БЕКИТЕМ
Өзгөн технология жана билим
берүү коллежинин директору
____________ А.Т.Акматалиев
«_____»_____________20___-ж.
Ош технологиялык университетинин
академик Б.Мурзубраимов атындагы
Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту
ИЧКИ ЭМГЕК ТАРТИБИНИН ЭРЕЖЕЛЕРИ
I. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргызстандын жарандары мамлекет тарабынан белгиленген өлчөмдөгү жана төмөн эмес санына, сапатына дал келген эмгек акысын алууга укуктуу.
Эмгек тартиби – бул ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоо менен бирдикте, ошондой эле өзүнүн жумушуна жана окуусуна аң-сезимдүү, чыгармачылык менен мамиле жасоо, анын жогорку сапаттуулугун, жумуш убактысынын өндүрүмдүүлүгүн камсыздоо.
Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун (кийинкиде кыскача ЭАӨТББИ) директору жана анда эмгектенген адамдардын, ошондой эле анын кесиптик коому жана башка өкүлчүлүк органдарынын ортосундагы эмгектик жана социалдык-экономикалык мамилелер эки тараптуу кабыл алынган жамааттык келишим менен жөнгө салынат.
Кызматкерге ички тартип эрежелеринин карамагына ылайык белгилүү бир кесип (адистик), квалификация же кызмат боюнча жумушту аткаруунун шарты, эмгек акысын төлөө жана эмгек шарттарын камсыздоо ЭАӨТББИнун Уставына жана КР Эмгек кодексине ылайык кабыл алынып, эки тарап тарабынан түзүлгөн эмгек келишими менен жөнгө салынат.
II. Кызматкерлерди кызматка кабыл алуунун жана бошотуунун тартиби
Жумушка кабыл алынууда эмгек китепчесин, паспортун, социалдык коргоо күбөлүгү, аскердик эсепке алынуу боюнча документин (аскерге чакырылуучулар үчүн), дипломун көрсөтүү зарыл, алдын ала медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш.
Жумушка кабыл алуу эмгек келишимин түзүү жана ЭАӨТББИнун директорунун буйругун (буйрук кызматкерге тил кат менен кабарланат) чыгаруу менен таризделет.
Буйрукта штаттык тизимге туура келген кызмат оруну жана эмгек акысын төлөөнүн шарттары көрсөтүлөт.
Администрация жумушка кабыл алынгандарга анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө жана ички эмгек тартибинин эрежелери менен тааныштырууга милдеттүү.
ТК (техникалык коопсуздук) боюнча инженер ТК тууралуу жумушка кабыл алынгандарга инструктаж өткөрүүгө милдеттүү.
Эгерде ушул уюмдагы иш кызматкер үчүн негизги иш болуп саналса иш берүүчү 5 күндөн ашуун убакыт иштеген кызматкерлердин баарына эмгек китепчесин толтурат.
Кызматкерлердин жемиштүү ишмердүүлүгү жана алардын КР Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн институттун администрациясы түзүлгөн эмгек келишимдин же контракттын негизинде зарыл шарттарды жаратат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык талаптарды аткарат.
Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча ошол эле уюмдагы башка туруктуу же убактылуу ишке которуулар башкача айтканда эмгек иш-милдеттерин же эмгек келишиминин колдонуудагы шартын өзгөртүү,ошону менен катар башка уюмдагы туруктуу ишке, болбосо уюм менен кошо башка жерге которууга кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет.
Орун жылыштыруу кызматкердин макулдугусуз жүргүзүлбөйт. Орун жылыштыруу өндүрүштүк, уюштуруу же экономикалык себептер менен негизделиши керек.
Эмгек келишимин токтотуунун негиздери
- тараптардын макулдашуусу (80-статья);
- эмгек келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшү (81-статья);
- кызматкердин демилгеси (82-статья);
- иш берүүчүнүн демилгеси (83-статья)
- кызматкерди анын өтүнүчү же макулдугу боюнча башка иш берүүчүгө ишке которуу же шайлануучу (ишке) кызматка өтүү;
- тараптардын эркинен тышкары жагдайлар (88-статья);
- медициналык корутундуга ылайык ден-соолугунун абалына байланыштуу башка ишке которуудан кызматкердин баш тартышы (75-статья үчүнчү бөлүгү);
- эмгектин олутту шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу кызматкердин ишти улантуудан баш тартышы;
- менчик ээсинин алмашышына,уюмдун таандуулугунун (ведомствого караштуулук) өзгөрүшүнө жана анын өзгөртүп кайра түзүлүшүнө (77-статья) байланыштуу кызматкер ишти улантуудан баш тартышы;
- иш берүүчүнүн башка жерге жылдырышына байланыштуу кызматкердин которуудан баш тартышы (69-статьянын биринчи бөлүгү).
