СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуу жүктөмдөрүн эсептөө нормалары. Бюллетень 1, 2025

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

ОшТУнун эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун №1 бюллетени. Окуу жүктөмдөрү жана аларды пландоо нормалары жөнүндө жобо. – Өзгөн: МУИТО, 2025. – 8 б.

Түзүүчүлөр:   Муратбаева Г.Н., Тынай уулу Б., Абдуллаева Р.А., Касымбеков А.А., Мамытова Р.Н.

Бюллетенде окуу жүктөмдөрү жана аларды пландоо нормалары жөнүндө жобо келтирилген. Жобо профессордук-окутуучулар курамы, ПЦБнын башчылары, бөлүм башчылары жана структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери үчүн окуу жүктөмдөрдү пландоодо колдонууга сунушталат.

Просмотр содержимого документа
«Окуу жүктөмдөрүн эсептөө нормалары. Бюллетень 1, 2025»


























Кыргыз республикасынын илим, ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ жана иННОВАЦИЯЛАР министрлиги






1

бюллетень



Эл аралык өзгөн технология жана билим берүү институту



окуу жүктөмдөрҮ

жана аларды пландоо нормалары жөнүндө жобо







Өзгөн – 2025

Кызматтык колдонуу үчүн

ОшТУнун эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун №1 бюллетени. Окуу жүктөмдөрү жана аларды пландоо нормалары жөнүндө жобо. – Өзгөн: МУИТО, 2025. – 7 б.

Түзүүчүлөр: Муратбаева Г.Н., Тынай уулу Б., Абдуллаева Р.А., Касымбеков А.А., Мамытова Р.Н.

Бюллетенде окуу жүктөмдөрү жана аларды пландоо нормалары жөнүндө жобо келтирилген. Жобо профессордук-окутуучулар курамы, ПЦБнын башчылары, бөлүм башчылары жана структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери үчүн окуу жүктөмдөрдү пландоодо колдонууга сунушталат.

ОшТУнун эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун Окумуштуу Кеңешинин №1 жыйынында кабыл алынган.

Директордун милдетин аткаруучу, юридика и.к., доцент Муратбаева Г.Н.


© ОшТУнун эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту, 2025

Окуу жүктөмдөрү жана аларды пландоо нормалары жөнүндө жобо

1. Жалпы жоболор

Окуу жүктөмдөрү жана аларды пландоо нормалары эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунда окуу процессин уюштуруунун, профессордук-окутуучулук курамдын штаттык жадыбалын, окутуучулардын окуу жүктөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоонун негизин түзөт.

Окутуучунун бир күндүк иш күнү 6 саатка, ал эми бир аптадагы иш күнү 36 саатка барабар. Профессордук-окутуучулук курамдын окуу ишинин жылдык жекече көлөмү төмөнкү чектерде аныкталат:

Окутуучулук курамдын категориясы

Академиялык саат (40 мин.)

Структурасы, % терде

Жалпы жүктөм

Окуу иши

Окуу иши

Иштин башка түрлөрү (усулдук иштер)

Профессордук-окутуучулук курам

1260

720

65

35

Окуу жүктөмдөр жана аларды пландоо нормалары адистиктер боюнча окутуу процессин уюштуруу үчүн колдонулат.

Жобо КРнын 2023-жылдын 11 августундагы №179 «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын, КРнын орто кесиптик билим берүү уюму жөнүндөгү Жобосунун (КР Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы №312 токтому менен бекитилген), КРнын Эмгек кодексинин, КРнын БИМинин “Окутуучулук-профессордук курамдын окуу иштеринин көлөмүн эсептеп чыгаруунун болжолдуу нормаларын бекитүү жөнүндө” 2013-жылдын 30-майындагы №307/1 буйругунун, ОшТУнун эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун уставынын жана башка орто кесиптик билим берүү уюмдарындагы билим берүү ишмердигине тиешелүү нормативдик жана укуктук документтердин негизинде иштелип чыкты.

Бул Жобонун негизги бөлүмдөрү инститттун бардык түзүмдүк бөлүмдөрү үчүн милдеттүү болуп саналат.

