгем, ошондуктан коркконум жок, жегеним аш болду. Ар ким өз эмгеги менен гана семире алат.
Ошондо атасы баласына:
— Уурулук эң жаман иш турбайбы, сен бул бузук жолго түшпөй, түзүк жолго түшкөнүң жакшы болуптур, — деди.

1. Силерге бул чыгарма эмнеси менен таасир этти ?

_____________________________________________________________________________________________________

Атасы баласына кандай ишти буйруду.

А) уурулук кылууну Б) окуга барууну

В) адал эмгек кылууну Г) мал багууну



2. Баласы биринчи, кандай кадамга барды?

______________________________________________________________________________________________________



3. Бала этти эмнеге сатып келди?

А) акчага сатып алды Б) эгинге алмашты

В) Өзунун өгүзүн сойду Г) уурдап келди

4. Экөө биринчи эмне учун таразага түшүштү

______________________________________________________________________________________________________

5. Сүйлөмдү толуктап жазгыла.

Таң ____________ турган эч _____________ жок ,- деди баласы.



6. Акырында атасы баласына эмне деди?

Окуп тушунуу 4- класс 5- вариант

Жээренченин баласы

Жээренченин баласы өтө жоош экен. Жаныбек хан Жээренчеге:
-Жакшыдан жаман туулабы?-деп айтат. Анда Жээренче:
-Жакшыдан жаман туулбайт,-дейт.
Мунусу кандай деп, оюна алып ойлонуп жүрүп, Жээренче чечен өлгөндөн кийин бир нече жылдар өткөндө Жаныбек хан калмактарга каршы жортуулга бара турган болуп, Жээренченин баласына “Душманга каршы урушабыз, биз менен жүрсүн” деп, адам жиберип, кабар кылат.
Жээренченин баласы жаш бышты атты минип, эл менен кошо жортуулга барат. Урушат. Душмандары – калмактар күчтүү болуп, Жаныбек хандын аскерлери тымтыракайы чыгып кача баштайт. Качып келе жатканда хандын аты жүрбөй калып, колго түшө турган болот.
Ошондо Жээренченин баласы:
-Таксыр, жүрбөй калган атыңызды мага бериңиз, мен сизге атымды тартуу кылып, биротоло беремин. Мен колго түшсөм эч нерсе эмес, сиз колго түшсөңүз, “калмактын ханын чаап аламын деп барганда, эли качып кетип, ханы колго түшүп калды” деген элди булгаган түбөлүк жаманатты сөз калар,-деп минген атын берип, жүрбөй калган кандын атын Жээренченин баласы минип, хан аман калыптыр.
-Жээренченин баласын жоош көрүп жүрүүчү элем, Жээренченин айтканы дурус экен,-деп кан Жээренченин сөзүнө айран калган экен.



1. Сүйлөмдү толуктап жазгыла.

Жакшыдан _______________ туулабы?- деп сурайт.

2. Жаныбек хан жортуулга чыкканда кимди ээрчитип алды?

А) баласын В) кошунасын

Б) Жээренченин баласын Г) досун



3. Жортуул деген сөзду кандай түшүнөсүңөр?

______________________________________________________________________________________________________

4. Жээренченин баласы атын кимге тартуу кылды?

А) атасына Б) Жаныбек ханга

В) душмандарга Г) кошунасына



5. Тымтыракай деген сөздү кандай түшүнөсүңөр?

______________________________________________________________________________________________________

6. Таксыр, деген сөзгө маанилеш сөз таап жазгыла















Окуп тушунуу 4- класс 6- вариант

Жалганчы жолборс

Илгерки бир заманда токойдон алыс эмес жерде уйлар оттоп жүрүшчү экен. Алар дайыма чогу жүрүшүп, бирөөсү да бөлүнчү эмес. Ал эми токойдо болсо жолборс жашачуу. Ал жаман куу жана арамза болуптур. Көптөн бери бир уйдун кардын жарсам деп эңсеп жүрчү, бирок уйлардын тобу таштай бекем болуп ширелгендиктен, бир уйду бөлүп алуу мүмкүн эмес эле. Анда жолборс уйлардын ортосуна чок салып, топту бузууну ойлонот. Бир жолу ал четте оттоп турган уйга келип мындай деп шыбырай баштайт:

- Эй, шуңшуйган мүйүздүү, кулак түрсөң мага! Сен билесиңби, тээтиги мүйүзү ийри, капталдары кирип турган уй сени сүзүп салсамбы деп эңсеп жүргөнүн?

