КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
“АК ЧЫЙЫР” БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУ
Бекитемин
“АК ЧЫЙЫР” билим берүү уюмуну
Директору ______________Б.К.Алымбеков
“______” ________________2019-ж.
“МЫКТЫ ОКУУЧУ” КОНКУРСУНУН ЖОБОСУ
Исфана 2019-ж
«Окурман бала» конкурсунун жобосу
Окуу жылы ичинде мектепте (класста) окуучулар арасында «Мектептин мыкты окурманы» аттуу конкурс өткөрүлөт.
Конкурстун максаты: мектеп окуучуларын китеп окууга тартуу менен, көркөм адабияттын мыкты үлгүлөрү аркылуу окуучулардын рухий маданиятын түптөө жана окурмандык маданиятын калыптандыруу болуп саналат.
Конкурска:
-көркөм адабиятка кызыккан башталгыч, ортоңку жана жогорку класстардын бардык окуучулары катышышат.
Конкурстун милдети:
-көркөм адабиятка кызыккан окуучуларды издеп табуу;
-окуучуларды көркөм адабиятка кызыктыруу аркылуу окурмандык маданиятын көтөрүү;
-окуучулардын көркөм-адабий китептерди окууга болгон кызыгууларын текшерүү жана байкоо;
-көркөм адабият аркылуу окуучулардын көркөм ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү;
-мыкты адабий үлгүлөрдү окуп-үйрөнүү аркылуу окуучулардын рухий дүйнөсүн калыптандыруу;
-мыкты образдар аркылуу адептик-ыймандык жана мыкты атуулдук сапаттарга жараша тарбия алуусуна көмөк болуу;
-көркөм чыгармалардын тили аркылуу окуучулардын тил байлыгын, жазуу жана оозеки сабаттуулугун, сүйлөө маданиятын өнүктүрүү, ж.б.
Конкурсту өткөрүү тартиби жана шарттары:
Конкурсту өткөрүүгө класс жетекчилер жана мектеп китепканачысы активдүү катышышат жана окуучулардын китеп окуусун төмөндөгүдөй тартипте байкап-баалашат:
-окуучулардын китепканага келип китеп алып окуусун эсепке алуу;
-окуучулардын «Окурмандык күндөлүктөрүн» убагында байкап, анын натыйжалуулугуна көз салып туруу;
-мектептин (класстын) адабий ийримине катышып, чыгармачылык ийгиликтерин көрсөтүүсүн баалоо;
-ар бир чейректин акырында окурмандык викториналарды өткөрүү жана алардагы окуучулардын активдүүлүгүн эсепке алуу;
- «Окурмандар клубуна» катышуусуна жана аларда өткөрүлүүүчү диспуддарга активдүү катышуусун баалоо, ж.б.
Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу:
Конкурстун жыйынтыгы окуу жылынын төртүнчү чейрегинин экинчи жумасында атайын түзүлгөн калыстар тобу аркылуу балл менен чыгарылат. Топтогон баллдарына жараша алдыңкы үч жогорку балл чогулткан окуучулар «Мектептин (класстын) мыкты окурманы» деп аталат.
Жеңүүчүлөрдү баалоо: конкурстун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө мектеп жетекчилиги тарабынан жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен уюштурулган баалуу сыйлыктар ыйгарылат жана жогорку балл менен бааланган окуучулар «Мектептин (класстын) мыкты окурманы» деген сертификаттарга ээ болушат.
Мектептин “Окурмандар клубу” (жобо)
Мектепте көркөм-адабий чыгармачылыкка кызыккан, көркөм адабиятты сүйүп окуган жана адабий чыгармачылыкка жөндөмү бар окуучулардын башын коштурган Окурмандардын клубу уюштурулат.
Клубдун максаты: мектеп окуучуларынын көркөм адабиятка кызыгуусун өркүндөтүү, көркөм адабияттын мыкты үлгүлөрү аркылуу
окуучулардын рухий маданиятын түптөө жана окурмандык маданиятын калыптандыруу болуп саналат.
