СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окутуунун жаны технологиялары

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Окутуунун жаны технологиялары»





Заман талабынын билим уясы.





Коомдук саясий ишмер, кыргыз эл баатыры И.Раззаков ысымын алып жүргөн №7 орто мектеби келечекте чыныгы ээлерин даярдоочу билим уясы. Бул билим очогу шаарыбыздагы эң алдыңкы мектептердин катарында болууга аракет жасап жана окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мектеп жамаатында алдыңкы мугалимдер эмгектенет.

Бүгүнкү күндө замандын талабына ылайык улуу муундар келечектеги ээлерине кам көрүп, ошол эмгектин натыйжасында таалим – тарбия берип, ар тараптуу инсандарды даярдоо мектептин алдыга койгон максаттарынын бири болуп келет.

































































Мугалим дайыма жаңыланып туруусу керек.







Мектеп мугалимдердин тажрыйбаларынын, инновациялык ишмердүүлүгүн жетишкендиктери, окутуу – тарбиялоо процессинин жакшыртуу менен, мектеп жаңылантуунун үстүндө инновациялык процесстерди жүргүзүү менен иш алып келүүдө. Бүгүнкү күндө мугалим дайыма жаңылануунун үстүндө иш алып барып туруусу замандын талабы.

мугалим дайыма жаңылануунун үстүндө иш алып барып туруусу замандын талабы. жакшыртуу менен, мектеп жаңылантуунун үстүндө инновациялык процесстерди жүргүзүү менен иш алып келүүдө.Бүгүнкү күндө мугалим дайыма жаңылануунун үстүндө иш алып барып туруусу замандын талабы.

мугалим дайыма жаңылануунун үстүндө иш алып барып туруусу замандын талабы.





Окутуунун интерактивдүү усулдары





Билим берүүдөгү негизги инновация-сабактарда окутуунун интерактивдүү усулдарын колдоно билүү менен байланыштуу.” Интерактив” деген сөз англистердин интракт деген сөзүнөн алынган. Интер- бул өз ара аракеттенишүү түшүнүгүн берет.

Сабактардагы интерактивдүү ишмердүүлүк төмөндөгү беш негизги элементке таянат:

  • өз ара көз карандылыктын аздыгы;

  • жекече жоопкерчилик;

  • өз ара таасир этүүчүлүк;

  • биргелешип иштөө көндүмдөрү;

  • жуптарда иштөө;

Интерактивдүү усулдар менен окутуу жараянында окутууну төмөндөгүдөй жактары боюнча өзгөчөлөп бөлүп көрсөтүүгө болот:

  • Мазмундук жагына (Эмнени окутат?);

  • Жарандык (процессуалдык) жагына (Кантип окутат?);

  • Мотивациялык (иш-аракетке умтулуучулук) жагы (Окуучулардын ишмердүүлүгүн кантип активдештирет?);

  • Уюштуруучулук жагы (Мугалимдердин жана окуучулардын ишмердүүлүктөрүн кантип турукташтырат?);

Салттуу окутууда мугалим сабактагы негизги фигура катары эсептелип, анын баяны, түшүндүрүүсү, айтып берүүсү баш мааниге ээ болсо, интерактивдүү усулдар менен окутууда мугалим көбүрөөк ф а ц л и т а т о р л у к (багытоочу, нускоочу, уюштуруучу, жөндөөчү) милдет аткарат. Интерактивдүү окутууда өзгөчө бири бирин окутууга басым жасалат. Натыйжада:

  • окуучулардын кызматташтыгы артат;

  • бирин бири угуу, сыйлоо сапаттары калыптанат;

  • өзүнө ишеними пайда болот;

  • окуучулардын эркиндиги пайда болот;

  • мадимийлиги (активдүүлүгү) артат;

  • ойлонуу плюрализимине (бир нече вариантта ойлоо) көнүгөт;

  • пассивдүү угуучудан активдүү жаратуучуга айлана башташат;

  • кургак назарияттан (теориядан) иштиктүү амалиятка (практикага) көбүрөөк ык-көндүм алышат, билгендерин жаңы кырдаалга ылайыктап пайдалана билүүгө үйрөнүшөт;