Анан жолборс башка уйга акырын жакындап келип, мындай дейт:

- Эй, узун куйруктуу! Мен карасам, сен эч нерседен кам санабай гана оттоп жүрөсүң. Же сен көрбөй атасыңбы тээтиги шуңшуйган мүйүздүү уйду. Карасаң, ал тим эле керсейип, сени сүзүп гана салгысы бар!

Уйлар куу жолборстун сөздөрүнө ишенип, бир-бирине ишенбестик менен карай башташат. Көп өтпөй болбогон бир нерседен чыр чыгып кетет. Ошондон баштап алар мурдагыдай чогуу жүрүшпөй, ар бири өз алдынча оттоп, өз алдынча сууга барып, бөлүнүп кетишет.

Жолборско ушул гана керек болчу да. Ал шуңшуйган мүйүздүүнү да, узун куйруктууну да, мүйүзү ийри, капталдары кирип турганды да бир-бирден жара баштайт. Акыры ал бүт топту жеп бүткөн экен.
Ошондон кийин элде: “Уйлар бөлүнсө - жолборс сүйүнөт”, деген сөз калыптыр.

1. Башында жолборс эмне жөнүндө ойлонуп жүрдү.

______________________________________________________________________________________________________________________

2. Сүйлөмдү улап жазгыла.

Жолборско _____________ гана ____________ болчу да.

3 .Жолборс эмне үчүн уйларды алдай баштады?

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

4. Бизге уйлардын кандай пайдасы бар?

______________________________________________________________________________________________________________________

5. Уйлардын ортосүнда эмне учун чыр чыкты.

______________________________________________________________________________________________________________________



6. Акырында уйлар эмнеге жем болушту.

А) карышкырга Б) жолборско

В) түлкүгө Г) итке







Окуп тушунуу 4- класс 7- вариант

Арстан күчүгүн асыраган мышык

Бир мышык каңгып жүрүп өлүп жаткан арстанга жолугат да, анын жетим калган күчүгүн бооруна кысып, эмизип асырап алат. Арстандын күчүгү өсүп албарс азуулуу чоң арстан болот. Өз тамагын өзү таап жей баштайт.
Бир күнү карды ачкан арстан өзүн асыраган мышыкты жемек болот.
Мышык анын бул оюн сезип, андан-мындан бир тийип талдын башына чыгып кетет. Ошондо Арстан Мышыкка:
-Ой, ак сүтүн эмизип асырап баккан энем, тууган энемденда
ысыксың. Бар акылыңды үйрөтүп бакканда эмне үчүн тал башына атып чыкканды үйрөткөн жоксун,-дейт.
Анда мышык:
-Ой, кайрымдуу балам! Сени кичинекейиңден боорума басып өстүрдүм. Билген акылымдын баарын үйрөттүм. Бирок, кулкунуңдан коркуп, бир өнөрүмдү үйрөткөн жок элем, аным акыл болуптур,-дептир.
“Кулгуну жаман кууратат” деген макал ошондон калган экен.



1. Арстандын күчүгүн эмне багып алды?

А) коен В) түлкү

Б) арстан Г) мышык



2. Мышык эмне үчүн бакка чыгып кетти?

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

3. Мышыкты эмне жей турган болду?

А) жолборс Б) карышкыр

В) мышык Г) ит



4. Сүрөттөн эмнени көрүп турасыңар?

______________________________________________________________________________________________________

5. Арстан эмне учун бакка чыга албай калды?

______________________________________________________________________________________________________

6. Сүйлөмдү толуктап жазгыла.

Өз ____________ өзу _________ жей баштайт.







