1- МОДУЛЬ. БАШТАЛГЫЧ КЛАССТА ДИФФЕРЕНЦИЯЛАНГАН ОКУУТУНУ КОЛДОНУУ
3-СТРАТЕГИЯ. КӨП ДЕӉГЭЭЛДҮҮ ТАПШЫРМАЛАР Стратегияны колдонуунун максаты:
окуучуларга башкы каарманды (чыгарманын/китептин башкы каарманы) сүрөттөө аркылуу, аларга тапшырманын татаал деңгээлин тандоо укугун берүү менен, окуганын түшүнүү көндүмдөрүн колдоно билүүгө окутуу.
Дифференциация: мазмун, процесс, окуу чөйрөсү.
Окутуу үчүн универсалдуу долбоорлоо: окуучуларды окуу процессине тартуунун ар кандай жолдору, үйрөнгөн теманын презентациясынын ар кандай формалары.
Окуучулар:
Чыгарманын башкы каарманын баяндоо боюнча тапшырманын деңгээлдеринин мисалдары:
Тапшырманын биринчи деңгээли:
Чыгарманын/китептин башкы каарманынын баяндоосун берүү, анын ичинде:
чыгарманын башкы каарманынын тышкы мүнөздөмөлөрү (портрети);
каармандын жүрүм-туруму, аракеттери;
каармандын сезимдери, башынан өткөргөн окуялары, ойлору;
кеп - каарман эмнени айтат жана кантип сүйлөйт;
каармандын адамдарга, өз ишине болгон мамилеси, башка каармандар менен болгон өз ара мамилеси.
Тапшырманын экинчи деңгээли:
Башкы каарманды башка каармандар менен же башка автордун адабий каарманы менен салыштыруу:
алардын ортосунда кандай жалпылык бар экендигин аныктоо;
алардын бири-биринен кандайча айырмаланарын аныктоо;
каармандарга болгон автордун мамилесин аныктоо: окшоштуктары жана айырмачылыктары;
эки каармандын образдарын жалпылоо, салыштыруу.
Тапшырманын үчүнчү деңгээли:
Чыгарманын башкы каарманына карата болгон көз-карашты калыптандыруу:
каармандын негизги оюн аныктоо;
каармандын аракеттерине, кылган иштерине баа берүү;
каармандын тажрыйбасы менен окуучунун өз турмуштук тажрыйбасы ортосундагы байланышты (окшоштуктарды/айырмачылыктарды) аныктоо;
чыгарманын башкы каарманы жөнүндө өз оюн айтуу.
Күтүлүүчү натыйжалар:
Окуучулар:
чыгарманын башкы каарманын, анын мүнөздөмөсүн, ойлорун, мотивдерин жана аракеттерин, иштин мүнөзүн, чыгарманын башка каармандары (образдары) менен болгон мамилеси аркылуу баяндоого жана талдоого үйрөнүшөт;
билгендерин көрсөтүү үчүн ылайыктуу форматты тандап алууга үйрөнүшөт.
Окутуу сунушталган класс (тар): 2-4-класстар
Керектүү материалдар: каарманды деталдуу түрдө сүрөттөгөн аңгеме; долбоорлор менен тапшырмалардын тизмеси (тизмеде окуучулардын тандоолору эске алынышы керек); окуучулар аткарган долбоорлорду текшерүү тизмеси (окуучулар долбоорду аткарып жатканда эмнелерди камтышы керектигин жана мугалимдин баалоодо эмнелерди эске ала тургандыгын сүрөттөгөн тизме); сүрөт тартууга керектүү буюмдар; жазуу шаймандары; эгер мүмкүн болсо, компьютер (PowerPointти колдонуу үчүн). Ар бир окуучуга же топко текшерүү баракчасынын бирден нускасын таркатуу максатка ылайыктуу.
