Окуучулар коллективин уюштуруу принциптери
Мектептин ынтымак, иштиктүү, мугалим менен окуучулардын бирдиктүү жамаатчылыгын уюштуруп, окуу,тарбия иштеринде чоң-чоң ийгиликтерге жетишкен жетекчилери көп.В.А.Сухомлинскийдин иш тажрыйбасынан жана теориясынан алынган.
20-кылымдын таанылган педагогика классиги Василий Александрович Сухомлинский (1918-1970 ж.) 40 монографиянын жана брошюранын, 600дөн ашык макаланын, 1200 аңгеме жана жомоктун автору. Василий Александрович жазган илимий монографиялар жана макалалар орус тилинде. Көркөм проза - боюнча Украинче.
1)Жогорку идеялуулук. Мектеп өзүнүн көп кырдуу ишмердүүлүгүндө элдин түпкү максатын, мүдөөсүн чагылдырууга тийиш. Идеялуулук–бул ой-мүдөөнүн, ишенимдин, аң-сезимдин, ишмердүүлүктүн гармониялык биримдиги. Ушундай биримдик бар жерде гана коллективдин жана ар бир инсандын туруктуу ишеними пайда болот. Алардын ойлогон ою, ишеними жана жасаган иштеринин ортосунда ажырым болбойт. Бул принцип бузулган жерде бирди сүйлөп, башка бир ишти жасай турган эки жүздүүлүк өкүм сүрөт. Башка элдер сыяктуу биздин эл деле эки жүздүүлүктү өтө катуу айыптайт. Анткени эки жүздүү адамда инсандык касиет өлөт.
2) Мектеп коллективинин идеялык жана уюштуруучулук негиздеринин биримдиги. Мектеп коллективинин ишинин мазмунун жана формаларын идеялык жактан туруктуу, руханий бай, турмуштук тажрыйбадан үлгүлүү идея чыгарууга жөндөмдүү, кексе адамдар аныктап, аларга багыт берип, жаш муундардын жашоосун туура уюштуруусу зарыл. Туура жашоого үйрөтүү - бул өтө назик илим. Бул илимдин алиппеси: ар бир окуучу эртең эле эмне кылаарын билбестен, ал бир жылдан кийин, беш жылдан кийин эмне калаарын да алдын ала билүүсү, жамааттагылардын бири бири менен карым-катнаштары эмнеге негизделгендигин, ар бир адам жан дүйнөсүн байытуу үчүн коллективден эмнени алаарын жана ага эмнени берээрин да так билүүсү ылаазым.
3) Акыл-эстүү педагогдун жетекчилик ролу. Адептүүлүгү өтө бийик, акылы терең, идеялык ишеними күчтүү жетекчи – директор шыктандырган мектеп жамаатчылыгы гана тарбия берүүчү күчкө айланат. Мектеп директору 1-2 жыл иштеген жерде коллектив, анын тарбиялык ролу жөнүндө эч кандай сөз болуусу мүмкүн эмес. Ошондой эле окуу, тарбия ишиндеги педагогикалык маданияты төмөн жерде да тарбия, коллектив жөнүндө кеп кылуунун кажети жок. Жамаатка жетекчилик кылып, анын ишине туура багыт бере турган мектеп башчылары жана тарбиячылар ар бир окуучунун психологиялык, руханий, интеллектуалдык өзгөчөлүктөрүн жакшы билүүгө тийиш.
4) Окуучулар менен мугалимдердин, окуучулар менен окуучулардын жана мугалимдер менен мугалимдердин карым-катнаш мамилелеринин байлыгы. Бала мектепте окуп эле жүрбөстөн, жашап да жатканын эстен чыгаруу жарабайт. Эгерде мугалим, тарбиячылар бул чындыкка көз жуумп коюшса, окуу иши балдарды тажатып жүдөтүүчү оор түйшүккө айланат. Окуу балдардын көп кырдуу руханий жашоосунун бир кыры сыяктуу болгон жерде гана кызыктуу жана көңүлдүү болот. Идеялык, граждандык, интеллектуалдык, эмгектик жана эстетикалык мамилелери өкүм сүргөн коллективде гана адамдардын бай, толук баалуу руханий жашоосу бар. Андай коллективде адамдын адамга жасаган мамилеси инсандын көп кырдуу кызыгууларына негизделет. Мектеп өзүнүн мазмундуу, кызыктуу турмушу менен окуучуну өзүнө магниттей тартууга тийиш. Ошондо гана окуу иши баланы өзүнө магниттей тартат.