Ш. Кызматкерлердин жана студенттердин негизги милдеттери.
Эмгек тартиби
Институттун бардык кызматкерлеринин милдеттери:
1) ак ниет, адал иштөөгө, эмгек тартибин сактоого, администрациянын буйруктарын так аткарууга, өндүрүмдүү эмгек үчүн бардык жумуш убактысын пайдаланууга жана башка кызматкерлерге алардын эмгек милдеттерин аткарууга тоскоолдук жараткан таасирлерден оолак болуу;
2) белгилүү эрежелер жана нускамаларда каралган эмгекти коргоо, техниканын коопсуздугу, өндүрүштүк санитария, эмгек гигиенасы жана өрткө каршы коргонуу боюнча талаптарды сактоо;
3) нормалдуу ишке тоскоолдук жараткан себептерди жана шарттарды толук түрдө жойгон чараларды кабыл алуу жана болгон окуя тууралуу администрацияга убагында кабарлоо;
4) материалдык баалуулуктарды жана иш кагаздарды сактоонун белгиленген тартибин сактоо;
5) коллеждин менчигин сактоо жана бекемдөө, жабдыктарды эффективдүү пайдалануу, шаймандарга жана өлчөөчү аспаптарга этият мамиле жасоо;
6) өзүн татыктуу алып жүрүү, жана эмгек тартибин сактоо;
7) өзүнүн ишмер (кесипкөй) классификациясын дайыма жогорулатып туруу;
Коллеждин профессордук-окутуучулук жана илимий курамы мындан тышкары буларга дагы милдеттүү:
а) кызматкерлердин өз алдынчалуулугун, демилгесин, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн көтөрүү, аларда жогорку ыймандык ченемдерди адатка айландыруу;
б) окуу, усулдук жана илимий-изилдөө ишинин жогорку эффективдүүлүгүн камсыздоо;
в) студенттерге билим берүү программаларын мамлекеттик стандарттардын деңгээлинде өздөштүрүүсүн камсыздоо;
г) педагогикалык этиканын ченемдерин сактоо;
д) өзүнүн квалификациясын жогорулатуу.
Эмгек тартибин бузгандык, башкача айтканда кызматкерге тапшырган эмгек милдеттери, анын күнөөсү боюнча укукка каршы аткарылган же тийиштүү түрдө аткарылбагандыгы үчүн иш берүүчү төмөндөкүдөй тартиптик жазаларды колдонууга
укуктуу: эскертүү, сөгүш берүү, тийиштүү негиздер боюнча иштен бошотуу. (кесипком менен бирдикте)
Иш берүүчү тиешелүү күнгө кызматкерди иштен четтетүүгө (жумушка киргизбөөгө) төмөнкүдөй учурда милдеттүү:
-мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын талабы боюнча;
-ишке алкоголдук, баңгилик же уулуу заттарга мас болуу абалында келгенде;
-эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелери боюнча экзамен тапшырбаганда;
-иш берүүчү тарабынан берилген талап кылынуучу жекече коргоону каражатын колдонбогондо;
- медициналык текшерүүдөн өтпөгөн, эгерде ал Кодекске жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык милдеттуу болуп саналса;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка учурларда.
Ошондой эле дайыма эмгек милдеттерин бузгандыгы үчүн дисциплинардык жазаларды ж.б. чараларды пайдалануудан кийин бошотууга жол берилет.