  • тез ойлонууга, чечкиндүүлүккө көнүгүшөт;



  • тапшырмалардагы башка идеяны, таяныч түшүнүктү ажырата билүү, негизгилерин топтоштура алуу, ассоциациялоо көндүмдөрүнө ык алыша башташат;

  • маселени чечүүнүн, аткаруунун кыска, натыйжалуу, таамай, кайтарымдуу жолдорун тандоого машыгышат;

  • окуучулардын инсандык сапаттары артат;

  • балдардын баарлашуу маданияты, интелектууалдык деңгээли жогорулайт;

  • окуучулар кургак билимдердин жыйындысына эмес, белгилүү к о м п е т е н ц и я г а ээ боло башташат;



Интерактивдүү усулдар менен өткөрүлө турган бир сабактын типтүү структурасына токтололу:

1.Сабакка даярдык. Буга теманы аныктоо, класстын деңгээлине жараша түшүндүрүлүүчү ыкмаларды тандоо, жабдылышын камсыздоо, негизги жана кошумча тапшырмаларды даярдоо.

2.Окуучуларды тайпа- топторго, жуптарга бөлүү. Бул тапшырмалардын мүнөзүнө, тандалган усулдардын тибине, окуучулардын табигый тандоолоруна, каалоолоруна жараша мезгилдер, түстөр, кызыктуу оюндар, саноо, буюмдарды тандоо жолдору аркылуу жүргүзүлөт. Зарылдык болсо, ар бир топ ишин жүргүзүү үчүн топ башчыларын тандап алуулары мүмүкүн. Алгач калыптана элек үйрөнчүк мезгилде ушул боюнча түшүнүгү бар мугалимдерден, жогорку класстын алдынкы окуучуларынан ар бир топ менен топ мүчөсү катары кошо иштеше турган ассистенттерди дайындоого болот.

3.Тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү берүү. “Алтын эрежелерди” кабылдоо,тапшырманы берүү, аткаруу жолдорун түшүндүрүү, уюштуруу убакытты белгилөө.

4.Окуучуларды тапшырманын үстүнөн өз алдыларынча иштөөлөрүн көзөмөлдөө. Мында мугалим ар бир топтун ишин көзмөлдөп байкап турат. Бирок эч качан окуучунун укугун, пикирин чектөө, өз оюн таңуулоо багытын тутунууга болбойт. Ката болсо да ар бир окуучунун пикири баалуу деген принципти карманат. Айрым бир топ менен өзү да иштөөсү мүмкүн.

5. Ар бир чакан топто талкууну жүргүзүү. Окуучулардын чакан топто өз алдынча иштөөлөрүнө бөлүнгөн убакыт аяктаган соң, топтук талкууну жүргүзүү сунушталат. Эгерде ,окуучулар кошумча убакыт суранышса, шартка жараша берүүгө болот. Дагы канча убакыт калганын мугалим эскертип турганы жөндүү.

6.Презентация.(жарыялоо,жыйынтыктоо.) Окуучулар берилген тапшырмалардын негизинде өз топторунда жүргүзгөн иштери боюнча маалымдап, пикирлерин, идеяларын коргошот. Мугалим бул жерде алардын ойлорун жактоочу же сындоочу эмес, эмне үчүн ушундай ойлошорун сурап- тактап, кошумча тактоочу суроолор узатып туруучулук милдетти аткарат. Айрым карама каршылыктуу кайчы пикирлерди жалпы класстын талкуусуна коет. Бул маселе боюнча башка топтордун окуучуларынын суроо берүүлөрүнө, толуктоолоруна мүмкүнчүлүк берет. Муну өз турмуштарында кандайча пайдаланууга боло турганын ойлонууларына жагдай түзөт. Турмуштук мисалдарга алып барат. Дегинкисин, мугалим болушунча өзү азыраак сүйлөп, окуучуну ойлонтууга, пикирлетүүгө басым жасашы зарыл. Талаш-тартыштарды ашкере баш аламандыкка айландырып жиберүүгө жол бербеши керек. Эч убакта “Бул туура эмес”, “Кантип ушу жөнөкөй нерсени билбейсиң?”, “Жок,андай болбойт!”дегендей кескин жыйынтык айтууга болбойт. “Кандай дейсиңер,Саматтын пикири менен макулсуңарбы?”, “Сен кызык пикир айтып жатасың, дагы башкачараак жыйынтыктап көрчү?”, “Өтө кызык ой”, “Күтүлбөгөн пикир!”, “Сени түшүнүп жатам, дагы толуктай түшчү?” ж.б. сыяктуу колдоо –суроолор узатып турганы пайдалуу.