Иштеп жаткан кызматына жараша профессордук-окутуучулук курамдын иш убактысына окутуу, усулдук жана тарбиялык иштер, студенттер менен жекече иштөө, илим-изилдөө иштери, ошондой эле циклдик комиссиянын жыйналышында бекитилген кызматтык милдеттеринде жана жеке планында каралган башка педагогикалык иштер кирет. Окутуучулардын жеке пландарын бекитүүчү циклдик комиссиянын төрагасы жеке пландын аткарылышы үчүн аткаруучу менен бирге жоопкерчилик тартат. Циклдик комиссиялардын төрагаларынын жеке планы директордун окуу иштери боюнча орун басары тарабынан бекитилет. Педагогикалык персоналдын конкреттүү эмгек (кызматтык) милдеттери эмгек келишимдери (кызматтык контракт) жана кызматтык нускамалар менен аныкталат. Иш жумасынын же окуу жылынын ичиндеги окуу (окутуучу) жана башка педагогикалык иштердин катышы окуу планына, адистигине жана кызматкердин квалификациясына ылайык сааттардын санын эске алуу менен аныкталат.

2. Окуу процессин уюштуруудагы негизги бирдиктер

2.1. 1 академиялык саат 40 минутага барабар. Бириктирилгенде 1 жуп сабак – 80 минутага барабар. 80 минута 2 академиялык саатка барабар. 1 жуп сабактан кийин 10 минуталык танапис болот. 4 академиялык (2 жуп сабактан) сааттан кийин 30 минуталык түшкү тамактануу үчүн танапис болот.

2.2. 1 тайпада кеминде 25 студент болот. Практикалык жана семинардык сабактар 1 тайпага пландалат.

3. Окутуучунун окуу жүгүн пландоо нормалары

Жумуштун түрү

Убакыт өлчөмү

Эскертүү

1

Лекцияларды окуу

1 тайпага же 1 агымга

1 жуп сабакка пландалат.

1 жуп сабак 80 минута.

80 минута 2 академиялык саатка барабарланат.

2

Практика жана семинар сабактары

1 тайпага 1 жуп сабакка пландалат.

1 жуп сабак 80 минута.

80 минута 2 академиялык саатка барабарланат.

3

Лабораториялык сабактар

1 тайпачага (подгруппага) 1 жуп сабакка пландалат.

1 жуп сабак 80 минута.

80 минута 2 академиялык саатка барабарланат.

4

Сынактарды кабыл алуу

1 тайпа үчүн: лекторго – 9 саат (72%)

практикалык сабакты окутуучуга – 3,5 саат (28%)

1 студент үчүн 0,5 саат,

1 тайпа үчүн 12,5 саат

1 тайпача үчүн: лекторго – 4,5 саат (36%), практикалык сабакты окутуучуга – 1,5 саат (12%)

1 студент үчүн 0,5 саат,

1 тайпача үчүн 6,25 саат


5

Оозеки же жазма сынактарды кабыл алуу

(жүктөм)= студ.саны × 0,33 саат (20 мин.)

Сынакты кайра тапшырууну эске алуу менен, бирок, бир күндө 9 сааттан ашык эмес.

6.

Сынактарды компьютердин жардамында кабыл алуу

Группага 2 саат

Компьютердик тестирлөө өткөрүүдө

7

Электрондук окутууну жана дистанттык билим берүү технологияларын пайдаланган учурдагы сынакты кабыл алуу

(жүктөм) = 1 саат/тайпа + студ.саны × 0,13 саат (8 мин.)

Экзаменди кабыл алуу электрондук чөйрөдө студенттин тапшырмаларды аткаруусу жана аларды атоматтык түрдө текшерүү жана студент менен ооз эки баарлашуу аркылуу ишке ашырылат. Экзамен студентти аныктоо жана экзамендин шарттарын көзөмөлдөө максатында окутуучу же башка кызматкердин коштоосунда жүргүзүлөт.

8

Курстук иштер

1 курстук ишке жетекчиликке - 2 саат


9

Обзордук лекциялар (МА)

1 мамлекеттик экзаменге 20 сааттан көп эмес


10

Кафедраны жетектөө жана сабактарга катышуу

Штаттык башчыга жылына 30 сааттан ашык эмес.


11

Бүтүрүү квалификациялык иштерге (дипломдук иштерге жана долбоорлорго) жетекчилик жана сын пикир жазуу үчүн

Ар бир бүтүрүү квалификациялык ишке - 18 саат

Жетекчиге - 16 саат,

рецензентке – 2 саат.

