СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окутуу-тарбиялоо процессинин сапатын жогорулатуу жана сапатка кепилдик берүү системасын өркүндөтүү

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

«ОКУТУУ-ТАРБИЯЛОО ПРОЦЕССИНИН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЖАНА САПАТКА КЕПИЛДИК БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН ӨРКҮНДӨТҮҮ»-темасы боюнча даярдалган доклад.

Просмотр содержимого документа
«Окутуу-тарбиялоо процессинин сапатын жогорулатуу жана сапатка кепилдик берүү системасын өркүндөтүү»

Нуруева Жаӊыл Болотовна


«ОКУТУУ-ТАРБИЯЛОО ПРОЦЕССИНИН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЖАНА САПАТКА КЕПИЛДИК БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН ӨРКҮНДӨТҮҮ»

Таштан Эрматов атындагы

Бишкек музыкалык- педагогикалык колледж

Бишкек шаары.


Аннотация: Билим берүү системасынын бардык тутумдарында окутуунун сапатын көтөрүүдө- окуу жайдын, ата-энелердин, жумуш берүүчүлөрдүн, кызыкдар тараптардын өз ара кызматташуусу жакшы натыйжа берет. Билим берүү системасын өнүктүрүүдө – биримдикте иш алып баруу менен педагогдук кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу тууралуу макала.


Түйүндүү сөздөр: окутуп-тарбиялоо, концепсия, сапатка кепилдик берүү, билим берүүнүн стратегиялык багыттары, ишкердикке окутуу, заманбап билим берүү чөйрөсү.


Билим берүү бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү коомдук өнүгүүнүн эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн жана артыкчылыктуу багыттарынын бири болууда. Билим берүү өлкөнүн өнүгүшүнүн башкы ресурсу болуп саналат.

Бизге дүйнөнү тааныта турган эле эмес, биздин экономиканы, биздин коомду, биздин турмушту жакшы жагына өзгөртүүгө көмөк болуучу билим берүү системасы керек. Азыркы күндө дүйнөдө баардыгы өтө тез өзгөрүп жатат. Билим берүүгө талап дагы каттуу коюлууда. Коомубуздун келечеги үчүн жоопкерчиликтүү жаш муунду тарбиялоо, алардын өлкөбүздү өнүктүрүүгө багытталган көз карашын калыптандыруу — маанилүү милдет.

«Билим берүү туруктуу өнүктүрүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы. Билим берүү-өлкөбүздүн келечегин аныктаган негизги, олуттуу маселелердин бири. Глобалдуу атаандаштыкка билимдүү коом гана туруштук бере алат. Бүгүн дүйнөнүн көп өлкөлөрү билим берүүнүн заманбап моделдерин издеп жатат. Билим берүү жана илим системасын реформалап жатышат. Биз да Кыргызстанда билим берүүнү реформалоонун жолдорун издеп жатабыз»-деп президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шарипович КМШ мамлекеттеринин мугалимдеринин 5-съездинде агартуучулар үчүн эӊ маанилүү чакырык таштады десек болот.

Билимдүү коомду түзүү үчүн коомдун ар бир мүчөсү өз милдетин жана функцияларын так, туура, сапаттуу, жоопкерчилик менен аткаруусу керек деп ойлойм. Билим берүү менен катар тарбиялоо да чоң мааниге ээ . Бул иште ата-энелер коомчулугу менен чогуу аракетте болушубуз керек.

Эртеңки күндүн талаптарына жооп берген билим берүү кандай болушу керек? Коомдо кандай билим ар дайым керектүү болуп турат деген маселе эң негизги суроо болуп турат. Башкача айтканда турмушунда пайдасы тийгидей билим алышын камсыз кылышыбыз керек. Ошондуктан заманбап окуу жай кандай болушу керек ?

Кимди окутам?

Эмнени окутам?

Кантип окутам?

Кандай натыйжага жеттим?-деген табыгий суроолор коюлуп жатат. Бул маселелер мугалимдердин, ата-энелердин, коомчулуктун, өлкөнүн жетекчилеринин дагы тынчын алууда. Мындай шарттарда мугалимдердин мааниси жыл санап өсө берет.

Педагог- жаңы дүйнөнүн эшигин ачкан адам. Жол баштоочу. Ал педагогдук кесибиндеги өзгөрүүлөргө, жаңы талаптарга даяр болууга тийиш. Мугалим-коомдун бекемдигин, интелектуалдык деӊгээлин сактап турат. Мугалим коомдун алдыңкы сабында болушу керек. Бул оор, бирок сыймыктуу милдет. Мугалимдерди ар дайым колдоо керек. Дүйнөдөгү эң асыл кесиптин ээлери болгон мугалимдердин кадыр-баркын жогорулатуу өлкөнүн, коомчулуктун, көӊүл чордонунда болуусу абзел жана милдети катары кабыл алуусу шарт.

