СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуу керемет.Математика 1-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Окуу керемет.Математика 1-класс»

  1. «А» класс

Мугалим: Асакеева Гульзат

Предмет:Математика

Ѳтүлгѳн күнү: 11-март 2021-жыл

Сабактын темасы: 1 ди кошуунун жадыбалы

Сабактын максаты:Билим берүүчүлүк;Окуучуларга 1 ди кошуунун жадыбалын «Балдар үчүн эсеп» адабий китебин жана «сандык катар» стратегиясын колдонуу аркылуу түшүндүрүү.

2. Ѳнүктүрүүчүлүк; Адабий китепти пайдалануу менен математикалык түшүнүктѳр кеӊейет,окуянын ырааттуулугун аныктай алышыт,сандык катар тушунугу калыптанат,окшоштуктар жана айырмачылыктарды классификациялайт.

Тарбия берүүчүлүк: Окуучулардын топто ,жупта иштѳѳ жѳндѳмдѳрү артат.

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби,адабий китеп,карточка,проектор,повер поинт,сүрѳт,баалоочу каражаттар.

Сабактын тиби: Жаӊы билимдерди ѳздѳштүрүү,чыгармачыл.

Сабактын формасы: Топто иштѳѳ,саякат сабак

Сабактын методу: «Сандык катар» стратегиясы

Сабактын

жүрүшү

Убакыт

Мугалимдин

ишмердүүлүгү

Окуучунун

ишмердүүлүгү

Баалоо

Уюштуруу

5 мин

Саламдашуу:

Дайым ачык кабагым,

Дайым даяр сабагым.

Саламатчылык каалаймын,

Саламатсыӊарбы ,балдарым

Топторго бѳлүү:

Окуучуларга карточкаларга жазылган эсептер берилет.





Жагымдуу маанай:

Маанайынар кандай балдар?

Мен силерди кѳргѳнүмѳ кубанычтамын!




Алтын эреже түзүлѳт

1ден 10 го чейинки сан катарлары тизилип калат.

Саламатсызбы.





Топторго бѳлүнүшѳт:

Эсептин жообу 1 болгондор 1-топ.

Эсептин жообу 2 чыкса,2-топ.Эсептин жообу 3 чыкса 3-топ болуп отурушат.

1.Мен жаз келгенине кубанычтамын

2.Мен ачык сабак ѳткѳнүбүзгѳ кубанычтамын.

3.Ата энемдин барына кубанычтамын


Алтын эреже

1.Бири-бирибизди сыйлайбыз.

2.Убакытты туура пайдаланабыз.

3.Кол кѳтѳрүп жооп беребиз.

4.Тазалыкты сактайбыз.

5.Сабакта активдүү болобуз.

6.Кунт коюп угабыз

7.Тапшырманы так аткарабыз.

8.Башкаларга тоскоол болбойбуз.

9.Сабактан кечикпейбиз.

10.Бири-бирибизге жардам беребиз


Шыктандыруу

2 мин

Балдар бүгүн сабакта эмнелерди күтѳсүӊѳр?

1.Мен сабак кызыктуу болот деп күтѳм.

2.Мен математикадан жаны нерселерди үйрѳнѳбүз деп күтѳм.

3.Мен эӊ жакшы бааны күтѳм.

Азаматсыӊар!

Жаӊы тема

10мин

Балдар доскага кѳӊүл бурсаӊар.Сан катарлары пайда болду.Сан катарларын бышыктоо үчүн ,биз бүгүн «Эмнени жүктѳп алсак?» балдар үчүн адабий китебин окуйбуз.

Проектордук доскадан слайд,сүрѳттѳр кѳрсѳтүлүп китепти окуп берем.

Балдар доскага кѳӊүл бурушат.

Китеп менен таанышат.

Кунт коюп угуп, суроолорго жооп беришет.

1ди кошуунун жадыбалын түзүшѳт


Эс алуу минутасы

3 мин

Бир кишидей бололу,

Калем сапты коёлу.

Ордубуздан туралы,

Жайлуу жерге жылалы.

Бир дегенде алдыга,колубузду суналы.

Эки десем кѳтѳрүп,какайып түз туралы.

Үч дегенде кайра эми,колду алдыга сунабыз.

Тѳрттѳ тегиз түшүрүп,эс алалы тыналы.

Дене бойлор түзѳлсүн,колду алдыга суналы.

Машыгышсын манжалар,жумуп кайра ачканга.

1,2,3 кѳнүгүүнү бүтүрдүк,

Колду тѳмѳн түшүрдүк

Окуучулар кыймыл менен кѳнүгүүнү жасашат.


Сабакты бышыктоо

15мин

Топторго тапшырмалар берилет.

1-топ Сан катарлары боюнча ,окуяны ырааттуу тизишет.

2-топ Окшоштуктары жана айырмачылыктары боюнча классификациялайт.

3-топ 1ди кошуунун жадыбалын түзѳт.


1-топ конвертке салынган поровоздорду окуянын ырааттуулугуна карата тизмелеп чыгышат.

2-топ Сүрѳттѳр боюнча окшоштуктарды жана айырмачылыктарды таап ,доскага илишет.

3-топ карточкага жазылган туюнтмаларды ирээттеп, 1ди кошуунун жадыбалын түзүшѳт.

Жалпы классты баалоо

Кайтарым байланыш

5 мин

Доскадагы сан катарлары жана окуянын ырааттуулугу боюнча кайтарым байланыш жүргүзүү.

1.Балдар,окуя кандай башталды эле?

2.Мен азыр кайсы окуяда турам?

3.5-окуяга барыш үчүн эмне кылышым керек?

4.Окуя кандай аяктады?

Суроолорго жооп берүү менен сан катарларын,оӊго,солго ,артка,алдыга түшүнүктѳрүн алышат

Кол белгилери менен баалоо

Сабакты жыйынтыктоо

3мин

Балдар,бүгүн сабакта эмнени билдиӊер?

Сабак силерге жактыбы?

Эми дагы кандай китептерди окугунар келет?

1ди кошуунун жадыбалын.

1.Сан катарларын.

2.Окшоштуктар жана айырмачылыктарды .

3.Китеп бизге абдан жакты.

4.Сабак кызыктуу болду.

5.Дагы ушундай сабактардан кѳп ѳтүп туралычы.

5.Бизге дагы ушундай китептерди окуп берип туруӊузчу?

Шыктандыруучу баалоо

Үйгѳ тапшырма

1мин

1ди кошуунун жадыбалын жаттоо.

Сан катарын камтыган жомок ойлоп келесиӊер.

Эмики сабакта силердин жомокту окуйбуз.

Жазып же эстеп алышат.