Бүтүрүү квалификациялык иштерге жетекчиликке чектөөлөр

Профессорлорго, илимдин докторлоруна

5 студентке чейин

Доценттерге, илимдин кандидаттарына

4 студентке чейин

Улук окутуучуларга

3 студентке чейин

Окутуучуларга

2 студентке чейин

Өндүрүштө иштеген жогорку билими бар квалификациялуу адистерге

12

Бүтүрүү курстарындагы мамлекеттик сынактар

Билеттик системада: МАКтын төрагасына, мүчөлөрүнө жана экспертке ар бир студент үчүн 0,5 сааттан;

Компьютердик тестирлөөдө: группага 2 саат

МАКтын төрагасына, мүчөлөрүнө жана экспертке күнүнө 6 сааттан ашык эмес.

МАКтын катчысына экзамен өткөрүлгөн ар бир күнгө 6 сааттан


13.

Жумуш ордунда окутуу


Студенттердин практикаларына жетекчилик:


Институттун администрациясынын чечими боюнча окуу группалары алыскы базаларда практикадан өтүүдө же коопсуздук чараларын эске алуу менен подгруппаларга бөлүнүшү мүмкүн.


- окуу

60 саат


- өндүрүштүк

60 саат


- диплом алдындагы

60 саат

14

- сырттан окуган студенттерге

60 саат

Сынактарды кабыл алуу лекторго пландаштырылат. Лектор модулдук-рейтингдик жобонун негизинде студенттен теориялык, практикалык материалдарды өздөштүргөндүгүн жана өз алдынча иштерди аткаргандыгын модулдар боюнча текшерет.

Эскертүү. Эгерде сырттан окуган студенттер адистиги боюнча иштесе, анда алар практика боюнча отчетторун жана тиешелүү документтерин практиканы жетектеген окутуучуга тапшырат. Бул учурда жетекчиге 1 студент үчүн 1 саат окуу жүктөмү жазылат. Эгерде сырттан окуган студенттер адистиги боюнча иштебесе, анда окуу жүктөмдөрү күндүзгү бөлүмдөгүдөй бөлүнөт.

4. Усулдук иштерди пландоонун жана эсепке алуунун нормалары

Иштин түрлөрү

Убакыт нормалары

Эскертүү

4.1

Лекцияга даярдануу (алгачкы жолу окулган учурда)

Окуу планы боюнча 1 саат лекцияга – 2 саат

Сабактар башка группаларда кайталанганда бул сааттар эсептелбейт

4.2

Лекцияга даярдануу (кайталанып окулган учурда)

Окуу планы боюнча 1 саат лекцияга – 1 саат

Сабактар башка группаларда кайталанганда бул сааттар эсептелбейт

4.3

Лабораториялык-практикалык жана семинардык сабактарга даярдануу (алгачкы жолу өткөрүлгөндө)

Окуу планы боюнча 1 саат сабакка – 1 саат

Сабактар башка группаларда кайталанганда бул сааттар эсептелбейт

4.4

Лабораториялык-практикалык жана семинардык сабактарга даярдануу (кайталанып өткөрүлгөндө)

Окуу планы боюнча 1 саат сабакка – 0,5 саат

Сабактар башка группаларда кайталанганда бул сааттар эсептелбейт

4.5

Кафедрада мурда окулбаган, жаңыдан кийирилген курс боюнча лекцияларды иштеп чыгуу (лекциялардын толук конспектиси көрсөтүлөт)

Окуу планы боюнча 1 саат лекцияга 3 саат жумуш убактысы каралат

Бул курсту башка потокторго кайталап окуган учурда бул сааттар эске алынбайт

4.6

Билимдерди текшерүүчү суроолорду, тапшырмаларды, тесттерди иштеп чыгуу

50 саатка чейин

1 дисциплина боюнча

4.7

Басып чыгаруу планында каралган окуу китебин иштеп чыгуу жана басмага даярдоо

100 саатка чейин (алгачкы жолу басып чыгарылуучу окуу китеби үчүн); 50 саатка чейин (кайталанып басып чыгарылганда)