Күндөлүк сабатын планын түзүүдө чебер мугалим,адатта, төмөндөгүлөрдү эске алууга тийиш:

  • ушул сабак үчүн берилген көнүгүү - тапшырмалардагы автордук позицияны аңдап туюу жана чечмелей алууну;

  • ошол автордук позицияны аңдоо аркылуу сабактын максатын туура аныктоо менен дидактикалык талаптарды чебер,орундуу пайдалануу;

  • максатты ишке ашырууга жеткиликтүү түрткү берген сабактын тибин тандай билүүнү;

  • бул материалдарды окуучуларга оптималдуу жеткирүүнүн,бышыктоонун жолдорун- окуутуунун ыктуу усулдарын тандай билүүнү;

  • материалдарды ыкчам,эсте каларлык,образдуу,жетик, терең түшүнүүгө түрткүберген көрсөтмөлүүлүктү орундуу пайдаланууну;

  • окутулуп жаткан материалдарды бекемдөө,бышыктоо, толуктоо аркылуу жана да терең өздөштүрүүгө ыңгай жараткан кошумча материалдарды ыктуу тандоо жана пайдалануу чеберчилигин;

  • ар бир тапшырманы окуучунун компетенциясынын калыптанышына өбөлгө жаратуучу жактарын аңдап көрө билүү менен аны жүзөгө ашырууга түрткү берүүнү;





  • окуучулардын чыгармачылыгын өстүрүү жана класста өздөштүргөндөрүн бекемдеп тереңдетүү багытындагы үй тапшырмаларын тандай билүүнү;

  • баланын айрым маалыматтарды өздөштүргөнүнө эмес, өздөштүргөн компетенциясына жараша баалоонун формаларын тандай алуусун.



Окутуунун усулдары эң эле көп. Андыктан мугалим аларды сабактарда стихиялуу, орунсуз пайдалануудан оолак болуусу үчүн класстарга бөлүп алганы оң. Белгилүү дидакт - окумуштуу Ю.К. Бабанский окутуунун усулдарын негизинен үч класска бөлөт:

1 Окуучулардын таанып билүүчүлүк иш- аракеттерин уюштуруучулук усулдары.

2.Окуучулардын таанып-билүү ынтызарлыктарын жаратып,стимулдаштыруу усулдар.

3.Окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүктөрүн көзөмөлдөп, текшерип, анализдеп баалооочу усулдар.



Анда эмесе, н е г и з г и маселеге, окутуунун учурдагы интерактивдүү усулдарына токтололу:

  1. Аналитикалык жалпылоо (АЖ).

Окугандарын бириктирип жалпылоого арналган жазуу ишинин түрү. Окулган тексттин негизинде аны адекваттуу түшүнгөндөрүн бере билүү үчүн жасалат. Докладдар, рефераттар үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу жана иликтөө иштеринде колдонулат.

АЖ төмөндөгүдөй план боюнча жазылат: 1) Автор эмнени далилдеп, бекемдеп жатат? 2) Ал муну кантип тастыктоодо? Ал кандай аргументтерди жана далилдөөлөрдү келтирүүдө? 3) Эмне үчүн ага ушул аргумент айрыкча зарыл? Автор кандай максаттарды көздөөдө? 4) Эмне үчүн биз авторго ишенебиз (ишенбейбиз)?

