СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуу ишмердүүлүгүндө үй тапшырмасынын мааниси жана эффективдүүлүгү

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Азыркы учурда үй тапшырмасын аткаруу, үй тапшырмасын аткарууга үнөмдөлгөн убакыт жана анын көлөмү боюнча жеке эле окуучулар тарабынан нааразычылыктарды туудурбастан, ата-энелер жана жалпы эле коомчулукту ойго салган учуру деп айтсак жаңылышпайбыз

Просмотр содержимого документа
«Окуу ишмердүүлүгүндө үй тапшырмасынын мааниси жана эффективдүүлүгү»

УКГнын УИ боюнча директордун орун басары, информатика мугалими М. Б. Асанова



Окуу ишмердүүлүгүндө үй тапшырмасынын мааниси жана эффективдүүлүгү

Азыркы учурда үй тапшырмасын аткаруу, үй тапшырмасын аткарууга үнөмдөлгөн убакыт жана анын көлөмү боюнча жеке эле окуучулар тарабынан нааразычылыктарды туудурбастан, ата-энелер жана жалпы эле коомчулукту ойго салган учуру деп айтсак жаңылышпайбыз. Окуучуларга үй тапшырмасын көп бергендиктен дайыма бош эмес. Ата-эне, чоң эне, чоң ата, эжеси жана байкеси менен бирдикте аткарган учурда да үй тапшырмасын 100% аткарууга болбой тургандыгын эскертип айтышууда. Бул маселе азыркы окуу китептеринин татаалдыгы менен да түшүндүрүлүп келинүүдө.

Үй тапшырмасы жеке эле окуучу, же ата-энени ойго салбай-бул мугалимди да бир нече түйшөлткөн суроолор менен ойлондуруп келет:

  • Эмне тапшырма берүү керек?

  • Үй тапшырмасын эмне максатта берем? Эмне үчүн бериш керек? Бербей эле койсомчу?

  • Баарына эле бирдей тапшырма берип койсомбу?

  • Үй тапшырмасын текшерүүнүн зарылдыгы барбы, же дайыма текшерүү керекпи?

  • Эгер окуучу үй тапшырмасын аткарбаса, демек «2»? Мунун эффективдүүлүгү эмнени берет?

Жогорудагы ойлордон сырткары, мугалим үй тапшырмасын сабактын кайсы этабында берсем балдарга түшүнүктүү, жеткиликтүү болот ойлойт?

1. Сабактын кайсы этабында(кайсы учурда) үй тапшырмасын берүүгө болот? …

2. Мугалим класска кирип, окуучулар менен саламдашып, бүгүнкү числону жана теманы жазуу менен, үй тапшырмасын дароо берип койду? Бул туурабы? …

3. Мугалим үй тапшырмасын текшерүү менен ошол эле учурда кайра үй тапшырмасын берди?…

4. Жаңы теманы түшүндүрүп, ошол эле учурда үй тапшырмасын берди?…

5. Бышыктоо мезгилинде үй тапшырмасын берүү?…

6. Окуучулардын билимин баалоо менен үй тапшырмасын берүү.(бул учурда ар бир окуучунун баасын айтуу менен жекече тапшырма берүүгө да болобу?)…

Үй тапшырмасын сабактын каалаган учурунда берүүгө болот, бирок тапшырма балага түшүнүктүү, жеткиликтүү, максаттуу болушу керек.

Андан сырткары:

  1. Жаңы материалды өздөштүрүү үчүн берилген тапшырма сабактын аягында берилсе жакшы болот.

  2. Окуучулардын кандайдыр бир жөндөмдүүлүгүн бышыктоо максатында болсо, анда көнүгүүдөн кийин тапшырма берилет.

  3. Үй тапшырма окуучулардын билимин текшерүү максатында болсо, анда сабактын башында берилсе пайдалуу болот.

Үй-бүлөөлүк психолог мындай дейт:-«Көпчүлүк мектептерде окуучулар үй тапшырмасына көмүлүп калган. Мага балдар көп келишет. Башталгыч класстын балдары мектептен келгенден тартып эле үй тапшырмасын аткарууга киришет. Үй тапшырмасын аткарууга кеткен убакыттын көптүгүнөн көп нерсеге дагы жетише албайт. Мына ошонун негизинде жашагысы келбеген балдар да бар. Ал эми өспүрүм курактагы балдар үй тапшырмасын деле аткарышпайт. Мунун жыйынтыгы үй-бүлөдө күндө чырлардын чыгышына алып келет. Үй тапшырмасын окуучу кызыгуу жана чыгармачылык менен аткаруусу керек»

Окуучунун жан дүйнөсүндөгү сөзү:

  • Биздин мектепте үй тапшырмасын аябай көп берет. Айрыкча жогорку класстарга. Мугалим өзүнүн предмети эле бардай, башка кыларга ишибиз жоктой тапшырма бергендей сезилет.