Окуп тушунуу 4- класс 8- вариант

Көнөчөк кийген түлкү

Илгери бир кемпир-чал болуп, алардын жалгыз кара ую бар экен.
Уюн саап, сүтүн ичип, каймагын каттама кылып жеп күн көрүшчү. Кемпир табакка жыйнаган каймагын тактанын алдына койчу. Муну бир шум түлкү байкап калып, күн алыс келип жеп кетчү болду. Кемпир аны мышыктан көрдү да каймакты оозу тар көнөчөккө салды.
Күндөрдүн биринде түлкү кемпир-чалдын үйүнө дагы келди.
Каймак табакта эмес, көнөчөктө экен. Түкөң жанталашып жатып
көнөчөккө башын салып, каймакты жеп алды. Анан башын кайра
чыгармакчы болду эле бирок болбоду. Куткарар эмес. Түлкүнүн айласы кетти да:
-Көнөчөк аке, эми тамашанды кой. Ушунчалык убара кылганың да
жетишет. Үйдө балдарым бар, кое бериниз.-деп жалынды.
Анда көнөчөк ага кекээрдүү сөзүн жөнөттү.
-Кайран түлкүм, келип жатат күлкүм! Сени конокко чакырдым беле,
эми кое бер дебе. Каймак жейм деп үйгө киресиң, анын таттуу экенин
билесиң. Мен бир аз тамаша кылсам, “үйгө барайын, балдарым бар” деп чебелектейсиң! Жок, сен үйүңө барбайсың, экинчи көнөчөккө башыңды да салбайсың!
Түлкүнүн күйбөгөн жери күл болду:
-Эмесе сенин жазаңды берейин да, сууга агызып жиберейин,-деп
өзөндү карай жөнөдү.
Түлкү келип башын сууга салды. Көнөчөккө суу толуп, түлкү
тумчугуп кулап түштү. Куу түлкү дал ушинтип өлгөн экен.



1. Чал- кемпирдин канча малы болгон экен?

А) койлору В) жалгыз уйу

Б) жылкылары Г) эчкилери



2. Кемпирдин чогулткан каймагын эмне жеп жүрдү?

______________________________________________________________________________________________________________________



3. Кемпир эмне учун мышыкты кунөөлөду?

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________



4. Каймакты кийин кандай идишке салды эле?

А) табакта В) чакада

Б) Көнөчөктө Г) чыныда



5. Эмне учун тулкунун башынан көнөчөк чыкпай калды?

______________________________________________________________________________________________________________________



6. Сен кемпирдин ордунда болсоң эмне кылмаксың?



Окуп түшүнүү 4- класс 9- вариант

Тулку менен карышкыр

Бир күнү түлкү куйругун булактатып, тилин саландатып, ээн жерде келе жатып, жалгыз аяк жолдун таманында жаткан койдун куйругун көргөндө кубанып кетти. Аны тегерене карап, салып койгон капканды көрдү да, шилекейин чууртуп, эмне кыларын билбей туруп калды. Аңгыча желип-жортуп карышкыр келди. Түлкү жагалданып:
-Каке, келиңиз, келиңиз, куйруктан көп жеп коюп май кекирип турам.
Алдагыны сизге сактап койдум,- деди.
“Астында капкан болбосун?” деп шектенген карышкыр анчалык көңүлсүнбөй мыкчыя тигилди.
-Кээде ушинтип кекирейип каласыз… жебесеңиз өзүм үйгө алып кетейин,-деп түлкү баягы май куйрукка тап бергенде, карышкыр түлкүдөн мурда озунуп сугунмак болду эле, тумшугу капканга чабылып калды. Куйрук четке ыргыды. Түлкү аны илип алды да:
-Жат, бөрү аке, жабышып, капкан менен кабышып! Эртең эрте ушул жерден,
Ээси менен табышып,-деп шаттанып ырдап, желе-жорто жүрүп кетти.









 

1. Түлкү жолдо келе жатып эмнени көрдү?

А) өпкөнү В) куйрукту

Б) этти Г) балыкты



2. Түлкүнүн мүнөзүн сыпаттап жазгыла.

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

3. Түлкүгө жолдон эмне жолугуп калды?

А) аюу Б) карышкыр

Б) суур Г) кашкулак



4. Карышкырды түлкү кантип алдады?

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________



5. Капканга эмне тушуп калды?

А) аюу В) түлкү

Б) карышкыр Г) ит









Окуп түшүнүү 4- класс 10- вариант

Алданган карышкыр



Илгери-илгери капчыгайлардагы коргул таштардын арасына бир түлкү ийин жасап алып, анда көп жылы жашап, тар ийинге эч ким
каттабаптыр. Бир күнү күн аябай суук болуп, түлкү ийинден чыгып, тамак издеп жойлоп жөнөйт. Ал кетээри менен ачка, кынжыйган, бир карышкыр түлкүнүн келишин күтүп, ийинге жатып алат. Түлкү жолу болуп курсакты кампайта тойгузуп, кечке жуук ийинге келди. Караса, карышкырдын изи, дароо ойлоно калды.
“Эгер карышкыр болсо, мени соо койбойт, амал табайын” деди.
Ийиндин оозунан алынын бардыгынча: -Ийним, ийним! Барсыңбы, мен келдим,- деп обон сала кыйкырды. Карышкыр болсо, “чоң жырткыч айбан келген экен” деп былк этпей
дымып калат. Түлкү дагы чыйкылдады:
-Ийним, ийним! Сен соо эмессиң го, келгенимде жооп берүүчү элең, ал кайратың кайда кеткен!
Карышкыр түлкү экенин билгеңден кийии:
-А-у, а-уу!- деп обон сала күркүрөп жооп берет. Түлкү болсо, карышкырдын бар экенин билип:
-Ошентип бая эле айтпайсыңбы, мен карга оонап, тазаланып
келейин!- деп шылтоолоп туруп, жылт коёт. Ач көз акмак карышкыр эми тоём деп тилин саландатып, түлкүнүн келишин күтүп жата берет.
Аң уулап жолу болбой келаткан мергенчилер ийинди көрүп, капкан
салып койсо, карышкыр түшүп калат. Ошентип түлкү амал менен бир
ажалдан калат да, карышкыр алданып өлгөн экен.