АЖну баалоонун критерийлери: 1) Автордун текстти башкы идеясына негиз жыйынтыктап тастыктоосу; 2) Автордун аргументтери жалпыланган түрдө таба жана жыйынтыктай билгендиги; 3) Автордун максаты ынанарлык деңгээлде жыйынтыкталгандыгы; 4) Маалымат булактарынын жеткиликтүүлүгүнө жана барктуулугуна так аргументтер менен баа берилгендиги; 5) Жазуу иштеринин жобо-чектери сакталгандыгы.

Кыскача мазмуну: Статьяда же китепте эмне берилген болсо, ошону кыскача жалпылоого жана баалоого багытталган жазуу иши.

  1. Ассоциативдүү жазуу (Эркин жазуу).

Иштелген текстти, талкууну сабактын темасы боюнча эркин, үзгүлтүксүз, токтоосуз жазуу.



Кадамдары: 1) Мугалим тарабынан нуктанын (теманын) тандалуусу; 2) Нуктанын окуучуларга жарыяланышы; 3) Жазуу боюнча көрсөтмө берүү; 4) Убакытты аныктоо (5-7 мүнөт); 5) Жазылганды “жарялоо” (аудиторияда үн чыгара окуу).

АЗ сабакта өздөштүрүлгөндөрдү жалпылоо жана эссе жазууга даярдык болуп калат.

Кыскача мазмуну: Сөздөрдү, фразаларды, өзүнчө сүйлөмдөрдү берилген убакыттын ичинде үзгүлтүксүз жазууга адат алдыруу. Тез, оперативдүү ойлонуу менен токтоосуз жазуу көндүмүнө ээ кылуу.

3.Аргументештирүү.

Көз караштардын жана ишенимдердин башка багытка өзгөрүүсүнө алып келүүчү тастыктоочу маалыматтарды келтирүүнүн иш-жөнү. Ал талкуулоо, ой-пикирди кабыл алуу же четтетүү сыяктуу иш-аракеттерге өзөктөнөт. Кыскача мазмуну: Негизденүү.

4.Соболдоштуруу (суроолоштуруу).

Суроо бере билүү маданиятын үйрөтүүгө байланышкан усулдар. Суроо аркылуу ойлонуу демилгелерин, актуалдуулуктарын ойготуу жолу.

5. Авторго суроолор.

Автор менен диалог же окулган нуктаны ага суроо берүү менен талкуулоо.

Стратегиянын кадамдары: 1) Текстти этаптар боюнча тыным менен окуу; 2) Ар бир окулган бөлүктөн кийин текстке таянуу аркылуу авторго даректелген суроо берүүсү мүмкүн. Мугалимдин аткаруучу милдеттери:а) Окуу үчүн 20-30 минуталык текстти тандоо; б) Тексттеги окуучулар үчүн түшүнүксүз же чала түшүнүк жерлерди аныктоо; в) Текстеги тынымдарды пландаштыруу; г) Эгерде окуучулар суроо берүүдө кыйналган учурлар болуп калса, алар менен аңгемелешүү жүргүзүү үчүн кошумча суроолорду даярдоо.

6. Суроо – көпүрөө.

Башка нуктага же проблемага өтүү үчүн колдонулган суроолор.

Кыскача мазмуну: Байланыш үчүн суроолор.

7. Багытоочу суроолор.

Мугалим тарабынан “Биргелешип издөө” талкуусу үчүн колдонуучу суроолор. Багыттоочу суроолор окуучулардын көңүлүн жеке турмуштук тажрыйбасына эмес, тексттеги суроолорго багыттоого мүмкүндүк ачат.

Кыскача мазмуну: Тексти аңдоо боюнча суроолор.

8. Тактоочу суроолор.

Аңгемелешип жаткан өнөктөштүн оюн же сезимдерин толуктап түшүнүү үчүн берилүүчү суроолор. Анын негизги милдети – айтылганды тактоо жана кайра тастыктоо. “Түшүндүрүңүзчү, демек бул эмне дегендик?...”, “Мисалдар келтире алар белеңиз?” деген суроолор талашып жаткандар канчалык деңгээлде бири бирин түшүнүшкөндөрүн билүүгө көмөк берет. Бул – толук жооп алуунун жолу.



9. Өз ара баалашуу.