5) Окуучулар менен тарбиячылардын руханий жашоосунун ачык-айкын граждандык чөйрөсү. Мугалим менен окуучу – бири сабак окутуп, билим берип, тапшырма текшерип, баа койгон киши болуп, экинчиси партада отуруп анын суроосуна жооп берип, айтканын аткарып, билим алган киши болуп, класста сабак учурунда гана жолугушуусу таптакыр жетишсиз. Андай учурда коллектив тарбиялоочу күчкө айланбайт. Мугалим – окуучу эки жаран катары бирге аракеттенсе гана бири тарбиялап, экинчиси тарбияланат. Мектеп турмушунда адам адам үчүн жоопкер экенин, адам коом алдында да жоопкер экенин сезген система күчүндө болууга тийиш. Адам, коллектив, коом деген мамилелердин системасы өкүм сүрсө гана жамаат активдүү коомдук ишмерди, граждандык, коомдук маселелерге кайдыгер эмес, өлкөнүн кызыкчылыгы, мүдөөсү менен жашаган жаранды тарбиялай алат.
6) Жакшы салт-санаа түзүп, аларды камкордук менен коргоп, муундан муунга руханий дарамет катары өткөрүү. Салт – бул ар бир муун өзүнүн кичине үлүшүн кошуп, бай кенчке айланган руханий мурас. Бул кенчти опсуз коромжулукка учуратпастан, жаңы баалуулуктар менен байытып, жаш муундарды руханий жактан жетилдирүүнү чеберчилик менен пайдалануу үчүн жүрөгү жалындаган, акылы токтоо жетекчи керек.
Мектеп коллективи коом үчүн материалдык жана руханий байлыкты өндүрүп жаткан жамааттар менен бекем байланышта болуп, окуучулар коомдук байлыкты өндүрүп жаткандардан үлгү алып, адамдын жашоо максаты эмнеде экендигине акыл жүгүртүп түшүнсө гана тарбиянын натыйжасы жакшы болот. Андай учурда окуучулар «мүмкүн», «уруксат эмес», «керек» деген сөздөргө туура маани берип, аң-сезимдүү тартипти сактоо үйүтүн үйрөнөт.
В.А.Сухомлинскийдин мектеп коллективинин практикасындагы иш тажрыйбаларынан бир-эки ушундай мисалды келтирип көрөлү:
– Жаңы жыл жакын калды эле – деп баштайт В.А.Сухомлинский – балдар майрамды шаңдуу күтүп, түшүнө да кирип атат. Жаңы жылга бир апта калганда Оленька ооруп калды. Балдардын жүрөгүндө Оленкага боору ооруган толкунданууну ойготпосо, алардын эсине Оленьканы салып: биз балатыны айланып, жыргап бийлеп жатканда, ал үйүндө жалгыз сабыркап ооруп жатат да. Досуңардын кейиштүү абалын эптеп оңосок болбойбу? – Балатыны жасап алып Оленьканын үйүнө алып барып орнотпойлубу? – деп кайрылдым балдарга. Ошого балатыны кантип даярдап алып барабыз деп ойлоно баштаган минутадан тартып алардын жүрөгүнөн кичинекей курбусу орун алды. Балдар өз түйшүктөрүн унутушуп, балатыга кагаздан үкү, мамалак, коен, бөлтүрүктөрдү жасашып, курбусунун үйүнө алып келишти. Бир бала электр лампочкаларын алып келген экен, анын күйбөгөнүнө аябай ачуусу келип, кыжыл болду. Ар бири эптеп Оленьканы кубантууга аракеттеништи. Жакын көргөн курбусуна жакшылык кылууну эңсөө - адамдын жамаат алдындагы, коом алдындагы жоопкерчилигинин эң күчтүү көрүнүшү. Бирөөгө мындай жакшылык кылуу ар бир баланын кубанычына айланууга тийиш.