Клубдун милдеттери:
-мектеп окуучуларынын арасында көркөм адабиятты пропогандалоо менен адабиятка кызыгууларынын мониторингин жүргүзүү;
- окуучулар арасынан көркөм адабиятка кызыккандарды табуу жана алардын окурмандык кызыкчылыктарын өнүктүрүүгө кеңештерди берүү;
-адабиятка кызыккан окуучулардын адабий
–эстетикалык ой жүгүртүүлөрүн өстүрүү максатында дебаттарды өткөрүү;
-окуучулардын окуган китептери, анын каармадары тууралуу ой жүгүртүүлөрүн, жеке пикирлерин айтып ой бөлүшүүлөрүн жана талкууларды уюштуруу;
-викториналарга, диспуддарга даярдыктарды көрүү, окуучулардын окурмандык маданиятын өркүндөтүүгө багыт берүү;
-адабий ийримдерге, конкурстарга катышуулардын натыйжаларын чыгаруу аркылуу чыгармачылыкка багыт берүү, ж.б.
Клубга:
-көркөм адабиятка кызыккан башталгыч, ортоңку жана жогорку класстардын бардык окуучулары катышышат. Клубдун иштөө тартиби:
-клубдун ишин анын мектеп боюнча шайланган жетекчиси уюштурат;
-клубдун жыйыны ар бий айдын акыркы жумасында өткөрүлүп турат;
-жыйында клубдун атайын түзүлгөн иш-планына жараша маселелер талкууланат;
-жылдын акырында клубдун ишине активдүү катышкан окуучуларга атайын дипломдор тапшырылат.
Баланы китеп окууга үйрөтүүдө окуунун кандай формаларын колдонсо болот?
1.Ээрчишип окуу
Окуунун бул ыкмасы мугалим же ата-эне баланы китеп окуу көндүмүнө үйрөтүүнүн алгачкы жолу болуп саналат, ошонусу менен ал жалпыга белгилүү жана дамаамат практикаланып келүүдө. Анда, адегенде мугалим (же ата-эне) аңгемени (же жомокту) окуй баштайт, мугалим (же ата-эне) баланы артынан кайталап туура, шар, тез (муундап же сөздөп), көрктүү, сезимдүү окууну суранат, бала мугалимди (же ата-энени) ээрчип, окууну улантат, мугалим (же ата-эне) баладан өзүнүн артынан сүйлөмдөрдү туура, так окуусуна гана эмес, окуганынын мазмунун да түшүнүүнү тапшырат. Ошондуктан, сөз эмне тууралуу болуп жатканын мерчемдүү кезде (аюзацтарда, эпизоддордо), атайын токтолуп, кайталап, ойду суроожооп менен толуктап ээрчип жүрүп отурат.
2.Укканынын окуу
Мында мугалим же ата-эне бала менен окуй турган чыгарма, анын мазмуну тууралуу ага алдын ала маалымдап,кызыктуу кылып айтып берет.Айтып берүү кезинде окуя ким же эмне тууралуу экендигине, андагы окуянын эң маанилүү учурларына айрыкча басым коюп, диалогдорго, андагы кырдаалдарга маани берип, ал аркылуу каармандардын кыял-жоругун, мүнөзүн ачып, ал тургай образдуу түрдө, ырааттуу кылып баяндап берүү ишке ашат. Мында окуяны баяндоодо, албетте, мазмундук ырааттуулук абдан зарыл, бирок ага кызыктыруу үчүн мазмундук ырааттууулук гана жетиштүү болбойт. Немец окумуштуусу В.Глайн айткандай; «баяндоо ырааттуу гана эмес, образдуу айтканда, психологиялуу болуусу керек». Анткени андагы психологиялуу баяндоо гана баланы окуяга кызыктырат, көңүлүн бурат, сезимин козгойт, окууга оң мотивация жаралат. Эми аны мугалимдин же атаэненин сунушу менен же өзүнүн эле каалоосу менен өз алдынча окууга өтөт. Мындагы «ырааттуу жана психологиялуу баяндоо» гана укканы бонча өз алдынча окууга баланы даярдоо кызматын аткарат.