Окуучунун ишин классташтарынын баалоосу. Бул окуучуларга мурдатан эскертилген, белгиленген жоболордун жана критерийлердин негизинде жүргүзүлөт. Окуучунун өзүн-өзү баалоосунун, классташтарынын баалоосунун жана мугалимдин баалоосунун кошмо аракеттери колдонулат.

10. Убакыт.

Эмнедир болуп жаткан белгилүү учур. Интерактивдүү усулдарда убакыт эң чоң мааниге ээ. Мугалим окуучулардын ар кандай көнүгүүлөр жана тапшырмалардын үстүндө ой жүргүзүүлөрү, ойлонуулары, берилген суроолорго жоопторду даярдоолору үчүн атайын убакыт ажыратат. Убакытты орундуу урунуу – мугалимдин жана окуучулардын акыл эмгегинин маданиятын айгинелейт.

11. Графикалык уюштургуч каражаттар.

Схемалар, графиктер, таблицалар, чиймелер, логолор, символикалар, төгөрөктөр. Нерсени, көрүнүштү, түшүнүктү туюндуруу каражаты. Маалыматты топтоо, аны узак убакыт эсте сактоо жана көрсөтмөлүү, образдуу элестетүү каражаты. Эске тутуп калууга түрткү берүү үчүн жүргүзүлүүчү графикалык жазуулар.

12. Кичи (чакан) топтор.

Бирдиктүү иш-аракетте, мамиледе кызыкчылыктары жана керектөө зарылчылыктары төп келишкен, белгилүү бир максатты көздөгөн үч-жети адамдан турган чакан топ. Кичи топтордун мүчөлөрү, сөзсүз, бири бири менен тыгыз байланышта болушат. Окутуу учурунда инновациялык технологияларды колдонуу программасында кичи топтордо иштөө – бул окуучулардын билим берүү жараянында атайын уюштурулган ишмердүүлүгү. Кыскача мазмуну: Белгилүү бир ишти аткаруу үчүн бир нече адамды бириктирүү.

13. Кабыл алынган топтук чечимдер.

Өз ара маалыматтар алмашуу аркылуу берилген тапшырманы чечүү үчүн топтун бардык мүчөлөрүнүн бир нече альтернативалык варианттардан топтук тандоо жүргүзүүсү. Кабыл алынган топтук чечимдер жеке пикирлердин суммасынын эле жыйындысы эмес, ал топтук өз ара аракеттердин өзүнчө натыйжасы болуп саналат. Кыскача мазмуну: Бир нече адамдар маалымдашуу аркылуу жалпы бир пикирге келишет.

14. Топтук талкуу усулу.

Топтук тапшырмаларды интенсивдүү жана жемиштүү чечүү максатында өз ара бирдиктүү иш аракеттерди уюштуруу жолу. Талкууга катышкан топ мүчөлөрүнүн позициясына, ой-пикирине, түшүнүктөрүнө таасир этүүчү кырдаалдарды жаратуу усулу. Кыскача мазмуну: Жеке пикир аркылуу жалпыны издөө.



15. Даймонд.

Өздөштүрүлгөн материалдарды резюме тибинде баяндоо усулу. Жалпылоонун чыгармачыл формасы. Синквейн сыяктуу түзүлгөн тексттеги зарыл ойду билдирүү үчүн так сөздөрдү тандоо ишин талап кылат. Тил каражаттарын кылдат тандоого машыктырат. Антонимдерди (карама каршы маанидеги сөздөрдү) колдонууга негизделген. Жети жолоктук (саптык). Даймонд – англис тилинен которгондо “бриллиант” дегенди билдирет. Төмөндөгүдөй курулушта (схемада) болот: -1-жолдо – нукта (тема), бир зат атооч; -2-жолдо – теманы сүрөттө, эки сын атооч; -3-жолдо – ушул зат атоочко тиешелүү үч этиш; -4-жолдо – төрт зат атооч: анын экөө биринчи зат атоочко, экөө акыркы (жетинчи) зат атоочко тиешелүү болот. Мында төрт зат атоочтун ордуна нукта менен белгилүү байланышты аныктаган фраза же сүйлөм болушу мүмкүн; -5-жолго – акыркы (жетинчи) жолго тиешелүү болгон үч этиш; -6-жолго - акыркы (жетинчи) жолго тиешелүү болгон эки сын атооч; -7-жолго – биринчи жолоктогу зат атоочко антоним болгон бир зат атооч.