Жумуштан бошотуу төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн:
- ишке келбесе (жүйөлүү себептерсиз жумуш күнүнүн аралыгында 3 сааттан ашуун катары менен иште жок болсо );
- ишке алкоголдук, баңги же ууландыруучу уулуу заттарга мас абалында келсе.Мындай абал медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөсү же кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен бирдикте иш берүүчү тарабынан түзүлгөн акты менен тастыкталат;
- эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкерге белгилүү болгон мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен коргоолучу башка сырларды ачыкка чыгарып жиберүүсү, эгерде аны сактоо жөнүндө шарт эмгектик келишимде каралса;
ЭАӨТББИнун студенттери милдеттүү:
1) мамлекеттик стандарттардын талаптарынан төмөн эмес даражада билим берүү программаларын өздөштүрүү, теориялык билимдерди, практикалык машыгууларды жана тандалган адистик боюнча заманбап усулдук изилдөөлөрдү өздөштүрүү, бул үчүн аларга булар зарыл:
а) окуу планында каралган сабактарга такай катышуу;
б) адистерди даярдаган окуу пландарында жана билим берүү программаларында каралган тапшырмалардын бардык түрлөрүн өз мөөнөтүндө аткаруу;
в) коомдук-пайдалуу иш-чараларга катышуу;
г) жигердүү жашоо көз карашын кармануу;
д) ЭАӨТББИнун мүлкүнө зыян келтирсе, КР мыйзамында көрсөтүлгөн тартипте укуктук жоопкерчилик тартуу;
е) окууга болгон акы төлөмүн өз убагында төлөө;
ж) ЭАӨТББИнун ички эмгек тартибинин эрежелерин жана Уставдын негизинде түзүлгөн башка талаптарды аткаруу;
з) сабактарга себептүү келбей калса, бир күндөн кечиктирбей бөлүм башчысына кабарлоо жана сабактарды калтыргандан кийин сабактарга келген биринчи күнү эле тиешелүү маалым каттарды көрсөтүү;
и) институттун жетекчилери, бөлүм башчылары, окутуучулары аудиторияга киришсе, ордунан туруу;
к) администрациянын уруксатысыз коллеждин аудиторияларынан, лабораторияларынан ж.б. жерлеринен предметтерди жана ар кандай шаймандарды чыгарбоо;
л) бардык окуу жана окуу-өндүрүштүк имараттарда тиешелүү тазалыкты жана тартипти сактоо;
Окуу пландарын, институттун Уставында жана ушул ички эмгек тартибинин эрежелеринде каралган ички эмгек тартибинин эрежелерин жана башка милдеттерди аткарбагандыгы үчүн студенттерге дисциплинардык жаза көрүү иретиндеги жана окуудан четтетүүгө чейинки чаралар көрүлөт.
Студент коллежден четтетилиши мүмкүн:
- өзүнүн каалоосу боюнча;
-башка окуу жайга которулгандыгына байланыштуу;
- ВВК маалым катынын негизиндеги ден соолугу боюнча;
- академиялык жетише албагандыгы боюнча (которуу сессиясынын натыйжалары боюнча);
- окуу тартибин жана ички эмгек тартибинин эрежелерин бузгандыгы боюнча;
- каржылык карызы боюнча;
- аттестациянын натыйжалары боюнча.
Ден соолугуна, баланын төрөлүшүнө же аскерге чакырылышына байланыштуу академиялык өргүү берилген студенттер ЭАӨТББИтан четтетилбейт. Академиялык өргүү белгилүү тартипте директордун буйругу менен таризделет. Өргүүдөн кайтып келгенде окуусун улантуусу үчүн директордун буйругу менен анын окуу курсу жана академиялык тайпасы аныкталат.
Студенттин окуудан четтетилишинде ага белгиленген формадагы академиялык маалым кат жана орто билими тууралуу иш кагазынын түп нускасы берилет.
Окуу тартибин жана ички эмгек тартибинин эрежелерин бузгандыгы боюнча студентти окуудан четтетүүгө негиз директордун атына себептери көрсөтүлүп жазылган декандын билдирмеси эсептелет.
ЭАӨТББИнун администрациясынын демилгеси менен студентти окуудан четтетүү студенттик бирликтин пикирин эсепке алуу менен жүргүзүлөт.
IV. Жумуштагы жана окуудагы ийгиликтери үчүн сыйлоо
Эмгек милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы, өндүрүштүк эмгекти жогорулаткандыгы, узак кемчиликсиз иштин болгондугу, эмгектеги жаңычылдыгы жана жумуштагы башка ийгиликтери үчүн окутуучуларга жана башка кызматкерлерге сыйлоо чаралары ишке ашырылат:
- алкыш жарыялоо;
- сыйлык берүү;
- баалуу белек менен сыйлоо;
- ардак грамота менен сыйлоо;
- ЭАӨТББИнун ардак китебине жана ардак тактасына киргизүү;
- ардактуу наамдарды жана мамлекеттик сыйлыктарды берүүгө сунуштарды көрсөтүү.