3.Таржымалап окуу
Окуунун бул түрү-бүгүнкү күндө мугалимдер же ата-энелер дээрлик дамаамат колдонгон ыкмалардын бири. Анда мугалим же ата-эне кызыктуу бир китепти, андагы аңгемени же жомокту балага окуп бере баштайт да, андагы татаал учурларды же түшүнүксүз сөздөрдү чечмелеп таржымалап жүрүп отурат. Баланын түшүнбөгөн учурларын же сөздөрдү өз учурунда чечмеленип түшүндүрүп, пайда болгон проблемалар чечилип отурат.Каармандардын мүнөзү, кыял-жоруктары талданып, «кандай экен, эмне деди, туура кылдыбы, туура эмес кылдыбы?» деген суроолорду берип, баланы чыгармадагы окуяны ээрчитип, андан артта калбоого аракет жасалат жана бирге ой жүгүртүп отурушат.Аягында биргелешип жыйынтыкка келишет.
4.Даярданып окуу
Окуунун бул түрүнө киришүүдө окуучу менен ата-эне же мугалими биргелешкен мындайча иш-аракет аткарылат, атап айтканда, окуучуга «сен кандай китеп окугуң келет, сага кандай жомок жагат, эмне тууралуу окугуң келет?» деген суроолорду берип, алдыртан ага ылайык аңгемелешүү жүрөт. Бул аңгемелешүүдө окуучу алиге окуй элек чыгармадагы карманды көз алдына келтирип, ал тургай, кебете-кешпирин элестетиип, аны менен «жолугушууга», бирге «сүйлөшүүгө» өзүн даярдайт. Мындай «аңгемелешүү» окуучуну кайсы бир жанрдагы же тематикадагы чыгарманы окууга психологиялык жактан алдыртадан даярдайт.Мындай даярдык окуунун ийгиликтүү болуусун алдын ала шарттаары шексиз.
5.Кубалашып окуу
Окуунун бул түрү да күндөлүк практикада кеңири кездешет, т.а. окуучулар берилген аңгемени же жомокту билгиленген тартипте биринин артынан экинчиси кубалашып окушат (бул иш-аракет окуучу менен мугалимдин же үйдө бала менен ата-эненин ортосунда да аткарылса болот). Мында биринчи окуучу окуй баштайт да, окуянын бир үзүмүн бүткөн соң же каалаган жеринен күтүүсүздөн токтойт, экинчи окуучу окуу ыргагын бузбастан, мазмунду үзбөстөн, чыгарманы андан ары улантып окуп кетет. Мында коюлган негизги шарт- өзүнөн мурда чыгарманы окуп бараткан баладан артта калып калбоо же ыргакты бузбоо гана эмес, мазмунду да үзбөй түшүнүү кажет. Чыгарманы мындай тартипте окуунун мааниси- мазмунга айрыкча көңүл коюп түшүнүүгө окуучуну аргасыз «мажбурлоо» да жана окуу процессиндеги күтүүсүз учурларга аны алдын ала даяр болууга машыктыруу болмокчу.