М:

1. Аял 2. Сулуу, назик 3. Төрөйт, шыпырат, сүйөт 4. Жоолук, сөйкө, калпак, балка (Эшикте эр – үйдө аял). 5. Багат, коргойт, башкарат 6. Күчтүү, чыдамдуу 7. Эркек

Эскертүү: Даймонд 9 сапттык да болуусу мүмкүн. Кыскача мазмуну: Текстти белгиленген эреже боюнча баяндоо.

16. Эки бөлүктүү күндөлүк.

Текст менен иштөөнүн интерактивдүү жолу. Мындай күндөлүктү толтуруу үчүн белгилүү убакыт талап кылынат. Окурмандардын текст боюнча жеке ой жүгүртүүлөрүн, талкуусун, түшүндүрмөлөрүн, баалоосун, жалпылоосун ж. б. байланыштырып жазуу сунушталат.

Окулган текст боюнча окуучулардын алган таасирлерин аныктоо, кийинки талкууларга өзөк түзүү, сөзсүз, белгилүү эрежелер сакталуу менен аудиторияда өткөрүлөт.

Эки бөлүктүү күндөлүктүн болжолдуу түзүмү (схемасы):

К/№

Тексттен үзүндү (цитата)

Коментарийлер, ассоциациялар, ой жүгүртүүлөр, талкуулар, түшүндүрмөлөр

1

Карасам, жолдо сенин машинаңдын изи турат...” (Ч. Айтматов “Делбирим”)

Аселдин сөзү. Ушул сөздөн Иляс Аселдин сүйөрүн, аны көргүсү келип күтүп жүргөнүн түшүнөт. Бул сөз “Сени сүйөм” дегенден да жагымдуу угулат. Ушундан соң Иляс Аселди алып качат. Кыйытылган таамай сөз.

2

Самат качып баратты”... (Ч.Айтматов “Делбирим”)

Иляс Саматты алып качып кетүүгө ниеттенет. Оюнчук машина ала келип, Самат жолдо келаткан Байтемирди көрүп калып “Токто, атама кетем!”,- деп чыр салат. Сооротконуна көнбөй, сүйүктүү оюнчук машинасына да карабай, Самат ыйлап Байтемирди көздөй чуркап баратат. Байтемир ага Илястан албаган аталык мээримди берген. Демек, ал МЭЭРИМГЕ, ЧЫНДЫККА, УЛУУЛУККА карай качып баратат!..



Кыскача мазмуну: Окулган текст жөнүндө окуучулардын алгачкы пикирлерин байкоо.



Үч бөлүктүү күндөлүктүн болжолдуу түзүмү (схемасы):



К/№

Цитаталар

Окуучунун комментарийи, талдоосу, ой жүгүртүүсү, ассоциациялоосу

Мугалимдин комментарийи, ой-жоруусу, сын-пикирлери, сунуштары







Кыскача мазмуну:Мугалим окуучулар менен бирдикте ой жүгүртөт.







17. Дискуссия (талкуу).

Дискуссия – чындыкка жетүүгө багытталган талаш-тартыштар. Бул – катаал формадагы тематикалуу полемика. Дискуссия (латынча - изилдөө, карап чыгуу, талаш) – бул чындыкты ар түрдүү көз караштар, иликтөөлөр, аркылуу аныктоо максатындагы ушундай бир ачык талаштар. Бул – көбүнчө акыр аягында катышуучулар өздөрү ал же бул пикирге келүүлөрүнө түрткү берүүчү ынанымдарды жаратуунун ыңгайлуу жолу.

Кыскача мазмуну: Түрдүү көз караштардан талкуулоо.



18. Түрдүү булактар боюнча доклад (баяндама).

Изилдөө керек болгон ар түрдүү суроолор аркылуу жазуу ишине даярдоонун жана түрдүү булактардан бул суроолорго табылган жоопторду таблицалык негизде иликтөөнүн жолу.