Класстагы ишти уюштуруу формасы: окуучулар жекече же топтордо иш алып барышат
Стратегияны колдонуу процедурасынын сүрөттөлүшү:
Стратегияны колдонгонго чейин:
Мугалимге долбоорлордун жана тапшырмалардын тизмеси жазылган (оорчулук деңгээлдерин эске алуу менен түзүлгөн) плакатты окуучуларга көрүнүктүү жерге илип коюу сунушталат. Оорчулук деңгээлдерин эске алуу менен түзүлүп сунушталган долбоорлор жана тапшырмалар өзүнө төмөндөгүлөрдү камтуусу керек: отчет жазуу; ыр чыгаруу; ырдоо үчүн поэтикалык чыгарма жазуу; жөнөкөй сүйлөмдөрдөн турган сүрөттүү китепчелерди жасоо; ролдук оюн аткаруу; плакат жасоо; хронология түзүү; компьютерде презентация жасоо, мисалы: негизги каарманды чагылдырган сүрөттөрдү интернеттен таап, PowerPoint презентациясын даярдоо. Төмөндө долбоорлордун тизмесинин мисалдары келтирилген.
Сиз тандаган каарманыӊыз жөнүндө айтып берүү үчүн, бир долбоорду тандаңыз:
Отчет жазуу.
Ырдоо үчүн поэтикалык чыгарма жазуу.
Постер (плакат)түзүү.
Сүрөттөрү менен китепче түзүү.
Хронология түзүү
Долбоорлордо эмнелер болушу керектигин камтыган тапшырмалардын/долбоорлордун текшерүү баракчасын түзүңүз (тапшырманы аткаруу үчүн көрсөткүчтөр). Мисалы, текшерүү баракчасына – каармандын аты-жөнү, Сиз эмне үчүн бул каарманды тандаганыңыз, каармандын аракеттеринин бири, каармандын ишмердүүлүгүнүн бир түрү жана инсандын бир сапаты, ошондой эле анын инсандык сапат экендигин кантип билгениңиз кирет. Текшерүү баракчасына окуучулар көрсөтүшү керек болгон грамматикалык көндүмдөрдү киргизиӊиз, мисалы, энчилүү аттарда баш тамгалар же кызыктуу сын атоочторду жана тактоочторду пайдалануу. Төмөндө долбоордун текшерүү баракчасынын мисалы келтирилген.
Долбоордун текшерүү баракчасы
Иш аяктагандан кийин тизмедеги ар бир пунктту текшериңиз.
| Каарман | Мен буларды камтыдым | Мен дагы көбүрөөк маалыматты кошумчалашым керек |
| Аты-жөнү | | |
| Эмне үчүн мен бул каарманды тандадым? | | |
| Каармандын бир аракети/ишмердүүлүгү | | |
| Каармандын өзгөчө мүнөзү же бир сапаты жана мен аны кантип билдим? | | |
| Грамматикалык эрежелер сакталган | | |
| Бардык энчилүү аттар баш тамгалар менен жазылган | | |
| Толук бүткөн сүйлөмдөр пайдаланылган | | |
| 3 төн кем эмес сын атооч колдонулган | | |
Тапшырманы аткаруунун иш формасын алдын-ала аныктап алуу маанилүү: жекече же топто иштөө болушу мүмкүн. Топтук иш учурунда бир окуучу каармандын иш-аракеттери тууралуу жоопту даярдаса, ал эми экинчиси жеке сапаттары/мүнөздөмөлөрү үчүн жооп даярдайт, үчүнчүсү - ишмердүүлүгүн сүрөттөйт.
Стратегияны колдонуу учурунда
Жалпы класс:
1-кадам. Окуучулар чыгарманын каармандары жана алардын аракеттери, сөздөрү жана ишмердүүлүгү тууралуу канчалык деңгээлде ачып, айтып бере алгандыгына көңүл буруңуз. Чыгарманы окуп жаткан учурда каармандын инсандык сапаттарын башка каармандардын ал жөнүндө жана анын жасаган иштери тууралуу айткандарынан жыйынтык чыгарып анан аныктаса болорун окуучуларга айтып коюу керек.