6.Бөлүктөргө бөлүп окуу
Баланы продуктивдүү окууга үйрөтүүдө окуунун бул түрүнүн кызматы абдан чоң. Анткени бөлүктөргө бөлүп окуу чыгарманын ар бир эпизодунун мазмунун туура түшүнүүгө, андагы сюжеттин андан ары ырааттуу улануусун түшүнүүгө карата баланын логикасын өстүрүү милдетин аркалайт. Тактап айтканда, окуунун мындай түрүндө төмөндөгүдөй жумуштар ишке ашат: -адегенде, аңгеменин же жомоктун жалпы мазмуну бир нече логикалык бөлүктөргө алдын ала бөлүнөт, мугалим окуучуга же ата-эне үйдө балага, адегенде бөлүктүн биринчи кезегин окууну тапшырат; -бөлүк окулуп бүткөн соң, андагы мазмунга ылайык суроолор коюлат, суроолорго жараша талкуулоо жүрөт, талдоолор ишке ашат жана бөлүктүн мазмунуна жараша жыйынтыктуу ой айтылат; - бирок чыгарма аягына чыга элек, башталган окуя жыйынтыктала элек, эми ал окуя андан ары эмне болуп уланат, каармандар эмне ишаракетти аткарат, алардын мындан аркы тагдыры кандай болот, окуянын жыйынтыгы эмне менен чечилет?-деген мыйзамдуу суроолор жаралат, балада андай суроолорго кызыгуу башталат, коюлган суроолорго жооп издегиси келет, ал суроого жоопту кайдан издөө керек, албетте, тексттин өзүнөн издөө керек. Демек чыгарманы логикалык бөлүктөргө бөлүп окуу ыкмасы аны бүтүн түшүнүүгө баланы жетелейт жана проблемалуу суроолорго тексттен өз алдынча жооп табууга машыктырат, бара-бара баланын өз бет алдынча китеп окууга багат алдырат.
7.Улантып окуу
Окуунун бул ыкмасы, негизинен, окуунун продуктивдүү ыкмасына кирет десек жаңылышпайбыз. Анткени мындай жол менен мугалим окуучуну же үйдө ата-эне баланы китеп окууга кызыктырууга толук мүмкүндүк табат. Адегенде, балага китеп окула баштайт, окуянын кызыктуу жерине келет, угуп жаткан баланы окуянын кызыгына батыруу үчүн мугалим же ата-эне текстти көрктүү, образдуу окуу менен, айрыкча каармандардын кебине баланын көңүлүн бурат. Окуянын башталыш, өңүгүш кезеңдерине баланы бирге аралаштырууга аракет жасайт. Анан дал ошол мерчемдүү жерине, балким өнүгүү же кульминация чекитине келгенде, андан ары окууну баланын өзүнө тапшырат.Окуянын мындан аркы өнүгүүсүнө же каармандарынын андан аркы тагдырына кызыгуусу ойгонуп калган бала эми текстти өз алдынча окуу үчүн аргасыз колуна алат. Демек ал текстти эми өзү окуусу үчүн оң стимул жаралат. Натыйжада, башталган иштин соңуна бала өзү чыга, натыйжага өз алдынча жетет, окуянын чечилишин өз алдынча табат, каармандардын андан аркы тагдырына бала өзү күбө болот, ой бүтүмүнө өз алдынча ээ болот. Демек, кызыктыруу менен гана баланы китеп окууга стимул жаратууга болоруна ушундай шарттарда күбө болобуз.
8.Үзүп алып окуу
Окуунун бул ыкмасы башка ыкмалардан бөтөнчөлүгү менен айырмаланат. Анда китеп окууга бет алып калган бала менен өз алдынча иштөө улантылат, т.а. мурдатан тааныш аңгеменин же жомоктун каалаган эпизодун үзүп алып окуу менен, пизоттун мазмунун түшүндүрөт, иликтеп, талдап берет. Окуянын кантип башталганын, анын кантип андан ары улантылганын, ал тургай, эмне менен жыйынтыкталганын да тиешелүү эпизодун үзүп алып окуу менен түшүндүрүп берүүгө өтөт. Мунун өзү баланын китеп окууга болгон көндүмү калыптанганын, окуганынын үстүндө ой жүгүртүүгө жарап калганын, окуганы тууралуу башка адам менен талкуулап ой бөлүшүүгө жарап калганын түшүндүрмөкчү.