К/№

Түзүлгөн суроолор

Булак №1

Булак №2

Булак №3

Булак №4

Иликтөө


















19. “Өзөк” усулу.

Бул – окуучулардын логикалык ойлоосун өстүрүү, пикирлерин чечмелеп баяндай билүү жана топтоштуруп ассоциациялык алуу көндүмдөрүн калыптандыруу максатын көздөгөн эссе же баян жазууга үйрөтүү усулу. Түшүнүктөрүн системалаштыруу, түпкү таяныч өзөктү кармануу, оюн ыратуу бере билүү жөндөмдөрүн артырууга багытталган. Кадамдары: 1) Окуучуларга тааныш нукта же текст даярдалат. 2)Адегенде, берилген нукта же текст боюнча 20 мүнөттүк эссе же баян жазуу табышталат. 3) Андан кийин, ошол эле нуктаны же тексти 10 мүнөт ичинде жазуу сунушталат. 4) Ушул эле тартипте 5 мүнөттө өзөктөп жазуу тапшырылат. 5) Эми түпкү ойду сактоо менен ошол эле тексти же нуктаны 1 мүнөттүн ичинде , андан кийин 10 секундада жазууга тапшырма берилет. Кыскача мазмуну: Түпкү таяныч өзөктү, негизги ойду кармануу менен баян же эссе жазуу.





20. Инсерт.

Натыйжалуу окуу жана ойлоо үчүн маалыматтар менен иштөөнүн усулу, маркировкалоо (белгилөө, белги коюу) жолу. Текст менен диалог жүргүзүү жана маалыматтарды түшүнүү, көзөмөлдөө каражаты. Стратегиянын кадамдары: 1) Нукта боюнча чакыруу стадиясы – мээ чабуулу. 2) Мазмунду түшүнүү стадиясы – тексти утуру четине белги (маркировка) коюу менен окуу. Төмөндөгүдөй белгилер коюлат: V (чымчыкча) – тааныш маалымат; + (плюс) – жаңы маалымат; - (минус) – буга чейин билгениме каршы келет; ? (суроо белги) – бул түшүнүксүз же бул суроо боюнча кененирээк маалымат алгым келет. 3) Ой жүгүртүү стадиясы – коюлган белгилерге таянуу менен окулган материалды жупта жана топто талкуулоо. 4) Аягында текст боюнча таблица же ар кандай резюме түзүлөт.

“V”- муну билем

“+” – муну жаңы билдим

“ – “ булар билгендериме каршы келет

“?”- муну түшүнгөн жокмун.







21. Ролдук оюн жана имитация (тууроо, окшоштуруу).

Бул ыкмалар көбүнчө өздөштүргөндөрүн бышыктоо, өтүлгөндөрдү кайталоо, жыйынтыктоо максатында ушул маселелердин практикалык жагдайларын тууроо, ролдоштуруп образдуу окшотуп жеткирүү менен окуучулардын активдүүлүгүн, сабактын жандуулугун пайда кылуучу интерактивдүү ыкмалардын бири. Имитация же ролддук оюндар аркылуу сабак өтүү алдын ала тыкан даярдыктарды талап кылат. Мисалы: - Сот процессин тууроо; - Соода-сатыкка байланышкан маселелерди тууроо; - Тергөө иштерин тууроо; - Депутаттардын иш-аракеттерин тууроо; - Оюндарды тууроо ж. б.





22. Троян аты.

Окуучулар парталарды “П” же “О” түрүндө тизишип тегеренип отурушат. Ичине дагы кичи тегерекче жасалып, ал жерге дагы 5-6 окуучу отурат. Булар өз каалоолору же мугалимдин сунушу менен тандалышы мүмкүн. Ички тегеректегилер “Троян аты” деп аталат. Алардын милдети – сырткы тегеректегилердин суроолоруна кыска убакыттын ичинде жооп берүү. Белгиленген убакыттан кийин окуучулар алмашышат. Татаал же өзгөчө кызыктуу, күтүлбөгөн суроолорду жана жоопторду бир окуучу улам флипчартка жазып отурат. Ал суроолор жалпы талкууланат.