Жакшы жетишүүсү, институттун илимий-изилдөө ишине жана коомдук жашоосуна жигердүү катышкандыгы үчүн студенттер сыйланат:
- алкыш жарыялоо;
- грамоталар менен сыйлоо;
- баалуу белек менен сыйлоо;
- мамлекеттик жана башка стипендияга көрсөтүү.
V. Жумуш убактысы жана аны пайдалануу
Кызматкер ички эмгек тартибинин эрежесине же иш графигине, болбосо эмгек келишиминин шарттарына ылайык өз эмгек милдеттерин аткарууга тийиш болгон мезгил жумуш убактысы деп эсептелет. Институттун жумуш убактысы апта үчүн иштин узактыгы белгиленгендигин эсепке алуу менен иштин башталышын, тыныгууну жана аякташын жөнгө салат.
Жумуш убактысынын ченемдүү узактыгы Кодексте каралган учурларды кошпогондо жумасына 40 сааттан ашпоого тийиш.
Профессордук-окутуучулук курам үчүн 6 сааттык жумуш күнү белгиленген, анын чегинде окутуучулар окуу планынан жана илимий-изилдөө иштеринин планынан чыккан окуу-усулдук, илимий-изилдөө, тарбия ж.б. иштердин бардык түрлөрүн жүргүзүүгө тийиш.
Окуу сабактарынын жадыбалын сактоону жана окуу-усулдук жана илимий-изилдөө ишинин жеке пландарын аткарууну көзөмөлдөө кафедра башчылары жана бөлүм башчылары тарабынан жүргүзүлөт.
Институтта жана анын бөлүмдөрүндө аптасына алты күндүк жумуш күнү жана бир күндүк дем алуу күнү белгиленген. Күнүмдүк жумуштун узактыгы 7 саатты, ишембиде – 5 саатты (аптасына 40 саат болгондо) . Майрамдык күндөн(жумуш эмес) мурун келген жумуш күнүнүн узактыгы 1 саатка кыскарат. Жумушка келүүнү жана кетүүнү эсепке алуу белгиленген формадагы жумушчу убактысын пайдалануунун табелинде жүргүзүлөт. Чыныгы убакыт ички тартипке ылайык кызматкердин жумуш ордуна келген учурунан жана бул күнү жумушунан бошогон мезгилинде эсепке алынат.
Окутуучулар жана башка кызматкерлерге жетекчиликтин уруксатысыз жумуш убагында жумуш ордунан кетүүгө тыюу салынат.
Бардык кызматкерлер үчүн иш убактысы 8-30 башталып, 16-30 аяктайт. Түшкү тамактануу үчүн тыныгуу убактысы 12-00 -13-00. Педагогикалык кызматкерлер үчүн иш убактысы жумуштун жеке планына жана сабактардын жадыбалына ылайык, ал эми сакчы жана нөөмөт менен иштеген кызматкерлер үчүн графикке ылайык жүргүзүлөт.
Бир убакыттын ичинде башка мекемеде иштөө негизги жумуш убактысынан бош убакытта аткарылат.
Директор жана башка жетекчи кызматкерлер тарабынан башка жарандарды, ошондой эле кызматкерлерди – кызматтык жана жеке маселелер боюнча кабыл алуу так график боюнча жүзөгө ашырылат.
Окуу сабактары белгиленген тартипте бекитилген окуу пландарына жана программаларына ылайык өткөрүлөт.
VI. Дем алуу убактысы
Дем алуунун түрлөрүнө булар кирет:
- жумуш күнү убагындагы тыныгуу – 1 саат: 12-00дон 13-00го чеийн;
- дем алыш күндөрү – жекшемби (жума сайын үзгүлтүксүз эс алуу);
- жумуш эмес майрам күндөрү (1-январь – Жаңы жыл, 23-февраль – Ата-Журттуу коргоонун күнү, 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү, 21-март – Элдик Нооруз майрамы, 1-май – Эмгек майрамы, 5–май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү, 9-Май –Жеңиш күнү, 31-август – Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү, 7–ноябрь – Улуу Октябрь Социалисттикр революциясынын күнү. Ай календары боюнча аныкталуучу «Орозо айт», «Курман Айт» мусулман майрамдары, жана 7-январь – Ыйса Пайгамбардын туулган күнү (православия рождествосу) жумуш күндөрү деп саналбайт.
- өргүү (графикке же арыздарга ылайык).
Жалпы дем алыш күнүнө жана жумуш эмес майрам күнүнө туш келим калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.