Окуучунун окуу ишмердүүлүгүн уюштуруу формалары
1) «Мугалим менен окуучу» формасы. Мында мугалим окуучунун окуу ишмердүүлүгүн максаттуу уюштурат, анын багыттарын, максатмилдетин аныктайт, көрсөтмө берип, аны жүзөгө ашырат;
2) «Окуучу менен окуучу» формасы. Класста же үйдө, бош убактыларында, же китепканада биргелешип окуу, бири-бири менен окуган китептери тууралуу аңгемелешүү иштерин уюштуруу менен китеп окуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө болот;
3) «Тайпада окуу» формасы.Мугалим окуучуларды майда тайпаларга бөлөт да, ар бирине, балким, бир эле текстти же ар түрдүү тексттерди окуу тапшырмасын коѐт. Мында тайпалардын окуу ылдамдыгын жана түшүнүп окуусун айрыкча эске алат. Демек кайсы тайпа биринчи окуса, же кайсы тайпа тексттин мазмунун жеткиликтүү түшүндүрүп айтып бере алса, ошол тайпанын окуу шмердигин жогорку балл менен баалайт.
4) «Класста жалпы жамааттык (фронталдык) окуу». Бул ыкма башталгыч класстарда кеңири колдонулса болот, т.а. мугалим окуучулар окуй турган китептин бетин ачтырат да, текстти жалпы класс боюнча (жамаат түрүндө) окууну сунуштайт. Окуучулар жалпы окуй башташат. Албетте, баары бирдей ылдамдыкта окуй алышпайт. Алдыга озуп, же артта калганын бири-бирин көрүп сезишет. Артта калгандары алдыга умтулушат, артта калганы жамаатты карап, аны алга сүрөөнү ойлонушат. Бул процессти мугалим да байкап, жалпы балдар бирдей ылдамдыкта окуусун талап кылат. Демек бул ыкма окуучуларды бирин-бири көрүп ылдам, шар окууга көнүктүрөт.
5) «Окуучунун өз бет алдынча» китеп окуусу. Бул жогоруда аткарылып келген бардык иштердин синтезинен жаралган окуу ишмердүүлүгү, анын жогорку формасы болуусу ыктымал. Анткени бул шартта окуучулар өз бет алдынча окуу аркылуу өзүн өзү өстүрүү, өз ишин рухий керектөө, ички зарылдык, интелектуалдык эмгек, жашоо кубанычы катары, акырында, китеп окуу маданияты катары өзүнүн жашоо нормасын калыптандырат.
6) «Китепканачы менен окуучу» формасы. Мында китепканачы окуучу менен бирге иш жүргүзөт, аны ал пландайт, бала кызыккан китептерди таап, окууга багыт берет, окуусун уюштуруп, текшерип, чыгармачыл окуу кечелерди өткөрөт, диспуд, конференция, жолугушууларды даярдайт, ушулар аркылуу баланын окуу ишмердүүлүгүн, китепке кызыгуусуунун деңгээлин өнүктүрүугө көмөк берет;
7) «Ата-эне менен окуучу» формасы. Мында ата-эне мугалимдин жана китепканачынын балага берген тапшырмасын эске алуу менен, аларды үйдө улантуу, ырааттуулукка салуу, окуусуна көз салуу, баланын бош убактысын пайдалуу өткөрүү, үйдө китеп окуу, биргелешип окуу убактысын уюштуруу ж.б. менен анын окуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөк берет;
Окуучунун окурмандык ишмердүүлүгүн өстүрүүдө кандай методдорго таянууга болот?
Мугалим окуучунун окурмандык ишмердүүлүгүн өстүрүүдө төмөндөгүдөй методдорго таянуусу керек:
1) Проблемалуу окуу методу;
2) Изилдөөчүлүк метод;
3) Психологиялык методдор;
4) Интерактивдик методдор;
5) Аңгеме методу;
6) Байкоо методу. . .