Кыргыз Республикасы ата мекендик билим берүүнүн мыкты салттарына жана эл аралык тажрыйбага таянып, ийкемдүү, ачык, заманбап талаптарга ылайык билим берүү системасын түзүүдө.

Ар бир билим берүүчү мекеме кыска жана узак мөөнткө өнүгүү коцепциясын иштеп, өз багытын, максатын, милдеттерин б.а. миссиясын аныктап алып иш алып барат. Концепция -билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн негиз болуп саналат, баалуулуктарды жана артыкчылыктарды бекемдейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен билим берүү системасын өнүктүрүүнүн конкреттүү кадамдары үчүн база түзөт. Концепция- жашоонун башка чөйрөлөрүнө салыштырмалуу билим берүүнү ыкчамдап өнүктүрүү максатын көздөйт, анткени билим берүү гана өлкөдөгү адамдык потенциалды өнүктүрүү менен байланышта жана башка чөйрөдө реформаларды камсыз кылуу үчүн лидерлерди жана адистерди даярдайт.

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин миссиясы - билимдин жана маданияттын ордосу болгон өзгөчө орто кесиптик окуу жайы катары билим берүүнүн, тарбиялоонун инновациялык технологияларын практика менен айкалыштырып, кесиби боюнча компетенттүү, чыгармачыл, заман талабына шайкеш келген педагогдорду даярдоо. Колледж- өткөн муундардын салттарына таянып, заманбап билим берүүнүн жана тарбиялоонун инновациялык технологияларын колдонуу менен өз миссиясын татыктуу аткаруунун үстүндө иш алып барат.

Кыргыз Республикаснын Өкмөтү 2018-жылдын 4-июнундагы №270 “Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө» токтом бекиткен. Анда орто кесипик билим берүүгө коюлган милдеттердин бири «Окутуу-тарбиялоо процессинин сапатын жогорулатуу жана сапатка кепилдик берүү системасын өркүндөтүү». Бул милдетти ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек.

  • Ишкердикке окутуу методдорун киргизүү

  • Заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү

  • ОКБга мультимедиялык технологияларды киргизүү

  • ОКБда заманбап билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү

  • Сапатка кепилдик берүү системасын өнүктүрүү

БМПКда окутулуп жаткан беш адистик боюнча окуу пландарынын кесиптик билим берүү циклынын вариативдик бөлүгүнөн ишкердикке окутуу боюнча предметтерге кредиттер бөлүнүп окутулат.

М: «Музыкалык билим берүү» адистиги боюнча-

  • Ритмика хореографиянын элементтери менен.

  • Фольклордук ансамбль

  • Салттуу музыка

  • Музыкалык информатика

«Башталгыч класстарда окутуу» адистиги боюнча

  • Окутуунун активдүү формалары

  • Мектепке даярдоо

  • Кыргыз тили жана математиканын практикуму.

«Мектепке чейинки билим берүү» адистиги боюнча

  • Көргөзмө куралдар жасоо

  • МЧББ дө инновациялык технологиялар

  • Мектеп жашына чейинки чыгармачылык иштер

  • Үй-бүлөлүк тарбия

«Дене тарбия» адистиги боюнча

  • Массаж/дарылоочу дене тарбиясы

  • Туризм, Тогуз коргоол, теннис, күрөш, ордо, футбол.

« Чет тил » адистиги боюнча

  • Которуунун теориясы жана практикасы

  • Англис тилинин коммуникативдик практикуму


Коомубуздун жаӊы стратегиялык өсүп өнүгүшү окутуу жана тарбиялоо ишинде дагы бир кыйла өзгөрүүлөргө алып келүүдө. Жалпы педагогикалык системада инсандын өсүп өнүгүшүнө багытталган окутуу идеясы ишке ашууда, окутуу процессинде жаӊы окутуу технологиялары пайда болууда, мугалим менен окуучунун ортосунда кызматташтыктын негизинде түзүлгөн коммуникациялар орун ээлөөдө.

Бул багытта Т. Эрматов атындагы БМПКда билим берүү процессинде мультимедиялык технологияларды колдонуу менен окутуучулар лекцияларды, семинардык, практикалык, лабораториялык, тарбиялык сааттарды өтүшөт. Окутуучулар инновациялык технологиялар боюнча окууларга, семинар-тренингдерге катышып, алган билимдерин колдонуп, билим берүү процессинде инновациялык сабактарды өтүшөт. Атап айтсак: «Окутуунун активдүү формалары», «Ментерство» , «Старттык эксперимент-SEA», «Кош тилдүүлүк», «Балалык», «Наристе»-программалары,», «Электрондук окутуу». «XXI кылымда Кыргызстандын билим берүү системасынын глобалдаштырылышы», «Педагогтун окутуучулук ишмердүүлүгүн өнүктүрүү» ж.б.