VII. Окуу ички тартиби жана имараттагы ички тартип
Институтта сабактар белгилүү тартипте бекитилген окуу пландарына жана программаларына ылайык окуу жадыбалы боюнча өткөрүлөт. Каникулдун созулгандыгынын кыскаруусуна жол берилбейт. Окуу жадыбалы семестрге түзүлөт жана ар бир семестрдин башталышына чейин 10 күн мурун илинет. Факультативдик сабактарды өткөрүү үчүн бөлөк окуу жадыбалы түзүлөт.
Окуу сабагынын узактыгы 80 мүнөт. Окуу сабагынын башталышы окутуучуларга жана студенттерге 2 коңгуроо менен кабарланат: биринчиси сабактын башталышына чейин 2 мүнөт калганда, экинчиси сабактын башталышын билдирип берилет. Сабактардын аралыгындагы тыныгуу 10 мүнөттү түзөт.
Экинчи коңгуроодон кийин студенттерге аудиторияга тыныгууга чейин кирүүгө, ошондой эле сабак убагында сырткы чыгууга тыюу салынат.
Сабак убагында бардык окуу жана аларга чектеш болгон имараттарында тынчтык жана тартип сакталууга тийиш.
Ар бир окуу тайпасынын башчысы бөлүм башчысы тарабынан жакшы окуган жана тартиптүү студенттердин арасынан дайындалат. Ал окуу тайпанын кесиптик уюму менен тыгыз байланышта иштеп, белгиленген тартипте өзүнүн милдеттерин аткарат.
Башчынын өзүнүн милдеттеринин алкагында чыккан тескемелери окуу тайпанын бардык студенттери тарабынан аткарылууга тийиш.
Ар бир окуу тайпада белгиленген формадагы журнал жүргүзүлөт. Ал бөлүмдө сакталат жана сабактын башталаар алдында окуу тайпанын башчысына берилет. Ал сабактарга катышкан жана катышпаган студенттерди белгилейт жана журналдын туура эмес толтурулушуна жеке жоопкерчиликти тартат.
Окуу имараттарынын абаттуулугуна (бузугу жок эмеректердин, окуу шаймандарынын болуусун, нормалдуу температураны камсыздоо, жарык кылуу ж.б.) институттун каржы-чарба бөлүгү боюнча директордун орун басары жооп берет.
Лабораториялардагы жана кабинеттердеги шаймандардын бузугу жоктугуна жана окуу куралдарынын сабактарга даяр болушуна лаборатория жана кабинет башчылары жооп беришет.
Институттун имараттарында төмөндөгүдөй тыюу салынат:
- баш кийимди чечпей басууга;
- катуу сүйлөөгө, чуу кылууга, сабак учурларында коридорлордо жүрүүгө;
- тамеки тартууга;
- спирттик ичимдиктерди ичүүгө.
Окуу жайынын корголушун, шаймандардын, инвентарлардын жана башка мүлктүн сакталышын камсыздоо, ошондой эле окуу жана турмуш-тиричилик имараттарын зарыл тартипте сактоо ӨТББИ администрациясынын милдети.
Имаратты коргоо, мүлктүн жана алардын өрткө каршы жана санитардык абалына жоопкерчилик административдик-чарбалык кызматчылардын белгилүү жактарына жүктөлөт.
Института директор жана директордун орун басарлары жарандарды жеке маселелери боюнча графиктин негизинде кабыл алышат, график эшиктерине илинет. Бөлүм башчылары иш убактысына жараша кабыл алышат.
Окуу имаратынын, аудиториялардын, лабораториялардын жана кабинеттердин ачкычтары коллеждин сакчысынын кезметчи кызматкеринде болууга жана катталган журнал боюнча берилүүгө тийиш.
Институттан администрациясы менен кызматкерлеринин ортосунда келип чыккан эмгек талаштарын КР Эмгек кодексинин 72-85-беренелеринде каралган тартипте чечүүгө уруксат берилет.
Просмотр содержимого документа
«Окуу жайдын ички иштөө тартиби»
БЕКИТЕМ
Өзгөн технология жана билим
берүү коллежинин директору
____________ А.Т.Акматалиев
«_____»_____________20___-ж.
Ош технологиялык университетинин
академик Б.Мурзубраимов атындагы
Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту
ИЧКИ ЭМГЕК ТАРТИБИНИН ЭРЕЖЕЛЕРИ
I. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргызстандын жарандары мамлекет тарабынан белгиленген өлчөмдөгү жана төмөн эмес санына, сапатына дал келген эмгек акысын алууга укуктуу.