1 автор үчүн 1 басма табак (16 бет), 2 автор үчүн 2 басма табактан кем эмес

4.8

Электрондук окуу китептерин, окуу колдонмолорун иштеп чыгуу жана даярдоо

Бир окуу жылына 100 саатка чейин

Окуу-усулдук кеңештин чечими менен берилген актыга ылайык басманын 1 басма табагына

4.9

Жаңы усулдук көрсөтмөлөрдү түзүү:

- лабораториялык иштер боюнча

- дисциплинанын Окуу-усулдук комплекси боюнча

- курстук иш боюнча

- дипломдук иш боюнча

- сырттан окугандардын билимдерин текшерүү боюнча тапшырмалар боюнча

- практикадан өтүү боюнча



20 саатка чейин


50 саат


30 саат

40 саат

80 саатка чейин


50 саатка чейин

Бардыгы 1 окуу жылына


1 дисциплина боюнча 1 ишке

1 усулдук көрсөтмө


1 усулдук көрсөтмө

1 усулд. көрсөтмө 1 дисц.б-ча

Бир түр боюнча 1 басма табакка 2ден көп эмес автор

4.10

Кредиттик технология боюнча студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу

Даярдоо:

- таркатылуучу материалдар;

- тапшырмалардын жеке варианттары;

- электрондук окуу материалдары ж.б.




Окуу жылына:

20 с. чейин 1 компл-ке 30 с. чейин 1 дисц-га

40 с.чейин 1 дисц-га аткарылган фактысы боюнча




Жаңылоо (окуу жылына):

10 саатка чейин

15 саатка чейин

Аткарылган фактысы боюнча 20 саатка чейин

4.11

Усулдук семинарларды, ачык сабактарды даярдоо жана өткөрүү

10 саат

1 аткаруучуга 1 иш-чара үчүн

4.12

Дисциплинанын жумушчу программаларын иштеп чыгуу

Окуу жылына 30 саатка чейин


4.13

Дисциплинанын жумушчу программаларын кайрадан иштеп чыгуу

Окуу жылына 10 саатка чейин

1 окуу дисциплинасына

4.14

Кредиттик технология боюнча дисциплинанын жумушчу программасынын (Силлабус) автордук вариантын иштеп чыгуу

1 дисциплинага 20 саатка чейин


4.15

Жаңы лабораториялык ишти коюу, түшүндүрмөлөрүн иштеп чыгуу жана окуу-усулдук материалдарын даярдоо

1 ишке 60 саатка чейин

Окуу иштери боюнча дир.орун басары бекиткен актка ылайык кабыл алуу

4.16

Лабораториялык ишти модернизациялоо

30 саатка чейин

Окуу иштери боюнча дир.орун басары бекиткен актка ылайык кабыл алуу

5. Илим-изидөө иштерин пландоонун жана эсепке алуунун нормалары

Иштин түрлөрү

Убакыт нормалары

Эскертүү

5.1

Изилдөөчү-стажерлорго жетекчилик

Стажировканын ар бир айына 10 саат, бирок 1 жылда 30 сааттан көп эмес


5.2

Студенттердин илимий иштерине жетекчилик

10 саат

1 иш үчүн

5.3

Студенттердин окуу-изилдөө ишине жетекчилик

Профессор жана доцент үчүн жылына 40 саат

Студенттердин илимий иштери боюнча план болгон учурда

5.4

Студенттердин илимий иштерин кароо боюнча конкурстук комиссиянын ишине катышуу

Жылына 20 саатка чейин

Сааттар комиссиянын ар бир мүчөсү үчүн берилет

5.5

Илимий отчетторду, эмгектерди, диссертацияларды, диссертацияга автордук рефераттарды, окуу китептерин, окуу колдонмолорун, монографияларды, конкурстук материалдарды ж.б. рецензиялоо (сын пикир жазуу)

1 ишке 12 саатка чейин

Кеңештин, комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча

5.6

Илимий эмгектерди, окуу колдонмолорун ж.б. оңдоп-түзөө (редакциялоо)

1 басма табакка 12 с.чейин

Редколлегия мүчөлөрүнө

5.7

Илимий статьяларды жана тезистерди даярдоо

1 статья үчүн 25 саат


5.8

Монографияларды даярдоо

150 сааттан кем эмес

1 монографияга

6. Уюштуруу-усулдук иштерин пландоо жана эсепке алуу нормалары

Иштин түрлөрү

Убакыт нормалары

Эскертүү

6.1

Кеңештин мүчөсүнүн милдеттерин аткаруу:

- Окумуштуулар кеңеши

- окуу-усулдук кеңеши

Кеңешмелерге катышуу:

- кафедранын

- усулдук комиссиянын



30 саат

30 саат


30 саат

30 саат

Окуу жылына, ар мүчөгө

6.2

Комиссиялардын туруктуу иштеген секциясынын жетекчисинин жана мүчөсүнүн милдеттерин аткаруу

Окуу жылына 30 саат

Директордун буйругу боюнча

6.3

Түрдүү тапшырмаларды аткаруу

Факт боюнча убактынын чыгыма эсепке алынат

Директордун тапшырмасы боюнча

6. Тарбиялык иштерди пландоонун жана эсепке алуунун нормалары

Иштин түрлөрү

Убакыт нормалары

Эскертүү

6.1

Студенттик группанын куратору катары иштөө

1-курска 100 саатка чейин

2-курска 100 саатка чейин

3-курска 75 саат

Окуу жылына

6.2

Коомдук иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү

1 иш-чарага 10 саат

Бөлүм башчынын чечимине ылайык

7. Окуу жүктөмдөрдү пландоо жана бөлүштүрүү

1 ставкада иштеген окутуучулардын окуу жылындагы пландалуучу окуу жүктөмдөрү төмөнкүдөй болот:

Кызматы, илимий даражасы, илимий наамы

Пландалуучу окуу жүктөмү

Эскертүү

1

Окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор

720 саат

720 сааттан ашкан окуу жүктөмү кошумча ставка катары эсептелет.

Мисалы, 180 саат 0,25 ставка болот.

Окуу жүктөмдөрүн пландоодо төмөнкү критерийлерди эске алуу керек:

  • Окуу жүктөмдөрү окутуунун формасына карабастан (күндүзгү, сырттан, кечки) жарым жылдыктарга бирдей бөлүштүрүлүшү керек (1-жарым жылдыкта аз, экинчи жарым жылдыкта көп болуусу туура эмес).

  • Аудиториялык саат (лекциялык, практикалык, семинардык, лабораториялык сааттардын саны) жалпы окуу жүгүнүн 60% нен кем болбойт.

  • Ар бир окутуучунун сырттан окуу бөлүмүндөгү окуу жүктөмү (практикаларга жетекчилиги менен бирге) жалпы окуу жүктөмүнүн 25% нен ашпайт.

Лекциялык окуу жүктөм төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшү зарыл:

  • улук окутуучу үчүн - жалпы жүктөмдүн 25% нен кем эмес;

  • доцент үчүн - жалпы жүктөмдүн 30% нен кем эмес;

  • профессор үчүн - жалпы жүктөмдүн 35% нен кем эмес.

Кафедранын сааттык фонду жалпы жүктөмдүн 5% нен ашпайт жана 500 сааттан ашып кетпөөсү зарыл. Бул сааттар мамлекеттик аттестациялык комиссиянын төрагаларына (төрайымдарына) жана эксперттерге пландалышы керек. Айрым учурларда (жетекчинин уруксаты менен) кафедра мүчөлөрүнө жана өндүрүштөн чакырылган жогорку квалификациялуу адистер үчүн пландоого болот.

Сааттык төлөм боюнча иштеген окутуучунун окуу жүктөмү 180 сааттан ашпайт. Сааттык төлөм боюнча иштеген окутуучуну ишке алуу, эреже катарында, окуу жылынын башында же жайкы семестрдин башталышында гана аткарылат.

Айкалышкан шартта иштөөчүлөрдүн (совместитель) негизги иштеген жеринен атайын уруксаты болгон учурда 0,5 ставкага чейин окуу жүктөмүнө уруксат берүүгө болот.

8. Колдонулган адабияттар

1. https://www.bik.kg/wp-content/uploads/2024/03/normy-vremeni-planirovaniya-i-ucheta-pedagogicheskoj-nagruzki-professorsko-prepodavatelskgo-sostava.pdf

2. https://bkams.kg/wp-content/uploads/2025/01/38-Polozhenie-o-normah-vremeni-2024-1.pdf

3. https://trk.kg/wp-content/uploads/2019/.pdf

Даярдаган Раманкулов М. 04.06.2020