Эми булардын арбиринин мааниси жана аны кандай багытта колдонууга болору тууралуу аздантоктолупөтөлү:
1) Проблемалуу окуу методу: мында, адегенде мугалимкитептин аталышы, анын бетинде, же ичинде тартылган сүрөттөрүн (иллюстрацияларды) окуучуга көргөзүп, китептин аталышынан эмнени түшүндүңөр, аталышына жараша китепте эмне жөнүндө сөз болуусу мүмкүн деп божомолдой суңар, ал эми бул сүрөттөрүн көргөндө, китептин мазмуну эмне тууралуу болорун, эмне жөнүндө сөз болорун баамдадыңар?–деп суроо коѐт. Мындай суроолор– китепти окуганга чейин эле, т.а. китеп менен таанышуудан баштап эле проблемалуу окуу башталат– дегенди билдирет. Ал эми окуй баштаганда каармандардын кылык жоруктары тууралуу аңгемелещүүлөрдү жүргүзүү: мисалы, алэ мне үчүн ушундай, ал эмне үчүн ушундай кылды, мындан ары кандай уланат деп ойлойсуң? - деп, баланы окуяны өзү түшүнүп, окуяга каарман менен аралаша жашап, жүрөгүнөн өткөрүп жетелесе, ал окуу албетте натыйжалуу болмокчу. Дегиэле, баланын китепокуусуна көз салуу дамындай механизмдер ишке ашуусун мугалим байкоосу тийиш:
–каармандын кылык-жоруктарына, же окуяга–баланын эмоционалдык психологиялык баасы кандай болгонун? – каармандардын кылык-жоруктарына же окуяга баланын нравалыкэтикалык баа берүүсү кандай болду? - каармандардын кылык-жоруктарына же окуяга баланын филосоиялык ой жүгүртүүсү кандай болду? –бала китептен, андагы окуялардан, каармандарынан тарбия-таалим ала турган эмнени тапты?... Мына ушундай багытта ой жүгүртүү менен, кандайдыр бир натыйжага ээ болгондо гана окуу да натыйжалуу, ошону менен бирге окуунун жүрүшүндө кандайдыр бир педагогикалык проблема чечилгендигин да билүүгө болот. Китеп окуунун өзү педагогикалык процесс, анткени китеп окууда маалымат алуу, окуянын мазмунун түшүнүү, өз оюн билдирүү, көз карашын байытуу, ж.б. ишмердиктин баары китеп окуу аркылуу чечилүүчү педагогикалык проблема болуп саналат.
2) Окуу ишмердүүлүгү кезинде, сөзсүз изилдөө ыкмалары да бирге жүрөрү талашсыз, т.а. изилдеп-изденип окуунун өзү окуу ишмердүүлүгүнө тиешелүү.
Анда эмне изилденет:
–китептин мазмуну кандай экени талданат;
–автордук идея эмне экени табылат;
–китепте айтылган негизги проблема кандай экенин издейт;
–каармандары кандай экени изилдейт;
–тили кандай экени талданат;
–каармандардын келечек тагдыры эмне болот?–деген ой пайда болот.
–автордун мындан башка да кандай чыгармалары бул чыгармага мазмундаш экенин талдашат;
–бул чыгарма менен дагы да кандай чыгармалар мазмундаш экенин салыштырып талдоо ишке ашат, ж.б....