  • үй тапшырмасы «4» жана «5» деген баага татыктуу аткарылса, мугалим бааны дептерге эле коюп коет, качан үй тапшырмасын аткарбай калсаң, «2»-деген бааны дароо журналга коет.

  • ким окугусу келсе, андан ары билимин жогорулатууну кааласа, ал үй тапшырмасы жок деле өз алдынча окуйт, ал эми ким каалабаса же аракет кылбаса-аны үй тапшырмасы сактап кала албайт.«2» деген баа дагы көбөйөт.

Мисалы, 2-класстын окуучусу мектепте 4 саат окуйт. Үй тапшырмасын 1,5 саат аткарат. Мындан сырткары дагы кошумча иштери бар(кружок) 1-1,5 саат. Демек, 2-класстын окуучусунун жумушчу күнү чоң адамдардыкындай эле болуп 7 саатка чейин уланып жатат.

Профсоюз уюмунун бир өкүлү:-«Үй тапшырмасын таптакыр бербей койсо болбойт. Ал ар бир окуучу жеке иштөөгө негизделип берилиши керек»-дейт.

Немис психологу Г. Эббингауз 1885-жылы эксперименттин негизинде адамдын канчалык тез унутаарын изилдеген. Ал сабактан алган маалыматтарды ошол эле күнү кайталап көнүгүүлөрдү иштебесе, кийинки күнү кайрадан эске салууга көп убакыт кетээрин айткан.

Жаңы маалыматтын 10 саат өткөндөн кийин 25% , эки күндөн кийин 65% унутулаары далилденген. Азыркы учурда үй тапшырмасын аткарууга берилген убакыт боюнча жеңилдетилген мөөнөттөр каралган.

1-класска үй тапшырмасы жок

2-3-класстар-1,5 саат

4-5-класстар- 2саат

6-8-класстар-2,5 саат

9-11-класстар-3,5 саатка чейин

Физиология институнун директору:-«Үй тапшырмасын аткаруунун убактысы маселени чечпейт, үй тапшырмасынын көлөмү чечет. Окуучулардын үй тапшырмасын аткарууну өзгөртпөй эле, мектепте окуучуларды окуутуунун усулун өзгөртүү керек»-дейт.

2-4-класстарга үй тапшырмасынын көлөмү боюнча үлгү:

Предметтер

2-класс

3-класс

4-класс

1

Математика

Маселе же 2 мамыча мисал

Маселе же 3 мамыча мисал, бирок 16 дан ашпоосу керек

Маселе жана 2 туюнтма, же 2 маселе же маселе жана 4 мисал

2

Орус тили

15-17 сөздөн турган көнүгүү. Бирден ашпаган грамматикалык тапшырма

25-27 сөздөн турган көнүгүү. Бирден ашпаган грамматикалык тапшырма

35-37 сөздөн турган көнүгүү. Бирден ашпаган грамматикалык тапшырма

3

Адабий окуу

1-1,5 беттен ашпаган

2-2,5 беттен ашпаган

3-3,5 беттен ашпаган

4

Мекен таануу

1-1,5 беттен ашпаган

2-2,5 беттен ашпаган

3-3,5 беттен ашпаган



Сабактардын жүгүртмөсүн түзүүдө да өзгөчө көңүл буруу зарыл. Мугалимдер өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлобой, предметтердин татаал жана жөнөкөйлүүлүгүн эске алуу зарыл.

Үй тапшырмасын аткарууга карата класстар боюнча предметтердин бөлүштүрүлгөн убакыттары:

Предмет

5 класс

6 класс

7 класс

8 класс

9 класс

10 класс

11 класс

Кыргыз(орус) тили

40

40

40

40

40

30

30

Кыргыз(орус) адабияты

20

20

20

30

40

50

50

Математика

40

40

40

40

40

50

50

тарых, жарандык

30

30

30

30

30

40

40

Технология

20

20

20

20

20

40

40

Музыка

20

20

20

20

-

-

-

Англис тили

30

30

30

30

40

40

40

АЖК

15

15

15

15

20

20

20

Дене тарбия

10

15

15

15

15

15

15

сүрөт

15

15

15

15

-

-

-

Биология, география

20

20

25

25

30

40

40

Физика, химия

-

-

40

40

40

50

50

Информатика

20

20

20

20

20

25

25



Үй тапшырмасына берилген ар түрдүү типтеги көнүгүүлөр окуучулардын бардык эске тутуу жөндөмдүүлүгүн өстүрөт.

- көрүү сезимин(көчүрүп жазуу көнүгүүлөрү аркылуу)

- угуу сезимин(оозеки сүйлөп берүүсү аркылуу)

- логикасын(өтүлгөн теманын схемасын түзүү аркылуу)

- образдуулугу жана эмоционалдуулугу(кубулушту, нерсени оозеки баяндап берүүдө)

Мугалим үй тапшырмасынын зарылдыгын негиздеп, анан гана максаттуу бериши керек. Эгер мугалим сабак учурунда материалдын баарын окуучулар толук өздөштүрүүгө багыт алып өтсө, үй тапшырмасын берүүнүн зарылдыгы жок. Бул учурда кошумча тапшырма каалоочу окуучулар үчүн класс учурунда аткарылган тапшырмалардай тапшырма берсе болот.