Болочок мугалимдерге профессионалдык даярдыгына бир кыйла даражада көмөк көрсөтүү ниетинде колледж жана мектеп методисттери семинар-тренинг, интелектуалдык ачык сабактар, кызматташтык спорттук оюндарды, концерттик программаларды, конференцияларды өткөрүп келишет. Биздин бүтүрүүчүлөр барып иштеген мекемелерде билим, тарбия берүү оӊой-олтоӊ иш эмес, анткени жан дөйнөсү, жүрөгү таза мотурайган бөбөктөрдү билим дүйнөсүнө жетелеп, дүйнө таанытуу үчүн алар каалагандай усулдарды тандап алуу керек. Студенттер практика учурунда активдүү окутуунун ыкмаларын, мультмедиялык технологияларды колдонуу менен эӊ жакшы ийгиликтерге жетишип жаткандыгы талашсыз. Активдүү окутуунун ыкмалары окуучуларды билим алууга шыктандырат. Анын инсанды өнүктүрүүгө төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү бар:

  • Окуучуга өнүгүүнүн субъектиси катары мамиле кылуу,

  • Инсанды өнүктүрүү жана өзүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга шарт түзүү.

Орто кесиптик билим берүү программалары боюнча электрондук курстарды иштеп чыгуу, БМПКнын стратегиялык планына киргизилди.

Сапатка кепилдик берүү системасын өнүктүрүү максатында БМПКда аккредитация боюнча окуулар, жолугушуу, семинар-тренингдер уюштурулуп келет. Атап айтсак көз карандысыз аккредитациялоо агенттиктери:

  • ААОПО- «ОКББдө өзүн өзү баалоо жана көз карандысыз аккредитацияга даярдык»

  • ААОПО- «Негизги кесиптик билим берүү программасын иштеп чыгуу жана жакшыртуу»

  • “Сапаттуу билим” - “Өзүн өзү баалоо деген эмне? Өзүн өзү баалоого даярдык”

  • Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн “ Билим берүү тармагында аккредитациялоо жана лицензиялоо”- аттуу окутуу семинарлары.

Бүгүнкү күндө окутуу-тарбиялоо процессинин сапатын жогорулатуу үчүн жаңы ыкмалар, жаңы идеялар, жаңы долбоорлор керек. Өнүгүүнүн жаңы жолдорун табыш үчүн биргелешкен изденүүлөр, талаш-тартыштар, алдыңкы тажрыйбаны бөлүшүүгө чындап умтулуу зарыл. Алдыбызда маалыматтык коомго өтүү милдети тургандыктан, биз санариптик технологияларды кеңири жана бардык тармактарда колдонууну билим берүүнүн негизи кылып алышыбыз зарыл деп эсептейм.

Заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү үчүн:

  • Заманбап өндүрүштүк технологиялардын, маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын негизинде окуу жайларынын инфраструктурасын модернизациялоо.

  • Эмгек рыногунун керектөөлөрүнүн өзгөрүшүнө ийкемдүү жооп берүү жана кесиптик окутууда жарандардын суроо-талаптары үчүн окуу жайларынын материалдык техникалык жана адам ресурстарын оптималдаштыруу.

  • Социалдык өнөктөштөрдү билим берүүнү өнүктүрүү боюнча саясат түзүү жана чечим кабыл алуу маселелерине тартуунун институттук механизмдерин түзүү. Алардын эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык кадрларды даярдоо боюнча квалификациялык талаптарды түзүүгө катышуусун камсыз кылуу.

  • Окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн баалоодо жана диплом берүүдө, окуу натыйжаларына мониторинг жүргүзүүдө жумуш берүүчүлөрдүн жана жарандык коомдун катышуусу менен билим берүү программаларын көз карандысыз аккредитациялоо жүргүзүү.

  • Окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү менен жумуш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө талдоо жүргүзүүнүн негизинде окуу программаларын жана материалдарды дайыма жаңыртып туруу системасын түзүү.

Улуу педагог В.А. Сухомлинский: «Жакшы сабак мугалимдин чыгармачылыгы, Жакшы мугалим жакшы сабакка бүт өмүр бою даярданат» -деп айткан сөзүнө шыктануу менен билим берүү системаларыбыздын алдына турмуш тарабынан коюлуп жаткан суроолорду чечүүгө жаӊы ыкмалар табылат деп ишенем. Сыймыктуу ишмердигибизди жаӊы чыгармачыл ийгиликтер коштосун.

Колдонулган адабияттар:

  1. 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү консепциясы.

https://monitoring.edu.kg/wp-content/uploads/2012/09/str_ky.pdf

  1. КМШ мамлекеттеринин мугалимдеринин 5-съездиндеги КР президенти Жээнбеков С.Ш. докладынан (интернет булактарынан)

Нуруева Жаӊыл Болотовна

Т.Эрматов атындагы БМПКнын

окуу иштери боюнча

директорунун орун басары

Апрель -2019-жыл. Ош шаары.

5




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!