3) Окуу ишмердүүлүгүндө, албетте, баланын психологиялык абалы, кырдаалдар жана кызыкчылыктар дагы чоң роль ойноору психологдордун изилдөөдөлөрдөн улам белгилүү. Ошондуктан, окурмандык ишмердүүлүктө төмөндөгүдөй психологиялык жагдайлар эске алынат:
–окуп-үйрөнүүгө сунушталган тексттер баланын жаш-курагына, ошол курагында билим-таалим ала турган маалыматтарды камтыган тематикадагы тексттер, алардын жанрлары болушу шарт. Албетте адепахлактык элементардык түшүнүктөр, табиятты таанытуу балдардын кызыктуу жоруктары ж.б. темалар кенже ортоңку класстардын окуучулардын курагына туура келсе, патриоттук, сүйүү, өмүр, коом туурасындагы тексттер жогорку класстын окучуларына туура келет;
–балдардын жеке кызыгууларын эске алып, кайсы бала кандай темадагы жана жанрдагы чыгармаларды окугусу келерин сурап-билүү;
–тексттин тили да балалык курактын лексиконуна туура келүүсү, аны тажатпагандай болуусу керек;
–тексттеги психологиялык маанай, андагы каармандардын көз карашы, жашоо-шарты, мамилелери, окуялар баланын психологиясына анын учурдагы абалына зыян тийгизер терс таасир берип, анын маанайын чөгөрбөгөндөй, иренжитпегендей, турмуштан көңүлүн кайт кылбагандай болуусу пайдалуу;
–тексттин окуясы, курулушу, тили оор болуп, баланын аны окуй албай кыйналып, «начар окуп коѐмбу, окуганым начар бааланып калабы, ошондон улам начар баа алып каламбы?»
–деген коркунучтан сыртта болуусу зарыл;
–тексттин көлөмү да баланын кабылдоосуна туура келип, көлөм минимумунун эске алышы пайдалуу;
–окуганын үстүнөн жалпылап ой жүгүртүүгө, өз алдынча жыйынтык чыгаруусуна, өз алдынча акыл-ой тыянагына келүүгө, андан соң, эсине түйүп калар, кийинки турмушуна алып калар практикалык сабак болорлук бүтүм чыгарууга жетишүүсү...
4) Окуунун практикалык натыйжалуулугуна жетишүүдө, албетте интерактивдүү методдор, анын ичинде сынчыл ойлом, анын стратегиялары: сниквейин, даймонд, класстер, зигзаг ыкмаларын колдонуу, алар аркылуу окуучунун жеке баасын, жеке изилдөөсүн, жеке көз карашын, пикирин, оюн билдирүүсүнө жетишүү, ал пикирлерди баалоо, ролдук оюндарды уюштуруу, жб. эске алынат.
5) Мындан сырткары, текст, анын темасы, идеясы, проблемасы, каармандары, алардын тагдырлары, чыгарманын баалуулугу, тили, ж.б. туурасында ой жүгүртүү.
Мисалы:
- сага бул чыгарма жактыбы, жакса эмне үчүн жакты?
-сага бул каармандын кылыгы жактыгы, жаккан жокпу, жакса же жакпаса эмне үчүн?
-сен бул каарман эмне үчүн ушундай кылды деп ойлойсуз?
-автор чыгармасын эмне үчүн ушундай аяктады деп ойлойсуң, башкача кылууга болбойт беле?
-эми, мындан ары чыгарманын аягы кандай болот деп ойлойсуң?
- бул чыгарманын окуясынан же андагы каармандарынан сен кандай сабак алдың?
-сен анын каармандарынын ордунда болсоң, кандай кылат элең?
- чыгарманы окуй баштаганда кандай ойдо элең, эми чыгарманы окуп бүткөндөн кийин кандай ойдо калдың?
-бул жазуучунун дагы кандай чыгармасын окудуң эле же эми дагы да кандай чыгармасын окугуң келер эле?
6) Окуучунун окурмандык ишмердүүлүгүн мугалимдин илимий жактан ырааттуу жетектеп туруусу керек. Ал үчүн байкоону төмөндөгүдөй максаттуу жүргүзүү зарыл:
–кайсы окуучу кандай темадагы чыгарманы окугусу келерин байкоо;
–окуучунун окуу техникасы, окуу ылдамдыгын байкоо;
–окуучунун окуу техникасынын өнүгүү динамикасын байкоо;
–сыноонун жыйынтыгында адегендеги жана соңку жыйынтыктарды талдоо, жыйынтык баа берүү, андан ары келечегине байкоо салуу.
Ушундай ырааттуу иштердин системасы гана окуучунун окуу ишмердүүлүгүн көтөрүүгө салым кошору талашсыз.