Үй тапшырмасын аткарууда сөзсүз түрдө негизги гигиеналык талапты аткаруу керек:

  • 2-класстардын 20 мүнөт үй тапшырмасын аткаруусунан кийин сөзсүз түрдө 1-5 мүнөт эс алуусу зарыл. Эс алуу убагында көзгө пайдалуу болгон бир нече гимнастикалык көнүгүүлөрдү аткаруусу керек.

  • 3-класста үй тапшырмасын аткаруу 30-35 мүнөт, 4-класста 40-45 мүнөт болгондуктан, ал аралыкта 2-3 мүнөттүк көнүүгүүлөрдү аткаруусу зарыл. Көп убакыт талап кылган тапшырмаларды аткарууда окуучу бир аз эс алуу менен (гүлгө суу кую, чаңдарды арчуу) үй тапшырмасын аткарууну улантышы керек.

Үй тапшырмасын сабактын кайсыл учурунда жана кантип текшеребиз? . . .

Үй тапшырмасын бергенден кийин аны сөзсүз түрдө текшерүү керек, антпесе өзүнүн маңызын жоготот.

Үй тапшырмасын текшерүү сабактын каалаган учурунда жүргүзүлөт. Эгер бүгүнкү тема өтүлгөн теманын уландысы болсо, анда сабактын башында текшерилет. Сабактын ортосунда, сабактын аягында да текшерүүгө болот.

Үй тапшырмасын текшерүүнүн формалары:

  1. үй тапшырмасын текшерүүнүн фронталдуу формасы

  2. үй тапшырмасын(жазуу иштерин)тандоо жолу менен текшерүү

  3. жазуу иштерин өз ара бири-бирин текшерүү жолу аркылуу

  4. жеке карточкалар аркылуу текшерүү

Жыйынтыгында:

  • Окуучуларга нормадан ашырбай, тажатма кылбай тапшырма берүү менен алардын ден соолугуна да зыян келтирбөө керек.

  • Үй тапшырмасы ар бир окуучуга түшүнүктүү болуш керек, башкача айтканда ар бир окуучу эмне кылуу керектигин жана кандай кылуу керектигин билүүсү зарыл.

  • Эгерде үй тапшырмасы өтө жөнөкөй жана репродуктивдүү болсо, анда тапшырма максатына жетпейт. Үй тапшырмасы окуучунун өз алдынча иштегенге багыт алынуусу керек.

  • Үй тапшырмасы сөзсүз түрдө текшерилүүсү керек. Мугалимдин текшерүүсү менен окуучу аракетчилдикке, тактыкка жана аткаруучулукка тарбияланат.

  • Үй тапшырмасы дифференцирленген, жекече жана фронталдуу болушу мүмкүн.

  • үй тапшырмасы башка предметтерди эске алуу менен(регламентке ылайыкташтырылып) берилет.

  • үй тапшырмасы бир типтүү жана бир образдуу болбошу зарыл.

  • үй тапшырмасында стандартуу эмес суроолор берилиш керек жана байкоо жүргүзүү менен ойлоно турган тапшырмалар кезигүүсү керек.

  • үй тапшырмасы окуучулардын мурда ээ болгон билим билгичтиктерин, өз алданча иштей алуусун эске алуу менен жүргүзүлөт.

  • үй тапшырманын ар бири кандайдыр бир деңгээлде татаал болуусу керек, бирок ошол татаалдыкты окуучу өзүнүн акылы, жөндөмү менен чече алгандай болуш керек.

  • үй тапшырмасы окуучулардан төмөнкүлөрдү талап кылган суроолорду камтуусу керек: салыштырууну, анализдөөнү, классификациялоону, келип чыгуунун себептерин негиздөөнү, жыйынтыкты формулировкалоону, жаңы шартта мурдагы билим билгичтиктерди колдонууну.

  • үй тапшырмасы өтүлгөн теманы кайталоо максатындагы суроолорду камтуусу керек.

Эскертүү: Үй тапшырмасы класста аткарылган иштердин 30% нен ашпоосу керек.

  • Сабакта үй тапшырмасы коңгуроого чейин, түшүндүрмөсү менен окуучуларга түшүнүктүү болгондой берилет.

  • Окуучулар үй тапшырмасын кантип? эмнени? кандай? аткара тургандыгын мугалим билип, өзүнө ишенгендей болуш керек.

Иммануил Кант:-«Мектептеги сабак балага башка бирөөнүн түшүнүгү менен түзүлгөн бардык эрежелерди берсе, аны туура пайдалануу жөндөмү бир гана үйдөн өз алдынча аракеттенүүсүнүн жыйынтыгы болоору шексиз»-деген сөзү менен аяктагым келип турат.