Эмгек тартиби – бул ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоо менен бирдикте, ошондой эле өзүнүн жумушуна жана окуусуна аң-сезимдүү, чыгармачылык менен мамиле жасоо, анын жогорку сапаттуулугун, жумуш убактысынын өндүрүмдүүлүгүн камсыздоо.
Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун (кийинкиде кыскача ЭАӨТББИ) директору жана анда эмгектенген адамдардын, ошондой эле анын кесиптик коому жана башка өкүлчүлүк органдарынын ортосундагы эмгектик жана социалдык-экономикалык мамилелер эки тараптуу кабыл алынган жамааттык келишим менен жөнгө салынат.
Кызматкерге ички тартип эрежелеринин карамагына ылайык белгилүү бир кесип (адистик), квалификация же кызмат боюнча жумушту аткаруунун шарты, эмгек акысын төлөө жана эмгек шарттарын камсыздоо ЭАӨТББИнун Уставына жана КР Эмгек кодексине ылайык кабыл алынып, эки тарап тарабынан түзүлгөн эмгек келишими менен жөнгө салынат.
II. Кызматкерлерди кызматка кабыл алуунун жана бошотуунун тартиби
Жумушка кабыл алынууда эмгек китепчесин, паспортун, социалдык коргоо күбөлүгү, аскердик эсепке алынуу боюнча документин (аскерге чакырылуучулар үчүн), дипломун көрсөтүү зарыл, алдын ала медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш.
Жумушка кабыл алуу эмгек келишимин түзүү жана ЭАӨТББИнун директорунун буйругун (буйрук кызматкерге тил кат менен кабарланат) чыгаруу менен таризделет.
Буйрукта штаттык тизимге туура келген кызмат оруну жана эмгек акысын төлөөнүн шарттары көрсөтүлөт.
Администрация жумушка кабыл алынгандарга анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө жана ички эмгек тартибинин эрежелери менен тааныштырууга милдеттүү.
ТК (техникалык коопсуздук) боюнча инженер ТК тууралуу жумушка кабыл алынгандарга инструктаж өткөрүүгө милдеттүү.
Эгерде ушул уюмдагы иш кызматкер үчүн негизги иш болуп саналса иш берүүчү 5 күндөн ашуун убакыт иштеген кызматкерлердин баарына эмгек китепчесин толтурат.
Кызматкерлердин жемиштүү ишмердүүлүгү жана алардын КР Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн институттун администрациясы түзүлгөн эмгек келишимдин же контракттын негизинде зарыл шарттарды жаратат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык талаптарды аткарат.
Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча ошол эле уюмдагы башка туруктуу же убактылуу ишке которуулар башкача айтканда эмгек иш-милдеттерин же эмгек келишиминин колдонуудагы шартын өзгөртүү,ошону менен катар башка уюмдагы туруктуу ишке, болбосо уюм менен кошо башка жерге которууга кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет.
Орун жылыштыруу кызматкердин макулдугусуз жүргүзүлбөйт. Орун жылыштыруу өндүрүштүк, уюштуруу же экономикалык себептер менен негизделиши керек.
Эмгек келишимин токтотуунун негиздери
тараптардын макулдашуусу (80-статья);
эмгек келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшү (81-статья);
кызматкердин демилгеси (82-статья);
иш берүүчүнүн демилгеси (83-статья)
кызматкерди анын өтүнүчү же макулдугу боюнча башка иш берүүчүгө ишке которуу же шайлануучу (ишке) кызматка өтүү;
тараптардын эркинен тышкары жагдайлар (88-статья);
медициналык корутундуга ылайык ден-соолугунун абалына байланыштуу башка ишке которуудан кызматкердин баш тартышы (75-статья үчүнчү бөлүгү);
эмгектин олутту шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу кызматкердин ишти улантуудан баш тартышы;
менчик ээсинин алмашышына,уюмдун таандуулугунун (ведомствого караштуулук) өзгөрүшүнө жана анын өзгөртүп кайра түзүлүшүнө (77-статья) байланыштуу кызматкер ишти улантуудан баш тартышы;
иш берүүчүнүн башка жерге жылдырышына байланыштуу кызматкердин которуудан баш тартышы (69-статьянын биринчи бөлүгү).