1. Жомок эмне жөнүндө экен? Кандай түшүндүңөр?

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

2. Сүйлөмдү толуктап жазгыла.

Караса, ____________________ изи, дароо ____________ калды.



3. Карышкыр менен түлкүнун окшоштуктарын жана айырмачылыктарын жазгыла.











4. Түлкү кандай амал менен кутулуп кетти?

______________________________________________________________________________________________________________________



5. Акырында карышкыр эмне болду?

А) качып кетти В) кармалып калды

Б) капканга тушүп калды Г) жоголуп кетти



6. Силерге кандай таасир калтырды?

Окуп тушунуу 4- класс 11- вариант

Аюу менен чиркей

Дөбөдөй болгон чоң аюу муштумдай болгон коёнду кармап алып, эч бир жазыгы жок байкушту кулагынан чойгулап кыйнайт. Өлүмгө жеткирбесе да эсин оодарганга чейин алпарат. Ошондо коен капаланып:
-Кулак жазылар, көздүн жашы кургар, бирок ушунча кордук көрө турган эмне жазыгым бар! Аюу токойдогу аңдардын чоңу, күчтүүсү, карышкыр менен түлкү араларынан кыл өтпөгөн ысык достор. Эми мен кимге корголойм?-деп арман кылат. Ошол убакта калың камыштын ичинен:
-Мага корголо!-деген бир абдан ичке үн чың эте түштү. Коен көзүнүн кыйыгы менен караса, үн чыгарган чиркей экен.
-Сен мени коргой аласыңбы? Аюу аңдардын чоңу, күчтүүсү, сен болсо чиркейсиң. Сенин колуңдан эмне келет?
-О, жолуң болгур! Мен аны уктатпай, тынчын кетирүүгө жараймын. Ошону билбейсиңби?
…Жайдын ысыгында токойдо чабыттап жүргөн аюу жанын коерго, жер таппады. Тынчы кетип, бүлдүркөндүн жалбырагынын үстүнө дем алайын деп жатса, кулагынын түбүнөн ызың-ң, ызың-ң-ң деген дабыш чыгат. Аюу чиркейдин табышын угуп, тааныйт. Чиркей аюунун мурдуна
келип конуп, каңылжарына кирип кетет. Аюу чыдабай күчүнүн бардыгынча таманы менен мурдун ургулап, жерге ооналактап эси оойт. Дыңылдаган чиркейдин үнү кулагынан кетпейт. Аюу андан жүрөксүп коркуп, “эми кай жериме конор экен” деп уктамыш болуп, козголбой
тыңшап калат. Аюунун бут жагында ызылдап жүрүп, бир кезде чиркей ың-жың дабышы жок болуп кетет. “Чиркей учуп кетти го” деп ойлоп турганда, ал аюунун кулагынын
түбүнө эптеп коно калып, “тыз” эттире чагып алат. Аюу көзүнүн от чагышып кокуйлап ордунан ыргып турат. Оң таманы менен кулагын кагып: “Жеди эле жеди! Бу кандай жаны бек неме эле” деп өңкөлөңдөп качып жөнөдү.

1. Жомоктон эмнени түшүндүңөр?

_____________________________________________________________________________________________________________________

2. Токойдогу жаныбарлардын күчтүүсү кайсыл жаныбар деп ойлойсүңар?

______________________________________________________________________________________________________________________

3. Коенго эмне жардамга келди?

А) чымын В) чиркей

Б) аары Г) көпөлөк

4. Чиркей кичиекей болгону менен чоң эле аюунун тынчын кантип алды?

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

5. Сүйлөмдү толуктагыла.

Дыңылдаган ______________ үнү кулагынан __________________ .


6. Аюу менен чиркейди салыштырып жазгыла.

Аюу

Чиркей