2-кадам. Тапшырмалар/долбоорлордун тизмесин, тапшырмалардын татаалдык деӊгээлин жана сунушталган долбоордун текшерүү баракчасын түшүндүрүңүз. Тапшырмалардын/ долбоорлордун тизмеси – бул окуучулар окуп чыккан аӊгеменин каарманы жөнүндө айтып берүү үчүн аткара турган долбоорлордун тизмеси экендигин түшүндүрүңүз. Окуучуларга долбоорлордун тизмесин окуп чыгып, аларга варианттардын бирин тандап аласыңар деп айтыӊыз. Андан кийин, долбоордун текшерүү баракчасы – бул тапшырмада/долбоордо камтылышы керек болгон нерселердин тизмеси экендигин түшүндүрүңүз. Окуучулар тизмеде сунушталган татаал тапшырмалардын деңгээлин тандашат жана аны аткарышат. Окуучулар тапшырманы аткарып бүткөн учурда, аны тизме менен кайрадан карап, текшерип чыгуусун өтүнүӊүз. Эгерде алар жардамга муктаж болуп же дагы кошумча маалымат кошуу керектигин билишсе, анда алар «дагы көбүрөөк маалыматты кошумчалашым керек» деген тилкеге чымчыкча белгисин коё алышат. Окуучулар тапшырманы аткарууда, ушул гана тизме менен чектелбеши керектиги жөнүндө айтыӊыз. Сиз текшерүү баракчасын алардын долбоорлорун баалоодо дагы пайдалансаӊыз болот. Окуучуларга материалдарды алууда, суроолорду берүүдө же жардам алуудагы класстагы бардык жүрүм-турум эрежелери жөнүндө айтыңыз.
3-кадам. Сиздин окуучулар кантип иштей тургандыгы (жекече же топтордо) тууралуу түшүндүрүп бергениңиз маанилүү.
Стратегияны колдонгондон кийин
Үй тапшырмасы: окуучуларга тапшырманы үйдөн аяктоо үчүн убакыт талап кылынышы мүмкүн.
Баалоо: Кагаздардын барактарын бырыштырып, «кар тогологун» жасаӊыз. «Сиздин каарманыӊыздын аты ким?» - деген суроо берип, «кар тогологун» окуучуга ыргытыӊыз. Окуучу жооп берип, башка окуучуга «кар тогологун» ыргытып, суроо берет: «Каармандын бир аракетин айтыңыз». Мындай аракет улам-улам кайталанат. Окуучулар бири-бирине «кар тогологун» ыргытып жатканда, каармандар жөнүндө ылайыктуу суроолорду берүүнү уланта бериңиз. Каармандар жөнүндө суроолорго жооп бере албаган бардык окуучулардын аттарын өзүӊүзгө жазып алыңыз.
Баалоонун варианттары:
Материалды ыңгайлаштыруу керек болгон окуучуларга окуу көндүмдөрүнүн деңгээлинде окуя сунуш кылынат, бул учурда тиешелүү баалоо куралдарын колдонуу маанилүү (ылайыкташтырылган же өзгөртүлгөн).
Тил үйрөнүүдө кыйналган окуучуларга тил талаптары ылайыктуу (адекваттуу) (мисалы, кызыктуу сын атоочторду жана тактоочуларды талап кылуунун ордуна, эки сын атоочту жана бир тактоочту талап кылуу) болушу үчүн долбоордун тизмесин сунуштоо керек.
Класстын деңгээлине ылайык келген көндүмдөрдү көрсөткөн окуучуларга комикстерди, мангаларды (япондордун комикстерин), баш катырмаларды, көбүрөөк өз алдынчалыкты талап кылган чыгармачыл иштин башка түрлөрүн сунуштоо талапка ылайык.
4